«КӨК САЛКЫН», «КӨК САЛКЫН-2» ТАСМАЛАРЫН ЖАРАТУУЧУЛАРДАН «ИТТЕЙ СУЛУУ» КОМЕДИЯСЫ

№631 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж

Кыргыз тасмалары күндөн-күнгө жанданып, кино жаатында жакшы жаңылыктар болууда. Анын бири18-декабрдан баштап элге көрсөтүлчү «Иттей сулуу» тасмасы. Учурдун актуалдуу темасын камтыган бул комедиянын жаратуучуларынын бири, «Саяктар» «Тамашоу» командасынан чыккан Камчыбек Жумабеков тасма тууралуу көп кызыктарды айтып берди.

– Тасманын аталышы кызык экен. Мындай тасманы тартуу идеясы кимден чыкты?
– Тилек Чериков экөөбүздүн жаңы кино тартуу тууралуу көп идеяларыбыз бар болчу. Бир күнү сүйлөшүп отуруп азыркы актуалдуу темага токтолдук. Кыздардын турмушка чыгуу темасын алып чыгалы дедик. Статистика боюнча азыр бир жигитке үч кыз туура келет эмеспи. Кыздар болсо болбой эле идеалдуу, бардык жагы төп келишкен мырзаны издешет. Бирок жашоодо көбүнчө тескерисинен чыгып калат. Тасмадагы окуялардын көпчүлүгү турмуштан алынды десем болот.

– Тасманын баш каарманы Мээрим Атантаеваны модель катары билебиз. Башкы каармандын ролун көңүлдөгүдөй эле ойноп бердиби?
– Мээрим буга чейин биздин «Көк-Салкын-2» тасмабызга эпизоддук ролго тартылган болчу. Ошондо талантына баа берген элек, ошондуктан бул ирет да кастингге чакырдык. Көпчүлүк кыздардан ойногону менен айырмаланганы үчүн аны башкы каармандын ролуна алдык.

– Тартуу учурунда кандай кызыктар болду?
– Тасма тартып жүрүп биздин элдин жөнөкөй, адам­гер­чиликтүү экенине дагы бир жолу ынанып, кубандык. Киного бир эпизодго ымыркай керек болуп, көпкө издедик. Акыры бейтааныш эле биз ижарага алган үйдүн ээси өзүнүн 5 айлык баласын берди. Ошондо алардын жакшылыгына абдан ыраазы болдук.

– Кыйынчылык туудурган эпизоддор да болсо керек?
– Курут фест деген эпизодду тартуу учурунда бир аз кыйынчылык туулду. Анткени ал эпизодго массовка чакырылган болчу. Көп киши менен иштешүү кыйыныраак эмеспи. 5-6 саатка 100 чакты адамды кармап туруш да оңой эмес. Аягында ресторандагы отургандардын баарын качып кетпесин деп ачкыч менен бекиткен учурлар болду.

– Учурда тасмалар көп тартылууда. «Иттей сулуу» тасмасы алардан эмнеси менен айырмаланды?
– Биз тасманын сценарийинин үстүнөн аябай жакшы иштедик. Андан сырткары актёрлор менен тыгыз байланышта болуп, болушунча күлкүлүү окуяларды кошуп, музыкасына чейин кылдаттык менен көңүл бө­лүп тарттык.

– Жыйынтыгы өзүңүздөргө жактыбы?
– Менимче, бир дагы режиссёр тасмасына 100 пайыз канааттанбаса керек. Тасманы тарткан сайын мурункудан жакшыраак чыгарсак дейбиз. Айтор, фантазия чексиз болгондой эле, тасманы да ар кандай кылып кызыгын арттырса болот. Жалпысынан жыйынтык биз күткөндөй эле болду.

– Сиздер буга чейин «Көк-Салкын», «Көк-Салкын-2» комедияларын тарттыңыздар. Үчөөнүн арасынан кайсынысы режиссёр катары купулуңузга толду?
– Үч тасманы тең бири-би­ри­не салыштырууга болбойт. Баары өз алдынча жагат. Анткени ар бир тасманы кө­ңүл коюп тартабыз. Учурдан пайдаланып, тартуу иштеринде жардам берген Эрнест Абдыжапаров, Бермет Төлөгөнова, Гүлнара, Алмаз Ахметовдорго ыраазычылык билдиребиз.

"Мээрим Атанбаева биз күткөндөй образды жакшы жаратып берди"

Гүлжамал Бөрүкулова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
08.12.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Иттей сулуу" дегени укмуш го...
08.12.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинонун аталышы кыйкыратко чиркин
08.12.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим Атантаева жонундо да жазгылачы урматтуу супер инфо
08.12.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elli_88,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
09.12.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы нары ушинтип да атайбы?!
10.12.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонсонор болмок тартат коет десе еле укмушсунар да. Ушул кантип болсун эми мен ачыгын айтат елем булардын киносу аявай томон денгээлде барвай еле койгонунар он. Кулдуро албай бир нерсе еле боло беришет ептеп акча табыш керек.
10.12.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм корсок анан сындайбызда, аты озунчо элего
11.12.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусчасыга айтканда "красива как собака " экен да э. Аталышын озгортсо боло
14.12.2014. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynkenewov, ваха ха хаааа ооба ошондой болот окшой."Собачая красота" десе деле болсо керек менимче))))
13.12.2014. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттей сулуу кызык экен аталышы ,аны орусчага которуп кыйналып отурасынар иттей сулуу бул биздин тушунугубуз менен так орусча которулбайт.Бул жерде ит дебеген башка тушунук!
13.12.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өллө, иттей сулуу, көрсөк билебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо