СЕНИ БААРЫ БИР КҮТӨМ...

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

Бул жолу баары башкача болду. Жамгыр төгүп турган кез болчу. Сенин күлкүӊ, сөздөрүӊ адаттагыдан башкача, шаӊдуу сезилди. Жайнаган көздөрүӊдү көрүп “балким, бул ирет мага жаныӊда калууга мүмкүнчүлүк береттирсиӊ?” деген үмүт кылт этип турду. Сени көргөн сайын каным кызып, ичим өрттөнөт. Үнсүз басып бара жаттык...
– Кел, отуруп сүйлөшөбүз,- дедиӊ.
– Эмнеге мени жолугушууга чакырдыӊ? Сени көрбөгөнүм экөөбүзгө теӊ жакшы болорун билесиӊ го.
– Сен деле мени көргүӊ келип турбайбы, бирок моюнуӊа алгыӊ келбейт.
– Жок, андай эмес.
– Сен актрисасыӊ, мен адамдын психологиясын 5 жылдан бери бекеринен окуп жү­рө­мүнбү?
Сөздөрүӊ жүрөгүмдү тилип кетти. Мени кандай гана азаптарга салганды жакшы көрөсүӊ. Кааласаӊ шылдыӊдайсыӊ, кү­лөсүӊ. Менин колумдан эч нерсе келбейт. Анткенге акыӊ бар. Бир убакта мен да сенин жүрөгүӊдү оорутуп кеткем. Алчу өчүӊдү эч алып бүтпөй кой­дуӊ. 4 жылдан бери экөөбүз ары же бери боло албай койдук. Ушинтип жолугабыз, ортобузда эмне бар, аны такыр тү­шүн­бөйм. Сен мага кимсиӊ? Мен сен үчүн маанилүүмүнбү?
– Айтчы, менден эмнени кү­түп жатасыӊ? Канча ирет айтам, менин сүйлөшкөн кызым бар. Ага болгон мамилем олуттуу.
– Билем...
Башымды шылкыйтып гана жерди тиктеп турдум.
– Билсеӊ эмнеге мени кыйнай бересиӊ?! Бир убакта башканы тандап кеткен сен эмес белеӊ?!
– Анда мен жаш элем. Курбуларым сени башка менен жүрөт дешти...
– Анан сен мага эмес, аларга ишендиӊби?
– Ооба.
Шарт мени өзүӊө тартып алып, катуу кучактадыӊ. Демей­де учурашканда колумду кармабаган сенин мындай кы­лы­гыӊ­ды кандай түшү­нө­рүмдү билбейм. Акырын жү­зүмдөн сылап:
– Көзүмө карап туруп айтчы. Мен министрдин уулу болбосом же ашкан сулуу жигит болбосом, мени эмне кыласыӊ?- дедиӊ.
– Өзүм да билбейм, тү­шүн­дүрө албайм. Сага тартылам да турам. Болго­ну мага бир мүм­күнчүлүк берчи,- деп ыйлап жибердим.
– Кинодо роль аткарган­дай болбой, чындап сүй­лөшө ала­сыӊ­бы?
Көзүмө тиктеп туруп алдыӊ.
– Сенсиз жашай албайм, кантем? Сенин үй-бүлөӊө бүлө болгум келет. Кандай кыйынчылык болбосун жаныӊда колдоп тургум келет,-дедим ызалана.
– Сен кызсыӊбы?
Үстүмдөн бирөө муздак сууну куюп жибергендей селдейип туруп калдым.
– Түшүнбөдүм,- бозоруп кеткенимди караӊгы түндө байкаган да жоксуӊ.
– Айтам да, экөөбүз сүй­лөш­сөк көп болсо эки жолу алсыздыкка алдырып сени менен түн өткөрүшүм мүмкүн, анан болду.
– Мен кызмын, турмушка кыз бойдон чыгам, уктуӊбу?!
Шарт ордумдан тура берген­де кайрадан өзүӊө тартып алып бекем кучактадыӊ. Менде мынчалык эмне өчүӊ бар? Алсырап соолуп баратканым көз­дө­рүмдөн кө­рүн­бөй жатабы? Же мени ушинтип сынап жа­та­сыӊбы, эч нерсеге тү­шүн­бөйм.
– Чынын айтайынбы? Менин сүй­лөшкөн кызым жок. Болгону сени кыйналбасын дейм. Сыягы, сен баары бир мени тынч койбойт окшойсуӊ...
Мага бул сөз майдай жакты. “Эми баары бир мендик бо­ло­суӊ” дедим ичимден.
– Мен кетейин, үшүп кеттим, суу да болуп калдым,- дедим.
– Жок, Айдай, сени мен мындай маанайда жибербейм,- деп жү­зүмдү өзүӊө карай көтөр­гө­нүӊдө өөп жиберчүдөй се­зил­диӊ. Коркконумдан тыбырчылап:
– Макул, сени тынч коёюн. Жазсам жооп бербе. Чал­сам да телефонуӊду алба, но­ме­риӊ­ди алмаштырып жиберчи, суранам,- деп жибердим.
– Жо-ок, сени билем го, мага тынчтык бербейсиӊ,- деп жай гана жылмаясыӊ.
– Карачы, кандай гана татына кызсыӊ. Бир убакта ушул көздөр, ушул эриндер мага уйку берчү эмес. Ойлосом оюмду, уктасам түшүмдү ээлеп алган элеӊ.
Сөзүӊдү телефонуӊа келген коӊгуроо бузду. Бирөө менен жыргап эле сүйлөшүп жаттыӊ. “Макул, жарым саатта барып калам” дегениӊде жүрөгүм зырп эте, мына, жарым сааттан соӊ жашоомдун жарыгы дагы белгисиз убакытка өчөт дедим.
Сен мени ой-боюма койбой үйүмө жеткирдиӊ, кучагыӊа катуу кысып бараттыӊ. Үйүмө жакындаган сайын убакытты токтотуп, жаныӊда калгым келди. Жү­рөгүм “кетпечи” деп эзилип жатты.
А сен эч нерсени сезген жоксуӊ.
Жаным, мен сени такыр тү­шүнбөйм. "Жолу­галы" десем аралык­ка карабай кыш болобу, жай болобу жетип келесиӊ. Ар жолуккан сайын “бул биздин акыркы
жолугуубуз”
дейсиӊ. Бирок кайрадан эле жолугалы десем келе бересиӊ, ошол эле учурда “сенин мага керегиӊ жок” дейсиӊ.
Бул ирет дагы коштоштук. Билбейм, канча убакытка. Бирок ачуу сөздөрүӊ дагы үмү­түм­дү өчүрө албады. Бардык социалдык тармактарда мен сенин «кара тизмеӊде» турам. Бул нерсеге көнүп деле бүткөм. Жарыгым, мен сени эч нерсеге карабай күтөм. Көрөсүӊ, биз бактылуу болобуз, ошондо мен кайра ушул гезитке бактылуумун деп кат жөнөтөм.

Айдай


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
15.12.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ылайым бактылуу болунуз. Ошол кунго жеткирсин...
15.12.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сизге советтим,аны зордобонуз!Ага эптеп турмушка чыгып алсам,конулумо карайт,деп ойлоп атасызда ээ?Жок,эч качан андай болбойт!Биринчи озунузду суйуп уйронунуз!
15.12.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunoo ozunuzdon ketken turbaiby((( okunuchtuu
15.12.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту эзетко......
15.12.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз!
Соонун жазылыптыр, акыркы сериясын да кутобуз.
16.12.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал сизге конуп калса керек. Создорунон да сизге болгон суйуу сезилбейт. Бир канча убакытка чейин жолугууга чакырбаныз, чалбаныз дагы. Чындап жакшы корсо сизди озу издеп келет деп ойлойм .
16.12.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир аз гордость жетишбеит экен:(
16.12.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ee al bala atayin kiynalsin dep uwunday mamile jasagani,hitriy dese,och alip jatkanday go,
16.12.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tentewka88,lyblyego en tuura aytkan
16.12.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала суйбойт кызды...бекер убара болбо...
17.12.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук ай шумдук кызык го бул кызззз
17.12.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйбогонго суйконбо.Не кыласын кадырынды кетирип.
17.12.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))
17.12.2014. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чалба жазба жолугушууга чакырба. чындап суйсо журогундо болсо издеп келет барибир. ушуга чыдап сынап кор. суйбосо келбейт суйунгон боюнча кетет.
17.12.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ачыгын айтыптырго сени менен болсом, эки тунго гана деп.ошон учун келе калса кеиек да чакырганда, качан кыз эмес маалында чакырат деп кутуп журсо керек
19.12.2014. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх эмне болуп баратат кыздарга.
19.12.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал келет бир куну
19.12.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы бирөөгө акыл айтканга кыйынбыз го...Анысы сынары купуян болгондо эффективный кенеш берет элем. Ал эми бул жерде аял эркек аралаш окуп жаткандыктан ар кандай тушунук болуп калат. Эн негизгиси, табышмактуу болуп. бир аз эмоциянызды сыртынызга чыгарбаныз.
20.12.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Намысын барбы тообооооо кызык эле кыз го суйбогонго суйконуп мне кыласын . Озуну суй биринчи
20.12.2014. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйүү деген ар кандай болот достор.Бирөөсү сени кубаласа,кээде сен бир сүйүүнү кубалайсың.Башкы максат жетүүнү билүү...
20.12.2014. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм, жакшы жазылыптыр
29.12.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххх суйуу...эмнеге ар дайым ушундай?! бироого кор бироого зар деген ущулбу же?!
04.01.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katu eken bul)))))
09.10.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарды оной ойлойт окшойсунар... эркекете деле сезим бар да. Конулун калтырсанар, акырындык менен женет, ошону унутпаныздар... очоштуруп албаныздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо