БААУда АКЫСЫЗ ТАТЫКТУУ БИЛИМ АЛУУ

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Жаӊы муун академиясы өлкөнүн 7 дубанынан келген окуучуларды кабыл алуусун улантууда.

Жаӊы муун академиясы деген эмне?
Жаӊы муун академиясы – бул Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы окуучулар үчүн атайын даярдалган окуу программасы. ЖМАга жыл сайын өлкөнүн 7 дубанынан атайын сынак аркылуу 70 бүтүрүүчү кабыл алынат. Академиянын максаты – студенттердин мектептен алган билимин тереӊдетүү, БААУга жана башка жогорку окуу жайларга ийгиликтүү тапшырууга шарт түзүп берүү болуп саналат. Студенттер англис тилин, өз тандоолору менен кыргыз же орус тилдерин, математика сабактарын мыкты өздөштүрө алышат. Мындан тышкары студенттер семинарларга, ар кандай экскурсияларга, студенттик дебаттарга, КВНге катышышат. Алар бир жылдын ичинде өз потенциалдарын толугу менен ачууга мүмкүнчүлүк алышат.

ЖМАнын СТУДЕНТИ БОЛУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЕРЕКТЕЛЕТ?
ЖМАнын студенти болуу үчүн төмөндөгү талаптар аткарылышы шарт:

  • Кыргызстандын жараны болуусу жана документтерди тапшыруу мезгилинде өлкөдө жашоосу
  • Англис тилин орто деӊгээлде билүү
  • Мектеп, техникум, колледждин бүтүрүүчүсү же бүтүрүү классында окуу
  • Академияда 2015-жылдын август айынан тарта окуп баштоо

Тандоодон өткөн окуучулар Академияда окуу үчүн стипендия ала алышат. Ал стипендия 3 жолку тамактануу, жатакана жана окуу куралдарына болгон бардык чыгымдарга жетет.

КАНТИП БИЛДИРҮҮ ТАШТОО КЕРЕК?
ЖМАнын талабына жооп берген ар бир каалоочу билдирүү таштай алат. Билдирме эки этаптан турат:
1. ЖМАнын стипендиясы үчүн арыз жана ага керектүү документтерди толтуруу.
2. Англис тили боюнча тест тапшыруу жана ЖМАнын мугалими менен аӊгемелешүү.
Керектүү документтер жана стипендия үчүн арыздын формасы жөнүндөгү толук маалыматтарды www.nga.auca.kg
сайтынын “ЖМА стипендиясы” аттуу бөлүгүнөн таба аласыздар. Документтерди кабыл алуу 2015-жылдын 10-январынан 10-апрелине чейин уланат.
Арыздардын бланктарын Ош, Жала-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларындагы бардык америкалык бурчтардан же www.nga.auca.kg сайтынан көчүрүп алсаӊыз болот. Ошондой эле БААУдагы ЖМАнын кеӊсесинен ала аласыз.
Толтурулган документтерди төмөнкү дарекке жөнөтүӊүз:
720040, Кыргызстан, Бишкек, Абдымомунов көчөсү 205, ЖМАнын кеӊсеси, 323-кабинет.
Өткөн жылы ЖМАнын 70 бүтүрүүчүсүнүн 49у ийгиликтүү БААУга тапшырса, калгандары башка ЖОЖдорго өтүштү. Учурда Академияда ар кайсы өлкөдөн, шаардан жана аймактардан келген окуучулар окушууда.
Нишонова Мингойим, Ош шаарынан келген ЖМАнын студенти:
– Жашообузду жакшы нукка өзгөртө алган тандоону жасоо ар бирибиздин башыбызга келет. Мындай тандоо менин БААУда окуум болду. Бир күнү гезиттен БААУга тапшыруу үчүн сонун мүмкүнчүлүк бар экенин окуп калдым. Ал Жаӊы муун академиясы эле. ЖМАнын студенти – бул ийгиликтүү студент! ЖМАда өз ишин мыкты билген профессионал мугалимдер сабактарды өтө кызыктуу өтүшөт. Бизде өзүӊдү ар тараптан сынап көрсөӊ болот. Журналист, бизнесмен, бийчи, дүйнө элдеринин маданияты, ырчы жана башка ушул сыяктуу БААУнун атайын клубдарына катыша аласыӊ. ЖМАга тапшыргысы келгендерге айтарым, өзүӊөргө ишенгиле да, тапшыргыла! ЖМА – бул ийгиликтүү жолдун биринчи ачкычы!
Нурали Орозбеков, Баткенден келген ЖМАнын студенти:
– Жаӊы муун академиясына тапшырганыма эч өкүнбөйм. Окуп жатканыбызга 4 ай болду. Бул убакыттын ичинде көп нерсеге жетиштим. Мени менен чогуу 70 студент окуйт жана алардын баары стипендия алышат. Өз талантыӊды ушул жерден ача аласыӊ. ЖМАга тапшыргандан кийин студенттерге тиешелүү кээ бир көйгөйлөр тууралуу ойлобойсуӊ дагы. Анткени окуу жай биз үчүн тамак-аш, жатакана жана окуу куралдары менен камсыздайт. Мындан тышкары окуу жылдын аягында ЖМА 15 эӊ мыкты студентти тандап, БААУда толугу менен бекер окууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул жактан жаӊы досторду таптым. Бул жерден ар бир секундду баалап, туура колдонгонго аракет жасоодобуз. ЖМАда баарыбыз бир туугандайбыз. Андыктан, абитуриент, биздин үй-бүлөбүзгө кош кел!

Сурап-билүү телефону:+996 554 550 939, +996 312 61 11 13, +996 312 61 11 13 (доб.: 284)
Электрондук дареги:
www.nga.auca.kg

Адилет Керимбек уулу


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
16.12.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окууга жайга 9дун базасы менен тапшырса болобу? Же созсуз 11дин базасы мененби?Супер Инфо ушул суроого жооп таап бериниздерчи!
16.12.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iskra77, саламатсызбы!
+996 554 550 939, +996 312 61 11 13, +996 312 61 11 13 номерине чалып билип алсаңыз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо