АПАСЫН ЖОГОТКОН МАМОНТ

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Бул окуя алыскы Антарктидада болгон экен. Кыштын бир күнүндө катуу кар жаап, көзгө эч нерсе көрүнбөй аба ырайы бузулат. Бул күнү кичинекей мамонт апасынан адашып калат. Ызгаар басылып, күн жылыган соң балакай энесин издеп жөнөйт.

Балакай моржду таап барып андан сурады:
– Апамды көрбөдүңүзбү?
– Апаңдын аты ким?
– Анын аты "апа" эле болчу,- деди ыйлагысы келген мамонттун баласы.
– Бул жерде сага окшогон жаныбарлар жашачу. Катуу суук болуп алар Африкага көчүп кетишкен. Сенин да апаң алар менен кеткендир,- деди боору ооруган морж.

Мамонт апасын көпкө издеп жүрүп чарчайт, карды да ачат. Бир убакта:
– Сен кимсиң?- деп алдынан бугу чыгат.
– Мен апамды издеп жүрөм,- дейт мамонт бугудан жалтанып.
– Эмне, адашып кеттиңби?
– Уктап жаткам, ойгонсом эле апам жанымда жок экен.
– Мен сенин апаңды көргөн жокмун, балким, морждон сурап көрөрсүң?

Бир маалда кичинекей мамонт турган муз сынып кетип, океанга алып жөнөдү. Аны көргөн дельфиндер жардамга келип, балакайды Африкага чейин жеткиришти.

Анын алдынан дагы бугу чыкты. Бирок ал түндүктөгү бугуга такыр окшобойт эле.
– Сен кимсиң?- деди балакайдан чочуп.
– Мен апамды издеп жүрөм. Морж аны Африкага кеткен деди...
– Мен сенин апаңды бул жерден көрбөдүм. Бирок сен пилдин баласына окшош экенсиң. Жүрү, барып көрөлү.
Бугу аны пилге алып барды.

Пил мамонтту көпкө тиктеп туруп: – Сен пил эмессиң, бирок баары бир менин уулумсуң. Себеби илгери Антарктидадан мамонттор Африкага келишкен, алар биздин чоң ата, чоң энелерибиз болушкан. Демек, мен сага апа боло алам,- деди.
Мамонт сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди да:
– Апамды таптым,- деп кубанып жатты.
Айланадагы жаныбарлардын баарысы да мамонт апасын тапканына сүйүнүштү.
 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
08.12.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы да жомокторду кутобуз!
08.12.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыры жокко
08.12.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун .
09.12.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зынк го?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо