Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛЫК БЫШЫРУУНУН СЫРЛАРЫ

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Даамдуу жасалган тамактан, болгондо да балыктан жасалган даамдардан баш тарткандар чанда кезиксе керек. Балыкты түрлөп бышыруунун жолун үйрөнүп алсаңыз кожоюнуңуз дагы, коногуңуз дагы ыраазы болот. Эмесе, балык бышыруунун бир нече оңой жолдору менен ашпозчу МАКСАТ СУЛТАНАЛИЕВ бөлүшөт.

ЭЛЕКТР МЕШИНЕ БЫШЫРУУ
Электр мешине балык бышырарда 180-250 градустан кем эмес ысыктыкка коюу шарт. Ошондой эле табаны малдын майы менен майлап койсоңуз, балык табага жабышпай, чыгарып алуу оңой болот. Кайсы түрлөрүн электр мешинде бышырууга болот десеңиз, анда сатып аларда форель, зубан, карась, карп, треска, сардина, окунь, скумбрия сыяктуу түрлөрүн тандап алганыңыз оң.

ГРЕК ЖАҢГАГЫ КОШУЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Карп балыгы – 1 килограмм (балыктын башка түрлөрүн да бул рецепт менен жасоого болот)
Грек жаңгагы – 100 грамм
Пияз – 2-3 баш
Татымына жараша туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты жууп-тазалап, туздап, калемпир сээп 20 мүнөт коё турабыз.
2. Пияз менен грек жаңгагын эт туурагычтан өткөрөбүз. Татымына жараша туз кошуңуз. Эгер кычкылды жакшы көрсөңүз, анардын ширесин сыгып 1 аш кашык кошуп фарш даярдайбыз.
3. Фаршты балыктын ичине салып, каймак май менен майланган фольгага оройбуз.
4. Мындан соң 180-200 градус ысыктыктагы электр мешине салабыз. Балык 50 мүнөттө даяр болот.
5. 50 мүнөттөн соң балыктын сыртындагы фольганы ачып, мешке дагы 10 мүнөткө сала туруу керек. Бул анын сыртын кызартып, кытырак кылып коёт.
6. Фаршталган балыкка гарнир катары сууга бышырылган күрүч, картошка фри же пюре кошуп дасторконго койсоңуз болот.

КУУРУЛГАН СЁМГА БАЛЫГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Каймак (сливки) – 200 грамм
Эритилген сыр – 1 аш кашык
Атайын балык үчүн татымал (специи) – 1 чай кашык
Кургатылган райкан – 0,5 чай кашык
Лимон – 1 даана
Өсүмдүк майы –100 грамм
Татымына жараша туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:
1. Сёмга балыгын 2-3 сантиметр калыңдыкта кесип алып, кылканын тазалап, терисин сыйруу керек.
2. Идишке өсүмдүк майын куюп, татымал, райканды кошуп чаласыз. Ага балыкты салып, 20 мүнөткө коё турабыз.
3. Ага чейин каймактын үстүнө эритилген сырдан 1 аш кашык кошуп, жай отко коюп, коюулангыча 5-6 мүнөт чалабыз. Идиштин түбүнө тартып кетпеши үчүн аралаштырып туруу керек. 4. Балыкты ысыган майга салып кууруйсуз.
5. Куурулган балыкты тарелкага салып, үстүнө каймакты жылуу боюнча куясыз да, лимонду фантазияңызга жараша кесип айланасын кооздоп коёсуз.

БАКЛАЖАНГА ОРОЛГОН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Сёмга балыгы – 250 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Жумуртка – 3 даана
Баклажан же цукини – 1 даана
Ашкөк – 1 боо
Татымына жараша туз, калемпир, майонез

Даярдоо ыкмасы:
1. Баклажанды узунунан жука кылып кесип алабыз. Андан соң идишке жумуртканы чагып, туз кошуп, ун чалабыз.
2. Аралашмага баклажанды малып, аны майга куурабыз.
3. Андан соң балыкты майда чарчы формада туурап, аны да майга кууруп алабыз.
4. Сарымсак менен ашкөктү майдалап, куурулган балыкка кошуп, майонез менен аралаштырабыз.
5. Мындан соң куурулган баклажанды тактайга тизип алып, ичине жогорудагы аралашманы салып ороп, тарелкага тизип, фантазияңызга жараша көк чөптөр менен кооздоп койсоңуз болот.

ПАЙДАЛУУ ЖАНА КЫЗЫКТУУ...

  • Организмге пайдалуу темир, фосфор, магний, кальций, йод жана В6, D3, А, D, Е витаминдеринин баарын балык азыктарынан топтоп алууга болот. Балык жеген адамдын көзүнүн көрүүсү, жүрөгүнүн иштөөсү жакшырат, андан сырткары бул азык иммунитетти көтөрүп, сөөктөрдү бекемдеп, чач, тырмактын өсүүсүн шарттайт.
  • Балыктын кабырчыгын тазалап жатканда анын баш жагынан кармап, бычактын мизи менен эмес, тескери жагы менен кырсаңыз оңой тазаланат.
  • Балыкты жылымык сууга салып, кыл жуугуч менен кырсаңыз дагы жакшы тазаланат.
  • Балыкты муздаткычта 3-5 күн сактоо үчүн ички органдарын, бакалоорлорун дароо алып, жакшылап жууйбуз. Андан соң 200 грамм сууга 0,5 чай кашык уксус кошуп, ал аралашма менен сүртүп, туздалган сууга 10-15 мүнөт салып коюңуз.
  • Уксус менен лимон көмөч казанга сиңип калган балыктын жытын жакшы кетирет.

КУУРУП БЫШЫРУУ
Балыкты куурууда майды катуу отко ысытып алып, андан соң балыкты саларда отту жайлатып коюп куурсаңыз, текши бышат. Ошондой эле куурулган балыкты чыгарып алган соң анын майын жакшылап сарыктыруу керек. Куурулган балыкты кагазга тизип койсоңуз ашыкча майды соруп алат.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


Балыктан тамактын үч түрүн жасайбыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
29.11.2014. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salat jalbyragyn tytyp-tytyp salgany jakwy eken
SUPER.KG видео
29.11.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашпозчу байкенин суйлогону жакты. Кыргызча суйлойт экен коп орусчаны аралаштырбай , формасы да жакшы экен, кол кап киип тазалыкты сактап.+5
SUPER.KG видео
29.11.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз болгондон кийин кыргызча суйлойтда шилекейди агыздыгоо чиркин
SUPER.KG видео
30.11.2014. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен,мен да созсуз уйдон жасап кором.Окшошсо эле болду
SUPER.KG видео
01.12.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курсакты ачырып жберди го
SUPER.KG видео
01.12.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ням ням жасап коруш керек экен
03.12.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун кенештер экен СуперИнфо сиздерге чоон рахмат, ушундай кенештерден кооп ,кооп жазсаныздар жакшы болмок.
03.12.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон рахмат!!!
05.12.2014. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм.сонун кенеш экен.жасап корсо болчудай.
05.12.2014. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унга бышыруунун жолдорун да айтып койбоптур да!!!
05.12.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч каттама камырдын рецебин жазыныздарчы?
05.12.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
askhattalgat,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/article/?article=29685
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо