Данияр Эрматов: «ЖУБАЙЫМ АМЕРИКАДАН ОКУП КЕЛСЕ ДА ИШТЕТПЕЙМ»

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

Маектешим «продюсерим Канат Кадыржандан кеткен соӊ кыйналдым, бир жылда бир гана клип тарттым» дейт. Жалгыз иштеп жатканына карабай анын «Кечир мени» аттуу ырынын клиби «Жылдын супер клибине» талапкер болууда. Биз ырчы Данияр Эрматовду чыгармачылыктан сырткары дагы түрдүү темаларда кепке тарттык.

«ТОЙГО ЫРДАГАНДА АКЧАСЫН СУРАЙ АЛБАЙ КЫЙНАЛА БЕРЧҮМҮН»
– Көпчүлүк ырчылардын «жаӊы ырдап чыкканда жатаканада жашап, ачка калып...» деген сыяктуу окуяларын угуп калам. Менде андай азаптуу күндөр болгон эмес. Борбордо үйүбүз бар, бир туугандарым жанымда болуп көп деле кыйналган жокмун. Ырчылыкты хоббим дечүмүн, бирок чыгармачылыкка жан дүйнөӊ менен берилбесеӊ болбойт экен. Ошондуктан ырчылыкты кесип катары алып келатам. Шоу чөйрөгө аралашканыма эки жарым жыл гана болду. Аз да болсо ошол аралыкта кимге кандай мамиле кылууну, кандай кийинүүнү, кайсы жерде кандай сүйлөштү үйрөндүм. Продюсерим Канат Кадыржан экөөбүз түшүнүшүп, жакшы иштештик. Ал киши оюмду тартынбай айтууга, өз жемимди өзгөлөргө жедирбегенге үйрөттү. Мурун мени тойго чакырышса деле акчаны сурай албай кыйнала берчүмүн. Азыр ачык эле эмгек акымды айтып, тартынбай сүйлөшө алам.
Чынын айтайын, продюсерден кеткен соӊ кыйналдым. Көрсө, Канат байке менен иштешкенде мен жөн эле ырдап кайтчу экенмин. Азыр майда-чүйдөсүнө чейин жумуштун баарын өзүм жасайм.

«УЧУРДА 10-МАШИНАМДЫ АЙДАП ЖҮРӨМ»
– Жаштайымдан техникага жакын өстүм. Айылда атамдын чөп ташуучу чоӊ унаасы бар эле. Ошондуктан атам авторитет болчу, бир айылдын чөбүн ташычу да. Чөп чабык аяктаганда машинаны короого токтотуп коёт. Жаз чыккыча айдалбай, жазында айылдын баары чогулуп ошол унааны оӊдойт элек. Ошентип жаштайымдан машина оӊдогонду үйрөндүм. Азыр болсо унаамды оӊдобойм деле. Бузулгуча эле алмаштырып салам. Учурда 10-машинамды айдап жүрөм.
Жаӊы үлгүдөгү телефондордун артынан да куубайм. Канчалык жаӊы, мыктысы чыкпасын көзүмө өзүмдүн эски телефонум эле жакшы көрүнүп тура берет. Ушул кезге чейин Нокиа, Самсунг телефондорун эле көтөрдүм. Азыркыга чейин башкага өтпөй, Самсунгду колдоном.

«КАРЫНДАШЫМДЫ ТУРМУШКА УЗАТЫП ЫЙЛАДЫМ»
– Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Бир туугандар бири-бирибизге аябай окшошпуз. Агаларымды бир жерге барганда мага окшоштура беришет. Алар мага «сенин артыӊдан биз да жылдыз болуп жатабыз» деп тамашалап калышат. Жакында карындашымды турмушка узатып жатып аябай жаман болдум. Ыйлагым келди, мен аны дагы деле кичинекей кыз элестетип жүрө бериптирмин. Эл көрбөгөнү менен, эч кимге билгизбей ыйладым.

«ӨТӨ КЫЗГАНЧААКМЫН»
– Достукка аябай туруктуумун, ошондуктан сүйүүдө да туруктуу болсом керек деп ойлойм. Кыздарга талапты катуу коём. Эгер кийин жубайым АКШдан окуусун аяктаган, өтө билимдүү болсо дагы иштетпейм. Себеби мен өтө кызганчаакмын. Өзүм ага чек койгонума жараша эч нерседен кем кылбай бага да алам. Аялынын эркиндигин чектеп, аны татыктуу бага албаган мырзаларга терс көз караштамын.
Кыздардын тарбиясына көӊүл бурам. Буга чейин баш айланткан махабатка кабылбадым. Мага досторумду сыйлаган, аялзатына тиешелүү сапаттарга ээ, акыл-эстүү кыздар жагат. Мен негизи боорукер адаммын. Айрым кыздарга агалык кылып кам көрүп койсом туура эмес түшүнүшөт экен. Көӊүл буруу бул сүйүү же жактыруу эмес да.
Буюрса, эмки жылы үйлөнсөмбү деп турам. Өзүмө окшогон адамгерчиликтүү, маӊдайы жарык кыз издейм, билими барбы-жокпу айырмасы жок.

«КЕСИПТЕШТЕРИМЕ АТААНДАШПАЙМ»
– Ырдап сахнага чыккыча спорт менен алектенчүмүн. Эгер күрөштө бирөөгө жеӊилип калсам, көгөрүп күндө машыгып ошол адамды жеӊмейинче жаным тынчу эмес. Азыр токтолуп калдым окшойт, баарына чын дилден кубанам. Кесиптештеримдин ырлары хит болуп жатса атаандашып «мен дагы ушундай ыр жазам» же «мунун ырын эл жакшы кабыл алды, мен дагы буга жетишим керек» дебейм. Тескерисинче, «жакшы иштеп жатыптыр, эмгеги акталды» деп сүйүнүп коём. Кээ бир ырчылар бар да, «жаӊы ыр жаздым, угуп көрчү, сыныӊды айтчы» десеӊ калп эле эки жакты карашып, «ии, менин да ырым бүтпөй жатат» деп сөздү башкага буруп, ырды толук укпай коюшат. Ошондой бири-бирине атаандашкан ырчыларды түшүнбөйм.
Учурда «Супер-Инфо» уюштуруп жаткан «Жылдын суперлерин» тандоодо «Кечир мени» деген клибим «Жылдын супер клибине» талапкер болуп жатат. Эмгегим бааланып талапкерлердин арасына кошулганым эле мен үчүн чоӊ жеӊиш.

"Минтип күйөрман кыздар мени белектерге бөлөп турушат".

"Карындашым турмушка чыкканда эч кимге көрсөтпөй ыйлап алдым".

"Көпчүлүк кесиптештерим менен сахнадан сырткары деле досмун".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Карындашым турмушка чыкканда ичим ачышты" дейт Данияр Эрматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(62)
15.12.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен ойлойм сен экообуздун жылдызыбыз келишип калат деп.... анткени сенин берген интервьюнду окудум уктум..... эгерде мен сага ашыктык болбосом мага чалып кабарлашып койчу сураныч. 0705072223
SUPER.KG видео
15.12.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганчаак, кыз жандуу (уйлонсо точно ал адаты калат))), эрке, боорукер, кичипейил, таарынганды такыр билбейт, куурчап турган адамдардын конулун ооруткусу келбейт.) Соз ээрчиткенди жактырбайт, шоудо озунун орду бар... Отоо намыской, дайыма жакшы адам болуп кала бер! ;)
15.12.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundaiyndan jazba
15.12.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы кыздарда ар намыз жок калды оздору жигитердин артынан суранышат Кыргыздын кыздары назгой болуш керек.
15.12.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганбаган Эркек Бейишке кирбейт
Андыктан арбир Эркек кызгануу керек молодец Данияр Ийгилик сага!
15.12.2014. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала жагатда мага эркелиги айрыкча, баардык ырлары хит болот демек баарына эле жагат быйылкы супер клип кечир мени болуп чыгаарын кутом, мага олло жаккан кайта кайта кором.
15.12.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AFRODITA-89, Менда сизге кошулам Кечир мени супер клип. Данияр ийгилик сага
15.12.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жонокой бала корунотко. Мага ырлары аябай жагат
15.12.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, интервьюну жакшы бериптир, жонокой бала экенсиз, кечир мени деген ырыныз сонун болгон иийгилик сизге
SUPER.KG видео
16.12.2014. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат...мага абдан жакты))
16.12.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!!!! чынында эле жонокой баладай корунот. не то что другие!!
16.12.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Данияр. Ырларындын баары жагат.Ушундай жонокойлугундон жазба. Чыгармачылык ийгилик.Сени,ата -эненди сыйлаган ыймандуу кыз туш келсин.
16.12.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат. мага да айрыкча "кечир мени" деген ыры жана клиби жакты.АЛГА.
SUPER.KG видео
16.12.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакпайт
SUPER.KG видео
16.12.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ооой кооойчу акча жок жерге барбай калаарсын Талпынасын бирок жандуу ырдай албайт экенсин
SUPER.KG видео
16.12.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасалма эмес экенин корунуп турат, мындан арыда ушундай бол.
SUPER.KG видео
16.12.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melek1,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
SUPER.KG видео
16.12.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыймындуу баласын брат дайым ушундай бол.
16.12.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечир мени деген ыры мага деле жагат
SUPER.KG видео
16.12.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИИИИ люблюгоооо ушу жигиттии, Биздин айылга концерт коюп келгенде айтылган кунго келе албай калган, бирок 2-3 кундон кийин келип кечирим сурап адам аз келсе да концертти толук коюп кеткен. Кээ бирки ырчылар адам аз болсо койбой кетип калчу,
17.12.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жигиттер Кыргызымда коп болсо гана ээ???
SUPER.KG видео
17.12.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
редактор кыздын оз ишин мыкты билгендиги байкалып турат...Бирок монтаж учурунда бир аааз карап койсо болмок, бир канча материалын карап чыктым кызыгып, бирок баарында кемчилиетерди байкоого болот. Мисалы Даниярдын интервьюсунда акырында мурунун кармалап койгон жерин алып салса болмок. Балким айрым каталарын ондоп, кийинкилеринде кайталабйт деп ойлойм. Сын менен такшалат... Ал эми Даниярга ийгилик!!!!!
17.12.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oldugo bul jagy nomerlerin berip,mailashyp.
Maga akyrky klipi jakty.
18.12.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жубайын досторунду эмес биринчи кезекте ата-эне бир туугандарынды сыйлаган аял болсун, ошондой тиле кудайдан, чыгармачылык ийгилик сага
18.12.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Америкадан окуп келген кыз мени карайбы деп өзүңө суроо берип көрдүңбү биринчи??? ))))))
18.12.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tokish, oshonu aitsan
SUPER.KG видео
19.12.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылмайуу менен коруп буттум. .. ийгилик
19.12.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Супер Инфо,Супер концерт качан
болот??
19.12.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniar baike siz Kyrgyzstandyn syimygysyz igilik
20.12.2014. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Күрөшкө катышканмын" дейби???
Көрүнүшү күрөшкө эмес жеңил бийге же тангого катвшкандай го анан...
А так жакшы ырларды жаратат.Азамат!
21.12.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары,жонокойлугу жакты. Мен да шарт койом мага турмушка чык деген адамга иштетпейсизбии деп. Анткени аял затынын Аллага эн жакын болгон жери уйунун ичи. Ушундай агаларыбыз кобойо берсин...
21.12.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо???
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо