№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
Айнура Салахидинова 2-октябрда 30 жашка толсо, уулу Дари 17-декабрда бир жашка чыкты. Эки датаны белгилеген ырчы борбордогу кафелердин бирине санаалаштарын, дос-туугандарын чакырып бата алды. 150гө чамалуу конокту тоскон Айнура кыргыздын салты менен келгендерди сыртка чыгарып чуркатып, Даринин тушоосун кести. Ырчылардан Айгүл Чалова, Роза Шакирова, Фарида Карбозова айымдарга кошулуп чуркап, Роза экинчи болуп келди. Жигиттерден Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбековдор барышкан.
Баарынан да келген элди цирк өнөрпоздорунун күчүктөрү көрсөткөн оюн кызыктырды. Анткени ал күчүктөр санаганды билишет экен. Мисалы, "экиге экини кошсо канча?" деп сурасаӊыз, төрт жолу үрүп оозуӊузду ачырат. Ырчылар ырын созушса, көз боёомочулар конокторду ортого чыгарып, ар түрдүү оюндарды көрсөтүштү. Баса, Айнуранын жолдошу туулган күнүнүн урматына темир тулпар белек кылган. Ошентип конверттерге, ар түрдүү белектерге көмүлгөн ырчы айым тойго келгендерден бата алып, кечени жыйынтыктады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кыргыз элинин саны кобое берсин