Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЧ КУРБУ (сериал)

№632 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Ушул учурда жаштуу көздөрүм Алмазга көп нерселерди айтып жатты. “Кечир мени, сен кечиримдүү жансыӊ. Дагы бир жолу ыйык дүйнөӊдү оорутуп алганымды кечир, аялдык алсыздыгымды кечир! Мен акылсызмын, мындан кете албайт экем, жүрөгүм башка деп сого албайт экен, бирөөгө денем турмак колумду тийгизе албайт болчумун. Мени кечир! Үйлөнгөндө деле баары бир сен каалагандай сендик боло албайт элем, баары бир мунуку бойдон калмакмын, ага сен макул болбойт элеӊ. Мен унута алмак эмесмин!”
Алмаз абалымды түшүндү, жай бурулду да, басып кетти. Аны ошол боюнча көргөн жокмун, тааныштардан башка өлкөдө жүргөнүн уктум. Кайда жүрсөӊ да аман бол, жакшы адам! Балким, ал дагы азыр кайсы бир жерде менин баянымды угуп жаткандыр. Андай болгон күндө андан дагы бир жолу башымды ийип, кечирим сурайм.
Ошентип биз кайрадан биригип, чогуу түтүн булата баштадык. “Баарын кечирдиӊби, баары ушундан кийин жакшы болуп кеттиби?” деген суроо ар бир окурмандын көкүрөгүндө турса керек. Жок, эч нерсе унутулган жок, болгону мурункудай көкүрөктү ачыштырбай, жанды кыйнабай, кандайдыр бир салкын нерсеге алмашты. Мени тагдыр кечиримдүү болууга үйрөттү, эскини жаӊыга, жаманды жакшыга, кайгыны кубанычка алмаштырганга үйрөндүм. Алгач чогуу жашап жаткан күндөрүбүздө биз дагы деле бири-бирибизге чоочун элек. Акырындык менен кайра бири-бирибизге көнө баштадык. Мурун билбеген мүнөздөрүбүздү таап, кайра сүйгөнгө үйрөндүк. Бири-бирибиздин жан дүйнөбүздү аярлаганга, артка кайтпаганга, картыбызды сыйрыбаганга үн катпай шерттешип алгандай элек. Дастан ичип жүрүп көп дарт илештирип алган экен, жүрөгү, боору ооручу болду.
Бир жолу жүрөгү приступ болуп, доктурлардын жардамы менен араӊ калды. Ошондо колумду кармап айткан сөзү эч эсимден кетпейт.
– Баян,- деди ал. – Дастан сени менен гана Дастан экен, азыр өмүр менен кош айтышып кетеримде да өзүмдү ойлогон жокмун, сени, балдарды ойлодум. Өлүп бара жатып да сени кызгандым. Баян, мен сенден башка эч бир аялды мынчалык сүйө албайм! Ишенип кой, сенден башка бир да аял жашоомдо чоӊ роль ойногон эмес. Мен муну өлүм алдында айтып жатам.
– Сендей адамды сүйүү үчүн меникиндей гана жүрөк керек эле. Жараткан бардык нерсени ылайыктап берет,- дедим жаш аралаш күлүп.
“Азапсыз бакыт болбойт” деген чын беле, бакыт бизден адашып, колубуздан төгүлө турган болуп барып кайра колубузга кайтты.
Аттиӊ, бирок тийгенде да мурункудай толук эмес, бөксө эле. Бирок биз ошого да ыраазы болчубуз.
Биздин окуя муну менен эле бүтүп калган жок. Адам менен Аманат чоӊоюп, жогорку класстарда окуп калышкан. Бир күнү Аманат эшиктен купкуу болуп кирип келди. Артында шылкыйган Адам.
– Апа,- деди Аманат жашка мууна. – Мени... Мени багып алдыӊар беле?
Жүрөгүм атып кетти, балапанымдын жанына учуп жетип боорума кыстым. Уулум боюн мага таштап, муӊканып ыйлап жиберди.
– Кана, ким айтат, кайсы оозу жаман ошол сөздү айтып жүрөт? Мен азыр аны...- деп буулугуп, балама кошулуп алып ыйлап жиберчүдөй абалдамын. Аманатым “апаке” дегенден башканы айта албай, өпкө-өпкөсүнө батпайт.
– Адам, кимден, кайдан уктуӊар бул сөздү?
– Келе жатсак бир машине токтоп, андан бир эже чыкты. Бизди чакырганынан барсак...
– Чоочун адамга эле бара бересиӊерби?
– Апа, биз кайдан билдик? Жакындаганда эле Аманатты карап туруп, “О-о, Кудай, бул бала Назиктин эле өзү го” деди. Биз түшүнбөй калдык. “Сени Баян төрөгөн эмес, Назик төрөгөн, сени апаӊ багып алган. Ишенбесеӊ баарынан сурап көр” деди. Анан машинесине отуруп кетип калды. Болгону ошол...
Жер, аалам көӊтөрүлүп кеткендей болду. Каным кайнап, өрттөнүп кеттим. Аманатым башын көтөрүп, мени тиктеп калды.
– Апа, мен сеникимин, ээ? Ал аял калп айтты, ээ? Мени сен төрөгөнсүӊ, сен менин апамсыӊ да...
Баламды боорума кысып, бул дүйнөнүн адилетсиздигине бакырып-бакырып алгым келди. Көзүмдүн жашын аарчып, Аманаттын көзүнө тике карадым. Капкара, ишенчээк көздөрү көөдөнүмдү тепчип кеткендей болду.
– Балам, сен меникисиӊ! Эч кимдин сөзүнө кулак салба, жаман адамдар айта беришет. Уктуӊбу, сен эч кимдин сөзүнө кулак салба...
– Угу, мен сенден башка эч кимди укпайм, апа!
Балдарды бөлмөсүнө жиберип коюп, шалдайып отуруп калдым. Дастан аркы бөлмөдөн баарын угуп жаткан экен, акырын үн салды.
– Ким экенин билдиӊби?
– Жок, билбедим.
– Жанара!
Селт эте аны тиктеп калдым. Туура, бул иш андан башка кимдин колунан келмек эле? Ал жыландан башка ким менин уяма кол салмак? Дароо кийинип алып машинеме отуруп жөнөп калдым.
– Токто, Баян, азыркы абалыӊда рулга отурба,- деген Дастандын сөзүн да уккан жокмун. Жок, бул жолу ал менин колумдан тирүү чыкпайт. Ала турган өчү болсо менден албайбы, кенедей баламда эмне өчү бар? Ыза көкүрөгүмдү тээп, буулугуп бара жаттым.
Үйүнө жетип, көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Жанаранын үйүндө Эмир чай ичип отурган экен. Кирип барган бууракандаган жиним кайтып туруп калдым.
– Баян!- деп ордунан тура калган Эмирди көзүмдө огум болсо атып жиберчүдөй тиктедим.
– Сен да бул жыланга кошулуп, менин аркамдан канжар уруп жаткан экенсиӊ да?
– Түшүнбөдүм, Баян, эмне болду? Жай түшүндүрчү.
– Экөөӊөр теӊ акмаксыӊар, ушундан кийин ак жериӊер калдыбы? Бейкүнөө балада эмнеӊер бар?
– Кайсы бала?- Эмир дагы деле эч нерсени түшүнгөн жок. Мен ага түшүндүрүп отургум келбеди.
– Жанара кайда?
– Билбейм, эртеӊ менен иштери боюнча кеткен.
– Силер качантан бери чогуу жашайсыӊар?
Эмир шылкыя түштү. Көзүн ала кача отургучка отуруп, тамекисин күйгүзүп кирди.
– Жер жүзүндө андан башка аял жок калыптырбы?- дедим күйгөнүмдөн.
– Жер жүзүндө мен үчүн бир гана Баян бар. Тагыраагы, ал дагы меники эмес. Андай болгон соӊ мен ким менен жашайм эмне айырмасы бар? Сойку менен жашаймынбы, жылан менен жашаймынбы, периште менен жашаймынбы, мен үчүн айырмасы жок, Баян. Анткени мен үчүн жалгыз аял сенсиӊ. Сен жок болгондон кийин мен ким менен жашасам да мааниге ээ эмес.
– Качантан бери жашайсыӊар?- дедим дагы деле.
– Сен Дастанга кайра барган күнү мен Жанарага келгем. Анткени сен Дастанды кечирген күнү менин мүмкүнчүлүгүм таптакыр нөлгө түштү. Күйүт беле, же өч алуубу, азыр өзүм деле түшүнбөйм. Ошол күнү катуу ичкем, көзүмдү ачсам Жанаранын үйүндө экенмин. Туруп кетип бара жатсам, ал кетпешимди суранды. Сен мага кайрылбашыӊды айтып, бутума чөгөлөдү. Ал байкуш да аял да, аядым, калып, жаӊы жашоо баштайын деп чечтим. Бирок баары бир болбоду, азыр ыйкы-тыйкыбыз көбөйүп бара жатат...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 603-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(24)
15.12.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urrrra chyktyyyyy
15.12.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Choooon rahmaaaat super info
15.12.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооох окудум а..
15.12.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janara ХХХ ХХХ! Nege myncha tash boor bolboso! Janara cmo dagy jazasyn alsa eken!
Модератор admin_superstan түзөттү 15.12.2014 13:07
15.12.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
brunette, этика нормаларын сактаңыз!
15.12.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм.унутуп калышты го деп ойлонуп жаттым эле.рахмат супер инфо.
15.12.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын эннн жаман кыял жоругу коро албастыгы болсо керек. Канчалаган жаман нерселерге жетелейт... Жанара да дал ушул кыял жоруктун ээси окшойт
15.12.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мммм Дастан Баянды суйбойт менимче айласы жок гана суйуусун мойнуна алды го дейм ,Назик тируу болгондо ошол менен калмак.
15.12.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара Эмирге жетседе эмнеге Баяндын тынчын алып жатат болду экен!? Дагы башка очу бар окшойт
15.12.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sardarbek84, Жанараны суйбойт да, жашаса да конулу жок. Баянды айта берсе керек ошого кызганып коро албай жатат
15.12.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Баян кандай эле укмуш домохозяйка. Эркек дегендин баары тен аны суйуп-куйуп, ага жетишпей азап чегишип.))

Дастаны трус и предатель! Корот элем ойношу олбогондо как бы он пел! Озунчо эле мелодрама болуп. Олуп баратам, сени гана суйот экем деп.

И что плохо Дастандай адамдар турмушта коп. Просто не все любовницы так внезапно умирают. Живут счастливо, без угрызений совести годами, и с женами и с любовницами.
15.12.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара дагы бир баалени баштаганы турат го!
15.12.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазуучунун талантытына таазим ушундай сонун чыгармаларды жарата бериниз,бул чыгармада каармандар менен кошо кулсо кулуп. ыйласа ыйлап окуп жатамын.Дагыда жакшы чыгармаларды кутуп каламын!
15.12.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аран таптым Жанара бирдемени коргусу бар окшойт
15.12.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгарма кызыктуу экен, бирок чыгарманын башында баян менен дастан уюлдук телефондон байланышып журушкон анан балдары бойго жетет тушунбодум бизде акыркы 10-11 жыл аралыгында пайда болуп жатса сотка деген
15.12.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууууууфф качан бутот аябай созулуп кетти го журокту сыгып дагы бир жума кутомунбу эми
15.12.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума кутуу керек.
15.12.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара желмогуз дагы эмнени баштады экен экоо эми бактылуу жашап жатышканда
15.12.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал тартышканда аябай кызыктуу болмок.
15.12.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар, сериал кылып тартканга биздин режиссерлорубуздун акчасы жетпейт, спонсорлордон тушкон акча кыска метраждуу гана кинолорду жарыка чыгара алат... Бийдин ой-пикирибиз КЫЯЛ бойдон кала берет!
16.12.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииийййй ай Баянга жаман болдуго((
16.12.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аааз
16.12.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экранга чыгарышса сонун кино болмок экен. Режиссерлорубуз караса болмок ушул чыгарманы
22.12.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанаранын эч жаны тынбады го!Дагы эмнени баштаганы турат?Уффф вообще жинге тийди го,же супер инфо кооооптон жазбайт ичти бышырып бир жума!Тынч эле болушса экен эми балдары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо