КЕЛИН ЖАНА КАЙНЕНЕ

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж

Саргарган буудайды аралап, жүзүнөн шоргологон терди улам аарчып коюп сулууча болгон келин арыштай басып кетип бара жатты. Аркасынан келе жаткан күйөөсүн да күтпөй, эки аягы тыпылдайт. Үйлөнгөндөрүнө аз эле убакыт болуп, тез эле жайлоого чыгып кетишкен. Эми күз таяп, кайнененин үйүнө келе жатышканы. Кичинесинен өгөй энесинин запкысын көп көргөн бечара эми кайнененин кандай болорун элестете албай, эси эки. Айылга жакындай бергенде күйөөсү жете келип колдон ала күлүмсүрөдү.
– Айым, мынча тез басасыӊ? Мен сага жетпей калдым.
– Анда бир аз эс алалы.
Жылмайган жүзү, колдон алган жылуулугу келинди элжиретип, күйөөсүнө эреркей карады. Айыл четиндеги жалпак тамга жакындай бергенде Айымдын жүрөгү дүкүлдөй баштады. Аял дегендин баарын өгөй энесиндей элестетип алган ал эрксизден күйөөсүнүн аркасына далдалана калды. Бирок... Дарбаза ачылып, алдынан чыга келген жүзү жаркын аял алгач эле келиндин чекесинен өөп-өөп алды.
– Балапандарым менин, аман-эсен келип алдыӊарбы? Мал-жан аманбы?
– Жакшы, апа, өзүӊүз кандайсыз?- деди уулу калбаат жооп берип.
“Азыр жөн гана күйөөмдүн көзүнчө жакшы мамиле кылып жатат, анан баштайт болсо керек” деп жатты келиндин титиреген жүрөгү. Андай болбоду, ал күнү, анын эртеси да, анын эртесинин эртеси да кайнененин мамилеси өзгөргөн жок. Бир жаман сөз айтып көӊүлүн оорутпады. Бир күнү апасынын кошуна эже менен сүйлөшүп отурганын угуп калды.
– Урумкан акмак, келинимди таптакыр жер көз кылып салыптыр. 4-класска чейин эле окутуп, кызматына кызыгып окутпай койгон тура. Атын катуураак айтып чакырсам дирт эте коркуп, жалтаӊдап кетет. “Коркпо, мен Урумкан эмесмин, эч коркпой жүр, балам” деп жүрүп эми араӊ жакшы болуп келе жатат. Акырын алдап-соолап, жакшы сөз менен имерип отурам бечараны.
– Ооба, байкушту кычкач менен тизеге чапкылап, илмийген немеге эки чака менен суу ташытып, аны бир аз төгүп алса жаткыра чаап жатканын өз көзүм менен көргөм. Бечара кызды аяп, көзүмдөн жашым атып кетчү. Капырай, өӊүнө да чыга түштү келиниӊиз, баары бир билимдүүсүз, эми жакшынакай кылып тарбиялап алыӊыз.
– Жалгыз уулумдун жактырып алган жары да. Эми эптеп, этегине жалгап төрөп берсе...
Сыртта турган Айым көз-жашын жута ары бурулду. Келин эненин кудуреттүү кучагы жылуу болорун, бардык коркунучтан, азап-тозоктон сактаарын эми сезди.
Аттиӊ, бирок бактылуу күндөр да көпкө созулбады. Күйөөсү автокырсыктан каза болуп, келин байкуш жыл айланбай кара жамынып жесир калды. Караан туткан уулунан ажыраган эне, жаш калып өксүгөн келин бир тамда түтүн булатып калышты. Ошентип, 16 жашында турмушка чыгып, 17 жашында жесир калган гүлдөй келин 10 жыл кайнененин жанында бой жашады.
Айылдын бала бакчасында иштеп, кечке маал үйдүн босогосун аттаган келин кайненесинин ыйлап, кимдир бирөө менен күӊкүлдөшүп жатканын укту. Ал аял көптөн бери үйгө келип жүргөн кайненесинин жакын санаалашы болчу.
– Шордуу келинимдин багын байлап, жанымдан чыгарбай отурам. Мени түшүнбөйт дейсиӊби, кайсы бир күнү ушундай болорун дилимде күтүп жүргөм. Кудай, ай, кандай кылам эми?
– Кайраттуу адамсыз, жашоо ушундай эмеспи. Келиниӊиздин колун сурап жаткан адам шаарда иштейт экен. Токтоо, акылдуу, мыкты жигит. Мен кантип жаман адамга кыяйын?
Айым чыдай албай кетти. Кирип келип кайнененин кучагына жыгылды.
– Апаке, мен сизди таштап эч кайда кетпейм. Мен сизден кетпейм, апа, мени жаныӊыздан кубалабаӊыз.
Өксүп тизесине жыгылган келинин кучактаган эне кошо ыйлады.
– Садагам, колума секелек кезден келип, кызым болдуӊ. Кызым жок дечү элем, кыздуу болдум. Ыраазымын сага, кызым! Эми карап көр, жактырсаӊ сени кармабайм.
– Жок, апа, сизди жалгыз таштабайм!
Айым өпкөлөп ыйлап, кайненесинин тизесинде жатты. Мээримдүү колдор чачынан сылап, коштошуп жаткандай оор үшкүрүп отурду.
Жашоо баары бир өз мыйзамын жүргүзөт тура. Айым алгач ай асмандай түйүлүп качса, колун сураган Аскаттын тажабай кылган аракетинен улам жоошуй баштады. Көӊүлүндө бир сезим уялап, аны өӊгө тургай, өзүнөн жашырып, дил азабын тартып жүрдү. “Сүйүү ушундайбы?” деп өзүнө суроо берип коёт. Биринчи күйөөсүнө деле мындай сезимдер болгон эмес, өгөй энеден кутулуу үчүн алгач колун сураган адамга макулдугун берип басып кеткен эле. Кудайга шүгүр, ал күйөөсү менен жакшы жашады. Бул жолку сезими ага окшобойт. Башкача сезим...
– Айым, бир жыл тынбай артыӊдан ээрчиттиӊ, эми үйлөнөлү,- деген Аскаттын сунушуна жок дей албады.
Кайненеси өз кызын узаткандай шаан-шөкөт менен узатып, көз-жашын төгүп кала берди. Машиненин карааны узап кеткенче карап турду да, оор үшкүрдү. Айымды узаткандан кийин эненин тозогу чындап башталды. Төрт бурч тамды башына көӊтөрүп алгандай жымжырт. Жаны кашайып, жалгыздыктан уулунун жанына барып жатып алгысы келет. Бир күнү түш көрүп, “Айым сизди таштабайт, апа, ал кайтып келет, көрөсүз го, ыйлабаӊызчы” деп уулунун жалдырап жатканын көрдү. Түшү же өӊү экенин билбей, төшөктөн башын көтөрө албай жатканда кимдир бирөөнүн үйгө киргенин туйду. Кошунанын уулу го деп ойлоду.
– Кимсиӊ, балам?
– Апаке, ооруп калдыӊызбы?- деген келининин үнүн угуп, калтырап ордунан тура калды.
– Айым, садагам, сен келдиӊби?
– Апа, сенсиз жашай албайт экем. Мени менен жүрүӊүз, сизден башка жакын адамым жок менин.
– Күйөөӊ эмне дээр экен, балам?
– Ал макул, апа, өзү да мени менен келди.
Келининин чекесинен сүйгөн эне ыйлап жиберди.
– Мен билгем, менин кызым мени таштабасын билгем.
Бул окуя желдей тарады. Айымдын балдарын багып, бактылуу карылыкты башынан өткөрүп жаткан эне жыл сайын айылына келип, тууган-туушкандары менен жолугуп, уулуна куран окутуп кетип жүрдү. Бул эненин өмүрүнүн аягына чейин уланды...

Асия Алиева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  29 
Комментарийлер(47)
29.12.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мазмуну эн сонун!!!
29.12.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын башы ташка жаш кезинен тийген турбайбы,мындайлар турмушка тез тушунуп турмуш арабасыны тез тартып кетишет кобунесе.
29.12.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кайненелер коп.!кобойо берсин.жаман кайнени алыс кылсын.Бул кайнене пейили кенендиги корунуп турат.эч бир жаман ою жок экен.
30.12.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман адам ббойт,жаман пейил бт дейт го.Анын сыңары жаман кайненени да жакшы кылуу ар бир келиндин өзүнүн колунда бсо кк.Жылуу сөзүн,кызматын аябаса,жылмаюусун тартууласа,тилин тыйса жаман кайнене да ойлонуп оңолоор.
Чындыгында бул кайнене мээримдүү экен.
Кудайга шүгүр менин кайненем да эн сонун!
31.12.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
askhattalgat, туура айтасыз келинден болсо керек .... кайнене жаман болсоделе барып белине массаж кылып бетинен ооп эле мен сизди жакшы кором десе кайсы адам жакшы болбосун менин келиним массажист деп мактап чыгат )))
30.12.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлатчуудай экен
30.12.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарбиялык мааниси терен экен.келин, жаны багып алган бала эле сынаар болот,кайненелер ошолорду туура жолго салып алса,билбегенин уйротуп,кенештерин айтып,ошондо келин батынып кайнене м.н сыр болушо баштайт болуш керек.бирок адамбызда баарыбызда жакшы,жаман муноздор жашайт.баарысынан кечиримдуу болуу керек.
30.12.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгыбызга ыйман берсин аллахым
30.12.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлап жибердим го
30.12.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай энелер коп болсун
30.12.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаларыбыз аман болсун
30.12.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым ар бирибизге ыйман берсин.менин да огой кызым бар мен бирок ага оз кызымдай мамиле кылам.
30.12.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап жибердим.......
30.12.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ саламатсызбы? Мен качан ЖАРАН болом билип бериңизчи. Рахмат
30.12.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayas.07, саламатсызбы! 4 күндөн кийин.
30.12.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо жакшы окуялар деле бар экенго э? Качан карасаң эле өлдү, зордоду, сайды, тыкты дегенди окуйт элек.
31.12.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун окуя экен,мага аябай жакты.
31.12.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир чыгармадан узунду окугам
31.12.2014. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх..ушундай адамдар бар учун дуйно ордунда турат..менин алтын апам дагы келинге зар болуп журот а мен жогорудагыдай кызга жолуксам экен деп кудайдан тиленип журом..-:),-:)
31.12.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы жазылыптыр.Иште отуруп окуп жатып ыйлап жибердим.Окунучтуусу менин кайненем жакшы адам эле ,отуп кеткен.Экообуз аябай ынтымактуу элек.
31.12.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун!
01.01.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненеден эмес, ыймандан.
01.01.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayas.07 achyp al bawkasyn owentip suranbai ele!!!
02.01.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, кандай сонун окуя. Мен да ардайым жакшы кайнене-кайната, жакшы куйоого туш болсом экен деп Кудайдан тиленип келем.
03.01.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейишке чыкчу келин экен. Ушундай келиндер кобойсо, адамдар кобуроок омур сурушот болуш керек... Терен таазим...
04.01.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адамдын озунон деп ойлойм.менин кайненем озумдун апамдай.
04.01.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек болуп туруп козумо жаш тегеренди,бул болгон окуябы же чыгармабы
04.01.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгылуу окуя экен.......Коз жашым оной менен келчу эмес эле бул окуяны окуп алып_козумо жаш алдым таасирдуу окуя экен....
05.01.2015. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуу кыз, ыймандуу келин болгон экен, ыйманы жок, пейили начар болгондо канчалык азаптуу кун откорсо да, жакшы жашоого келгенде пейили жамандыгынан жыргал омур откорбойт эле. Жаман адам болбойт, жаман пейил болот!- деген туура
21.01.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-)
25.03.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыялдар орундалып!!Тилектерге Максаттарга жетели!!!!
09.10.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soonun eken. Baardyk adam zaty baktyluu bolushsun. Jakinan ech kim ayrilbasyn
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо