ЭСТЕ КАЛГАН ЖАӉЫ ЖЫЛ...

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж

Кайсы гана майрам болбосун, адам баласы бирде болбосо бирде сөзсүз кызыкка туш болот экен. Өзгөчө Жаӊы жыл күнү саат жебеси түнкү12ни какканда керектүү жерге же максатка жетпей, ара жолдо калгандар көп. Жылдыздар да бизге окшогон адамдар эмеспи. Анда эмесе, алардын эсинде калган өзгөчө Жаӊы жылдары тууралуу кызыктуу баяндарын сунуштайбыз.

Ильяз Абдыразаков, ырчы: «МОСКВАДАГЫ ОРУСТАРДЫН ООЗУН АЧЫРГАМ»
– Былтыр октябрь айында Орусияга концерт койгону барып, Жаӊы жылды ошол жактан тостук. 31-декабрь күнү «Жаӊы жылды тосолу» деп кечки саат 8дерде көчөгө чыктык. Кыргыздар майрамдаган клубдарды оӊой эле тапсак керек деп ойлогонбуз. Кайдан, саат 11ден өтүп, 12ге таяп баратат, дагы деле отурчу жай таппай жүрөбүз, баары бош эмес. 12ге аз калганда көчөдө машина деле калбай калат экен. Бирин-серин гана машиналар өтүп, анан биз эле кетип баратабыз. Тааныштарга чалсак, бир клубдун дарегин беришти. Ал жакка барсак, жалаӊ орустар майрамдап жатышыптыр. 12ге 15 мүнөт калганда кирип бардык.
Алып баруучулар ар кандай кызыктуу оюндарды уюштурушуптур. Ал жакка атайын Африкадан бонго (урма аспап) ойногондорду алып келишкен экен. Аларга кошуп отургандарды да чакырып, «ким жакшы ойнойт?» деп сынак жарыялашты. Балдарга койгула десем болбой мени чыгарышты эле, алардан кем калбай ойноп салдым. Баары кол чаап, ооздору ачылып калды. Алып баруучу мага келип, «сиз Африкадан эмессизби?» деп коёт. Ошондо бардык оюнга катышып, белектерди утуп алганбыз. Ал жактан 12ни тосуп алып, 1-2лерде үйгө барып улантканбыз.

Назира токонова, ырчы: «АШКАНАНЫ КҮЙГҮЗҮП ЖИБЕРГЕМ»
– Былтыр Жаӊы жылдын алдында үйүбүздү оӊдоп-түзөгөн элек. Аял кишинин оокаты бүтпөйт эмеспи. 12ге 2-3 саат калганда апам «көмөч казанга май куюп, газга коюп койчу, дагы бир нерсе жасап салалы» деп калды. Ашкана кире бериште эле, майды куюп, үйгө кирип кеттим. Ата-энем менен сүйлөшүп отуруп майды унутуп калыптырмын. Апам «майды карап коёюнчу» деп ашкана тарапка кеткен. Бир убакта «а-а!» деп кыйкырган үнү угулду, артынан атып чыгыптырбыз. Көрсө, ашканадагы май алоолонуп күйүп, шыптагы буу соргуч (вытяжка) эрип баштаптыр. Күйүп жаткан майды көрүп шашып кеткен апам чакадагы сууну үстүнө куюп жиберген экен. Суу жалынды күчөтүп, алоолонуп күйүп жатыптыр. Атам дароо үстүндөгү костюмун чечип, майга жаап өчүрдү.
Эми ашкананы карап болбойт, аппак дубалыбыз карарган, желим панелден жасалган шып эрип, түшүп калыптыр. «Эми апам мени урушат» деп коркуп жаткан элем. Ал байкуш болсо «газ атылып кетип атаӊ экөөӊөр өлүп калсаӊар эмне болот деп коркуп кеттим» деп бизге кайгырып алыптыр. Ошентип, Жаӊы жылга карата ашканабызды карартып, аман-соо экенибизге кубанып тосуп алганбыз.

Амантур Мусаев, актёр: «МАЙРАМДА ДОСУМ ЭКӨӨБҮЗ АЧКА КАЛЫП...»
– Мен үчүн 2008-жылкы Жаӊы жыл өзгөчө болду. Анда 1-курсмун, жаӊы эле айылдан келгем, шаарды деле билбейм. Эжемдин үйүнө жакын батирде өзүм жалгыз турчумун. Адатта 1-курстун студенттери Жаӊы жылда айылга кетишет эмеспи. Менин үйүм алыс, Лейлекке кеткенге акчам жок шаарда калып калдым. Мага окшоп Жоомарт деген досум да кетпей калган экен. Экөөбүз 31-декабрь күнү жолугуп, «Жаӊы жылдын ырымын кылып коёлу» деп сүйлөштүк. Кечке жуук досум бир фейерверкти көтөрүп келди. Экөөбүз теӊ ачкабыз, отурабыз тиктешип коюп.
Саат 8-9 болуп калганда Жоомарт «жакшынакай болуп кийинип алып кафелерге барып тамак жеп, шартыбызды айтып келе бербейлиби» деп калды. Баралы деп камынып баштаганда эжем торт, салаттарды көтөрүп келип калбаспы. Эми сүйүнгөнүбүздү айтпаӊыз. Курсагыбызды тойгузуп алгандан кийин ал оюбуздан кайттык. Чынында, шаарды билбегендиктен, чыккандан деле коркчубуз. Саат 12 болгондо досум алып келген салютту көтөрүп алып сыртка чыктык. Аныбыз деле арзан эле болчу да, “чуу-чуу” деп бир-эки атылып, токтоп калды. Элдикин карап коюп, 12ден өткөндө үйгө кирип, тыпыйып жатып алдык. Андан бери, Кудайга шүгүр, Жаӊы жыл жакшы болуп келатат. Мына, быйыл эле 20-декабрга чейин 3 жерге банкетке чакырышты.

Кенже Дүйшеева, ырчы: «ТҮНДӨ КАНАЛДАГЫ СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕМ»
– 5-6-классымда болсо керек. Жаӊы жылга күнү бою даярданып, суу түгөнүп калыптыр. 12ге 10-15 мүнөт калганда апам “чуркап барып суу алып келе калгыла” деп эжемдерге кошуп мени жөнөттү. Үйүбүздөгү чоргодогу суу тоӊуп калган экен, короонун баш жагындагы каналга жөнөп калдык. «Бат эле келебиз» деп бутума атамдын чоӊ көлөчүн илип алгам. Мен кыздардын кичинеси, жеӊили болгондуктан каналга түшүрүштү. Мурун деле айдын жарыгында суу алып жүрчүбүз да. Ошого коркпой эле түшүп, чаканы муздун тешигине бир урдум. Күнгө эрип калганбы, муз тарс этип сынып кетсе болобу. Мен “апа-а!” деген бойдон сууга түшүп кеттим. Каналдын жээгинде турган эжемдер жабалактап келе калып тартып, араӊ алып чыгышты. Эжем байкуш мени артына салаӊдатып көтөрүп алып үйгө жөнөдү. Мен кеп-сөзгө келбей, титиреп ыйлап баратам. Эркелигимденби, бир ыйласам басылышым кыйын эле. Үйдө жаӊы жылдык майрам да калды, баары ызы-чуу болуп мени тегеректеп алышкан. Апам мурун «Жаӊы жылды ким кандай тоссо, бир жыл бою ошентип өтөт» деп көп айтчу. Баламын да, ошону ойлоп алып эле кечке ыйлайм десеӊ. Бир жыл бою ушинтип сууга түшүп, тоӊуп чыгат турбаймынбы деп.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Эсте калган Жаңы жыл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
26.12.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
ильяз алдабай эле койсон москвага эле акча иштеп кетейин деп братишкан менен келип кафелерде ырдап журдунгоо.. таиланды жок эле... вднхада болгон кечеге сени кыргызстандан чакыртышпады беле
SUPER.KG видео
27.12.2014. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ильязга уйдонгон жагыптыр семирип калыптыр ийгилик.
SUPER.KG видео
27.12.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Розанын эсте калган куну аябай жакты.дайыма ачык суйлойт,деги жасалмасы жок.Роза бар бол.Уулундун урматын кор,кудай сага ден-соолук берсин.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Розадан башкалары карандай калпты ышкыртышыптыр да тобоооо,свеча подьездке чейин кууганы неси????
SUPER.KG видео
28.12.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Розаныкынан башкасы кызыксыз.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да Нурландыкы кызык экен бирок аягынды сиздер ал кызды тааныйсыздар деп койду да ошондо ким болушу мумкун. ??????
SUPER.KG видео
29.12.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dosbol,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
29.12.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже эжебиздики кызык болуптурго... :))
29.12.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы окуялар экен. Бирок Роза Шакированын айткандарына нааразы боло түштүм - "сапогимдин каблугу" дегенди "өтүгүмдүн такасы" десе эмне болот эле. Ушинтип тилибиздин баркын биздин жылдыздарыбыз көп кетиришет
30.12.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааай Кенже эже
30.12.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильяз ийгилик
30.12.2014. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жылынар менен достоор!
30.12.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа чын эле студент кез кызык. Студенттер жаны жылынар менен!
30.12.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы жаны жыл да жакшы эсте калган жылдардан болсун.
30.12.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иляздыкы жакты. Азамат
30.12.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильязга толуп алган жакшы жарашат экен.
30.12.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenje kyldurotken
30.12.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже!!!
01.01.2015. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЕНЖЕ Эженин Жаны Жылы чынында эсте калыптыр .Студенттик кез соонун да баарибир ,кандай гана кундорго туш болбойсун
03.01.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз ушуп калганго кыйналып суйлоду
SUPER.KG видео
03.01.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NuRlan aytkan kyz showbiznestegi kyzdardan okwoyt e , ayagyn intriga kylyp koyuptur
03.01.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амантурдуку жакты
04.01.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз качан келесиз Москвага
11.01.2015. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9-10 январь концерти болду Россияда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо