№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
Эл аралык сынактарга катышуудан тажабаган Курал Чокоев 27-30-ноябрь күндөрү Чехиянын борбору Прагада болуп өткөн эл аралык «Diamond Voice» ырлар сынагынан ийгиликтүү кайтты. Сынакка «Заманыбыздын супер ырчысы» Айчүрөк Иманалиева да калыстык кылды. Сынак тууралуу: «Курал сынакта артистизм, көрүүчүлөрдүн симпатиясына татыган деген наамдарда 1-орунду, ал эми вокал боюнча 3-орунду алды. Жалпысынан 19 өлкөдөн ырчылар катышып, 9 мамлекеттин өкүлдөрү калыстык кылышты. Менин калыстар тобунда отурганым Куралга чоӊ жардам болду. Анткени сынактын биринчи күнкү жыйынтыгы менен аны финалга өткөрбөй коюшуптур. Мен калыстар койгон упайларды кайра эсептеп, Куралдын упайы жогору болгонун далилдегенде гана финалга өткөрүштү»,- дейт ырчы айым.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
)))
Kalin466, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 5 күн БАН!