Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗҮҢДҮ БААЛАГАНДЫ ҮЙРӨН

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Өзүнө-өзү ишенүү, өзүн-өзү баалай билүү – ийгиликтүү адамдардын эң жөнөкөй куралы. Ал эми ушул куралды колдоно албагандар бардык нерсени өзүнөн жогору коюшат. Адам өз баасын көтөрүү үчүн эмне кылуусу керек? Сереп салып көрөлү.

ЖЕҢИШ ТОБОКЕЛЧИЛИКТИН АРТЫНДА
Оюндан жеңишке жетишүү үчүн, ал оюнду ойноп көрүш керек. Алдыга койгон максатка жетиш үчүн тобокелчилик жардамга келет. Муну менен сен коркпостон, өзүңө ишенүүнү үйрөнөсүң.

ЭЧ КИМГЕ АКТАНБА!
Эч качан актанба. Туура эмес кылган нерсеңдин ката экенин биринчи өзүң моюнуңа ал, анан башкаларга жөн гана түшүндүрүп кой. Кечке эле кайталап, кырдаалды түшүндүрөм деп чалына берүүнүн кажети жок.

ӨЗҮҢДҮ МАКТАГАНГА КӨН!
Кыргызда «өзүңдү өзүң сыйлабасаң, өңгө да сени сыйлабайт» деген учкул сөз бар. Баасын төмөн түшүрүп алган адам дайыма өзүнө «мен толуп кеттим», «боюм кыска», «бетимде кемчиликтер көп, мурдум бучук», «өтө эле арыктап кеттим, балким, кыздар көңүл бурбай жатканы ушундан болбосун?» деген сыяктуу жемелерди көп айтат. Мындай тескери баа адамды алдыга жылдыргандын ордуна артка тартары бышык. Андыктан өзүңдүн артыкчылыктарыңды көбүрөөк көргөнгө аракет кыл жана айта жүр. Ал сенин мактанчаактыгың эмес, өзүңдү баалай билгениң.

ЖЫЛМАЮУ – КҮЧТҮҮ КУРАЛ
Душманыңдын деңгээлине түшүп калбас үчүн абдан эффективдүү курал – бул жылмаюу. Ал канчалык сага ор казган сайын сен жөн гана жылмайып койсоң, кызаргыча ачууланып кетери бышык. Ар дайым жылмайып, көтөрүңкү маанайда жүргөнүң, негативдүү көз караштардан калканч болот. Анан калса жылмаюуга жылмаюу менен жооп берген адамдардан оң энергия алып, жан дүйнөң тазарарына кепилдик бар.

АЙЛАНАДАГЫЛАРДЫН КӨҢҮЛҮН АЛ
Мүмкүнчүлүгүңө жараша адамдарга жакшылык кылууга умтул. Эң жөнөкөй мисал, кары адамдардын баштыгын көтөрүшүп кой, коомдук транспортто орун бер, мырзалар айымдарды сыйлап жол берип койгон элпектик сага пайда алып келет. Алардын сага ыраазы боло жылмайып караганы, кары адамдардын батасы, айткан ыраазычылыктарынын баары сага канат болот, өзүңө ишеним тартуулайт. Бирок эсиңе тут, өзүн-өзү баалай билүү менен өзүн-өзү жарнамалоо эки башка нерсе.

«КАН СОРГУЧТАРДАН» АРЫЛ!
Айланаңдагы сенин «каныңды соргон» адамдардан арыл. Алар кимдер? Пайдасы жок достор. «Сен такыр мени менен кабарлашпай калдың», «Мен азыр жардамга муктаж болуп турам, сенин колдооң керек», «Кыйын болуп кеттиң да эми, сага жетиш кайдан?», «Көйгөйлөрүмдү кимге айтам билбейм? Балким, жардамга келерсиң?» дей бергендердин баары эле сага чыныгы достук менен жооп кайтаргандардан эмес. Аларды сен да кыйынчылыкта жардамга чакырып сынап, иргеп ал. Болбосо ар түрдүү негативдери менен сенин убактыңды, көп нервиңди алып, баркыңды түшүрүп коюшат.

ЖАЛКООЛУК МЕНЕН КҮРӨШ!
Жалкоо адамда өзүн-өзү баалоо эмес, өзүн ашыкча сүйүү мүнөзү басымдуу десек болот. Жалкоолук – бул алсыздыктын белгиси. Андыктан бул сапаттан арылууга болгон күчтү жумшоо зарыл.

ЖАШООГО БОЛГОН НААРАЗЫЧЫЛЫКТЫ АЗАЙТ
Айланада качан болсо наалып жүргөн адамдарды байкайсыңбы? Эгер сен да ошондой адамдардын арасында болсоң, тезинен жашоого болгон нааразычылыктарыңды азайт. Кылган ишиңдеги ийгиликсиз кырдаалдарды айланадагылар менен бөлүшүп, кайталап айта берсең, алар сени байкуш катары таанып калышат.

ЖАҢЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧТУУ ЭМЕС
Адам болгондон кийин ар бирибизде эле жаңылыштык болот. Сенин жаңылганың –жашоодо жаңы баракчаны ачканың деп эсептей бер. Адам алдындагы тамакты ооз тийип көрмөйүн даамын сезбейт. Ошондуктан жаңылып калам же туура эмес болуп калат деп күмөн санай бербей, алдыга кадам таштап, сага керектүү иштин башын баштай бер. Эгер жаңылып калсаң, ал нерсени кийин кайталабаганга үйрөнөсүң.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


Өзүн өзү баалай билүүнүн сырлары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  21 
Комментарийлер(51)
01.12.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш жазылыптыр.
02.12.2014. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер дагы ушундай кенешинерди тынбай жазып турунуздар, мага керектуу кенеш экен эми мен ушу эрежелерди карманам го.
02.12.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы керектуу маалыматтар экен рахмат супер инфо дагы коп ушундай маалыматтарды жазып турунуздар.
02.12.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Superdin super keneshi eken,rahmat.
02.12.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер экен. суперденда пайдалуу нерселер чыгат экена?
02.12.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамаша супер
02.12.2014. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кенеш мага тушкон кенеш ко деп ойлоп калдым оа азыр менда иштебей жатам максаттарымы ойлоп койуп,кобунчо озумду кемсинте берем,мына эми андай кылбаймын,супер инфого кошулганыма 3 кун болду,билчуумун супер инфо суперлердин супери рахмат сиздерге
02.12.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кенешинерден мен жакшы нерселерди алдым окшойт,эн туура жазылган
02.12.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун кенештер!Буюрса мен озумду ар дайыма баалайм.Баалап да келгем!
02.12.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат супер инфо. Ушундай кенештерден дагы берсениздер канчалаган адамдардын жашоосун жакшы жака бурулат эле. Мисалы мага аябай катту таасир берди.
02.12.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ooba myndan kiyin daayima jylmayip, ozumdu suluu sezip jurom. Sonnun maalymattar eken.
02.12.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туптуура айтылган.
SUPER.KG видео
02.12.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат чон
02.12.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тескерисинче,озун озу ото ашыра баалаган адамдарга кандай мамиле жасаш керек.Мисалы жеке озун ойлоп,жанындагылардан ашыкча нерселерди талап кылса.Кенеш бергилечи.
03.12.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш екен
SUPER.KG видео
03.12.2014. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу админ купуЯга дарегин жазып койосузбу тел. Номери болсо андан да сонун болмок
SUPER.KG видео
03.12.2014. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз да болсо пайдасы тийет,барып сабак алганда андан да жакшы болмок
.
03.12.2014. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен!
03.12.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер инфо салам ушул сыяктуу кенештерди кобурок корсотуго арекет кылыныздар бул кенештерге жалпы эле адамдардын койголу маселеси десем адашпайм себеби бурого айткандан уялат же башкача кабыл алабы деп кыжалат болот ар бир адамдын озу сыякту проблемасы бар бундай кенештер ди кобурокуп же укса жакшы жакка кыргыз эле бурулат деп ойлом тушунбосчулуктор жоюлат ажырашкандарда азаят уй булодо бактылулуктун жолу ачылып бир бириге болгон мамиле озгорот ыразычылык билдирем конул бурганынар учун рахмат
03.12.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat Super info.Bul keneshter maga kop paidasy tiet.
03.12.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat.jakshy kenesh eken
04.12.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Кан соргучтардан арыл" деген жери аябай жакты. Чындап айланаңда бир эле "кан соргуч" болсо, жашооңдү тозокко айлантып жиберет. Андыктан вампирлерден арылалы көздү жумуп туруп)))
04.12.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, чындыгында жакшы нерселерди жазыпсыздар! негизи жашоодо активдуу жана позитивдуу жашап отуу гана жетиштуу го деп ойлойм
SUPER.KG видео
06.12.2014. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кекс болуптур! Мага керек учурда дал келип калды)рахмат
06.12.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты кенештер го. Кобун эле карманат экенмин.
07.12.2014. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун Жакты ❤️
07.12.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super maalymat
07.12.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты
02.03.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кенештер экен.Чоон рахмат кеп кенешинизге
SUPER.KG видео
26.06.2015. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin_media uwul эженин адрресин берестерби......
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо