«КАРТ БОЙДОК-2» ТАСМАСЫ ЭКИ ЖУМАДА КИРЕШЕ БОЮНЧА РЕКОРД КОЙДУ

№630 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж

«Карт бойдок» тасмасынын 1-бөлүгү көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып, 3 жумада эң көп көрүлгөн тасмалардын катарына кирген. Фильмдин продюсери Съездбек Искеналиев кино сүйүүчүлөрүн кайрадан кубантып «Карт бойдок-2» тасмасын эл алдына алып чыкты. 13-ноябрь күнү бет ачары болгон «Карт бойдок-2» тасмасы 2 жуманын ичинде рекорд коюп, эң көп киреше тапкан тасмалардын катарын толуктоодо. Анда маекти Съездбек Искеналиев менен уланталы.

– Съездбек мырза, тасманын биринчи бөлүгүндө өзүңүз да роль жараткан элеңиз. Бул жолу да өзүңүз тартылдыңызбы?
– Ооба, бул жолу да чакан роль жараттым. Тасманын биринчи бөлүгүндөгү жеке ишкер болгон образым экинчи бөлүктө жөнөкөй айдоочуга айланат. Кыскасы, мурун­ку эле образдын уландысын ойнодум.

– Заманбап тасмалардын арасында үй-бүлө менен чогуу отуруп көрө тургандары аз. «Карт бойдок-2» тасмасы кайсы жаш курактагыларга арналган?
– Мына дал ушул көйгөйдү жокко чыгаруу үчүн биз сценарийдин үстүнөн кылдаттык менен иштедик. Биздин тасманы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү менен көрүүгө болот. Жашы, карысы, бөбөгү болобу ар бирине жеткиликтүү, түшүнүктүү жана оңой сиңирүүчү тамашаларга толгон, тарбиялык мааниси терең комедия.

– Актёрлорду тандоодо эмнесине көңүл бурдуңуздар?
– Көпчүлүк тасма жаратуучулар актёрдун келишимдүү келбетине чоң көңүл буруп, анын профессионалдуулугун экинчи планга коюп коюшат го. Биз биринчи кезекте профессионалдуу актёрлорду чогулттук. Жыйынтыгында сыймыктануу менен «Карт бойдок-2» тасмасына жалаң гана өз ишин мыкты билген актёр жана актрисалар тартылды деп айта алам.

– Ошондо тасмада мурунку эле баш каармандардын үйлөнгөндөн кийинки жашоосу чагылдырылабы?
– Албетте, эки бөлүк тең бири-бири менен байланышып турат, эски каармандардын дагы жашоосунан кабар берип өтөбүз. Бирок бул ирет тасманын негизги каарманы катары Шапа-007 аттуу жеңе болду. Тасманын биринчи бөлүгүндө Шапа жеңе айылдан келет эмеспи. Ошол бойдон ал шаарда отурукташып калып, жаштарды табыштыруу үчүн агенттик ачып, кызуу ишке киришет. Карьера деп төшүн каккан эки жашты табыштыруу үчүн кандай гана нерселерди ойлоп таппайт. Муну биз көрөрмандарга аябай кызыктуу окуялар менен жеткиргенге аракет жасадык. Мындан улам да киного келген адамдын агымы азайбай, күн сайын өсүп жатса керек.

– Тасманын сапаты тууралуу эмне дейт элеңиз?
– Сапаты өзүнчө чоң тема. Себеби азыр элдин алкышына татып жаткан «Курманжан датка» фильминде колдонулган айрым камераларды колдондук жана анда иштеген адамдар бизде да иштешти. Сапаты жагынан «Курманжан даткадан» кийинки эле орунда турат десем болот. Биз да жыл сайын такшалып, элдин табитине ылайык жакшы тасма тартууга белсене баштадык. Жыйынтыгы жеке мага гана эмес, көрөрмандарга да жакты.

– «Карт бойдок-2» комедиясын көрө электерге эмне дейт элеңиз?
– Тасманы көргөн адамдардын арасында кинозалдан капалуу чыккандарын учураткан жокмун. Ыраазычылык айтып чалгандар да көп болууда.
Бул комедияны көрө электер көп нерседен куру калышат го деп ойлойм. Себеби фильмден ар ким өзүнүн кыял-жоругун таанып, турмушундагы тааныш окуяларды көрө алат. Анын үстүнө жагымдуу тамашага бө­лөнүп, маанайын көтөрүшөт. Жыйынтыгында ошол тааныш кырдаалдардан туура жол табып чыгууну үйрөнүшүп, жеке өздөрү үчүн жакшы турмуштук сабак алышат. Андыктан бардык көрөрмандарды «Карт бойдок-2» тасмасын көрүүгө чакырып кетмекмин.

– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

Нуркыз Курманбек кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(11)
01.12.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каап биз кино театрга бара албайбызда кызыгып атам эртерек супердин кино залынан кутобуз
01.12.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинонун кээбир эпизоддору жаккан жок. Уят нерселерди кошпой тартса болобу озу?!
01.12.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким качествосу жакшыдыр бирок эч кандай смысл жок.болгону эки жашты уйлондурушту.кинодон чыккандан кийин кандайдыр бир терен ойго батып, чыныгы рахат ала алган жокмун.режиссерлорго кенешим кассовый фильмдерден терен мазмундуу, элдин жашоосунан алынган, идеясы чон фильмдерге отсонор.эл деле тажап калды баягы эле кымбат балуу уй, машина, бай адамдар жонундо кинодон
01.12.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп нерседен куру калат экенбизда эми ушу кинону корбогондор)))
03.12.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коргондо баалайбыз корбогондор
03.12.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рекорду канча акча болуптур айта аласынарбы кызыктуу болуп атат
03.12.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
misali maga kart boydok 1 jakkan jok.sebebi akterlordun sozdorundo emosiyani baykagan jokmun.jon ele oynop koyuwkon.bul menin jeke oyum.
04.12.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаарда райондо жашагндар кинону коруп атышкандыр.а бирок кино театр жок тоолу айылдыктар.ар чет жакта жургон жердештерибиз качан диске же интернетке чыканда корбуз.диске чыкыча кутобуз.
07.12.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш каарман кыз ,2-де ойноду бекен? Актрисалык таланты жок, же кыргызча так суйлой албайт. Модель деп эле тартып коюшкан.
12.12.2014. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТУНДУКТУК КЕЛИН деген кинону качан жуктойсуздор Супер инфооооооо
12.12.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
papanstan,
Саламатсызбы! Жакында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо