Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оптима банк 4-жолу КЫРГЫЗСТАНДАГЫ №1-БАНК болуп таанылды

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж

17-ноябрда “2014-жылдын тандоосу” эл аралык фестивалынын катышуучуларын сыйлоо салтанаты болуп, анда «Оптима Банк» "Кыргызстандагы №1-банк” деп аталды.

«Оптима Банк» башкармалыгынын төрагасы Бейбут Капышев өз сөзүндө: – “Кыргызстандагы №1-банк” деген жогорку наамды төртүнчү жылы катары менен алып жатабыз. Банк чөйрөсүнүн лидери болуу жакшы салт жана бул «Оптима Банктын» туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн айгинелеген кошумча тастыктоо болуп калды. Биз активдүү түрдө өсүп жана кеӊейип жатабыз. Бул жылы «Оптима Банк» 10 жаӊы кеӊсе ачты, анын ичинде банк үчүн стратегиялык өнүгүүнүн маанилүү багыты болуп эсептелген Кыргызстандын түштүгүндө дагы.
Кардарлар жылдан жылга көбөйүүдө жана биз алардын дайыма эӊ жогорку деӊгээлде тейленишин каалайбыз. Ошондуктан өлкөнүн бардык аймактарында жаӊы түйүндөрдү ачуу менен, өкүлчүлүктөрдүн тармактарын, ошондой эле биздин банктан кардарлар ала турган банк продуктуларынын тилкесин кеӊейтебиз,- деп белгилеп кетти.
1-сентябрга карата «Оптима Банк» ААКсынын кредиттик портфель боюнча рыноктогу үлүшү 18 пайызды түзгөн. Бул акчалай айтканда 13 миллиард сом.
2014-жылы «Оптима Банк» орто жана кичи бизнеске насыяларды берүү боюнча тарыхый максималдуу көрсөткүчтөргө жетти. Мисалы, 1 миллиард сомдон ашык суммада айына 1200дөн ашык насыялар берилет.
2014-жылы депозиттердин өндүрүмдүү катары бир кыйла кеӊейген. Жеке жактар үчүн жаӊы аманаттар жакшы суроо-талаптар менен пайдаланылууда. Мисалы, өздөрүнүн аманаттарын 4 валютада сактоого жана ар кандай валюталардын өйдө-ылдый болушунда тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк бере турган “Мультивалюталык киреше”. Ошондой эле юридикалык жактар үчүн толтуруу мүмкүнчүлүгү менен “Бизнес – оптималдуу киреше” депозити да кызыктуу.
Ноябрдын башында «Оптима Банк» бөлүмдөрүндө жана төлөм терминалдарында салык төлөмдөрүн кабыл алууну баштады. Ноябрда эсеби жүздөн ашкан «Оптима Банктын» төлөм терминалдарында кардарлар салыктарды накталай, ошондой эле «Оптима Банк» тарабынан чыгарылган Visa тутумунун төлөм картасы менен төлөй алышат. Андан сырткары банктын төлөм терминалдары аркылуу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдарды кабыл алуу да жөнгө салынган. Мындай социалдык маанилүү долбоорлор «Оптима Банктын» өзгөчө артыкчылыктуу фактысын баса белгилейт.
«Оптима Банк» 2014-жылы активдер, кредиттик портфель, кардардык депозиттик база жана таза киреше боюнча Кыргыз Республикасындагы банк рыногунда лидерлик позициясын сактап калды. Актив боюнча рыноктун үлүшү – 14 пайыз, кредиттик портфель – 18 пайыз, кардардык депозиттик база – 17 пайыз жана таза киреше – 29 пайыз. Кыргыз Республикасындагы банк рыногундагы туруктуу позиция, негизги финансылык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өнүгүүсү, кардарларга багыттоо, "Кыргызстандагы №1-банк” деген эӊ жогорку наамды төртүнчү жылы катары менен алып жаткан “Оптима Банк” “Жыл тандоосу” эл аралык фестивалынын жыйынтыгын ишенимдүү тастыктоого мүмкүндүк берет.

Влад Ушаков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
30.11.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой молодееец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо