Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

5 СААТКА СОЗУЛГАН НУРЛАН НАСИПТИН КОНЦЕРТИ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

Концерттин датасы – 16-17-ноябрь
Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:40 (1 саат 10 мүнөткө кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 101 пайызы
Алып баруучулар – Азамат Исмаилов жана Асел Кадырбекова
Мыкты номерлер – Нурлан Насиптин «Көпөлөгүм», «Токтогулга кетесиңби?» аттуу ырлары

БИЛЕТ БААСЫ – 300-700 СОМ
Бул апта концертке бай болду. Ошентип Нурлан Насиптин Студенттер күнүнө карата өткөргөн концертине бет алдым. Залга толгон элди көрүп, «Кимдин, кимдин заманы, Нурлан Насиптин заманы» болуп жатыптыр деп койдум. Концерт башталып, бети-башы кара плащ менен жабылган Нурлан Насип элди аралап «Эркелетсемби?» аттуу ыры менен катуу бийлеп чыга келсе болобу. Көрсө, ал Нурлан эмес, кеченин алып баруучусу Азамат Исмаилов экен.
Концерттин эки тизгин бир чылбырын Асел Кадырбекованын колунан көргөндө таң калганымдан оозум жыйылбай калды. Асел тыпылдаган Азаматтан сөз тийгенде араң үн катпаса, калган учурда кооз балатыдай жылмайып гана туруп берди.
Концерт жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Сахнанын жасалгасынан тартып Нурландын кийимдерине чейин кылдаттык менен иштелип чыкканы билинип турду.
Спорт Ордосунун чоң залы 101 пайызга толгонун көргөндө эле Нурландын «фирменный» жылмаюусу жүзүнөн кетпей калды. Алып баруучулар «кыздарга сюрприз» дешип, бир кызды тандоого залга жумшак оюнчук ыргытышты. Кудай сакта, кыздар оюнчукка жулунуп, бири-бирин тебелеп кете жаздашса болобу. Эптүүрөөгү илип кетти окшойт, сахнага бир сулуу чыкты. Нурлан кызды ого бетер сүрдөтүп, тизелеп ырдап кирди. 
Баса, конокко Казакстандан «Арай» тобу, Димаш Кудайбергенов, Алтынбек аттуу ырчылар келди. Байкасам, казак туугандар кыргыздын ырларын которуп жан багышат окшойт. Нурландын «Эки жаш», «Туулган күн» аттуу ырларынын казакча вариантын ырдаган соң «эми өзүбүздүн репертуардан бир ырды аткаралы» дешсе, «ии, эми казактардын ырын ырдайт окшойт» деп кулак төшөп калыптырмын. Баурдастар кайра эле Ильяз Абдыразаковдун «Эргүү» аттуу ырынын казакчасын ырдап жатпайбы.
Ошентип кезек дуэттерге келди. Бали, дуэт жаздырганыңар жакшы дегилечи, бирок сөздөрүн жаттап алсаңар андан да жакшы болмок. Динара Акулова менен ырдап жатып Нурлан сөзүн таппай калганы менден башкаларга деле билинип калды.
Ырчы мырза Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктүсүн» өзгөчө төгүп жиберди эле, эл кайра-кайра суранып жатып калышты. Ошентип Нурлан жамгырды кайра-кайра төктүрдү. 5 саатка жакын созулган концерттен эл башталышында кандай шаңдуу отурса, ошондой маанайда үйлөрүнө тарашты.

Толик сынчы


Нурлан концертинде Аселди жүгүнттү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(96)
24.11.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу Толик сынчы жагат да мага. Соонун айтып берет. Аселдин кооз балатысы жакты.... Азамат!
24.11.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ххехех жакшы сындаптыр
24.11.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик сынчы билишимче кыз?
25.11.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ушундай сынчы керек озу элге билинбеген
25.11.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик соонун сындаптыр гоо.Концерти жакты соонун болуптур,толугун Супер Инфодон кутом чыдамсыздык менен
25.11.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы денгелде откону байкалып турат
25.11.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан насиптин 2жаш ыры аябай жакты клипи да соонун тартылыптыр
25.11.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ азаматсынар! Болот экен го жандуу ун менен ырдасанар! Фонограммада нары бери чуркап тыртандабай))Жандуу ун деп концерт берсенер ар дайым аншлаг менен отот го негизи! Кыздардан ушул Малика Динаны жактырам уну тимеле сопсонун, азамат!Аракет кылсанар болот экен го, бугунку маанайымды +5 кылдынар!)))
SUPER.KG видео
25.11.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер 5555555555555+
25.11.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында концерт Жогорку денгээлде отуптур. Жандуу ырдаганы жакты
26.11.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Нурлан абдан жагат да.
26.11.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо да,жакшыны жакшы деш кк го. Оз эмгеги мн элге таанылып жургону абдан эле сезилет. Нурланга окшогон таланттар да бар,акыры барып барып оз эмгеги мн таанылып келгендер гана калат элдин журогундо,акчалуулар эмес!
26.11.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото жонокой жигит!!!
мен жылдызмын деп бааланбайт.
азаматсын! коз тийбесин тфу тфу
26.11.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт жакшы болуптур.Нурлан маладец! Жандуу үн менен ырдап бергенге духу жетиптир.Азыр көпчүлүк жаш ырчылар чоң сахнада жандуу үн менен ырдай албайт..
26.11.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик чыгармачылык!
27.11.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчынын сындаганы жагат да мага :-D)). Нурлан Насип да жакшы жигит жонокой, бой которбогон. Чыгармачыл ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
27.11.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жугунгон жерин таппай койдум Аселдин? ??????????
27.11.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер
28.11.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы сонун болуптур жакты
SUPER.KG видео
28.11.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертине баргам.Жакшы болгон мага аябай жаккан.Дагы да болсо талыкпай иштеп,чыгармачылыгын оркундото беришине тилектешмин
29.11.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы сынды катырат да, Толиктин сынын кутуп окуйм.
22.12.2014. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka, менда кошулам азамат Толик
29.11.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец нурлан
30.11.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иииий менин байкем гоо!!Ар дайым 2 тишинди корсотуп кулуп жур!!
30.11.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун концерт болгону корунуп турат.аккардион менен ырдаган барам сага ырын сонун ырдаптыр мага аябай жакты.костюмдары да жакшы экен
SUPER.KG видео
01.12.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур,а толугу менен кай жерден коробуз?
SUPER.KG видео
04.12.2014. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан байке талантынызга таазим! Концерт эн мыкты денгелде отуптур.
06.12.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jigittin chygarmachylyktagy igilikterine koz tiybesin azamatsyn nurlan jagymduu ukuluktuu yrlaryndyn baary
SUPER.KG видео
15.12.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kachan kiyiresizder konsertin tolugu menen?
22.12.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билеттин баасы 700 болсо тойлорго андан да кымбатка барса керек.Элди ырчылар эле чонтокту жукартмай болушту го
31.03.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо