ҮЧ КУРБУ (сериал)

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Мен макулдугумду бергенден кийин тойго камылга көрүлө баштады. Бардыгынан да балдарыма кантип бул тууралуу айтарымды билбей, бушайман боло бердим. Тилек менен Бермет чоңоюп, аркы-беркиге маани берип калышкан. Беркилеримдин оюнда эч нерсе деле жок. Адаттагыдай кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин балдарга акырын үн каттым.
– Тилек, Бермет, Адам, Аманат, бир азга коё тургулачы, менин силерде сөзүм бар.
Бардыгы жапырт мени карап калышты. Ушуга чейин үчөөнүн тең Дастанга окшош экенин байкабаптырмын. Алдымда түз, ишенимдүү тиктеген Дастандын балдары эмес, атасы тургандай карбаластап, оюм чачылып, сүрдөй түштүм.
– Эмне болду, апа?- деди Тилек чоң жигиттей олуттуу.
– Отургулачы, балдарым, силер менен кеңеше турган ишим бар. Мен... Мен жакында кайрадан... Кайра турмушка чыгайын деп жатам... Силерден ошол тууралуу сурайын деп...
Балдарыңдын алдында күнөөлүү болгон жаман экен, үнүм калтырап кетти.
– Кимге?
– Кайра атамабы?
– Ура-а, кайра атам менен элдешесизби?
Берки үчөө ушинтип жапырт суроо беришти эле, Тилек акырын гана үн катты.
– Алмаз байкегеби?
– Ооба, балам, Алмаз байкеңе.
– Өзүң бил, апа, мен эч нерсе дей албайм,- деди ал мени сүрдүү тиктеп. Берки үчөө ындыны өчө эч нерсе дей албай туруп калышты да, шылкыя бөлмөлөрүнө жөнөштү. Мен шалдая отуруп калдым, жок дегенде биринен колдоо күткөн элем. «Булар Дастандын балдары, кимге жамайм, кимди ата кылып берем деп жатасың? Ай, арсыз жаным, ай, кантип Дастандын намыскөй балдары бирөөнү кабыл алат деп ойлодуң?»,- дедим өзүмдү өзүм шылдыңдай.
Телефонум шыңгырап, Алмаз үйгө жетип калганын айтты. Аны менен бүгүн балдарды жолуктурганы жаткан элем, пландарым бузулду. Ал кирип келип менин маанайымды байкады.
– Эмне болду?
– Эч нерсе, кел, үйгө кир.
Кирерин кирип алып, ыңгайсыздана токтоп калды. Анткени төрт балам тең бөлмөлөрүнөн чыгып, аны жаман көздөрү менен тиктеп, коридордо турушкан экен.
– Кандайсыңар, баатырлар? Ой, Бермет, сен кандайсың?- деди ал күлүмсүрөп.
Балдарым үн катышкан жок. Бирок болгон ойлорун көздөрү менен билдирип, тиктеп тура беришти. Алмаз экөөбүз алардын алдында айыбын карматкан окуучудай болуп туруп бердик. Эч качан мындай жаман акыбалда калбаган элем. Жүзүм кызарып, жерге кирип кетким келип жатты.
Ошентип менин балдарым аны кабыл албай турганы анык болду. Алар бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин Алмаз:
– Мен сени бактылуу кыла алам, Баян. Балдар да көнүп кетишет, кабатыр болбочу,- деди колумду аяр кармап. Анын жүзүнө тигиле көпкө тиктедим. Мен буга чейин моюнума албай жаткан, алгым да келбеген чындык ушул учурда өзүнөн өзү калкып чыга келди. Уятым мени менен ачык диалогго чыкты.
– Кана, Баян, сен бул адамды сүйөсүңбү? Же жөн гана бул абалдан чыгып кетүү үчүн ага турмушка чыгып жатасыңбы?- деди шылдыңдуу ойлорум.
– Сүйбөйм, бирок сүйүп кетем.
– Жо-ок, сен аны эч качан сүйө албайсың. Сенин жашооңдо азыр деле Дастан жашайт. Көкүрөгүмдөн кубалап чыктым дегениң менен баары бир ал сенде жашайт. Туурасы, сен аны өзүңдүн ыңгайлуулугуң үчүн пайдаланып жатасың. Моюнуңа ал!
– Ооба, ооба, пайдаланып жатам. Анткени мен чарчадым. Жалгыздыктан, кусалыктан, жашоо менен күрөшкөндөн чарчадым. Соккуларга чыдай албай калдым,- деп жатты ойлорум.
Ички диалогума берилип кеткен экем, Алмаз акырын үн катты.
– Эмнени ойлонуп калдың?
– Эч нерсени.
– Калп айтпа, бир нерсени ойлонуп турасың, анан мага айткың келбей жатат.
– Үйлөнүү тоюбузга көп адам чакырбай эле коёлучу.
– Баары сен айткандай болот.
Тез эле үйлөнүү күнүбүз келип калды. Уктай албай жатып, таң атканда көзүм илинип кетиптир, күн жаркып турган экен. Эшикке чыксам, эшиктин алдында жер жайнаган розалар... Албетте, Алмаз! Телефонумду алып, ага чалдым.
– Рахмат,- дедим башка сөз оозума келбей.
– Эмнеге рахмат?
– Гүлдөргө.– Кайсы гүлдөргө?
– Эшиктин алдында роза жайнап турат. Бир машина роза окшойт. Чоң рахмат!
– Ал гүлдөрдү мен алып барган эмесмин,- деди ал. Телефонду басып, бут алдымда жаткан розаларды бирден кармап, кучагыма топтой баштадым. Жүрөгүм сыздап чыкты, анткени булар кимден экенин түшүндүм. Ийиниме кимдир бирөө колун койду, кылчайбай туруп ким экенин билдим.
– Эмнеге келдиң?- дедим жаным ачый.
– Көргүм келди,- деди Дастан жай гана.
– Экөөбүз көрүшүп бүтпөдүк беле?
– Демек, бүтө элек экенбиз да,- деди ал үшкүрө. Жаштар жүзүмдү жууп бара жатты. Ортобуздагы сүйүү, балдар, айрылуу, чыккынчылык калкып, көкүрөгүм алай-дүлөй. Дастан ээгимден көтөрө берди.
– Ыйлабачы, бүгүн сен бактылуу болушуң керек. Карачы, дагы да болсо тынчтык бербей жатам. Жайыңа коём деген менен дагы деле кыйнап жатам. Периштем менин! Сенден ажыраганы мага эч нерсе кызыксыз, бассам-турсам оюмда сен, балдарыбыз. Күйүтүмдөн улам ичип да көрдүм, болбоду. Мобу жерим өрттөнүп турганы турган.
Убакыт, мезгил баарын дарылайт дешет, бирок мени убакыт да дарылай албай койду. Өлө да албай койдум, Жараткан кыйноо берген менен өлүм бербейт экен. Бул догурунуу эмес, бул актануу да эмес, жөн гана айламдын кеткендиги. Жо-ок, өлөм деп коркуткан жокмун, болгону бул жерден, бул өлкөдөн биротоло кетем.
Эх, Баян, эмнеге мен мындай жаңылыштыкты кетирдим? Азыр башымды ташка койгуласам да эч нерсени өзгөртө албайм. Демек, тагдырга башымды ийишим керек. Бир айтарым, мен сени гана сүйөм! Өмүр бою сени гана сүйүп өтөм. Сен баары бир менин Баяным боюнча каласың...
Көзүмдү акырын ачып аны тиктедим. Тобо, убакыт адамды ушунчалык өзгөртөбү? Көз алдымда купкуу, кунары качкан, арык адам турду. Ооба, мен бул адамды сүйгөм, убагында жанымды бергенге да даяр элем. Экөөбүз тиктешип калдык. Ал чыдабай кетти окшойт, шарт бурула эшикти көздөй жөнөй берди. Болду! Ушул боюнча ал менин жашоомдон кетет, кайтарып алууга эч мүмкүн эмес. Ушул ойдон жүрөгүм үзүлүп кете жаздады.
– Токто,- деп кыйкырып жибердим эркимен тыш. – Сен кайда?
– Баян?!
– Кетпе,- дедим өзүмдү башкара албай. Эки аттап жетип, Дастан мени кучагына алды. Экөөбүз кучакташып алып ыйлап жаттык.
– Мен сенсиз жашай албайт экем, аракет кылсам да баары бир болгудай эмес. Мен сени баары бир унута албайт экем,- деп шыбырап жаттым көкүрөгүнө башымды катып.
– Баян, асылым менин! Менин күнөөсүзүм, менин бактым, өмүрүм! Мен да сенсиз жашай албайм!
Ошентип гүл оролгон короодо экөөбүз кучакташып турдук. Бир маалда өзүмө келип көзүмдү ачсам, бет маңдайымда Алмаз турган экен...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(45)
08.12.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:"(Түшү болуп калбаса экен((( Дастан мн Баян бир болсунчу. Баян Алмазга тийбе( Балдарың бар(
08.12.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avtor azamatsyz!Taazim talantynyzga!!!Dastan menen kalsynchyyy
08.12.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу болуп жатат
08.12.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жумааааа дагыыыыы кутуууу((((
08.12.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушу окшойт
08.12.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ee tushubu je onubu emnesi bolso da iylatip saldigo,ancha minchaga iylabayt elem.
08.12.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдар канчалык кучтуу дегенибиз менен баары бир алсыз жанбыз да. Эх Баян кечиримдуу бол, Дастан сенсиз кантет? Жаанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт.
08.12.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баяндын Дастанды кечиргени эле туура жон гана ортодо чайналбай...албетте оор бирок балдары бар го
08.12.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастан! Жанараны ойнот эми хе хе хе...
08.12.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдааа...
08.12.2014. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап жибердимго
08.12.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кечирбеш керек дастанды
12.12.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanat84,Туура Дастанды кечирбеш керек.Омур бою,журогуно так калтырды.Назик торогон баланы багып жатканына да шугур десин.Дастандын койнуна эч ким Назикти зордоп салып берген жок.Бактылуу уй булого коз арткан учун Назик оз жазасын алды.Аманат торолбой калса Баян куйосун кечириши мумкун эле.
08.12.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ону эле биринчи жакшы экинчиси бакшы учунчусуно тийгенден коро андан гору олгонум жакшы дейтко Дастанды эле кечир
09.12.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооххх иийй аябай таасирлуу экен журогум ооруп чыктыго...
09.12.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атанкоруу бул жагы кызык болдуго алмаздын шагы сынмай болду
09.12.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiunup ketse tuwu go ee
09.12.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туш гоо
09.12.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоок дастан экоо кучакташып туруп козун ачса алмаз жетип келген болот
09.12.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарманы окуп атып кино коргондой эле болом,аябай таасирдуу чындыгында.
09.12.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыгарманы окуп жатып,озумун жошоомо арлаштырып алдым окшойт ......
09.12.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooooi emi ne boloooot
09.12.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазды балдары оз атасындай кабыл алалышпайт. Анткени алар Дастанды коруп-билип калышкан. Дастан менен эле калса экен.
10.12.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башынан кантип окуса болот админ
10.12.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zulunbekov, сериалдын астында тура баардык болуктору ошол жактан окусаныз болот го дейм
10.12.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх жашоо.... демек чыгарманын аягы тушунуктуу... ушундай болушун куткон элем.
10.12.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дастан менен эле калыш керек анткени Баян кантсе да аны суйот ким суйсо ал кечиргенди да билиш керек бир четинен ойлонсон Дастанда деле куноо жоктой Баяндындын достору ойлоп тапкан капканга гана туш келген.Балдары Дастан деп турган сон Баян ал менен калыш керек.Алмазды да аяп кетем жашоо эмне кылабыз умут менен жашаш керек.Акыры Алмаз тушунуп экоону бириктирет деген ойго келем анткени Алмаз тушунуктуу киши экен да
12.12.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баян Дастанды кечирип,экоо калат окшойт го кайра!Балдары бар,бир-бирин жакшы корушсо...Ушундай финал кутуп жаткам,жогорудагылар айткандай тушу болбосо эле!
13.12.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башта Дастан айтып бергенде, Баян турмушка чыгыптыр дегени бар белее? Турмушка чыкса анда Алмаз м.н калат экен да. Кимге турмушка чыкса да бактылуу болсун!
14.12.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо откон жумадагы санын кай жактан тапсам болот
14.12.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откон санын кайдан тапсам болот
15.12.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
N.mira, Doolot, Peri76, Milana.,
Саламатсыздарбы! Шилтеме:
http://www.super.kg/article/?article=30359
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо