-

Ошто “Барсбек” монументалдык комплекси боюнча
КЫЛМЫШ ИШИ козголду. Бул тууралуу 16-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди. Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүгө ылайык, аткарылган жумуштардын көлөмү жогорулатылган. Мунун кесепетинен мамлекет 1 миллион сомдон ашык зыян тарткан.
-
Жыл башынан бери өлкө аймагында 6691 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, 897 адам каза тапкан. Алардын 111ин жаш балдар түзөт. Бул тууралуу 16-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди.
-
Балбан, грек-рим күрөшү боюнча “Бээжин-2008” Олимпиадасында 3-орунду ээлеген РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.
-
"Эгер демилгеленип жаткан шайлоо боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө кирсе, кийинки парламентке үчтөн ашык партия өтө албай калышы мүмкүн" деди 16-декабрда журналисттерге "Республика – Ата Журт" партиясынын теӊ төрагасы КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ.
-
"Ош электр" ишканасынын башкы директорунун орун басары НУРЛАН САДЫКОВ Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Кыргызстандыктар 2015-жылдын 1-январынан баштап Орусиянын аймагына кирүүдө чет өлкөгө чыгуучу ПАСПОРТТОРУН көрсөтүүгө милдеттүү. Орусиянын аймагынан сыртка чыгууда да аталган паспорт колдонулат. 2015-жылдын 1-январына чейин Орусияга ички паспорттор менен кирген жарандар чет өлкөгө чыгуучу паспортту Орусиянын аймагынан кыргыз элчилигине кайрылып, бүтүрүп алышса болот.
-
СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨГӨ 2014-жылдын 11 айында 48 миллиард 119 миллион 800 миӊ сом же республикалык бюджеттин чыгымынын 57,8 пайызы жумшалды. Муну 17-декабрда Каржы министрлиги кабарлады.
-
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, шаардын аймагында 6 миӊден ашуун МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН ҮЙ бар. Алардын 3 миӊден ашуунун мыйзамдаштырууга болот. Калганын мыйзамдаштырууга мүмкүн эмес.
-
Түштүк Кореялык ишкерлер Кыргызстандын бардык аймагына WI-FI тармактарын орнотууга кызыкдар. Мындай сунуш 16-декабрда экономика министри Темир Сариев менен жолугушууда айтылды. Бул үчүн кореялыктар тийиштүү техникалык каражаттарды алып келүүгө макул.
-
Өкмөт башчынын буйругу менен Исфана шаарынын мэри ТАШБОЛОТ КОЗУБАЕВ жана Балыкчы шаарынын мэри МИРЛАН БООБЕКОВ ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Наргиза Бекжанова
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg