Айпери Кубик кызы: «ЫРЧЫ КЕЛИНДИН КОЛУНАН ЧАЙ ИЧЕБИЗ ДЕП ДООЛАШКАНДАР КӨП»

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

«Айымдарга жан дүйнө тынчтыгы, ысык сүйүү турмушка чыккандан кийин келет экен» дейт каарманым Айпери Кубик кызы. Жакында эле өз бактысын таап, бактылуу жубай, ыймандуу келин болуп жаткан ырчы үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу кызыктуу кеп салып берди.

– Кандайсыӊ, Айпери? «Чыныгы сүйүү никеден кийин келет» деп көбүнөн угабыз, бул түшүнүккө сен ынана алдыӊбы?
– Саламатсыздарбы? Биз үйлөнгөнгө чейин эле сүйүшүп жүрүп баш коштук. Былтыр 13-октябрда кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаганбыз, быйыл 13-октябрь күнү мени үйүмдөн алып кетишти. «Нике ысык болот, никеден кийин сүйүү күчөйт» дегенге толугу менен кошулам.
– Үйлөнгөндөн кийин жолдошуӊдун сага болгон мамилеси өзгөрдүбү?
– Ооба, Нарулан мурун камкор, мээримдүү болсо, азыр андан эки эсе болуп калды. Же мени чоочун үй-бүлөгө көнө албай кыйналат дедиби, айтор, көп нерселерге жардам берип жатат. – Жалал-Абаддын кызы Таласка келин болду, салттарынан өзгөчөлүк байкадыӊбы?
– Ашканасынан эле айырмачылыкты байкабасам, калган жагынан сезилбеди. Мисалы, өзүмдүн үйүмдө күрүчтөн жасалган тамактарды көп жечүбүз, бул жакта камыр тамактарды көп жешет экен. Учурда камыр тамак жасаганды үйрөнүп, быжы, чучук жасап эле отурам. Бир жолу кайненем менен чучук жасап жатсам, Нарулан келип «сен чучук жасап жатасыӊбы?» деп таӊ калып видеого тартып алыптыр.
Кайын журтум салтты катуу кармана беришпейт. Башында кайненемден «биз жакта кайни, кайын сиӊдилерди атынан айтпай тергейт, мен эмне дейин?» десем «жөн эле кой» деген. А мен күндө эртеӊ менен кайнатам менен кайненеме сый көрсөтүп жүгүнүп турам.
– Кээ бир тамактарды жасай албай кыйналган жоксуӊбу?
– Мен өзү баарын тобокелге салып жасай берген адаммын. Колумдан келбесе деле билем деп аракет кыла берем. Жаӊы келген ырчы келин деп көбү менин колумдан чай ичкиси келишти, андайлардын аягы азыркыга чейин сууй элек. Кайненемден «ырчы келиниӊдин колунан качан чай ичебиз?» деп кадимкидей доолашкандар бар.
– Бирөөнүн үйүнө көнүп кетиш оӊой эмес, сенде бул жаатта кандай болду?
– Жаӊы келин болуп келгенде атам менен апамдын телефондон үнүн уксам эле бөлмөмө барып ыйлап алчумун. Биз үйлөнгөндөн эки жумадан кийин өкүл атабыз бизди тамакка чакырып калды. Ал жакка атам менен апам да барышкан эле, көрүп алып өзүмчө эле буулугуп ыйлагым келет десеӊиз. Жаӊы турмушка чыккан кыздар азыр менин абалымды түшүнүп жатса керек. Бирок апам мурунтан эле «турмушка чыкканда күйөөӊ менен келип, күйөөӊ менен кетесиӊ, өзүӊ келбегин» деп айткан. Ошого таарынып коюп эле бара албай жүрөм (күлүп).
– «Кайнененин камырынан» деп коюшат эмеспи, экөөӊөрдүн окшоштуктарыӊар барбы?
– Кайненемдин сүйүнгөнү эле ошол, «менин көчүрмөмсүӊ» деп көп айтат. Аябай эрке келин болуп жатам. Чуркап барып кучактап өөп алам, алдына жата калам, айтор, менде «кайненем эле» деген сезим болгон жок. Мен келин болуп келгенде эле үйдүн баарын мага өткөрүп берген.
Тойлорго сунуш түшкөндө башында кайнене, кайнатамдан «Эмне кылайын?» деп уруксат сурадым. Экөө теӊ өтө көӊүлчөөк адамдар «өзүӊдүн баргыӊ келип жатабы?» деп кайра менден сурашат, айтор, бири-бирибиздин көӊүлүбүздү кыя албай эле күлүп тиктешип калабыз. Азыр «концертке барат элем» десем, «көйнөк алалыбы, кандай кийинесиӊ, чачыӊды эмне кыласыӊ?» деп кайненем менден өтүп камынып калат. Мурун баарын өзүм кылып көнгөнгөбү, апамдын камкордугу мени кадимкидей элжиретип жиберди.
– Жолдошуӊ кесиби боюнча ким, эмне менен алектенет?
– Наруландын эки диплому бар, эки кесиптин ээси. Салык кызматын жана бухгалтерликти бүткөн. Учурда бир компанияда бухгалтер болуп иштейт. Биз үйлөнгөндөн бери эмгек өргүүсүндө болчу, жакында эле жумушка чыкты. Үйдө менин жанымда жүрө берип аябай көнүп алыптырмын, СМС жазып, чалып жанын койбой жатам. Баягы айымдардын «каякта жүрөсүӊ?» деген "фирменный" сурагы менде эми башталып жатат окшойт (күлүп).
– Бойдок кезде дос балдарыӊ көп болчу, турмушка чыккандан кийин саны азайдыбы?
– Нарулан менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эле такыр кызганчу эмес. Тескерисинче, мен ага «неге мени кызганбайсыӊ, телефонумду текшербейсиӊби?» деп таарына берчүмүн. Сурабаса деле «тиякка бардым, бул жактан келдим» деп отчёт бере берчүмүн. Кийин Наруландын досторунан уктум, көрсө, аябай эле кызганыптыр, бирок билдирбегенге аракет кылчу экен. Ал эми тыгыз мамиледе болгон дос балдарымды Нарулан тааныйт. Калгандары турмушка чыкканымды билип өздөрү эле чалбай калышты.
– Жакында эле «Агым» деген ырыӊдын клиби "Супер-Инфонун" «Жылдын супер клиби» наамына коюлду, бул эмгегиӊе өзүӊ кандай баа бересиӊ?
– Бирок өтпөй калбадыбы. Менин клибим «Жылдын супер клиби» наамын алыш керек дебейм, бирок, чынында, сценарийинде өзгөчөлүк бар. Карасаӊ азыр клиптердин баары окшош. Өзгөчөлүк кошоюн деген эле ой болчу. Анан да көпчүлүк ырчы кыздар азыр бетин бузууга даяр эмес, бардык жерде сулуу көрүнгүсү келишет. А мен болушунча өӊүмдү бузуп, түрү суук, "ужас" болгонго аракет кылдым. Муну искусствону түшүнгөн адамдар жакшы кабыл алышты. Клиптин рейтингин байкасам, эл муну жакшы кабыл алышкан жок. Жакпадыбы, демек, жөнөкөй эле клип тартыш керек экен (күлүп).
– «Эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калат» деген кеп бар, кыз киши да сүйгөн адамына турмушка чыгыш үчүн эмне кылуу керек?
– Эркек көбүрөөк сүйгөн үй-бүлөнүн ынтымагы, тууру бекем болот. Ал эми кыз киши сүйүп, көзү ачыкка барып, башын айлантып алса да, эч нерсе кыла албайт. Эркектин көӊүлү жок болсо, турмушта да кыз бактылуу болбойт. Өзүн сыйлаган кыз эч качан «мени сүй» деп жалдырабаса керек.
– Бетке айткан, тарсылдаган мүнөзүӊ турмушка чыккандан кийин жумшардыбы?
– Терс кыялдарымдын баарын төркүнүмө калтырып келгем. Кайын журтума кыялымды көрсөткүдөй алар мага эч нерсе кылган жок.
– Учурда бактылуусуӊбу?
– Мен турмушка чыгып жатканда бир эжекем «бактылуу болуш үчүн эмес, бактылуу кылыш үчүн турмушка чыгып жатам» дегин» деп айткан эле. Ал сөздүн төркүнүн эми түшүндүм. Көрсө, жакшылык кылганда ордуна эч нерсе талап кылбай кылыш керек экен. Ал кайра эле өзүӊө башка нерсе аркылуу кайтып келерине ынандым.
– Маегиӊе чоӊ рахмат, бактылуу бол!

"Кайненем менен жакшы сырдашам, ортобузда көп сырлар бар".

"Нарулан экөөбүз үйдө жаш баладан бетер ойнойбуз".

Лунара Бекиева
star@super.kg


“Уктап калып, кайын энемден кечирим сурадым” дейт Айпери Кубик кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(113)
16.12.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерге бакыт, ойлогон ойлоруңар ишке ашсын? Кайненелердин баары келиндери сендей болушун тилейт болуш керек. Барган жериңди өзүң айткандай бактылуу кыл, өзүң да бактылуу бол садага. Сендей акылдуу кызды тарбиялаган ата-энеңе 10 балл
17.12.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да биринчи барган күнү туздуу шорпо жасап бергем, мен да тузга жакынмын. ))))
17.12.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуулук баарыбызга насип этсин
17.12.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FSB мен Бурул Ташиева кочосунон МТф деп коюшат ошол жактан
19.12.2014. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygiza77, нарулан ошол жактанбы?
17.12.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл Ункурго коооп баргам туугандарым жашайт
SUPER.KG видео
17.12.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! ыймандуу келин болуптур, сага Уй булоно дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм. негизи Талас озу сонун жер!
17.12.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп эле гезитке чыкса болду экенда булар
SUPER.KG видео
18.12.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula! Super info Elina abai kyzynan dagy 15-20 minutalyt intervyu algyla4y! Sagyndyk Elinany
18.12.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосу жааапжаш го ээ
18.12.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын уктап калганы учун анча мынча Адам кечирим сурабай калдыгоо,кечирим сураганын жакты дайыма жакшы келин бол бактылуу бол!!
18.12.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, коз тийбесин. силердин бактынар ата эненердин да бактысы го.
18.12.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
18.12.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beskonechnogo chastya tebe.
19.12.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай эстуу келин болуптур,тугонгус бакыт каалайм Айпери
19.12.2014. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опко болобекен таласта
19.12.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар
19.12.2014. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кыз жакадагы кундуз демекчи,Кубанычбек агабыз аз маз болсо да суйунуп отурган кези экен.Кайын журтунду сыйлаганын эн жакшы,азаматсын.
19.12.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула...
19.12.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюнда бар го ээ. Бактылуууу бол .
19.12.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
19.12.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой как классно ) бактылуу бол
20.12.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туболукко бактылуу болгула!
20.12.2014. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайм
20.12.2014. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ журок сырына билдируу жазсам чыкпады го?
SUPER.KG видео
20.12.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айперини жакшы тарбиялаптыр ата энеси. Акылдуу,ыймандуу,оор басырыкттуу экен.Ылайым бактылуу бол гоз тийбесин!
SUPER.KG видео
21.12.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгуль Бадыеваны чакыргылачы сураныч!
21.12.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
21.12.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
11.01.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
01.02.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйосу абдан жаш корунот экен.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо