Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КИЛКИЛДЕК

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Килкилдек илгертен уй, койдун шыйрак, баш, кулактарынан жана канаттуулардын эттеринен, балыктан жасалат. Ага сулп эт менен жумуртка жана жашылчаларды кошуп койсо ого бетер даамы чыга түшөт. Килкилдекти даярдоо ыкмалары менен «Соӊ-Көл» тойканасынын ашпозчусу Максат Султаналиев бөлүшөт.

ШЫЙРАК ЖАНА ЭТ МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун шыйрагы
– 1 даана
Уй эти – 200 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Лавр жалбырагы – 2 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Пияз – 1-2 баш
Сабиз – 1 даана
Укроп – каалоого жараша
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Шыйракты жууп-тазалап, муздак сууга 3-4 саатка салып коёбуз. Андан соӊ чайкап, идишке салып, үстүнө муздак суу куюп, жай отто 5-6 саат кайнатабыз. Суу этти 7-8 сантиметрдей көмүп турушу абзел. Шыйрактын бышарына 1 саат калганда сулп этти, туз, мурч, лавр жалбырагын, сабиз менен пиязды бүтүн салабыз. Бышкандан кийин шорпонун үстүндөгү майын калпып алып, лавр жалбырагын, пиязды, сарымсакты алып салабыз. Шорпону чыпкалап, этти сөөгүнөн бөлүп, майда туурайбыз. Анан шорпого кайра салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Сабизди идиштин формасына жараша тегерекче же жарым тегерекче туураган оӊ.
Эми килкилдекти тоӊдуруш үчүн бир нече майда идиш керектелет. Идиш кооз формада болсо, килкилдекти башка идишке которуп салганда да формасы сакталып кооз көрүнөт. Андыктан кээ бир кожойкелер кумшекер салгычтарды пайдаланышат. Идишке алгач сабизди тизип, үстүнө тууралган этти салып, шорпону куябыз да, муздак жерге коё турабыз. Анан муздаткычка салып тоӊдурабыз. Тарелкага которуш үчүн килкилдек тоӊдурулган идишти ысык сууга бир аз кармап туруп көмкөргөн туура. Анан килкилдектин бетин укроп менен кооздоп коёбуз.
Эскертүү: Кааласаӊыз, килкилдекти кооздоого сууга бышкан жумуртканы, консерваланган көк буурчакты (горошек) да колдонсоӊуз болот.

УЙДУН ТИЛИ МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун тили
– 1 даана
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Лавр жалбырагы – 2 даана
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Туз – татымына жараша
Кооздогонго:
Лимон – 1 даана
Эскертүү: Кааласаӊыз, кооздогонго лимондон тышкары анардын даны, бадыраӊдын кесимдери да жарайт.

Даярдоо ыкмасы:
Тилди идишке салып, үстүнө 5 сантиметр көмгөндөй суу куюп отко коёсуз. Кайнап чыкканда сууну төгүп, тилди сууга дагы бир ирет жууйсуз. Эми идишке тилди салып, үстүнө суу куюп, пиязды, лавр жалбырагын салып отко коюӊуз. 2-2,5 саат кайнаганда туз менен сабизди салыӊыз.
Бышканда тилди чыгарып муздатасыз. Тилдин үстүнкү катмарындагы терисин сыйрып, калганын калыӊдыгы 0,5 сантиметрден кылып туураӊыз. Эми сабизди, лимонду гүлгө окшотуп кооздоп туураӊыз. Ал эми шорпону чыпкалап, ага лимон ширесин кошосуз.
Аягында тарелкаларга тилдин кесимдерин салып, ортолоруна лимон кесимин, четтерине сабизди коюп кооздоӊуз. Анан кашык менен шорподон аздан куюп, тарелкаларды муздаткычка 20-30 мүнөт коё туруӊуз. Бул кооздолгон жашылчалар ордуларынан жылып кетпей, шорпо менен кошо катып калуусу үчүн керек. Анан чыгарып, үстүлөрүнө шорподон дагы куюп, кайра муздаткычка биротоло тоӊгуча салыӊыз.

ТООКТУН ЭТИ МЕНЕН
Керектелүүчү азыктар:
Тоок
– 1 даана
Сабиз – 2 даана
Пияз – 1 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Жумуртка – 2 даана
Лавр жалбырагы – 1-2 даана
Петрушка – 3-4 тал
Туз, тоголок кара мурч – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:
Тооктун терисин сыйрып, этти мискейге салып, үстүнө сууну куюп, отко коюу кажет. Суу этти 5 сантиметр көмүп тургудай болсун. Суу кайнап чыкканда отту азайтып, 4 сааттай кайнатабыз. Бул убакта суунун жарымы соолуйт. Ошондо сарымсакты, пиязды кошуп, дагы 30 мүнөт кайната түшөсүз. Эми шорпого тузду, тоголок кара мурчту кошуп, отко дагы 20 мүнөт кармаӊыз. Анан сабизди кошуп, 10 мүнөт кайнатасыз.
Бул кезде жумуртканы сууга бышырып, кабыгын аарчыйсыз. Шорподогу сабизди чыгарып, түркүн формада же жөн гана тегерекче кылып кесиӊиз. Сарымсакты тазалап, кесек туурайсыз. Эми шорпону чыпкалап алып, муздатабыз. Этти сөөктөрдөн ажыратып, майдалап туурайбыз. Идишке этти тегиз жайгаштырып, үстүн жарым тегерек кесилген жумурткалар, сабиз, петрушка, сарымсак менен кооздойбуз. Булардын үстүнө шорпону этияттап куюп, муздаткычка салабыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(30)
08.12.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы которупсунар "килкилдек" деп.
08.12.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да килкилдек десе эмне экен деп кирип карап ..
08.12.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага абдан жагат.
08.12.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таманыныздар таттуу болсун
08.12.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да кечоо эле жасадым.аябай даамдуу болуптур)))
08.12.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул халадеспи?
08.12.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zara_KARA-KULJA, ооба
08.12.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zara_KARA-KULJA,
Кыргызчасы килкилдек экен да эээ
08.12.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыпкалап дегенди тушунбойтам айтып койгулачы
08.12.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pro100.jumka,
чыпкалуу сузуп алуу дегендер бир мааниниде болуп калатго дейм
08.12.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
damir007, кыргыздар )))))))))))
08.12.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pro100.jumka,
чыпкалап - орусча ^процедить^
чыпка- дуршулаг
цетка же дуршулаг аркылуу суюктукту тазалоо дегенди тушундурот
08.12.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келкилдек десе эмне болуп кеткен депмин ой мен москвада кундо почти кылам менюда бар.
08.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
холодецти тооктун эти м.н уйдун этин кошуп жазасанар даамы абдан жакшы чыгат.
холодец из яиц деп карасанар абдан кооз болуп столдун коркун ачат
08.12.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты
08.12.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Далай жолу жасадым,ото семиз огуздун шыйрагынан жасаган жакшы,семиз болбосо жасоонун кажети жок,арык малдын шыйрагынан май чыкпайт го.Мында коп азыктар,кальций мол болот,аны жеп туруу сооктордун бекемдигине алып келет.
08.12.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Килкилдек деп сонун которупсунар
09.12.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул килкилдектин пайдасыда коп тез-тез жеп турса жакшы
09.12.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага жагат,суперге да рахмат.
09.12.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рахмаат мага жакты жаны жылга жасайт окшойм
09.12.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы , кенешинизерге чоон рахмат
09.12.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне балее килкилдек деп кире калсам;-)
09.12.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кылкылдак деп которсо болмок
10.12.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Moon-angel,
килкилдек, кылкылдак, былкылдак, сүлкүлдөк айтоор атталышы көп экенда...))
09.12.2014. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарымсак чеснокпу?
10.12.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayko24, ова даааа)))
09.12.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфону дайыма окуймун, бирок кыргыз мектепти бутсом деле кыргызча суудай суйлосом да анча мынча создоруно тушуно бербейм, мен эле болбосом керек баарына эле кыйын кээ бир коп колдонулбаган создордун орусчасын кашанын ичине камтый кетсениздер жакшы болот эле.
10.12.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе хе Буну эркелетип килкилдек деп коюпсуздарго, халадес деп эле айтылбайбы...?
10.12.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Килкилдек )))))))))))))))
26.02.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Килкилдек деп айта баштасак тез эле кулак конүп айта баштайбыз


1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо