Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАӉЫ ЖЫЛГА БЕЛЕК КАМДАЙБЫЗ

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

«Адам жашка тойбойт» деп коюшат. Ушундай кыска өмүрдө бирөөнү капа кылып, маанайын бузганга кетирген убакытты пайдалуу нерсеге короткон оӊ эмеспи. Андыктан бир күндө жок дегенде 4 адамды жылмайтып, 6 адамга жагымдуу маанай тартуулаӊыз. Алдыда жыл тогошуу майрамы, өмүр дагы бир жылга кыскарат. Эмесе, белек берип жакындардын көӊүлүн көтөрүүгө ашыгыӊыз!

АТАМА БЕЛЕК
Атаӊыз «мага белекти жөн эле кой» дегени менен, баары бир сиздин бир аз да болсо көӊүл бурууӊузду күтөт. Эгер атаӊыз эски буюмдарды коллекциялоону хобби тутса, алардын катарын толуктай турган буюмду белекке берсеӊиз абдан кубанат. Мындан сырткары ага жылуу плед, моюн орогуч, сүйүктүү ырчысынын ырлар жыйнагын жана китеп берсеӊиз ылайыктуу.

АПАМА БЕЛЕК
Апаӊыз үчүн капчыгыӊыздын көзүнө карабайсыз го деп ишенем. Кышкы булгаары өтүк, пальто, көйнөк бергениӊиз – ага кам көргөнүӊүз. Бирок эне деген зат үйгө келген белектин дагы жалпы үй-бүлөгө пайдалуу болушун жогорураак коёт. Кире беришке илчү чоӊ сүрөт, идиштердин топтому, үй тиричилик техникадан тартуулап койсоӊуз болот. Ошондой эле өз колуӊуз менен жасалган открытка, колго токулган кол кап же байпак, фантазияӊызга жараша жыгачтан отургуч жасап бергениӊиз, апаӊызды жөн эле көкөлөтүп койбойбу.

БАЛДАРЫМ – БАКТЫМ
Балдар үчүн Жаӊы жыл майрамын эӊ алгач үйгө балаты тигип берүүдөн баштаӊыз. Балаты чоӊбу-кичинеби, айырмасы жок. Балдарыӊыздан алдын ала эмне каалары тууралуу билип алып (оюнчук, таттуулар, телефон ж.б.), кооз кутучага белекти ороп, даяр болгон балатынын түбүнө коюп коюӊуз. Аяз ата менен Аяз кызды убара кылбаӊыз. Азыркы балдар сизден да көп нерсени билет. Андыктан кичинесинен балдарга алдамчы болуп көрүнбөгөн оӊ.

СҮЙҮКТҮҮМӨ, КЕСИПТЕШИМЕ, ДОСУМА
Сүйүктүүӊүздүн эмне кааларын кептен кеп чыгарып жатып байкатпай билип алсаӊыз болот жана ал сизден сюрприз күтөт. Ал үчүн фантазия менен белек даярдоо өтө таасирдүү болот. Себеби фантазия көптөгөн эмгек, түйшөлүүлөрдүн жыйындысы. Ошондой эле кесиптешиӊизге, досуӊузга дагы өз колуӊуз менен даярдалган белектер оригиналдуу жана баалуу болмокчу.

КУРБУМ БААРЫН ТҮШҮНӨТ...
Эгер курбуӊуз сиздин эӊ жакын адамыӊыз болуп жана ага ишенсеӊиз, белек тандоодо кыйынчылык жаралбайт. Жолдошу же сүйүктүүсү ага беттеги бырышка же безеткиге каршы бет май, арыктоо үчүн массаж жасоочу шаймандарды же тараза, денедеги түктөн арылтуучу депилятор белекке берсе, таарынып калышы мүмкүн. А сизге эч качан. Курбуӊуз өзүндөгү кемчиликтерди сиз менен бөлүшсө, анда косметикалык каражаттар пайдалуу белек болмокчу.

ЭГЕР ЫРЫМ-ЖЫРЫМГА ИШЕНСЕ...
Ар кандай ырым-жырымга ишенген адамдарга белек тандоодон абайлаӊыз. Мисалы, сүйүктүүӊүз ырым-жырымга ишенсе саат бербеӊиз. Бул жигит-кыз дебей «ортодогу мамилеге Жаӊы жылда чекит коёлу» дегенди түшүндүрөт.
Кой тынчтыкты сүйгөн жаныбар болгондуктан 2015-жылы аудио-видео плеер, музыкалык борбор, салют жана башка жарылуучу каражаттарды берүүгө болбойт. Булар менен катар миздүү бычак, сувенир иретиндеги кылыч жана сынып кетүү коркунучу бар айнек нерселерди берүү да кой жылына дал келбейт.



Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(6)
15.12.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интересно а кружканы ыссык отко салгандан кийин эмне болот?
16.12.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сынат же жазылган жазуулар катыйт очпойт.
18.12.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
demo009, 150 градус...
18.12.2014. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба чын эле апакелерибизден акча аябашыбыз керек. Эх, колуман келсе алтын апакеме омурду белеке бермекмин!
19.12.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koluman kelseee,dei berbei kolunardan kelgenin bere bergile daa.))))

Men buyrusa sonun belek daiardap koyduum.,
20.12.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойума жакшы тушунбой калган окшойсуз, колубуздан келгенинен кам санабаныз ... Ошентсе да кенешинизге рахмат.

Майрамдардын корку бул- белек! Айрыкча Жаны- жыл майрамын белектерсиз элестетуу мумкун эмес. Белек алуу жана жакындарыбызды кубантып, белек беруу насип этсин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо