Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕТТИК, ЛЫЖА ТЕПКЕНИ!

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

Кычыраган кышта эс алуу күндөрү жаны таттуулар мештин түбүндө отурууну самаса, сергек жашоо образын туу туткандар суукка карабай лыжа, коньки тепкени жөнөйт. Спорттун бул эки түрү адамдын ден соолугун гана чыңдабастан мээни да сергитет. Андыктан шарт туура келсе, мештин түбүндө жата бербей, кар кечип келиңиз.

КЫШКЫ ЭС АЛУУДА ЭМНЕЛЕРГЕ КӨӉҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

ЛЫЖАНЫ ТҮРЛӨРҮНӨ ЖАРАША ТАНДОО
1. Уктап жатып тура калып эле лыжаны бутка салып тээп кетем десеӊиз жаӊылышасыз. Лыжаны бутка кийер алдында жарым сааттай көнүгүүлөрдү жасап, булчуӊдарды жибитип алуу керек.
2. Узун лыжаны бойго жараша тандаӊыз. Мисалы, боюӊуз 160 сантиметр, колуӊуздун узундугу 55 сантиметр дейли. Лыжаны тике коюп, колуӊузду жогору көтөргөн абалда теӊештириӊиз. Демек, сизге 2 метр, 15 сантиметрдин айланасындагы лыжа керек.
3. Кыска лыжа тоодон түшкөнгө ылайыктуу, анткени ал оӊой бурулат. Бойго ченегенде кыска лыжанын ээгиӊизге же мурдуӊузга чейин жеткенин тандаӊыз.
4. Эми колуӊузду алдыга карай түз сунуӊуз. Колдон ылдый жерге чейинки аралыкка туура келген таяк сиздин лыжанын таягы.

КӨӉҮЛДҮҮ ЖАНА БЕКЕР
Эс алуу көӊүлдүү болушу үчүн сөзсүз түрдө эле акча болушу шарт эмес. «Лыжа тепкенди билбейм» же «лыжаны ижарага алууга акчам жок» деп четке туруп калбай, калыӊ клеёнка же кадимки эле унаа дөӊгөлөгүнүн баллонун үйлөтүп алып, тоонун башына жөнөй бериӊиз. Лыжа менен түшкөнгө караганда булар менен жылгаяк тебүү кыйла көӊүлдүү.
Жылгаяк тебүүдө көп жыгыларыӊыз талашсыз. Андыктан салмагыӊыздын баарын жамбашка салып жерге отуруп калуу эӊ коркунучтуу кесепеттерге алып келерин эстей жүрүӊүз.

Кубаныч Сыдыков,
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
23.12.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылгаяк тебууну суйом
13.01.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayperi94, мендагы жакшы кором:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо