Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН СҮЙҮҮМ ТҮБӨЛҮК»

№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж

Мен сүйүктүүм, жан биргем Ке­мел менен 23 жыл бирге жашадым. Ал дайыма менин туулган күнүмдө кооз гүлдесте тартуулачу. Аны берип жатып кулагыма “менин сүйүүм түбөлүк” деп шыбырай бетимден сүйөр эле.
Үч бала, 23 гүлдесте жана сү­йүүгө, бакытка толгон 23 жыл... Мына ушуларды мага калтырып, ал бул дүйнөдөн кете берди.
Аны жоготкондон 9 ай өт­көндөн кийин туулган күнүмдө өзүмө арналган гүлдесте алдым. Анын ичиндеги открыткада “менин сүйүүм түбөлүк” деген жазуу менен Кемелдин аты жүрөт. Гүлдестени кучактап, “бул кандайча?” деген бойдон турган ордумда катып калдым. Эриндерим дирилдей “мүмкүн эмес, болушу мүмкүн эмес...” деп жаттым. Бир убакта эсиме келе гүлдестени алып келген аялдын артынан чуркадым.
– Кечиресиз, эже, сиз адашкан жоксузбу? Билсеӊиз, ал...
– Билем, мен баарын билем. Кемел көз жумардан мурда мага келип, алдын ала узак жылга гүлдестеге акча төлөп, жыл сайын сенин туулган күнүӊдө жеткирип туруумду суранган. А мен ага ант бергем.
Муну угуп, жүрөгүм миӊ санга тилинип, көзүмдөн жаштар атып кетти. Гүлдестени кучактаган бойдон ыйлап бара жаттым.
– Байкушум десе, ажал тооруп өзүӊ кыйналып жатканыӊда да мени унутпаган экенсиӊ. Сен өлгөн эмессиӊ, Кемел, сен менин жүрөгүмдөсүӊ. Сени унутсам эле өткөн күндөрүмдү унуткан болбоймунбу! Аларды унутууга менин акым жок. Сен экөөбүз алгач таанышкан, анан баш кошкон, тун балалуу болгон күн...
Ал күнү кечки убак телефонум чырылдап калды.
– Алло, бул ким экен?
– Бул мен – Кемел. Кел, экөө­бүз кечки саат ондо пристан­дан жолугалы.
Муну угуп бейтааныш жигитти тамашалагым келди.
– А сен жолугушуу үчүн шампан ала келесиӊби?
– Сен кааласаӊ эле болду да.
– Демек, колуӊда шампан, үс­түӊдө...
– Көк футболка.
– Макул, бирок кечикпей кел, ээ.
Муну айтып күлүп алдым. Бирок бул кандай жигит болду экен деп кызыгуум артты. Ошентип саат ондо пристанга бардым. Карасам шампан көтөргөн жылдыздуу жигит турат. Аны көрүп эмнеге таанышууга болбосун деген ой келди.
Көрсө, ал күндүзү биз эс алып жаткан пансионаттан курсташ кызын жолуктуруп калып, экөө кечинде жолугушууга макулда­шышкан экен. Ошентип, жа­ӊы­лыш чалынган коӊгуроо экөө­бүз­дү табыштырган эле...
Экөөбүз баш кошкон күн. Мени бекем кучактап, көздөрүӊдү жалжылдаткан бойдон:
– Мен сенден жаӊы жылда өзүӊ токуган шарф, анан 9 ай ичинде сага окшош бетинде калы бар ымыркай кыз күтөм,- деген элеӊ.
– Шарф го колдон келет дечи, бирок беркиси сенсиз колумдан келбейт.
– А мен сага жардамдашам.
Буларды айтып алып экөөбүз теӊ кызара түшүп, анан каткырып калган элек...
Балалуу болгон күнчү...
Врачтар “дагы бир аптадан кийин төрөйсүӊ” дегенинен сен досторуӊ менен тоого эс алууга кеткен элеӊ. Мен ошол күнү сен келгиче төрөп койдум.
Сүйүнчүнү уккандан кийин тоону жаӊырта “тоолор, сүйүнчү, мен балалуу болдум. Мен ата болдум!” деп кыйкырдым,- деп сүйүнгөндөн ыйлап, терип келген гүлүӊдү сунгансыӊ.
Жок, Кемел, өткөн күндөр да, сен да түбөлүк жүрөгүмдө жа­шай­сыӊ. Мени күт, сага барам, өзүӊ айткандай, балдарды жайгаштырып коёюн, анан барам. Мени күт...

Жази
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(23)
22.12.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээх суйуу............
22.12.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан окунучтуу окуп жатып козумон кандай жаш акканын билбей калыпмын.
22.12.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tati, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
22.12.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана бактылуу омур
22.12.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйууго туруктуу экенсиз.
23.12.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кундо да туболук суйуу бардыгына кубандым. Суйушкондор айрылбай эле койсун ылайым.
23.12.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган чыгарма кочурмо башка тилде окугам кыргызда мындай эркек жок
24.12.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamko, туура мен дагы туулган кунумо жалдырасам дагы ,гул турмак эч нерсе жок
24.12.2014. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул башка тилдеги чыгарма беле дейм да,орусчасынбы же туркчосунбу окусам керек эле
24.12.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai bolsoda jan duinondu ergitetgo
24.12.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо да мен да кыргызда ушундай мырзалар бар экен да деп кубана баштаса
24.12.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир мырза жубайын жогорудагыдай сүйсө, анда дүйнөдөгү баардык аялзаты бактылуу болмок деп кыялданып коеюнчу
24.12.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге жок бар эле,менин жолдошум да ушундай инсан,Аллахка чексиз ыраазылыгымды кундо айтам,себеби менин башымдан оор ситуация отту бирине да кабагым кашым дебей жакшы соз,мээримдуу мамиле мн мени ошол абалдан алып чыгып кетти,азыр да козумду карап эркелетип мээримдуу куйоо,себеби мени 2007 жылы церроз печень менен ооруп болницадан чыгарып койгон,изденип бир гана атаэне,биртуугандардын жардамы менен Москвага дейре алып барып,ал жакта да жылыш болбой,кайра келип изденуубуз менен аман эсен бул оор
24.12.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу суйуу. Жаралап журогумду жар этип кулорунду. Болуптурго. Кандай сонун омур.
24.12.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жан шеригим куйоомо ишенем.Мен да катту ооруганымда мага озуно ишенгендей сен айыгып кетесин деп жанымда болду.Шугур.Ишенем чын суйуу бар экенине жолдошумун козунон карап билем
25.12.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 жашка чыксам да Коенегим,ал тургай атымды да атабай ар дайым Алтын деп кайрылып,куду жаны уйлонгон 18деги жубайлардай мамиледебиз.Бул суйуу эмей эмне?.
26.12.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйушкондор ар дайым бактылуу болушсунчу эх!
28.12.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, кандай гана сонун чыгарма...
28.12.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх эркекче ыйлатып жиберди го
28.12.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай эркектер аз го дейм
29.12.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жараланган журоко суйгон адамдын бир жарк эткен кулкусу дагы дары го чиркин?1
04.01.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххххх.......Кандай гана бактылуу уй-було..... Суйуу менен жашашкан экенда ээ.....кандай соонун....
Менда Кудайдан мени ушундай суйгон жар тиледим......
16.01.2015. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх Кудааай мага дагы ушундай жар бере кооор!!!))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо