Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Малика Дина: «ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮБУЗДУ ЖАЗГА КАЛТЫРДЫК»

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Динара Акулованын эрке кызы Малика сахнадан өз ордун тапканга жетишкен. Мына эми көптү суктандырган ырчы кыз бой жетип, турмуштан да өз бактымды тапсам деп турган кези. Динара айымдын орун басары, ырдоо жагынан, сүйлөө жагынан апасынан кем калбаган Малика Дина жашоосунун жаңы барактары тууралуу кеп салып берди.

– Малика, кечээ сага байланышканымда «маанайым жок» деп бир аз кыялыңды көрсөттүң эле. Анчалык маанайыңды ким түшүрдү?
– Америкадан келгенден бери аба ылгаппы же бул жактын суук климатына көнө албайбы, айтор, ооруп жатам. Өзүмдү жаман сезип эч нерсе жакпай кыжырым келип, бир нерсе эле болуп жүрөм. Анын үстүнө өзүмдүн мүнөзүм да аябай катаал эмеспи. Көп жерден угуп калам, «кыялың атаңдыкындай» деп. Ачуум келип кыялымды көрсөтсөм, үйдөгүлөр «атаңсың, Маликтин эле өзүсүң» деп калышат. Бирок атам жөнүндө эч нерсе билбейм, аталык мээримин да көрбөдүм. Мүнөзүм, келбетим атам болгону менен, тарбиям апамдыкы. 95 пайыз апам эле болуп калдым окшойт. Негизи мен ак көңүлмүн, чарт-чурт этип алганым менен, кайра бат жазылам.

– Жакында сага сөйкө салып кеткенин уктук, той деле алыс эместир. Жакшылыгыңа атаңды чакырасыңбы?
– Чынын айтсам, аябай оор суроо экен. Мен бул туурасында азыркыга чейин ойлонуп келем. Кааласам да, каалабасам да жакшыбы, жаманбы Абдумалик Шерматов менин атам. Ал киши болбосо мен жаралмак эмесмин. Ошондуктан ата катары тоюма чакыруу менин милдетим. Милдетим гана эмес, ар бир ата кызынын бактылуу көз ирмемине күбө болуш керек деп ойлойм. Албетте, атамды тоюма чакырам.

– Ошондо үлпөт тоюңар качан болгону жатат?
– Жигитим экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү ата-энелерибиз билчү. Болочок куда-кудагыйлар жакындан таанышып, мага сөйкө салып кетишти. Тойдун күнүн деле белгилешкен болчу. Бирок мен быйыл эмес, эмки жылы жазга калтыралы деп каршы болдум. Анткени кар да жаап, күн суук болуп калбадыбы. Менин турмушка чыгуу тоюм жайында оюмдагыдай өтсө деп кыялданчумун. 8 жылдан бери сүйлөшүп келатып бир жылга чыдабай калмак белек? Өзүм 18демин, анын деле жашы өтүп кете элек. Мен мындай шашылыш тойду каалабайм. Жигитим экөөбүз шашпай өзгөчө той берүү үчүн эмки жылга калтырдык.

– Нике шакек тагынып алыпсыңар, эмне, үйлөнүп алдыңар беле?
– Сөйкө салып кетишти, нике шакек тагынып алдык, болочок жолдошум деп айтсам деле жарашат го. Көпкө сүйлөшкөндө ал адам жарымың болуп калат экен. Негизи алгач кыз-жигит, сөйкө салгандан кийин болочок жубай, андан кийин аялы-күйөөсү болот эмеспи. Биз азыр экинчи этапта, жубай болуунун алдында турабыз.

– Күйөө бала жөнүндө бир-эки ооз айта кетсең...
– Көптөр интернет баракчама «жигитиңдин жүзүн эмнеге көрсөтпөйсүң?» деп жазышат. Мен аларга «көзүңөр тиет» деп тамашалап коём. Жигитимдин аты – Нурдин, 24 жашта. Бишкекте төрөлүп-өскөн, шаардык жигит. Экөөбүз 10 жашымдан бери таанышпыз. Бирге ойноп чоңойгонбуз. Мурда ал мага ага, дос катары акыл үйрөтүп калчу. Бир жолу анын туулган күнүнө барсам, апасы апама чалып «Динара, кызыңа ак жоолук салып койбоймунбу?» дептир. Апам чочуп кетип «кой, ай, азыр эмес» деп салдырбай койгон. Азыр жигитимдин апасы айтып калат «ошондо эле Кудай оозума салган экен» деп. Сүйүктүүм дагы көбүнчө жумуштары менен чет жерде жүргөн адам. Акыркы эки жылдан бери экөөбүз эки өлкөдөбүз. Үйлөнгөндөн кийин каякта жашаарыбызды чече элекпиз. Балким, Америкага кетебиз.

– Бул жакта апаң жалгыз калбайбы же жаныңарга алып аласыңарбы?
– Кичинемде апама «мен турмушка чыкпайм, күйөөнү сатып алып сенин жаныңда болобуз» дечүмүн. Апам бул жакта жалгыз эмес, туугандар, эл-журт бар дегендей. Ар дайым апамдын жанында жүрүп, алыс кетип калуу мага да оор. Ал эркин адам, каалаган жерине учуп бара алат. Азыр бир тууган эжем Мэри Дина Санкт-Петербургдан үч баласы менен үйгө конокко келишкен. Апам неберелери менен бапырап үй толуп жыргап жаткан кези. Турмушка чыгарда, албетте, апамды жалгыз таштап кетпейм, ишеничтүү бирөөгө тапшырып кетем.

– Турмушка чыккандан кийин чыгармачылыгың калып кетпейби?
– Чынын айтсам, ал жөнүндө ойлобоптурмун, сүйлөшө да элекпиз. Мен чыгармачылыкка баш-отум менен кирсем өсүп кетмекмин. Баары каалоомо жараша болот. Ырдаганды жакшы көрөм, кичинемден бийлеп келгем. Апам менин кичинекейимдеги кыялымды орундатканга шарт түзүп берди. Эми өсөм деп Америкада вокалдык академияга барып окуп жатам. Мындан кийин ырдап укмуш болуп кетемби же супер келинчек болуп үйдө отуруп каламбы, муну убакыт көрсөтөт. Анын үстүнө кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм, аз дегенде 6 балалуу болгум келет.

– Кыргыз тилинде сүйлөй албай кыйналып жатасың, үйдө да орусча сүйлөшөсүңөрбү?
– Кичине кезимде бала багуучум да орус улутундагы аял болгон. Андан кийин балдар бакчасында да орус тайпага бардым. Орус классты бүттүм. Кыргыз тилин унутпаганга аракет кылам, орусча ойлонуп, кыргызчага которуп сүйлөп жатпаймынбы. Муну көптөр түшүнүшпөйт, «обу жоктонуп жатат, кыргызча сүйлөсө болмок» дешет. Үйдө апам деле «кыргыз тилинде сүйлө» деп урушат. Аны менен кыргызча сонун эле сүйлөшөм. Америкадан келгенде тилим англисчеге жакын болуп калганда кыргызча эмес, орусчага түшүнбөй калып жаттым.

– Окууңа кайра качан кетесиң? Ал жакка барганыңда тилден башка дагы кандай өзгөрүүлөр болду?
– Чөйрөгө карап баары өзгөрөт экен. Мурда бийик така кийгенди, боёнуп, тырмак өстүрүп жүргөндү жактырчумун. Азыр андай нерсеге такыр кызыкпай калдым. Мисалы, азыр үйдөн боёнбой эле чыгып баратсам эжем «интервьюга боёнбой эле баратасыңбы?» деп таң калды. Бишкекте дагы 3 ай жүрүп, анан кайра окуума кетем.

"Бала чактагы сахнага чыгам деген кыялымды апам ишке ашырды".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(93)
02.12.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мери дина, малика дина дагы ким алиша диа дегендер кобоюп кетип атабы дейм да акыркы жылдары,
02.12.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Запомните никогда не обсуждают и не
завидуют плохому . Завидуют лучшим , обсуждают
лучших ))
02.12.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ айтат го канчалык башын асманга тийип турса бутун жерде экенин унутпа деп кыргыз тилин жакшы билбейм дегендерге тан калам биз озу кыргызбыз оз эне тилибизди эч качан утунпашыбыз керек адамдар башка тилди билеерин айтып мактанышат а оз эне тилин унутуп калгандан уялышпайбы дейм дааша чаап кетиптир эми неси болсо да бакыт сага бирок сураныч жерге туш дегим келип атат
02.12.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызча суйлой албаса эмне журот Бишкекте кетсин ошол Америкасына.
02.12.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми Балада ойуна келгенди суйлоп койотда
02.12.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гезиттин сырткы бетиндеги суротко аябай начар чыгыптыр. Макияж неудачный .
02.12.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да тан калдым аша чаап кетиптир озун эстуу эле аялдын кызысын канттип ушунтип суйлодун сени эл адамы деп койот арыдан бери болбойт белен
02.12.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Малика-Дина молодец!ырларынды суйуп угам,мен дагы кыйналам кыргызча суйлогондон ал ар кимдин чойросуно жараша болот,орус классты бутум чойрондогу адамбар кобу орусча суйлогондуктон конумуш адат болуп орус кыял болуп каласын.УВАЖАЮ ТЕБЯ,тебе творческих успехов,женского и семейного счастья!!!МОЛОДЕЦ!!!
03.12.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
miraiymka,
койчу,биз мектепти россиядан буттук, корушкон жерде кыргызча эле суйлошобуз.Мунун баары сенин тилин менен айтканда "выпендрёж"!орус кыял болосунбу, орус мектепте окугансынбы баарибир кыргызсын!
02.12.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага Малика!!!!
02.12.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
oz ene tilin syilabagan elini da jyrgatpayt,senden artist chykpayt,kyiratkan yryn dele jok,
02.12.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХ ,okup alyp saga ayabay jinim chygyp jatat ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 02.12.2014 17:51
02.12.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toocool,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
02.12.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мен Маликаны тушунуп эле турам, анткени озумда кыйналып жургон кезим тилди так суйлой албай башка
Олкодо журсон ошондой болот.
03.12.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mekusha, эми сени тушунсо болот, башка олкодо жашаптырсын, а Малика омур бою эле Бишкекте жашайт, Америкада коп болсо 1 жыл болгондур, уят эмеспи эми
05.12.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mekusha, оа да
06.12.2014. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mekusha, Дадаган кетеин Анда мен деле орусча суйлоп алайын чет олкодо журом деп ))))
02.12.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
туууу ата кору..2 ай журсоле тили бурулуп озгочолонуп кетет булар. биз эле 5 жылдан бери журсокта озгорбой эле.тилибиз деле ордунда. кандай адамдар экен булар.
02.12.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
жаш кызга аябай эле сын коюптурсунар достор.эптеген экини жейт деп коет беле ошонун сынары эптеп суйлоп турсун кээ бир "модел"кыздарыбыз кыргызстанда журуп орус мектепке барып калганга"не могу"деп журушпойбу.кантсе да бактылуу болсун.
03.12.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара Акуловага озунун ысымын аябай жакшы корот окшойт, кыздарынын аттарына Дина деген атты кошуп коюптур :-) Малика Дина дегенге конуп калганбыз билбейм, Мэри Дина деген таптакыр башкача угулду :-)
03.12.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
LadyD, ;-) ;-) ;-) Озун деле LadyD болуп алыпсын го;-)
03.12.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iskra77,
ва ха ха таамай атыптырсын)))))
03.12.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызга эч нерсе ждакпайт.. жамандай бергиле
03.12.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кокууууй Москвада 15жылдан бери кыргыз тилде эле сайрап келатам. Бу Америкага 2айга барып келип эле кыргызчаны да орусчаны да унутуп калса....А 2жыл журуп кала турган болсо оз атын деле унутуп кала турган чунак кыз;-) кой уят
03.12.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмии.. Мен не десем? Колуман келсе жанына барып,бутунан тарткым келип атат. Эмне кылып атасиин-десе,жерге туш деп коюп,хе хе
03.12.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маликаны коруп убакыттын зымырап учканына кубоо болдум, 2000-жылы тиштери жок кулмундогон суйкумдуу кичинекей Малика эми чыныгы Маликага айланыптыр.Бирок атам мага тарбиясын бербе дебе.Атандан сени айырган апан болчу, атандын характерин даана жазыпсын, атандын характери кези келгенде нак жинди эле, тополончу, капа болбо, мен муну атан менен чогуу иштешип калганым учун айтып жатамын. Бирок сага чын журогумдон бакыт каалаймын, ылайым коооп балалуу бол Малика, атанды албетте чакыр, бактылуу бол!!!!
03.12.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kaniet, Э кызык эле экенсиз, Маликаны корбогондо убакыттын учканын байкабай калмак экенсизда ээ))).
04.12.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнбөдүм Мэри Дина ким? Менин билишимче Малика жалгыз кыз болчу го. Бир тууган эжем дегенине таң калып турам. Же орус тилинде интервью берсе, кыргыз тилине туура эмес которуп койдуңарбы? Ушуну тактап койсоңуздар.
04.12.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanat4ik,
сиз эле билбейт окшойсуз Динара Акулованын улуу кызы бар Мери деген http://www.super.kg/article/?article=15775 ырдачу да болуш керек мурда концертеринде
05.12.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула Малика! Чыгармачылык ийгилик каалайм!
05.12.2014. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой шумдук, эмне мынча нервныйсынар?Бул кыз али жаш Динара эженин эрке кызы .Бийлеп жургондо мисс Бишкек болгондо интервьюсун твдан коргом ,ошол кезде озу каратору, арык ,чачы туз розывый ккойнокчон .башкача сулуу корунгон андан кийин толуп кеттиби билбейм башкача азыр
06.12.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир уйдун эркеси, мураскери дегендей Маликага эмне кылса жараша берет го дейм;)
06.12.2014. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылууу бол карындаш, кыргыз тилин унутпа үйрөн
06.12.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10жашынан суйлошсо аябай эрте жетилген экен да.;-) тийбей жатып шакек тагынса. Кудай буюрса деш керек ДИНА.
06.12.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula.kyrgyz tilim kylymdardy karytkan.e4 kim any o4uro albait taryhtan.dostorum KYRGYZ TILIBIZDI UNUTPAILY KYRGYZ4A SUILOILU
14.12.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчаак немего ким озу бул?
21.07.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыгылып шымын айрып алганбы? Жээ ойноп айрып алганбы.
23.07.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле, обу жоктонбой кыргызча эле сүйлөбөйбү!
24.07.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!Мен Маликаны сыйлайм. Тил эч нерсени чечпейт деп ойлойм. Эн башкысы ыйманы бар, эстуу эле кыз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо