АКЫЛДУУ СААТТАР ЖАНА БИЛЕРИКТЕР

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Алгач бул эки акылдуунун айырмасын билип алалы. Сыртынан караганда экөө окшош жана аткара турган иши деле бири-биринен көп айырмаланбайт. Экөөнүн жардамы менен коомдук унаадабы, жумуштабы, айтор, телефон чалууларды же билдирүүлөрдү кабыл алууга болот. Бирок мында акылдуу сааттардын батареясы орто эсеп менен 5 саатка чейин жетсе, акылдуу билериктер 7 күнгө чейин жетет. Бул акылдуулар смартфондорго блютуз аркылуу туташат.

АКЫЛДУУ БИЛЕРИКТЕР
Негизинен спорт менен машыгып, ден соолугуна өзгөчө көңүл бурган адамдарга ылайыкталып чыгарылган. Алар адамдын активдүүлүгүнө баам салып турат. Мисалы, саатты, сиз канча убакытта канча кадам шилтегениңизди, канча калорий сарптаганыңызды көрсөтөт. Телефондун жардамы менен азык-түлүктүн штрих-кодун сүрөткө тартып алсаңыз, билерик анда канча калорий бар экенин эсептеп чыгат.
Мыкты машыктыруучу. Спорттук көнүгүүлөрдү жасап жатканда анын мөөнөтүн, күчүңүздү текшерип айтып турат. Чарчап кеттим деп көпкө эс алып калсаңыз «тур, дагы машыгышың керек» деген белги берип тынчыңызды алат.
Дарыгер. Билерик уйкуңузду көзөмөлгө алып, жүрөктүн согушун санайт. Бул аркылуу ал сиздин уйкуңуз кангандыгын же ашыкча уктап койгонуңузду көрсөтүп, сизге кандай режим зарылдыгын маалымдап, дарыгерлик милдетти да аткарат. Бир гана талап: туура формуланы алуу үчүн билерикти дайыма тагынып жүрүшүңүз керек.
Жардамчы. Машыгуу же дагы башка учурда жаракат алып өз алдыңызча ооруканага жете албай турсаңыз, куткаруучуларды же жакындарыңызды жардамга чакыруу үчүн бир гана кнопканы басуу менен дарегиңизди кошо көрсөткөн билдирүү жөнөтүүгө болот. Ошондой эле балдарынын кайда жүргөнүн билип туруу үчүн ата-энелерге арналып чыгарылган билериктер да бар. Анын жардамы менен балаңыздын кайда жүргөнүн байкап турасыз жана керектүү учурда балаңыз сизге жалгыз кнопканы басуу менен байланышка чыга алат.
Байланыш. Кирген чалууларды жана СМС-билдирүүлөрдү маалымдап турат.
Бишкектеги баасы 300 доллардын тегерегинде.

АКЫЛДУУ СААТТАР
Акылдуу сааттарда жогорудагы мээси иштеген билериктердеги кызматтардын баары камтылган жана андан башка дагы көптөгөн кызматтар бар. Алсак, электрондук почтага келген каттар, кабыл алынбай калган чалуулар, СМС-билдирүүлөрдөн кабардар кылат жана чөнтөктөгү же алыс жакта турган телефонду башкарууга да болот. Мындан сырткары видеого жана сүрөткө тартуу үчүн камера орнотулган.
Бишкектеги баасы 200 доллардын тегерегинде.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Сууга түшүп кеткен телефонго биринчи жардам

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
29.11.2014. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш,чоон рахмат Супер-Инфо.
SUPER.KG видео
29.11.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сааттардын баасы деле кымбат эмес,ото соонун.
SUPER.KG видео
29.11.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы нерселер го
SUPER.KG видео
29.11.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш екен чоон рахмат бул видеону мен азыр кочуруп аламго анткенни кереги тийп калат
SUPER.KG видео
29.11.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага саат жакты
SUPER.KG видео
29.11.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун кенеш чоон рахмат ... сааттарды кайдан тапсак болот экен ошону айтып койосуздарбы ... ананда кайсыл саат жакшы кайсыл бирин сунуштайт эленер достор ...
SUPER.KG видео
29.11.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгынанда саат менен билерикке кызыгып калдым
SUPER.KG видео
29.11.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эле жакшы нерселер экен.Ал эми телефон сууга тушкондогу кенештер бардык адамдар билиши керек деген ойдомун,анткени бардык адам телефон колдоноору кумонсуз.
SUPER.KG видео
29.11.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык Кыргыз Элиме туура кенеш. сууга тушкон телефон же планшет болсо ачып проветирвать этип, суусу аккуратно тазалап жана сразу кунго коюп коюш керек, терезеге кунго коюп койгула-тура берсин, менин плашетим сууга тушуп кетип, ачалбай коюп, жабык бойдон эле кунго коюп койдум, эмне болсо ошо болсун эми, эмне кылайын деп, 1кун кечке турду очуп, 3кун кунго кое бердим кундуз, эми 2жыл боду окшойт иштеп жатат алтыным ))
SUPER.KG видео
29.11.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
телефон тууралуу кенеш жакшы экен саат менен билерик ошто да сатыла бекен
SUPER.KG видео
30.11.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сааттар сонун экен ээээээээ???
SUPER.KG видео
30.11.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керектуу маалымат бергениниздерге чон размат!!!!!
SUPER.KG видео
30.11.2014. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук экен
SUPER.KG видео
30.11.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ишенбейм
SUPER.KG видео
30.11.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага сааттар жакты
SUPER.KG видео
01.12.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат супер инфо
01.12.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага жакшы маалымат!
02.12.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча сонун! Жалал Абадда сатылабы билгендер барбы?
03.12.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы дареке кайрылсак болот жасалмасы жокбу?
05.12.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдан алса болот? адреси барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо