Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ!

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

«Супер-Инфо» 2014-жылы талыкпай иштеген чыгармачыл инсандардын мыктыларын аныктады. Бул ирет жыл жыйынтыгы super.kg порталында добуш берүү аркылуу аныкталды. Ошентип эки турдан турган добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү номинанттар жеӊишке жетишишти. Жылдын мыктыларына байланышып, сезимдери менен бөлүштүк.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ”
Сайкал Садыбакасова:
– Бул наамга көп жылдан бери көрсөтүлсөм да, ийгилик мага жылмайган эмес. Азыр аябай кубанып турам. Себеби менин эмгегимди күйөрмандарым баалашыптыр. Быйыл, чындыгында, тытынып иштедим. Жыйынтыгында “Жылдын супер ырчы айымы” наамына ээ болуп отурам. Добуш берүү жүрүп жатканда “сабырдуу болушум керек” деп койгом. "Сабырдын түбү сары алтын" деген чын экен.

 

 

 

 

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ”
Нурлан Насип:
– Таӊ атпай сонун кабар болду. Чындыгында, "быйыл утпай калам го" деп коркуп жаткам. Себеби Гүлжигит Сатыбеков байке экөөбүз теӊ тайлашып келе жатканбыз. Анын үстүнө быйыл продюсерсиз, жалгыз иштедим. Менден өтүп үйдөгү бир туугандарым тынчсызданып жатышкан. Жыйынтык чыгарылчу күн жакындаган сайын “албай калат окшойсуӊ” деп коркутушту эле. Бирок эмгегимди эл баалаптыр. Мага добуш берген күйөрмандарыма чоӊ ыраазычылык.

 

 

 



“ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ”
Самара Каримова:
– Азыр Гүлнур (ред. Асанова) курбумдун үйүндө элем. Өтө кубанычтамын. Толкунданып, эмне дешимди да билбей жатам. Телефонумдан улам добуштарды карап турдум. Туугандарым тынчсызданып, социалдык тармактардан күйөрмандарым да “сиз татыктуусуз” дешип мени бир топ колдошту. Баарына ыраазычылык, канчалаган татыктуу талапкерлердин арасынан озуп чыктым. Демек, менин күйөрмандарым күчтүү экен (күлүп).



“ЖЫЛДЫН САХНА АЖАРЫ”
Анжелика:
– Мени колдоп, мага добуш берген күйөрмандарыма рахмат. Аялзаты үчүн "Сахна ажары" деген наам алуу аябай чоӊ сыймык. Мен үчүн да бул наам жагымдуу.

 



“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ”
“Кыргыз бийи”,
Султан Садыралиев:
– “Кыргыз бийи” улуттук бийди гана эмес, патриоттук сезимди көтөрө турган ыр деп айтар элем. Бул ырды улуу кишилердин сунушу менен ырдап калдым. Аябай кубанып турам. Демек, эл эмгекти баалаптыр. Биздин үмүттөр акталып отурат. Бул ырдын үстүнөн көп адам эмгектенди, алардын баарына ыраазычылык.



“ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ”
“Эски досторго”,
Роза Шакирова, Азиза, Айнура Салахидинова
Роза Шакирова: – Бул ырды негизи өзүм ырдасамбы деп жүргөм. Анан сөздөрүн байкасам достор менен ырдалчудай экен. Азиза менен Айнурага сунуштасам, алар дароо макул болушту. Ошентип ырды жаздырып ырдап чыктык. Байкасак, тойлордо эл аябай жакшы кабыл алып жатышат. Айнура “клип тарталы” деп калды. Мына минтип досторго арналган ырыбыз күйөрмандарыбыздын колдоосуна татып отурат. Аябай кубанып жатам. Азыр Айнура менен Азизага айтсам, алар да кубанышат. Бул үчөөбүздүн эмгегибиз да.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ”
“Жакшы көрөм түбөлүк”,
Асел Кадырбекова, Нурлан Насип
Асел Кадырбекова: – Бул клип Нурлан экөөбүздүн чыгармачылыгыбыздагы эӊ түйшүктүү тартылган эмгектердин бири. Ыйлагыбыз келген учурлар да болду. Биз көргөн түйшүктүн баары кадр артында калды. Аны тартуучу топ гана билет. Бирок жыйынтыгында "Жылдын супер клиби" наамына татыганы аябай кубандырат. Бизди колдогон күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.



“ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ”(“АЯТ-3”)
Добр, Назира Токонова:
Добр: – Назира экөөбүз бул ырдын жаралышына себепкер “Аят-3” тасмасынын режиссёру Азамат Арыковго ыраазыбыз. Мен ырдын текстин тасманы көрбөй туруп жазган элем. Азамат байкенин түшүндүрмөсүнөн улам "жашоо бир келет" деген сөзгө басым жасап жазгам. Саптарында чыныгы жашоо чагылдырылган, чын жүрөктөн жаралган ыр болчу. Ырыбыз "Жылдын супер саундтреги" наамын алганына кубанычтабыз.



“ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ”
“Курманжан датка”
тасмасынын продюсери Фархад Бекманбетов:
– Алгач эле SUPER.KG порталынын окурмандарына ыраазычылык билдирем. “Курманжан датка” улуттук долбоор болгондуктан алгач тартуу иштери башталганда бир жагынан сыймыктануу болсо, бир жагынан кооптонуу болгон. Бизге артылган ишеничти актоо үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Чындыгында, тасма жылдын ачылышы болду деп ойлойм. Учурда АКШда жүргөн тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз менен Элина Абай кызына, албетте, мындай кубанычтуу кабарды айтып сүйүнчүлөйм.

 

“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ”

“Жылдын супер актрисасы” деп Элина Абай кызы табылды. Учурда тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз менен Элина Абай кызы АКШда жүрүшөт.


“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТЁРУ”
Азиз Мурадиллаев:
– Үйдөгүлөр “Супер-Инфо” гезитин үзбөй алып окушат. Бул наамга талапкер болуп, алдыда баратканымды гезиттен окудум. Негизи бул жыл мен үчүн эӊ масштабдуу “Курманжан датка” тасмасына тартылуум менен эсимде калды. Кыргыз эли үчүн маанилүү тарыхый тасмада көрүнүктүү роль жараттым. Сиздердин гезиттен алгачкы ирет ушундай наамга ээ болуудамын, рахмат!



“ЖЫЛДЫН ТВ ПЕРСОНАСЫ”
Эркин Рыскулбеков:
– Мен үчүн бул жеӊиш аябай күтүүсүз болду. Жанар Акаевди утат болуш керек деп ойлогом. Себеби журналист катары аны баалайм. Мен 3-ирет “Жылдын ТВ персонасы” наамына талапкер болуп, алгачкы жолу утуп жатам. Бул жеӊишим мен үчүн эмки жылы жакшы иштөөгө чоӊ стимул болуп берет. Мени колдоп добуш берген күйөрмандарыма чоӊ рахмат!



“ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ”
Айсулуу Тыныбекова:
– Мени колдогон кыргыз элине ыраазымын. Былтыр бул наамды алганымда мынчалык толкунданган эмесмин. Быйылкы жеӊишимди элдин мага арткан ишеничи катары кабыл алып, аябай кубанып турам. Спорт сүйүүчүлөрүн "мага добуш бергиле" деп үгүттөгөн жокмун. Себеби эл кимдин эмгеги сыйлыкка татыктуу экенин өзү чечсин дедим.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Жылдын суперлери-2014" аныкталды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(120)
SUPER.KG видео
25.12.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сыйлыгынар кут болсун!!
25.12.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарды алган наамынар мене куттуктайм!Онорунорго ийгилик,келе жаткан жаны жылда да коптогон ийгиликтерге ээ болгула.Супер инфонун жааматтары жана женишке ээ болгон мыктылар келе жаткан жаны жылыныздар менен!;)
25.12.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм баарын бирок клип татыктуу эмес
SUPER.KG видео
25.12.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
timan.86,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
25.12.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика сахна эле эмес КРдын ажарыго. Молодец.
Саламатсызбы админ. Анжеликанын жашасын суйуу деген ыры менен попурисинин ролигин Даниярдын концертинен болуп алып бул жака жуктой аласыздарбы?
25.12.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sama1212, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
SUPER.KG видео
25.12.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер-Инфо ушул наамдарыңарга мыкты төкмо акын, мыкты жазма акын, мыкты эрке бала (тамада) наамдарын да кошуп койсоңуздар болобу? Алардын деле маданиятка кошкон салымдары бардыр?
SUPER.KG видео
25.12.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Эх Гулжигит аке эч нерсеге илешпей калганы окундурот быйыл жакшы эле иштеген болчу окунучту менин чындап ыйлагым келди"
SUPER.KG видео
25.12.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сыйлыгынар кут болсун онорунор оркундой берсин
SUPER.KG видео
25.12.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салтанат Саматовага Мезгилдин супер тв персонасы наамын ыйгарса сонун болмок.
25.12.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыкты ырчы наамын Гулжигит Сатыбеков алыш керек болчу...
SUPER.KG видео
25.12.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар баардыгы татыктуу.!!!!
26.12.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин Рыскулбековдун ыраазычылыгы озгочо болуптур " Супер инфонун тургундарына "деген ... Молодец ийгиликтерди багындырып журо бер.
SUPER.KG видео
26.12.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурланга таттыктуу эле наам .Г.С .И.А.аларга кийинки жылы алат
26.12.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай өкүнүчтүү Гүлжигит байкенин ыры супер ыр аталбаганы эң татыктуу ыр эле "сагындым" деген ыры
SUPER.KG видео
26.12.2014. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун)экен
SUPER.KG видео
26.12.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hatiko,
Саламатсызбы! Пикириңизди тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Мындан кийин, сын-пикир же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз болот.
SUPER.KG видео
26.12.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул супер женуучулорго акчалай сыйлык бердинерби супер инфо!!! же курук эле куттукталдыбы1!!
26.12.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен добуш бергендердин баары женип чыгыптыр куттуктайм! Мыктысынар баарынар! Тиги красавчик жагат да... Алымбек Даткачы( тилин чыгарган смайлик)
26.12.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх чиркин элина акшда эмне кылып жургону мени кызыктырып жатат ваааайт супергоо супер... брата иш баргоо
27.12.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мелисбек абдрахманов
27.12.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо гезити силер бир жигити гезитге чыгар байтасынар иго неге
27.12.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elina Abay kizi,kirgizda ushunday kizdar koooop bolso eken,siymiktanabiz siler m.n
28.12.2014. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин жердештери аябай жан тарткан го. Эл анча деле баалай бербейт го чындыгында. Нурланга ийгилик
SUPER.KG видео
28.12.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Создун кыскасы азаматтар!!!
SUPER.KG видео
30.12.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты клип туура эмес тандалып калыптыр Данияр Эрматовдун клибинин мааниси терен терен болчу ,,,,,,,,,,,,,,,,
SUPER.KG видео
04.01.2015. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ: быйылкы супер концертти толугу менен качан коробуз?
SUPER.KG видео
04.01.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңарды Жаңы жылыңар менен куттуктайм. Ушул видеонун алып баруучулары Максат менен Айзаданы да супер алып баруучулар деп айткым келет. Экөө тең билимдүү, жылдыздуу. Ал эми мен өзүм улуу муунга киргендиктен, Бек, Малик Аликеев, Роза Аманова, Динара сыяктуу ырчылардын бул наамдарга көрсөтүлбөгөнүнө өкүнөм. Наам алгандардын наамдары кут болсун. Бирок ырдаганда сөзүн
05.01.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара каримова неге алды билбейм ал эч татыктуу эмес.
16.01.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Садыралиевдин кыргыз бийи деген клиби таттыктуу болчу.Аябай мээнет кылып тарткан экен
SUPER.KG видео
18.01.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,Ушул жылы Манасты аябай дегендей которушту балким,мыкты Манасчы деген наамдардыда берсе кандай болот,бул дагы маданиятка кирсе керек,дагыда Манасты которууго кошкон салым болот болуш керек,Жооп кутом.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо