ГАДЖЕТТЕР ЖАНА ЖЫЛДЫЗДАР

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж

Бүгүнкү күндө атактуу ырчы, актёр, айтор, эл көзүндө жүргөн адамдардын кайда, качан, эмне кылып жүргөнүн, баскан кадамынан бери билип турууга болот. Анткени алар саат сайын эмне кылганын сүрөттөрү менен интернет баракчасына жүктөшөт. Бул ирет биз гаджет менен «ооруп жүргөн» жылдыздарга суроо салып, жашоосунда жаӊы технологиялар канчалык маанилүү экенин билдик.

Учурда элди өз туткунуна алган гаджеттердин бири – бул «селфи үчүн таякча» (селфишот). Илимий аты – телескопикалык монопод штатив.

СЕЛФИ ҮЧҮН ТАЯКЧА
Штатив
(немис тилинен которгондо «бекемдөө», «тургузуу») – видеокамера, фотоаппарат жана уюлдук телефондорду орноштурууга болгон түзүлүштөр. Ал iPhone, Android, Windows операциондук системдеринин негизинде иштеген уюлдук аппараттарга ылайыкташкан.
Телескопикалык деп штатив аны узартуу үчүн жайылып, кайра жыйылчу бөлүктөрдөн тургандыгынан улам аталып калган. Жыйылган учурунда штативдин узундугу 23 сантиметр, жайылганда 1 метр болот.
Монопод деп аталышынын себеби – штативдер үч буттуу, эки буттуу болот. Селфи үчүн ылайыкталган штативдин бир эле буту болгондуктан, аны монопод штатив деп аташкан. Штативдин негизги кызматы – өзүнө фотоаппарат, видеокамера жана уюлдук телефондорду бекем орнотуу болуп эсептелет. Айта кетчү нерсе, пульт менен иштечү штативдер да бар. Алар уюлдук телефонуӊуздагы «көк тиш» (bluetooth) кызматынын жардамы менен иштейт.

Нурмат Садыров: «WHATSAPP`ТА» СҮЙЛӨШӨМ ДЕП УНААНЫ СҮЗҮП АЛГАМ...»
– Мен жаӊы гаджеттердин активдүү колдонуучусумун. WhatsApp программасын колдонгонума 2 жыл болду. Жумушумдун көпчүлүгүн үйдөн чыкпай эле WhatsApp аркылуу сүйлөшүп бүтүрүп алам.
Бир жолу жол чыракта токтоп туруп, бирөө менен WhatsApp аркылуу жазышып жатып алаксып кетипмин. Бир маалда машиналар жүргөндөй болду эле, эки жакты карабай эле унаамды айдасам, астымдагы машинага бир тийди. Ал болсо алдындагысын сүздү. Ошентип жөн жерден 2 унааны оӊдотуп бергем. Бирок канчалык гаджеттердин зыянын тартпайын, аларсыз жашоомду элестете албайм.

Дайыр Исмадияров: «СЕЛФИ ҮЧҮН ТАЯКЧАНЫ АНЖЕЛИКАДАН АЛГАМ»
– Менин жашоомдун 80 пайызы интернетте өтөт. Калган 20 пайызы уйкуга кетет. Мисалы, мурун бир документтерди алыска жөнөтүү үчүн почта колдончубуз. Азыр жадакалса паспортубузду сканерден өткөрүп, WhatsApp`тан керектүү адамдарга жөнөтүп эле виза даярдатууга мүмкүн болуп калбадыбы. Өзүм убара болуп барбайм деле. Мурун күйөрман менен ырчынын аралыгы канчалык алыс эле, азыр болсо күйөрмандарым менин ар бир кадамымды инстаграммдан көрүп турушат. Ал жакта көбүнчө селфи эмеспи, селфиге түшүү үчүн ылайыктуу түзүлүш – бул «селфишот». «Селфишотту» алганыма аз эле болгондо сындырып алып, азыр Анжеликаныкын көтөрүп жүрөм. Аны да «мага 500 сомго сатчы» деп алган бойдон акчасын берелекмин.

Аваз Акимов: «АГЕНТТЕ БЛОГГО ЖАЗГАНДАР МЕНЕН УРУША БЕРЧҮМҮН»
– Азыр гаджеттерсиз жашоону элестетүү кыйын. Эӊ жөнөкөй саатты деле колдонбой калбадыкпы. Себеби телефонубузда бар. Аба ырайын деле мурун сыналгыдан күтүп көрсөк, азыр ал нерсе телефонубузда. Мурун адамдар бири-бири менен кантип жолугушчу, кантип кат жазып жөнөтүшчү деп таӊ калам. Азыр мага ал нерселер жомоктогудай сезилет. Эсимде, агент жаӊыдан колдонула баштаганда аны телефонума жүктөп алгам. Анан агенттен «блогго» жазчу эмес белек. Ал жазганыбыз баарына чыгат го. Мен аны башында билбей эле бир досум «сен чочкосуӊ» деп блогго жазса, мени чочко деди деп өзүмө алып уруша бериптирмин. Же тиги бала түшүнбөйт. Кийин үйрөнүп калбадымбы, бул түшүнбөстүк үчүн көпкө чейин уялып жүргөм. Бир эле жолу урушсам мейли эле, ага чейин деле көптөр менен блогдон уруша кеткем да...

Айгерим Расул кызы: «ИНТЕРНЕТТЕ КӨП ОТУРГАНДАРДЫН ЖЕКЕ ЖАШООСУ КЫЗЫКСЫЗДАЙ»
– Менин жаӊы үлгүдөгү телефондорду ала бермей адатым бар. Бирок интернетке көп баш бакпайм. Көӊүлдөнүп калганда эле инстаграмм, социалдык тармактарга жана WhatsApp`ка кирип калам. Болбосо бир-эки ай деле интернетсиз жашай берем. Менимче, интернетке байланган адамдардын жеке жашоосу жоктой же кызыксыздай туюла берет. Селфиге «мода» экенинен улам эмес, болгону өзүмдү өзүм тартып алуу оӊойлугунан улам түшөм. Бирөөгө «мени тартып койчу» деп жалынгандан көрө өзүм сүрөткө тартканым жакшы эмеспи.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
29.12.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык тема болуптур. Азыр гаджетсиз зеригиштууго менимче. Мен да агент, ватсап, вибер, скайп менен алектенем, инстаграммды эч жуктой албай атам ага да кызыгып журом
29.12.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Селфи селфи селфи. Эх телефону жок жашоо кызыксыз
29.12.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Инстограммда,Анжелика менен Дайыр болуп чогу жашагандай эле сезем озумду)))
29.12.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begusia, боорду эзесиз го)))). Бирок, чын эле сиз айткандай.
30.12.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim8678, menin boorumdu da ezip saldy))))
29.12.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге жашоонду жарыялап зачем?
30.12.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka, komplexy)))
29.12.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А буну каяктан сатып алат достор??
30.12.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм да инстаграммда чогуле жашайбыз...
30.12.2014. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии баса Дайыр мн Дубайга барып келдим мен да))))
30.12.2014. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграммсыз жашоо кызыксыздай болуп кетет мен учун..же мен такай уйдо болгон учунбу айтор..ватсапп да сонун .ушуларды ойлоп тапкан адамдар га данк Жана дунк
30.12.2014. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пульт менен иштетчу "Монопод Штативди"Туштук Корея мамлекетинде сатууга тыйуу салынды.Саткан кишиге 20 000 доллардан ойдо штраф же 3 жылга камоого.Себеби ал штатив толук изилденбей эле сатыкка чыгыбтыр,зыяндуу жагы качан сиз пульт менен тарткан учурда айлана чойродогу башка тетиктерге ото чон зыян дешти
30.12.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жашоомдун 99% интернет м.н отот,телефонум жанымда болбосо озумду башкача сезем,
30.12.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ноутбуктан инстаграммга кантип кирсе болот?
30.12.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ыссык-Көл кээде тынч да, кээде толкун. Толкуса толкунунан корккон жокмун. Турмушта көп сүрөткө түшсөм дагы, Билип кой мен "селфиге" түшкөн жокмун!)
30.12.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz, олтурдун го ))) чынын айтсам мен деле )))
02.01.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz, хехехе сооунунго))
04.01.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кобунчо WhatsAppта, facebookта, Инстаграммда жана кез кезде Одноклассникте отурам. Инстаграмды ойлоп тапкандарга данк жана дунк.
12.01.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер сонун турбайсыңарбы)) мен үчүн, биринчиден, инстаграм, фейсбук, твиттер кызыксыздай көрүнө берет негедир. Классташтар жана вконтакте өзүнүн заманын жашап бүткөндөй сезилет. Картайган окшойм Селфини кейпим келишим калганда гана жасап коём))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо