ТӨЛӨНБӨГӨН КАРЫЗДЫН АРТЫ ӨЛҮМ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Колдон келсе бирөөдөн эч нерсе албай жаша. Алгандан кийин аны батыраак кайтаруу керектигине мына бул окуя сабак болуп отурат. Ушул айдын алгачкы күндөрүндө Аламүдүн районунда алган карызды төлөй албай чырдашып, аягы өлүм менен аяктаган окуя катталды.

«БЕРГЕН КАРЫЗЫН ӨНДҮРӨ АЛБАЙ ӨЛТҮРҮШКӨН»
Окуя боюнча Чүй ОИИБинин басма сөз кызматчысы АЙБЕК АРЗИМАТОВ буларга токтолду:
– 5-ноябрда Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Мраморное айылынын тургундарынан айылдын чыгыш тарабынан 45-50 жаштагы азиат улутундагы эркектин жансыз денеси табылганы туурасында билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, оозу жана эки колу аркасына скотч, бети халат менен байланган абалдагы эркектин жансыз денесине күбө болушкан. Ошондой эле маркумдун баш, көздөрүнүн айланасында катуу соккудан алган жарааттары болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө киши колдуу болуп каза тапкан адам 1968-жылы туулган Аламүдүн районунун тургуну Тахир Садыков экени аныкталды.
Ал эми 9-ноябрда бул оор кылмышка шектелип Аламүдүн районунун Озёрное айылынын тургундары 1982-жылы туулган Батырханов Газиз Боронбаевич менен 1989-жылы туулган Батырханов Жансат Акашевичтер кармалып, кылмышты толугу менен моюндарына алышты. Кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Газиз Батырханов Тахир Садыковго берген карызын өндүрө албай, ортодо чыр чыгып, аягы өлүм менен аяктаган.

«КОРКУТУП КОЮУ ҮЧҮН ЭЛЕ БАРГАНБЫЗ»
Кылмышка шектүү делинип кармалгандардын бири ГАЗИЗ БАТЫРХАНОВ төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Тахир экөөбүз көп жылдан бери тааныш болчубуз. Ал менден 1000 АКШ долларын карызга алган. Карызды кайтарбай жүрүп, убада кылган мөөнөтүнөн бир канча убакыт өтүп кетти. Мага да акча керек болуп сурасам бербей жүргөн. Батыраак берүүсүн талап кылып коркутуп коюу үчүн 4-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында тууганым Жансат экөөбүз Тахирдин үйүнө барганбыз. Ортодо келишпестик болуп, чырдаша кеттик. Оозун, колун скотчтоп унаага салып, айылдан четирээк алып бардык. Таяк менен башына урганда эле ошол замат жан берди. Эмне кылышты билбей, денени таштап кетип калдык.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
01.12.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээ жараткан не болгон жашоо болуп баратат,тобооооо
01.12.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1000$ берчу туру жок булардын
02.12.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмайдын бермейи бар дегендей алгандан кийин тез кайтарбайбы........
Акча учун адам олтуруп.......жырткычтан айырмасы калбаптыр булардын.........
02.12.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун оздору карыздыр эле Кудай билет
02.12.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ok4oloi мен сизге кошулам
03.12.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мин доллар учун олтуруп э,кудай сактааа,мин долар деп турмодо отур эми,олбосо береер эле го ал адам .
04.12.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тура айтасын Мерседес акчадан жок озу турмодо, оздору еле карыз болгон булар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо