«КҮЙӨӨМ ҮСТҮМӨ АЯЛ АЛАМ ДЕЙТ...»

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

– Жакында жашоомо бүлүк түшүп, чоң маселеге кабылдым. Анткени 10 жылдан бери чогуу түтүн булаткан күйөөм «экинчи катын алат элем» деп чыкты. Кабар күтүүсүз жерден болгондуктан азыркыга чейин өзүмө келе элекмин. Андыктан сиздерден кеңеш сурагым келет...
Жолдошум экөөбүздүн ортобузда кыз десе кызыбыз, уул десе уулубуз бар. Ушул 10 жыл ичинде жолдошумдун оорун колдон, жеңилин жерден алып, болбогон жерден чатак чыгарбай, жакшы жубай болууга аракет кылдым. Аны менен жарышып иштеп, тапкан-ташыганымды колуна салып берип, тиричилик кылдым. Өзүбүздүн үйүбүз жок эле, үй алабыз деп жатканбыз.
Жолдошумдун айтканына караганда, анысы 25 жашта жана экинчи аял болуп никеге турууга макул экен. Алты жылдан бери мамиле түзүп келе жатышыптыр. Экөө ээрчишип мечитке барса, молдо «биринчи аялың муну билиши керек, уруксаты кереги жок, бирок айткын» дептир. Анан күйөөм үйгө келип жаман кабарды мага угузуп жатпайбы. «Сен жашсың, бирөөнүн көз жашы менен бакыт таба албайсың. Эки баланын убалына калба. Андан көрө өзүң теңдүү бойдок жигит таап, эл катары сүйлөшүп, той берип турмушка чыксаң болбойбу? Ата-энеңдин да жүзү жарык болот эле го!»- деп айтууну ойлоп, бирок ал кызды издеп таппай койдум.
Ачыгын айтсам, күйөөм буга чейин деле көрүнгөн кыздар менен мамиле куруп, көзүмө чөп салып келген. Ортодо балдар турбайбы деп баарына көз жумуп, өзүмдү ичимден тынчытып алчу элем. Бул жолкусу туңгуюк, мен үчүн жообу жок абал болуп жатат. Ажырашайын дейм, балдарымды атасыз калтыргым келбейт.
Жолдошум «сенин ушундай абалда каларыңды билсем айтпайт элем. Эгер каршы болсоң албайм» деп күйдүрөт. Минтип айтканына ишенбейм. Анын «сени да, аны да сүйөм» дегенине ким ишенсин? Мусулмандарга 4 аял алууга уруксат экен, бирок мусулман адам 5 маал намаз окуп, дин жолу менен жүрүшү керек го. Бул болсо жума намазга гана барып койгону болбосо, иче турган кезде ичет, көрүнгөн кыздар менен жүрөт. Анан эмнеси мусулман? Тиги кызды бассам-турсам каргай берип Кудайдын алдында да күнөөкөр болдум. Эми эмне кылам? Күйөөм менен мындан ары кантип жашайм?

Айзат, 34 жашта, Ош

Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берет.

– Сиздин тарткан азабыңыз түшүнүктүү. Жазганыңыздан сиздерде көйгөй жакында эле башталбаганы билинүүдө. Анткени сиз жолдошуңуздун буга чейинки жүрүш-турушуна көз жумуп келгенсиз. Демек, мамилеңиздерде башында эле маселе болгон.
Үй-бүлөмдү сактайм десеңиз, өзүңүздү колго алып, баарын анализдеп, төмөнкү суроолорго жооп берип көрүңүз:
Мен жолдошума жаңы турмушка чыкканда кандай, кийин кандай мамиле жасадым? Мүмкүн, балалуу болгондон кийин балдар менен алаксып, ага көп көңүл бурбай, урматтабай, сыйлабай калгандырмын? Өзүмө да көңүл бурбай жүрүп, күйөөмдү алыстатып алган жокмунбу? Анын кайсы сапаттарын баалайм? Ажырашып кетсем балдарымды кантип багам?
Негизи балалуу болгондон кийин кээ бир аялдар өздөрүн таштап жиберишет. Балдары менен алаксып, күйөөсүнүн кызыкчылыгын, ой-пикирин, ага аял катары мээрим төгүү дегенди унутат. Мындай учурда эркек өзүнө жетишпеген мамилени, сый-урматты башкадан издей баштайт. Ошентип аял-күйөөнүн ортосу муздайт.
Анан дагы айрым эркектер жашы өтүп баратканын сезип, жаштыгын узарткысы келет да, жаш кыздар менен мамиле курат.
Эми жолдошуңузга чыр-чатагы жок эле «сенин тигил-бул сапаттарыңды баалайм. Мен үй-бүлөнү сактагым келет. Экинчи аял алууңа каршымын» деп ачык айтыңыз. Ички ой-толгоолоруңузду кыйкырбай, токтоо түшүндүрүңүз. Анын жообуна карап анан чечим кабыл аларсыз. Албетте, азыр сиз стресс абалында тургандыктан көп ойлонуу зыян. Ооруп калышыңыз мүмкүн. Балдарыңызды ойлоңуз, ажырашсаңыз аларды багып кете аласызбы же жокпу, аны талдаңыз. Баарын убакытка коюңуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(81)
09.12.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтасыз, мусулманга 4 аял алганга уруксат деп оозу-мурду кыйшайбай айтышат эркектер, ал эми намаз менен кандай абалда 4 аял алса болот маселеси боюнча баштарын да оорутушпайт.
09.12.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек айнып баштаганда ошондой абалга кабылып калат козун май басып, чырактай нур берген балдарында, корбой козго илбейт.Ошондой абалга кабылган эркек менен уй булоо сактап калуу бул мумкун эмес.Ал учун жашабасанызда балдарыныз учун жаны жашоо баштаныз,Андай арсыз эркектин болгондон болбогону жакшы.убагы келип окунот бирок баары кеч болотда
09.12.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жездем да эжемдин устунон катын алам деп убагында оолугуп жургон.Жездем Москвада,эжем уйдо балдары менен отурган.Москвада журуп мурункудай уй булосуно акча да салбай калган болчу.Жездемдин иши мурункудай журушпой,акча таба албай калганда,экинчи катыны озунчо эле жок болуп кетти.Жездем шумуройуп уйуно кайра келди.Эжем куда куто турган возрастка келип калган учун,айласыздан эрин кабыл алды.Жездем балдардын,кайын журттун алдында аброюн озу эле тушуруп алды.Эркектер ойлонгулачы.
09.12.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жездем да эжемдин устунон катын алам деп убагында оолугуп жургон.Жездем Москвада,эжем уйдо балдары менен отурган.Москвада журуп мурункудай уй булосуно акча да салбай калган болчу.Жездемдин иши мурункудай журушпой,акча таба албай калганда,экинчи катыны озунчо эле жок болуп кетти.Жездем шумуройуп уйуно кайра келди.Эжем куда куто турган возрастка келип калган учун,айласыздан эрин кабыл алды.Жездем балдардын,кайын журттун алдында аброюн озу эле тушуруп алды.Эркектер ойлонгулачы.
09.12.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Andailar Erkekter da, A9ldar da bar !!!
Erkekterge koop asylbagyla !!!
Dolono deysin taldardy,togotpoisun baldardy,eger baldar jok bolso ku4aktaisyn 4aldardy !!!
10.12.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоба кылдым,бироого жалдырап жашагандан коро оз тиргилигинди кылганын он го.Азыркы суйлоп жаткан созуно Караганда бул карманыбыз башынан эле эринин козун карап жашап келген.Озунду сыйлабасан сени ким сыйлайт.Айдай балдарынын,козун караган аялын жакшылап сыйлап бага албаган эркек соройун тигинисин эле кыйратып бакмак беле.Кете берсин,сонуну тааркаганда озу келет,же тигиниси кууп чыгат...


10.12.2014. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу уй-булону бузуп башын айланткан кыз эч качан бактылуу болбойт. 25 жашта экен ак менен караны айырмалай алат кайра ошол башы иштебеген эркеке айтпайбы биринчи катынына уй алып берип карай албаган мени кантип карайт элен деп. Эже сиз жолдошунузду башынан ошол жолго койбошунуз керек эле.уйронгон адат олгондо калат аны эми айтып тушундуро албайс.кудайым балдарыныздын ден-соолугун чын кылсын.
10.12.2014. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектин пейили бузулса балдары да козуно корунбой калат,жакшысы кетем деген эркекти жайына коюш керек.Ыйлап-чырдаштын кажети деле жок. А балдарына жардам корсотсо кабыл алыш керек.Ниети бузук куйоону жайына койсо дурусу ошол.
10.12.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетсен кете бер деп кой,анан да мен балдарды бага турган куйоого тийем десен ошондо ойлонот.Аа ал соз да таасир бербесе кийин мурдунан курту тушуп,чимкириги агып калганда жалдырайт башы жок куйоо десе.
10.12.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошондой куйоонун барынан жогу да эже
10.12.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтканын боюнча куйоон мурун эле башка кыздарга барып журчу экен. андан коро кундошуно барып турса жакшы го. ар кандай оорулардан сактанасынар дегеним. шарият да жол берет. бирок куйоон сени жана тиги кундошунду багышы керек.
10.12.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ой ой ой кыялкечтер,турмуш чындыгы да бул нерсе,ала берсин экинчисин,башка улутка тийгиче,мен деле балдарыма салган уйду бутурсом алайын деп,жененердин кулагын кондуруп журом-)))
11.12.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейинки жашоонорго кош конул мамиле жасап келиптирсиниз эми кеч эмеспи.....
11.12.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер эки аял алса экооно тен бирдей мамиле кылуу абзел даже биринчи аялына бир кийим 1000 сомго алса экинчисине 1001 сом го алса ал кунооо болот деп уктум эле.
11.12.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1)Кудайдан куйоонузго ыйман -ынсап тилениз,
2) колунуздан келсе намаз окунуз, женилдейсиз, женил ойго алдырбай туура чечим чыгарганга Кудай колдоо корсотот
3)Жолдошунузга эч айкырып кыйкырып тополон слабаныз, жон гана кунумдук турмушунзуду улай бериниз, колунуздан келишинче ага жакшы сапаттарынызды коростунуз,даамдуу тамактар, озунузду ото жакшы караныз,жаны кийимдерди алып кийиниз,уй-було чет жактан улуу экенин далилдениз
4) чыр чатак чыгарбаныз,
эркек киши озу сына
11.12.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андай еркектерге жакшы мамиле еч качан жарашпайт.андай еркектин кулагын жеп жанын сууруп туруш керек ото кооп кетиптир озунуз коптурдунуз еми деле кеч емес емнеси болсода ажырышып кеттпениз анын 25 жаштагы мээси толо елек катынын ата енесине айылына кочосуно барып айбиирин тогуп койунуз еки бала турганда ал сиздин еч тенелет турган адамыныз емес, андай кыздар тийип жашаган кундо деле коп болсо жарым жыл жашайт так что чуть чуть терпение.
12.12.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
капа болбонузго аны таштап кетиниз дуйнодо адам толтура дагы биро чыгатда сизди буга чеин тушунбосо будан кийин деле тушунбойт. балдарыныз эптеп чоноёт ?
12.12.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологтордун айтуусу боюнча экинчи аял алган эркек, экинчи аялын алган соң,жашап жүрүп кайра биринчи аялына мээримдүү болуп жакшы сыйлап калат экен,муну Чубак ажы Жулиловдун насааттарынан уктум эле.Ошондуктан Маакул боло бериңиз экинчи аял ачуусуна.
12.12.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Психологтордун айтуусу боюнча экинчи аял алган эркек, экинчи аялын алган соң,жашап жүрүп кайра биринчи аялына мээримдүү болуп жакшы сыйлап калат экен,муну Чубак ажы Жулиловдун насааттарынан уктум эле.Ошондуктан Маакул боло бериңиз экинчи аял алуусуна.
12.12.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарибир биринчи аял башкача болот.Бул убактылуу азгырык.
12.12.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки аял алган эркектердин жыргап кеткенин коро элекмин.
12.12.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eki ayldy emes bir aialdy baldaryn bagywsynchy
12.12.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динге кайрылсак.эркек ичип алып аялына талак берсе отобу?билгендер болсо айтып койгулачы.алдын ала рахмат.
13.12.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарийлерди окусам 90 пайызы кыздар жазыптыр,негизи шариятта бар 4 аял алуу,бирок ошол 4 аялды,ошол 4 аялдан жаралган балдарды материалдык жактан толук камсыз кыла алсан деген жери бар, анан бир уй-булоону багалбай жатып,устуна аял алам деген бул туура эмес,негизи эми сабыр кылыш керек,тагдыр.
13.12.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мусулманчылыкта 4 аялга уруксат болсо мне тийешеси бар ,бизде закон барго шарият менее эмес,Эгер шарията деп суйлосо анда сирияга жонотуп бириниз .
13.12.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кобу эле жаркылдап тосуп алып; тамак ашын бере бер, дептир, , кантип ошондой куйону жаркылдап тосуп аласын, ? ? кууп эле салыш керек
13.12.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Артынан анылдап шамал отуп атса да ары жоктонуп экинчи аял алам дегенин кантейин, эркектер кичине ойлонсонор боло. Устунордо уйунор жок же уйруп алар кийиминер жок тош каккылап эле катын алам деп чыгасынар!!!!!!!!
14.12.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда 4 аял алганга чейин уруксат дегени менен андай эркектерди(Султан Сулейманды) издесен да таппайсын.Эгерде менин куйом мени иштетпей айтканымы алып берип,анан устуно аял алам десе,мен макул болмокмун.Токолду озум тандап уйго коюп,чет олколорго эс алууларда журмокмун.Бирок андай эмес,аялдар биз дагы иштеп,бирге уй алабыз,нан табабыз,бул учурда эркектер,аялдар тен укукта болушу керек............Тушунуктуубу?......
27.08.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ушундай баянды каяка кантип жазсам болот,айтып коюнуздарчы,элдин кенешин угайын дегем.
27.08.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
88inara88, саламатсызбы!
kenesh@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
11.12.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашып элэ кеткениниз онго, андай бабник эркектин барынан жогу!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо