Эрмек Нурбаев, «Заманыбыздын супер телеалпаруучусу»: «БАЛДАРЫМ КЭЭДЕ МЕН ЧЫККАН ГЕЗИТТИ КУЧАКТАП УКТАШАТ»

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

Эрмек Нурбаевди биз телеалпаруучу катары билебиз. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» демекчи, Эрмек өзүн жаӊы багытта сынап көрдү. Дегенибиз, ал жакында гана жарыкка чыккан режиссёр Руслан Акундун «Сүйүктүүмдүн каарманы» ("Герой моей девушки") деген тасмасына продюсерлик кылды.

– Эрмек, салам, кепти сенин жаӊы эмгегиӊден баштасак. Руслан Акун менен кандайча таанышып, кандайча тасмага продюсер болуп калдыӊ?
– Бир жолу юрист Жоомарт Жолдошев Өзгөн шаарындагы өзү окуган мектепте чакан иш-чара өткөрүп, мени да чакырган эле. Руслан Акун менен ошол жактан таанышканбыз. Ошондо жолдо бара жатып Русландын ноутбугунан «Салам, Нью-Йорк!» фильмин көрдүм, аябай жакты. Ыйлачу жеринен ыйлап, жиним келчү жеринен жиндендим. Жетчү жерибизге келип калыптырбыз, «Эрмек, биз келдик» деп баары мени күтүп калышса да, «20 мүнөт сүйлөшүп тургулачы, аз калды» деп фильмди аягына чейин көргөм. Ошондо эле режиссёрдун талантына ыраазы болдум. Кийинки жолугушууларда "мындай тасма тартсак кандай болот?" деп идеямды айтсам, Руслан колдоду.
– Кинонун премьерасында режиссёр келе алган жок окшойт...
– Руслан АКШнын Лос-Анжелес шаарында режиссёрлук билимин өркүндөтүп жаткандыктан келе албай калды. Айтмакчы, Руслан Голливудда окуган кыргыз режиссёрлорунун ичинен биринчи кадр. Ал жетекчиликке кат жүзүндө кайрылып уруксат сураса, «1-семестр бүтмөйүнчө эч жакка чыкмай жок» дептир. Мага чалып, «ушундай болуп жатат» дегенде дароо эле «кал, окуу маанилүү да. Биз бул жакта сенин жогуӊду билдирбегенге аракет кылабыз» дедим. Мен деле тасманын акыркы вариантын ачылышында эл менен отуруп көрдүм. Көрүп алып «өх, максатыбызга жетиптирбиз» деп эс алып калдым, ага чейин «кандай болду экен?» деп тынчсызданып жаттым эле.
– Тартуу иштерине аралашып жүрдүӊ да. "Кийинчерээк өзүм да кино тартсамбы" деп ойлогон жоксуӊбу?
– Тасма тартып жаткан кезде кадр сыртындагы иштердин көбүнө аралаштым. Троллейбустагы окуяны тартып бүткөн соӊ ал жактын жетекчилиги менен сүйлөшө калып троллейбус айдап, укмуш жагымдуу сезимдерге кабылдым. Шаарды эки айланып чыккым келди. Режиссёрдун иши жакты, бирок "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей, бул ишке азырынча аралашпайм, балким, буйруп калса, кийин киришермин.
– Жакында Америкага кетип жатыптырсыӊ, ал жакта кинону көрсөтөсүӊөрбү?
– Былтыр 30-декабрда жаӊы жылдык корпоративдик кечени алып барып Жаӊы жылды Чикагодон тоском. Быйыл ошондой эле кечени Нью-Йорк шаарында КВНчи Саламат Алиев досум экөөбүз алып барабыз. Кеченин соӊунда кино да көрсөтүлөт. Мен болсо андан ары Вашингтонго барып, биздин элчилик менен жолугам. Андан сырткары телекөрсөтүүлөргө катышып, алып баруучуларынан сабак алгым келет. Бизге эмне жетпейт, ошону алсам, балким, биз бир нерседен ашып кеттик (күлүп), анда аны үйрөтүп дегендей, тажрыйба алмашсак деп жатам.
– Жаӊы жылды үй-бүлөлүк майрам дейт эмеспизби. Ушуну менен экинчи жолу АКШдан тосот экенсиӊ, үй-бүлөӊ таарынбай элеби?
– Бул жакта ата-энем, бир туугандарым, балдарым, келинчегим чогуу тосушат. Мен шартка байланыштуу АКШда болом. Үй-бүлөм, жакындарым буга түшүнүү менен карашат.
– Чолпон абысындуу болду беле?
– Агам Алматыдагы компаниялардын биринде иштейт. Иштер менен үйүнө барып калганда боорум ооруп кетчү. Анткени үйдө жалгыз, сүйлөшкөнгө эч ким жок, кийимине, тамагына өзү чуркайт. Жакында жеӊелүү болдум, баарыбыз сүйүнүп жатабыз.
– Удаасынан үч баланы жарыкка алып келип, Чолпон үйдө отурат, "үй иштеринен чарчадым" деген жокпу?
– Апам менен атам 2-балам Тагайды тез-тез Кара-Балтага алып кетишсе, улуубуз Алтай таята-таенесине жакын, алардыкында көп болот. Кичүүбүз Тынай дайыма жаныбызда. Балдызым да каралашат. Кыскасы, колдон-буттан алып жардамдашкандар көп. Мен болсо балдарымдын ызы-чуусунан энергия алам. Үйгө барып, ачкычты эшикке салып бурай баштаганда эле эки уулум «Эймек ата» деп чуркап келип бутума асылып калышат. Анан күрөшүп ойноп киребиз. Быдылдап бир нерселерди айтып беришет, мындан өткөн бакыт жок го дейм. Балдарым мен чыккан гезиттерди, дисктерди жакшы көрүшөт, кээде кучактап укташат. Сыналгыдан «Тамашоунун» жарнамасы берилсе тиктеп калышат да, бүтүп калса «дагы коюп бергиле» деп ыйлап киришет.
– Аз убакытта бир топ килограммга арыктаптырсыӊ. Сыры эмнеде?
– Сыры машыгуу залына барганымда эле болсо керек. Анан тамак-ашты да байкап жеш керек.
– Модадан калбай кийинесиӊби?
– Моданын артынан чуркабаганым менен, колдон келишинче заманбап кийинүүгө аракет кылам. Чынында, үйлөнгөнгө чейин кийим тандоо жагынан маселе бар болчу. Азыр келинчегим Чолпон жардам берет. «Мындай пиджак кийсеӊ кандай болот? Сага жакшы жарашат» деп кеӊеш берип турат.
– Жаштык өтүп баратат, көпкө узартайын, көп иш бүтүрөйүн деп далбастаган ойлор келеби?
– Жаштыктын, орто жаштын, карылыктын бизден көз каранды болбогон өзүнүн убагы бар экен. Мен жаштыгымды узартууга аракет кылып, ар кандай ыкмаларды колдонгон деле жерим жок. Кейиген жокмун, мисалы, Омар, Урмат Усенов карыбай, мен жалгыз карып баратсам анда ойлонмокмун, жан далбастамакмын (күлүп). Албетте, максат кылган иштерим көп, ошолорду жүзөгө ашырууга убакыт жетсе экен дейм.
– Рахмат маегиӊе.

“Мурда кийим тандоодон кыйналсам, азыр Чолпон жардам берет”.

"Урмат Усенов экөөбүз биринчи жолу киного продюсерлик кылдык".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(13)
22.12.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
айтмакчы саламат алиев деген бала кайда?эмне кылып журот болдукен?эмне себептен азия микске кошулбай калдыкен?
22.12.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын чыгаан жигиттеринин бирисиз ийгилик уй булоолук бакыт каалайм
24.12.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур чынында бала татуу, бала ширин, бала бакыт дешет го . Уй булолук бакыт ,чыгармачылык ийгилик.
24.12.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенин онорун чексиз экен жарайсын?
25.12.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат ушул семья, бактылуу болгула!!!
25.12.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uwu bala akylduu balada

25.12.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Уй булоолук бакыт каалайм. Бардары ден соолукта жана ыймандуу болуп чонойсун.
26.12.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тарыхта кала турган инсансын. азамат.
26.12.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Саламат Алиев жонундо маалымат беринидерчи.
26.12.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia, саламатсызбы!
Сунушуңузуга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
26.12.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жубайы экоо тен абдан кыйын экен, Эрмек талыкпай ийгиликтерге жетишип журот, жубайы болсо 3 жылда 3 уулду тороп салды. улгулуу уй-було. балдары кимге окшош болдукен, дагы бир аз чоноюшса корсотоор аларды. кутобуз...
26.12.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!! Сиз менен сыймыктанабыз!!!!! Женем экоонор бактылуу болгула!!!!
27.12.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо