Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛДАР МЕНЕН КАРЫЛАР ГАНА КАЛГАН КОЛЬЦО АЙЫЛЫ

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

Лейлек району борбор калаадан эӊ алыс жайгашкан аймак болуп эсептелет. Анда орун алган Кольцо айылында бүгүнкү күндө 125 түтүн орун алып, 1050гө жакын адам жашайт. Тургундардын көпчүлүгүн жаш балдар менен карылар түзөт. Ал эми ишке жарамдуу жаштардын көпчүлүгү жан багуу максатында Орусия менен борбор калаа Бишкекке орун которуп кетишкен. Кольцо айылынын бүгүнкү абалы менен жакындан таанышып, тургундардын көйгөйлөрүн калыӊ журтка кеӊири баяндоо максатында «Элет үнү» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында кеп салдык.

МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ БЕРЧҮ МЕКЕМЕ ЖОК
Кольцо айылы СССР мезгилинде абдан өнүккөн айылдардын бири болгон. Бул айылдан Сүлүктүдөн чыккан көмүрдү Тажикстанга ташып өтүүчү темир жол өткөндүктөн, тургундардын көпчүлүгү темир жолчулар эле. Мамлекет тарабынан жеткиликтүү деӊгээлде көӊүл бөлүнүп, Кольцо айылында жашагандар үчүн айына көмүр, тамак-аш, күнүмдүк тиричиликке керектүү буюмдардын баары жеткирилип турган. Ал кезде Сүлүктү шахтасы дүркүрөп иштеп тургандыктан, Кольцо айылы шахтачылар менен поездде иштеген мекендештерибиз үчүн атайын шаарча болгон.
Тургундардын айтымында, СССР кезинде жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мончосунан тартып Маданият үйү, дүкөндөрүнө дейре. Качан гана СССР ураганда Кольцо айылындагы «жыргализм» жашоонун баары түш сыяктуу жуулуп кеткен. Бүгүн Кольцо айылы карарган дөӊсөө, көр тирилик менен алпурушкан эл жана поезддин шака-шук үнүн сагынган темир жол калгандай элес тартуулайт.
Кольцо айылынын тарыхына кайрылсак, тээ 1960-жылы Сүлүктүнүн, 1963-жылы Лейлек районунун карамагында болгон. 1990-жылдары кайра эле Сүлүктү шаарынын карамагына өткөн. Түндүк жагынан Тажикстандын Коргончо, чыгыш тарабынан Лейлек районунун Булак-Башы айылдары менен чектешет. Батыш жана түштүк тарабы бөксө тоолор менен курчалган. Айылда бир фельдшердик-акушердик пункт орун алган. Бирок ал дагы натыйжалуу иш алып барбайт. Иш убактысында эшиги кулпуланып турганына күбө болдум. Жергиликтүү тургундардын бири Шерикбай Азизовдун айтымында, медициналык жардам бере турган мекеме жок.

Шерикбай Азизов, пенсионер, 2-топтогу майып: «БИЙЛИКТЕГИЛЕР БООР ООРУП КОЮШСА БОЛМОК»
– Пенсияга чыкканыма 20 жыл болду, ошондон бери үйдө отурам. Айына 3500 сом акча алам. Жумуш кылайын десем ден соолук жол бербейт. Аялым дагы 2-топтогу майып болгондуктан, экөөбүз теӊ пенсиянын акчасын карайбыз. Бирок ал жетпейт. Ооруп кала турган болсоӊ өзүӊдүн эле шоруӊ. ФАП болгону менен кадр жок. Аргасыздан Сүлүктү шаарына барууга туура келет. Жол алыс болгондуктан жол киреге дагы акча керек. Кыскасы, Кольцодо чечилбей жаткан көйгөйлөр көп. Бийликтегилердин бири келип кабар алып кетсе жакшы болор эле. Балким, боор ооруп, көйгөйлөрүбүздү чечип бермек беле?




Гүлбүбү Тажибаева, пенсионер: «ЦИСТЕРНАНЫН СУУСУН ИЧЕБИЗ»
– Бул жерде жаш балдар менен карылар гана калган. Жаштардын баары чачырап, ар кайсы бурчта көр тирилик менен алектенип жүрүшөт. Жалаӊ пенсиянын көзүн карагандар калгандыктан кайдагы өсүш? Ар кимиси өз тиричилиги менен алек. Иш кылайын десеӊ иш жок. Дыйканчылык кылганга айдоо жери жок. Төрт малын талаага айдап жиберип, ошолорду карап отурмай. Өзүмдүн бул жакка келгениме 58 жыл болду. Ошондон бери ушул кыштакта жашайм. СССР мезгилинде жолдошум темир жолдо күзөтчү болуп иштеген эле. Айлыгы дагы жетиштүү болчу. Пенсияга чыгып, көзү өткөнүнө бир нече жыл болду. Ошондон бери азыр жети жашка чыгып калган неберем экөөбүз турабыз. Балам Бишкекке көчүп кеткен. Ал дагы өз үй-бүлөсү менен алек. Керектүү муктаждыктарыбызды жиберип турат.
Таза суу тартыш, буга чейин суу жоктугунан улам жергиликтүү тургундар коӊшулаш Булак-Башы айылынан суу ташууга аргасыз эле. 4 жыл мурун скважина иштетилип, цистерна орнотулгандан тарта башка айылдардан суу ташымай зарылчылыгы жоюлган. Элдин баары цистернага чогулган сууну пайдаланышууда.

Ботобек Эшмурзаев, Кольцо айылынын башчысы: «БАЛДАРЫБЫЗ ЧАТЫРДА ОКУБАЙ КАЛЫШТЫ»
– Биздин эӊ негизги көйгөйүбүз – суунун тартыштыгы. Цистерна орнотулгандан кийин бул көйгөйүбүз жеӊилдей түштү. Ошентсе дагы жолдун төмөнкү тарабында жайгашкан айылдаштарыбызга суу жетпей жатат. Аргасыздан цистерна орнотулган жерден сууну ташып ичүүгө мажбур болушууда. Ошондон улам азыркы тапта айыл жаштары менен биргеликте скважиналарды тазалап, суу тартсакпы деп аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары биздин айыл Тажикстан менен чектешкендиктен «чек арада жайгашкан айыл» деген макам ыйгарса оӊ болмок. Ал үчүн дагы жөлөкпулдар берилип, айылдаштарыбыздын жашоосу жеӊилдей түшмөк.
Айдарали Кайымкулов атындагы №6-орто мектеби заманбап шартта салынып, быйылкы жылдын 26-апрелинде пайдаланууга берилген. Буга чейинки эски мектеп 2012-жылы жер титирөөдөн улам жараксыз деп табылып, буздурулуп, окуучулар атайын чатырларда билим алууга аргасыз болушкан эле. Учурда 102 окуучуга 13 мугалим сабак берет. Спорт залдын курулушун аяктоо 2015-жылга белгиленген.

Каныбек Эшмурзаев, А.Кайымкулов атындагы орто мектебинин директору: «АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМИБИЗ ЖОК»
– Мектепте бардык шарттар бар. Эски мектепти атайын мештер менен жылытсак, азыркы тапта башкы меш аркылуу гана жылытабыз. Жылытуучу систем үзгүлтүксүз иштейт. Учурда англис тили боюнча мугалим жок болуп жатат. Өзүбүздө кадр жок. Башка айылдан алып келели десек жол алыс. Алган айлыгы жол киресине гана кетип калат. Ошондон улам Тажикстандын Коргончо айылындагы орто мектебинин мугалимдери менен кызматташсакпы десек, ага мыйзам жол бербейт экен. Эгерде айылыбызга атайын макам ыйгарганда, мугалимдердин айлыгына 1000 сом кошулмак.

Гүлбүбү апа небереси экөөлөп көмүр киргизишүүдө. Күчкө толгон жаштардын баары башка жакка кеткендигине байланыштуу оор жумуштарды дагы жаш балдар менен карылар аткарышат.

Поезддин шака-шук деген үнүн темир жол да сагынгандай туюлат.

Бодо малы бар тургундардын баары ушундай тезек жасап, үйүн жылытышат.

Айыл тургундары суунун тартыштыгынан абдан кыйналышат.


Темирбек Матаев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(38)
01.12.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына кыргызстан мынаке, буга окшогон айылдар канча..
01.12.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жет жутарлар, бир жолу эле олдуго, мундай темпте кетсек онугобузбу?
01.12.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда барсаң мамайдын көрү.
01.12.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер бир светке алы жетпей ар жактан карыз сурап жатат. А мындай айылдарга жардам берсе карызга батмак турсун, кыргызстанды алдырып жандары тынатго. Байкуштарга жаман борум ооруп кетти,
01.12.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Колцо айылы,бул айылда менин атам иштечу мурда ,атакемди Тиллабай доктур дешчу
02.12.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар Темирбек Кулундуда кандай жанылык эми Кайрагачтагы Лейлек деген жазууга таджикстан бажы курган эмнеге аларга отуп кеткен мурда ошол жер кыргызстанга тиешелуу болчу ошону жакшылап изилдеп берчи Замирбек аван
02.12.2014. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айылдын аты жакты мага озгочо экен
02.12.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекеттен таза суучыгарып берсе болмок
02.12.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер ушундай нерселерди карап коюшса,байкуш энеге да боорум ачыйт.Жок дегенде таза суу чыгарып беришсе экен эми аларга
02.12.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийликтен эч нерсе умут кылбасак да болот.
02.12.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эгемендуу Кыргызстан.Кольцо айылы аты да эскирип озуно жарашпай калыптыр.
02.12.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
АША кольцого барып ,мен ачык айтам капа болсонор болгула жардам бералбайм деп койбойсунбу
02.12.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чакан айыл тура....
02.12.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуштар менин жердештерим го жеп жутарлар менен аткаминерлер качан карапайым калкка карайсынар.. элдин байлыгын туугандарынар менен кошо жей берип качан тоюшат экен ылайым тешип чыксын
03.12.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашага ишенип койгула алтындарым кудай буйурса кыргызтан онолот)))
03.12.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АШАга ишенип оз жерибизди тартырып койбосок болду озбек м-н тажиктерге.Аллахым озу сактасын.
03.12.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондорго данк!
04.12.2014. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бууга окшогон айылдар канча канна чондор тошун каккандар кооз суйлогондор келип жардам бербейбии креслого эле жабышып олтура бербей
04.12.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечээ Темир Сариев Кыргызстан онугуудо деп айтты беле жанылбасам? чек ара менен чектеш алыскы айылдар эсинен чыгып калган окшойт.
04.12.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myna jawoo !!!!
04.12.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek1993,
Бул жер таанышуу бурчу эмес, билдирүүңүз өчүрүлдү!
04.12.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
как всегда жонокой элибиз жабыркайт.
04.12.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кольцо менин туулуп оскон айылым. Убагында бул айылда да эл коп жашаган коптогон эл керегине жараган инсандар чыккан. Бирок жашоо кыйындап жумуш жоктуктан биз да уй булобуз менен шаарга кочуп кеткенбиз. Ошентсе да сагынасын туулган айылынды. Рахмат силерге супер инфо жолдун алыстыгына карабай барып элдин арыз мунун угуп келипсинер.
04.12.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх туулган жердин топурагы алтын дегендей канча толгон токой көйгөйлөрү болсо да бир элесин көрүп алып, сагынычым тарап азыр эле барып келгендей боло түштүм
04.12.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убагында поезд тынбай жүрүп турчу Сүлүктүдөн көмүр Тажикстанга, Тажикстандан курулуш материалдары ташылып келчү, күнүнө 2 жолу жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттачу эх заман заман кайда кетип баражатат белгисиз.
04.12.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кольцонун кен байлыгы ак кум жөнүндө сөз болбоптур бүгүнкү күнгө чейин Тажик туугандар ташып жатат супер инфого чооң ракмат
05.12.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге айылдын аты Кольцо?
05.12.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондордо да куноонун баары эл учун иштеген адам жок.бар эле болушсун только озум дейт да ошон учун кыргыздар иш жок ар жакта тентип иштеп журушот
06.12.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek Sharshenalievichti jaina koigulachy, bitte!!!!
09.12.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу форумчулар Кыргызстанда биринчи болуп Совет бийлиги дал ушул айылда орногон. Ишенбесенер тарых барактарын ачып коргуло, же болбосо Кыргызстан тарых китептерин ачып коргуло!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо