Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЛИНИН ӨЛТҮРҮҮГӨ КАЙНЕНЕ БУЙРУТМА БЕРГЕНБИ?

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж

Ош шаарында 54 жаштагы аял уулу, кызы жана күйөө баласы болуп келинин өлтүрүүгө шектелип кармалышты. Алар мындай кадамга келиндин жаман жолго түшүп, ал гана эмес, кайнатасы менен жүрүп алганынан улам барышканын айтышкан.

СУУГА АККАН СӨӨК ӨЗБЕКСТАНДАН ТАБЫЛГАН
Мындан эки жыл мурун болгон кылмыштын бети эми гана ачылып отурат. Ушул жылдын 18-декабрь күнү Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 4 адам киши өлтүрүүгө шектелип кармалышты. Алар: 1960-жылы туулган Толгонай Х., 1981-жылы туулган Мухаммадали Х., 1987-жылы туулган Мадина Х. жана 1979-жылы туулган Закир Усманов. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири маркумдун кайненеси, экинчиси жолдошу, дагы бири кайын сиӊдиси болсо, төртүнчүсү күйөө баласы. Алар мындан 2 жыл мурун, тактап айтканда, 2012-жылы 2-сентябрда үйдүн келини, 1981-жылы туулган Наргиза Хамидованы өлтүрүшүп, Араван районундагы каналга ыргытып жиберишкен. Сууга аккан сөөк эки күндөн кийин Өзбекстандын Фергана облусунун аймагынан табылган.

Кылмышка шектүү, маркумдун кайын сиӊдиси Мадина:
“ЖЕӉЕМ ЖОЛДОШУМ МЕНЕН ДА, АТАМ МЕНЕН ДА ЖҮРҮП КЕТКЕН”
– Жолдошум Закир экөөбүз 2012-жылы таанышып, июль айында үйлөнгөнбүз. Бир тууган агамдын аялы, жеӊем Наргиза Хамидова Ош шаардык ооруканасында массаж жасап иштечү. Акыркы күндөрү агамды тоготпой, ар ким менен жүрүп кеткен. Аны жолдошумдан угуп калдым. Закирдин телефонунан жеӊемдин ыплас сүрөттөрүн да көрдүм. Кийин апам мага “жеӊеӊ атаӊ менен да жатып жүрөт” деп айтып калды. Аябай ачуум келди. Жолдошума “же мени менен жаша, же жеӊем менен жаша. Мени менен жашайм десеӊ аны жок кыл” дедим. Ал мага “анда мени менен Өзбекстанга кетесиӊ” деди. Мен “барбайм, ушул жерде ата-энем менен калам, сен жеӊемди алып кете бер” десем, “макул” деди. Мени апамдардыкына жөнөтүп коюп, жеӊем экөө биздин батирде жолугушуп жүрүшкөн экен.
Бир күнү үйдө отургам, жолдошум мени бир бөлмөгө камап коюп, жеӊем экөө башка бөлмөгө кирип кетишти. Эшикти эптеп ачып кирип барсам сүйлөшүп отурушуптур. Жеӊем мага кыйкырып, ыплас сөздөрдү айтып кирди. Жолдошум “кыйкырба аялыма” деп колун кайрыганда жеӊем жерге жатып калды. Коркуп, калтырап апамдыкына кетип калгам. Кийин билсем, жеӊемди Закир өлтүрүп коюптур.

Кылмышка шектүү Закир Усманов:
“АЯЛЫМДЫН СӨЗҮ ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮМ”
– Жеӊебизди аялымдын сөзү үчүн өлтүрдүм. Аялым мага “Жеӊем атам менен жатып жүрөт экен, апам айтты. Ишенбесеӊиз сураӊыз, телефонун берем” деди. Мен анын сөзүнө ишенген жокмун. Наргиза жеӊебиз ооруканада иштечү экен. Телефон чалып сүйлөшүп, “жолугалы” десем, макул болду. Үйгө чакырсам келди. Ал биз жашаган батирди билчү эмес, даректи бердим. Бир бөлмөдө аялым Мадина отурган. Аны экинчи бөлмөгө алып кирип сүйлөшүп жатсам Мадина кирип барып, “ыплас десе, сен атам менен да жатып жүрөсүӊ, ар ким менен жатып жүрөсүӊ” деп кыйкырып кирди. Ал сулуулугу менен өзүнө ишенип жүргөн келин эле. Мадинаны кемсинтип, “сенин колуӊдан эч нерсе келбейт” деди эле, ачуум келип Наргизаны муунттум. Ал тыбырчылап, жерге жыгылып калды. Муунтуп тура бердим эле, анан сулк жатып калды. Кылган ишиме эми өкүнүп жатам.

Кылмышка шектелип, маркумдун жолдошу менен кайненеси да кармалды. Алардын кылмышы туурасында Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Нурбаев:
“ӨЗДӨРҮ ӨЛТҮРҮШҮП, ЖОГОЛДУ ДЕП АРЫЗ ЖАЗЫШКАН”
– 2012-жылдын 3-сентябрында Ош шаарынын тургуну Мухаммадали “келинчегим дайынсыз жоголуп кетти” деген арыз менен кайрылды. Издөө жарыялаганбыз, 9-сентябрь күнү Өзбекстандын Фергана облусундагы кесиптештерибизден Өзбекстанга агып кирчү Араван каналынан адамдын өлүгү табылганын, анын өздүгүн тактоого жардам беришибизди суранган билдирүү келди. Мухаммадалинин келинчеги болуусу мүмкүн деген ой менен аны, келиндин туугандарын алып бардык. Чын эле ал жансыз дене Наргиза Хамидованыкы болуп чыкты. Колу артына байланып, оозу скотч менен чапталган экен.
Ошол убакта бул кылмыш боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, Мухаммадалинин бир тууган карындашынын күйөөсү Закир Усманов изделе баштаган. Ал жашыруун жолдор аркылуу Өзбекстанга качып кеткен экен. Өзбекстанга Закир Усмановду кармоо боюнча сунуш жибергенбиз. Ал эки жыл жашырынып жүрүп, быйыл декабрь айында кармалды. Аны Кыргызстанга алып келгенибизде Наргиза Хамидованы өлтүрүүгө анын жолдошу Мухаммадалинин, кайненеси Толгонайдын жана кайын сиӊдиси Мадинанын да түздөн-түз катыштыгы бар экенин айтып, көрсөтмө берди.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, келиндин өлүмүнөн кайненеси менен жолдошу да кабардар болгон экен. Кайненеси аны өлтүрүү үчүн башка бирөөнү жалдагыла деп балдарына 30 000 сом берген. Ал акчаны Мадина жолдошу, агасы болуп бөлүп алышып, Закир өлтүрөт. “Өлдү” деген сөздү уккан кайнене “сөөктү өрттөп салгыла” деген буйрук берген. Бирок күйөө баласы менен уулу келиндин сөөгүн өрттөбөй, Ош-Араван каналына таштап салышкан.
Күйөө баласы, кудагыйы мындай ишке барганын күтпөгөн маркум Наргизанын ата-энеси катуу жаӊжал салууда. Эне-балдар өздөрү өлтүрүп, бирок “жоголуп кетти” деп арыз жазганы үчүн да кылмыш иши козголот. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери жүрүп жатат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
29.12.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булардын созуно ишениш да кыйын, балким келин АКдыр. "Озу жоктун, козу жок"-деп эле жалаа жаап жатышкандыр. Баары бир бир тараптуу болуп калып жатат... Уй-булодо диндин жоктугунун дагы кесепети деп ойлойм.Эн жакшысын, эн туурасын Аллах гана билуучу!
29.12.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзү жок болгондон кийин,кеңешип алып каалагандай күнөөлөп жатышат да.Булардын жазасын кудай берсин.
30.12.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тт пп тт пп , бан жеп калам.
тортоон тен камап , жазалап сала берсин.
29.12.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eki taratpa kunoo bar. Jenesinin gulyashaya ekenin bashynda bilgende ele ХХХ ХХХ kuup salysh kerek ele al uchun bashyn oorutushpai. Adam adam boidon kalyshy kerek erkegi da, ayaly da janybarlarga okshoshup ar biroo menen ХХХ berbei. Adam ozu taza bolso turmushu da oshoncholuk on bolot . Iyman bersin baarybyzga, jaman ish kylaarda juz oilonup bir kesip degendei (bir kunumduk jashoo menen jashabastan,ertenki kun da bar. Toidu oiloboi ertenki kunduk pohmelyeni oilop degendei) :)
Модератор admin_superstan түзөттү 2014-12-29 10:22:16
29.12.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hero12, этика нормаларын сактаңыз!
29.12.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саяк журсон таяк жейсин-деп бекер айтылбайт да. Жакшы жургон адамды эч ким келип сабап кетпейт. Келиндин да бир нерсеси бар. Бирок, кандай болсо да бироонун жанын алууга эч кимдин укугу жок. Бир гана Кудай озу жазалалайт.
29.12.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо не деген жашоодо жашап калдык.
29.12.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой тообоо! Өрттөп сал деген буйрукту бергенин кара мунун. үйрөнүп калышкан да өрттөй берип. Терпеть не могу ушуларды, кайда барба бутка чалышат ушулар!
29.12.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым озу сактасын азыркы убакта баарыбыз аманат жашоодо жашап калбадыкбы,албетте куноолуулор оз жазасын алсын,бирок бул окуяда ким чындыгында куноолуу экенине устубуздон Аллаа кубо жазасын озу берсин!
29.12.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким куноолу,Ким таза баарын Аллах коруп Турат...
29.12.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сакттасын тушко да кирбей турган жаман окуялар кобойп кетти.
29.12.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу жоктун козу жок деп куноолоп жатышкандыр жалгыз билуучу Аллах. Кудайым адамдарга ыйман берсин.
29.12.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондон кийин айтыш кыйын, кудай жазасын берет, бирок айткандары чын болсо келини ужас го...
29.12.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buhnurga, кимдир бирөөнүн улутун кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
29.12.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран заман ай, олуп келинди олтуруп салышканы ас келгенсип эми килейген республикалык газета аркылуу актанганга мумкундук алышканын карачы.
29.12.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолуулор мыйзам чегинде жаза алышсын..
29.12.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аии Мусулманчылыкта туура еле жаман жолдо жургон адамга зыяны тийбей жоголсун. Бизге кылмыш. Карагылачы жаман аял озу еле жаман жолго барбай. Бир уй булону бузду и Камака тыгып кетат. Эх кудай еле сактасынчы.
29.12.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul tuugandardan baaryn kutso bolot. Tyshy jaltyrak, ichi kaltyrak degen soz ushularga jakynyraak...
30.12.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул сойкуну олтуруп бекер кылышыптыр элге салып маскарасын чыгарып ортого салып орттош керек еле. Ошондо уй булоо бузган ойношторго сабак болмок.
30.12.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобокылдым Аллатала озу баарына кубо!
30.12.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда эмнелер кана болбойтат.Элдерде ыйман кеткени да,диндин жоктугу.аллахым озун ыйман бер тообо кылдым.
01.01.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуяларды окуган сайын, канчалык арам дуйнодо жашап жатканымды дагы бир ирет сезип кетем. Ынсап болсо экен ар бир адамдын журогундо.
01.01.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойку болобу башка болобу бардыгы мыйзам чегидне болуш керек. Самасуд кылган бул туура эмес.
03.01.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайынатасы менен журуп кеткендери коп дешет го "булардын".
04.01.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта андан коро ажырашып эле кетпейби.
04.01.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкаачылар.....
20.01.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вообще то тарыхы жок Озубектерди Каримов эн туура кылат молодец Каримовго, Кыргызстандан ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-21 11:04:45
21.01.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip.nur91, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо