ГҮЛНУР СЫЙЛЫКТАРГА КӨМҮЛҮП КАЛА ЖАЗДАДЫ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Концерттин датасы – 16-ноябрь
Концерттин аталышы – «Күн нурунан күмүш кайрык»
Өткөн орду – Улуттук филармония
Башталышы – 18:20 (20 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Алып баруучулар – Элмара Турсуналиева, Алмаз Касымалиев
Мыкты номер – Гүлнур Асанова менен Аскат Мусабековдун дуэти
Билет баасы – 500 сомдон 700 сомго чейин

Гүлнур алгачкы жеке концерти болгон үчүнбү, конокторго чү дегенде эле бала кезинде чыгармачылыктын казанында кайнап, тың чыкмалардын алды болгонун баяндаган видеобаянын көрсөттү. Мындай баяндар бир нече бөлүккө бөлүнүп, кино тармагындагы, сахнадагы жетишкендиктери, басып өткөн жолу чагылдырылган экен.
Министри, министрдин кеңешчиси, аппараттын өкүлү, депутаты болуп, айтор, ырчыны колдоп келген чиновниктер көп болду. Куттуктоо үчүн чыккан маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов «кагаз карап отурамбы» деген окшойт, сөзүн кагазы жок баштап, айтайын деген оюн талаалатып ийип, кайра чогулта албай бир топ убара тартты. Андан соң микрофонду депутат Ыргал Кадыралиева алганда «ии, элдин чыдамын сынабай, эми мунусу кыска-нуска сүйлөп түшүп кетет го» деп карап калдык. Ыргал айым «кечирип койгула, кесиптешимди чакырып албасам уят» деп концерт көргөнү келген депутат Ажыбай Калмаматовду сахнага чакырды. Сөз сүйлөйм деген оюнда жок үй-бүлөсүн, куда-сөөгүн алып ыр укканы келген экен, Ажыбай Калмаматов кыска сүйлөп ырчыны куттуктап, четке чыга берди. Куудулдар «саясатчыларга микрофон бере көрбө» деп бекеринен тамашалашпайт окшобойбу. Депутат айым, оо, көпкө чейин сүйлөдү. Өктөм үнүнөн улам алгач «бул айым элди урушканы келгенби?» деп ойлоп, сөзүн тыңдап калдым. «Эмнени айтканы жатат?» деп көпкө күттүк. Көрсө, куттуктап, ийгилик каалап, анан «өзүңдөй сулуу, таланттуу уул-кыздуу бол» деп эне болуусун каалап өтмөкчү экен. Ошентип Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырып кетти. Мындан сырткары Гүлнурга өкмөттүн жана президенттин иш башкармалыгынын Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле «Түрксой» эл аралык уюму Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып чыгарылган медалды, «Түрксой» эл аралык уюмунун 20 жылдык алтын медалын да ыйгарды.
Ырчы жандуу үн менен да, фонограмма менен да ыр куржунундагы бир топ жакшы ырларын аткарып берди. Арасында элге жарыялана элеги да бар экен. Мисалы, Аскат Мусабеков менен дуэти. Экөө жетелеше басып, «сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын» деп үн созуп жатышканда образга ушунчалык кирип кетишти дейсиз. Эгер Аскаттын үй-бүлөлүү экенин билбегенимде «аа, экөө чын эле бактылуу түгөйлөр тура» демекмин. Сүйүшкөндөрдүн жүрөгүнөн орун алып хит боло турган ыр экен.
Бул күнү Бишкекте гүл саткандардын базары укмуш жүрүптүр. Анткени Гүлнур сыйлыктарга эле эмес, гүлдөргө да көмүлүп кала жаздады.
Акыркы күндөрү ырчыларга сыйлык тапшыруу модага айланып бараткандай. Албетте, муну менен «Гүлнур сыйлыкка татыктуу эмес» дебейм. Таланттуу, демек, сыйлыктарга да татыктуу кыз.

Толик сынчы


Гүлнур Асанова концертинде алтын медаль тагынды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(63)
SUPER.KG видео
20.11.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кызды суйууп ооруп калгамын,ыймандуу кыз чачтарындан сенин бар бол менин булбулум
SUPER.KG видео
20.11.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Гулнур сага ийгилик.Менин оюм боюнча талантуу кыз кыргызымдын чыныгы эн жонокой ыймандуу кызы го дейм.Биз кыргызбыз да качан болсо адамдардын кемчилигин айтып артка тартып журобуз андан коро колдогонубуз жакшыго шоу дуйнодо жургон ырчылардын эн жонокой чыныгы нукура кызы ыймандуужасалмасы жок сага дагы да ийгилик бар бол Гулнур!!!
SUPER.KG видео
21.11.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коп кырдуу талант десек жанылышпайбыз,азаматсын алга жана алга
SUPER.KG видео
21.11.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Гульнур! Корсо дагы ачылбаган таланттары коп турбайбы, бийди да эн мыкты оздоштурот экен. Талантына тааазим! Бактылуу бол!
24.11.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун концерт болуптур ийгилик сага Гулнур
24.11.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуэтин жүктөп коёсуздарбы сураныч
24.11.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
az11as,
Саламатсызбы! Жакында жүктөлөт.
24.11.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур азаматсын. ИШтерине чыгармачылык ийгилик. Онорун оркундой берсин.
24.11.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апама барган эле,аябай сонун концерт болду деп келди)!
24.11.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Гульнур!Онорун оркундой берсин!
24.11.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан таланттуу кыз,дагы да ийгиликтер болсун. сыйлык кут болсун!
24.11.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантына дагы талант кошулсун синдим
24.11.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу кыз сыйлыктарга, ийгилик.
SUPER.KG видео
24.11.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуу жакшы эле кыз,бирок уну жок,журокко жеткирип ырдаган ырлары жок!!!
25.11.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган сыйлыктар кут болсун.Татыктуу кыз.
25.11.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сонун сындаптыр го биздин депутат ,министрлерди.а так Гулнур таланттуу кыз,Ийгилик!
25.11.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Спонсору кадыр барктуу адам окшойт да
04.12.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, чыныда кадыр барктуу корунот. Мурун гоо Бакиев каржылачу эле,азыр ким болду экен?
26.11.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умница, Гульнур!!!!!

Шикарный голос!!! Концерттен кемчиликтер кетсе дагы ырдаганы баарын жаап салат. Тем более первый сольный концерт. Удачи!!!

Куудун-шуудуну жок, отто жонокой кыз!!!

Гульнур! Бир бай абышканын экинчи, учунчу аялы болбой, озун тендуу жакшы куйоого кезик!
26.11.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Гульнур айым, ийгилик сага
SUPER.KG видео
26.11.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))))))))
27.11.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлык кут болсун , ийгилик
27.11.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин синдиме окшош :-)
27.11.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygiliktuu kadamdarynyz arbyn bolsun.
28.11.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жонокой кыз,бактылу бол
28.11.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнурдун унун абдан баалайм,азыр озум да алыста болгондуктан Гулнурдун ырлырын кайра -кайра угам.Ал текст тандоодо да аябай аяр мамиле кылат экен, ушунчалык мазмундары сонун экен. Гулнура сага чыгармачылык чон ийгилик менен катар жеке турмушуна да ийгилик каалайм. Бар бол, Гулнур!
28.11.2014. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер мумкун болсо Гулнур Асанованын концертин эртерээк жуктоп койсонуздар.
28.11.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур Асанова кыргыздын келечектуу ырчы кызы. Озгочо мукам уну ага жараша терен мазмундуу ырлары куп жарашат бири бирине. Мен ушул унду озгочо баалап, кайра -кайра уккандан ыракат алам.Кен келечек каалайм, жана жеке турмушунда да ийгилик каалайм, ГУЛНУР!
28.11.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат карындашым бар бол ,бактылуу бол талантына таазим .

30.11.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында таланттуу кыз экен.Бактылуу болсун.
01.12.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсызбы супер инфо!!!!! кечиресиз дагы бир жолу, сурайын дегеним быйыл концерт бересинерби
Медиа-портал
13.01.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну кандай?!!! Аябай жагат! Чачы! Табыят берген корку жарашыктуу
Нукура кыргыз айымы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо