Гүлбү Орозкул кызы: «КИЧИНЕМДЕ КАРАТЭ МЕНЕН МАШЫКЧУМУН»

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж

Келишкен келбетине шаӊшыган үнү төп келип, көп адамды куштар кылган ырчы айым Гүлбү Орозкул кызы бир топ жыл сахнадан алыстап, ырдабай калган эле. Бүгүнкү маекте анын себебин сурап, ырчы айым менен кызыктуу баарлаштык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери
– Аксы районунун Авлетим айылы
Туулган жылы, күнү – 1976-жыл, 1-ноябрь
Билими – М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун бүтүрүүчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – 2 кыздын энеси, жалгыз бой
Учурда – Жеке ырчы, «Достор» тобунун ырчысы
Репертуарындагы ырлары – «Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага» жана башкалар

– Кандайсыз, Гүлбү айым? Аябай жашарып, сулуу болуп кетиптирсиз, мунун сырын сурабасам болбос...
– Рахмат, мындай комплименттерди көп угам. «20 жылдан бери бир калыпта келе жатасыӊ» деп суктангандар бар. Мунун өзгөчө сыры деле жок. Бирөө жөнүндө жаман ойлобойм, жаман айтпайм, кемчилигин чукубайм, атаандашпайм, болбогон сөз үчүн көӊүлүмдү оорутпайм. Адам биринчи жан дүйнөсүн калыпка келтирип, ойлорун иретке салыш керек, себеби анын сулуулукка тийгизген таасири чоӊ. Ал эми ичкен тамагын көзөмөлгө алып, өзүн кароо бул экинчи планда.
– Диета кармап, спорт менен машыгасызбы?
– Диета кармабайм, ал эми кичинемде каратэ менен машыкчумун. Студент кезде окуу жайыбызда дене тарбиядан берген агайыбыз орус эле. Анда айылдан жаӊы келген убак, орусча сүйлөгөндү такыр билчү эмесмин. Орус агайыбыз көнүгүү жасатып, турникке тартылтып, айтор, бизге оор көнүгүүлөрдү жасата берчү. Аны менен айтышайын десеӊ орусча билбейсиӊ да. Анан унчукпай эптеп баа алыш үчүн айтканын кыла берчүмүн. Ошол кезде пайда болгон курсагымдагы пресстер азыркыга чейин катып турат. Спорт менен жаш кезде машыкса пайдасы кийин тиет окшойт деп ойлоп калдым.
– Бир топ жыл сахнадан карааныӊызды таппай калдык, мунун себеби эмнеде?
– Аял киши үчүн биринчи орунда үй-бүлө турат. Мен да үйдө энелик милдетимди аткарып, көр тирилик менен алектенип жүрдүм. Чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетейин десем, колумдан келбей койду, баары бир үйгө тартыла бердим. Кыздарыма тарбия берип, окутуп, тамагын жасап, үйдө жылуулукту камсыз кылып, үйдүн куту болууну чыгармачылыктан да бийик көрдүм окшойт. Эми кыздарым чоӊоюп колум узарып калды. Эки кызым теӊ «ырдап чыгыӊыз, сиз ырдашыӊыз керек» деп мени түрткүлөп турушат. Улуу кызым «сизди өзүм ырчы кылбасамбы» деп жеӊин түрүнүп алган. Ошолордун дем-күчү, сүрөөнү менен азыр жаӊы жылдык берүүлөрдүн бирин да калтырбай тартылып жатам.
– Чыгармачылыкка чыйыр жолду качан салып баштагансыз?
– 8-классымда өзүмдүн апам М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайга жетелеп келген. Агайлар ырдатып көрүп сынаксыз эле дароо окууга кабыл алышкан. 15-16 жашымда өзүм окуган окуу жайдын атынан «Ала-Тоо периси» сулуулар сынагына катышып, 3-орунду алгам. Сынактын уюштуруучусу ыраматылык Бакыт Букаев болчу. Чыгармачылыгымды алгач алып баруучулуктан баштадым, биринчи жолу филармониянын чоӊ залындагы концертти алып барганым эсимде. Андан соӊ ырчылыкка ооп, алгачкы жолу Динара Акулованын концертинде «Балама» деген ырды ырдап чыктым. Ошондо Динара эже батасын берип, ырчылык тушоомду кескен эле.
– Кыздарыӊызды жалгыз тарбиялап жатканыӊызды билебиз, бул нерсенин оорчулугу жокпу?
– Мен 1ге чыкканда атам каза болуп, ата тарбиясын көрбөй, таята-таенемдин колунда чоӊойдум. Бизде бул эркектин жумушу, бул аялдыкы деп бөлгөн учур болгон эмес. Таята, таенем чабан эле, кой кайтарчумун, малдарга тоют берчүмүн, атты токуп да, жайдак да минген учурлар болгон, кар күрөчүмүн, айтор, алар мени оокатка тыӊ болсун деп аябай эмгекчил кылып тарбиялашты. Бул тарбиянын зыянын көргөн жокмун, жашоомдо азыркыга чейин пайдасы тийип келет. Үйдө эркек-аялдыкы деп ылгабай жумуш кылгандан коркпойм. Кыздарыма тарбия берүүдө ушул ыкмаларды колдонгум келет, бирок азыркы жаштардын кабыл алуусу башкачараак.
Улуу кызым Айзуура Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде студент, кичүү кызым Сезим Улуттук компьютердик гимназияда 11-класста окуйт. Мен эне катары алардын бактысын гана тилейм, ушуга чейин атанын да, эненин да тарбиясын бергенге аракет кылып келе жатам.
– Кыздарыӊыз менен болочоктогу күйөө балдарыӊыз жөнүндө сүйлөшөсүзбү?
– Үчөөбүз күн-түн дебей курбулардай сырдашабыз. Алардын жеке жашоосундагы бүт жаӊылыктар менен кабардар болуп турам. Улуу кызым «мени сыйлап, катуу сүйгөн мырза болсо эле калганын өзүм жасап алам» дейт. Ал эми кичүү кызым «сиз кайсы жигитти тандасаӊыз, ошого чыга берем» деп байракты мага карматып койгон.
– Кыз кишинин жолу башка, ал эми эркек баланыкы башка дешет. Уулдуу да болгуӊуз келеби?
– Бул нерсе кыздарымдын изги тилектеринин бири. Айрыкча кичүү кызым жаш балдарга аябай жакын. Наристелердин кийимин көрсө «сатып алып коё берели» деп үйрүлүп бети менен түшүп алат. Кыздарым «төрөп берсеӊиз, биз турмушка чыккыча өзүбүз эле багып чоӊойтушуп коймокпуз» дей беришет.
– Сизге өмүрлүк түгөй болчу адамдын орду башка эмеспи, кыздарыӊыз бул тууралуу кеп козгошобу?
– Жогоруда айтпадымбы, кыздарым менен курбулардай сырдашабыз деп. Ооба, жашоодо колдоп-тиреп турган адамым бар. Бар нерсени жок деп айткандардан эмесмин. Эӊ башкысы, бар болуп турсун. Кыздарым ал адам тууралуу билишет. Калган сөздөр убактысы келгенде айтылсын, турмушка чыгып калсам силерге биринчилерден сүйүнчүлөйм (күлүп).
– Мурунку жолдошуӊуз төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен учурда мамилеӊиз кандай?
– Өтө сый мамиледебиз. Ал киши кыздарымдын атасы. Кыздарыма тиешелүү маселелерди чечүүдө ага кайрылып турам.
– Жалгыздыктан коркосузбу?
– Жалгыздык башка түшпөсүн, Кудайга шүгүр, мага бул сезим тааныш эмес. Өзүмдү эч качан жалгыз сезип көргөн эмесмин.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат!

АР ТҮРДҮҮ СУРОО-ЖООП
– Чыгармачылыктан сырткары каражат тапчу булагыӊыз барбы?
– Мурда тигүү цехин иштетчүмүн. Негизи мен кылбаган иш калган жок. Учурда чет өлкөдөн кийимдерди ташып иштейм.
– Ырларыӊызда башыӊыздан өткөн окуялар чагылдырылганбы?
– Мен чыгармаларымдын биринчи обону жакса гана кийин сөзүнө көӊүл бөлөм. Сөзү жакпай калса да ырдабайм. Экөө теӊ бири-бирине шайкеш келиш керек. Аткарып жүргөн чыгармаларымдын жеке жашоомо тиешеси жок.
– Ырым-жырымдарга ишенесизби?
– Кудайга гана ишенем. Канча ырым-жырым жасабайлы, Кудай береби, бербейби, буйруктан. Тиленип жашай берген жакшы.
– Сиздин багыӊызды ачкан кайсы чыгарма болду?
– Багымды ачып дебейин, бирок элдерден «Балама», «Арзуу» деген ырларыма жакшы пикирлерди угуп жүрөм.
– Өзүӊүздү үч сөз менен сүрөттөп берсеӊиз?
– Талапчыл, ошол эле учурда ак көӊүл, көк бет боло алам. Дос-туугандардын арасында «көк бет» деген кличкам бар.
– Эс алуунун кандай түрүн жактырасыз?
– Шаркырап аккан суунун агымын тиктегенден тажабаган адамдардын катарын толуктайм.
– Кайсы артисттердин чыгармачылыгын баалайсыз?
– Каныкей Эралиева, Роза Аманова, Саламат Садыкова эжелеримдин ырлары менен чоӊойгом. Алардын чыгармачылыгын аябай сыйлайм.

"Достор" тобундагы курбуларым, эжелерим менен жакшы катыштамын".

"Кыздарым төрөлгөн күн – жашоомдогу эӊ таттуу көз ирмем".

"Жалындаган 17 жаш курагым".


Лунара Бекиева
star@super.kg


Гүлбү Ороскул кызы: “Элмирбек экөөбүзгө көптөр суктанышчу”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(43)
SUPER.KG видео
28.12.2014. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай созу таттуу экен.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур бар болунуз!!!
SUPER.KG видео
28.12.2014. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевтер менен эч кандай мамилеси жок ал башка ырчы Орозгул деген Айдар Бакиевтин аялы болуш керек
SUPER.KG видео
28.12.2014. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Куйормандарын тамшардырып,) Айзат сулуу кыз бир карап койоспу
SUPER.KG видео
28.12.2014. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эже жолдошун чанып крутой таможеннике тийип алган. Элмирбек муну эмес бул Элмирбекти таштаган. Элмирбек байке азыр башка уй булоосу бар Тунгучта турушат.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да байкадым жасалма суйлойт экен.анан g.jumfbekovanin айтканы да туура болуш керек таможникке тийген деп мен да уккам сулуулугуна соз жок.бирок байкасам кулумуш этип атат озун кыйнап кулгондой,коздорунон корунуп турат окунуп калгандай.Элмирбек менен ажырашканына.бары бир мизирейип туруп калып атпайбы,анан кайра кулуп коюмуш этип атат.мен бактылуумун деп, оозу бош жооп берип жатат.элдер суктанчу бизге,силердей уйбуло болсо деп,айтып жатат анан эмне болду сонун бойдон эле жашай беришсе болмок
SUPER.KG видео
28.12.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ажырашкандарына алты жылдан ашып, ар башка кеткен 2 атактуу адамдан кайра-кайра эле ошол маселе тууралуу сурай бергенден журналистттер такыр чарчабай коюшту го, чиркин... Ал эми Гулбу Ороскул кызы кобунчо Э.Иманалиевдин аялы катары кобуроок атак алды. Э.Иманалиев бул- создун чыныгы маанисиндеги - чон талант. Аны жактырбайм деген кыргызды жолуктуруу кыйын. Талантынан сырткары, хоризмасы кучтуу адам...
SUPER.KG видео
28.12.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулбубу айым ото эле жаш корунот экен,кыздарындай эле го.Сулуу айым десе болот.Албетте,эл козундогу адамдардын ар бир кадамдары коомчулукка кызыктуу.Ал эми Гулбубу айымдын суйууго болгон оюна мен да кошулам.Чыгармачылык ийгилик болсун!
SUPER.KG видео
28.12.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун жашоосун сынабагыла. Ар ким бактылуу болсун! Сулуу айым экен.
SUPER.KG видео
29.12.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбу омурлуу бол,кыздарындын бактысына бар бол.
SUPER.KG видео
29.12.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунз! Суйуу мамилеге туз жакшы ойун айтыптыр.
SUPER.KG видео
29.12.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aysuluuwa, FSB,
Эскертүү! Жеке айтышууга тыюу салынат!
29.12.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыздарыныз менен эже-синдидей эле корунот экенсиз...бар болунуз талантынызды баалайм!
SUPER.KG видео
30.12.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озу да атасыз осуптур кыздарын да атасыз остургон эси жок аял экенсин. Жасалма. Элмирбекке татыктуу эмес экен.
30.12.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында эле жаш концерт экен. А Элмирбек Иманалиевдин азыр башка уй-булосу барбы?
30.12.2014. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корунот демекчи элем концерт деп кетип калыптыр
SUPER.KG видео
30.12.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ажарлуу эже экенсиз.антбейби мындай кылбайбы деп комент.жазгандар,ар адамдын турмушу озуно гана маалым.андай кылбай беле,мындай болбойт беле деп жазып коюу оной.
30.12.2014. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздарым менен Эже синдидей корунот экен..Чыгармачылык ийгилик каалайм
30.12.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздары мынча татына.
31.12.2014. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aта тарбиясы башка,турмушта коп эле кыйналса кэрек,бирок азаматсыз эжеке сыр билгизбейсиз.Кыздарынызга коз тийбесин кудай таалла колдоп Сальяновадай болушсун.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элмирбек 78жылкы го а бул анда 2жаш улуубу?
SUPER.KG видео
31.12.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жалган,Э.Иманалиев Г.Орузкол кызын таштап кеткен,ошол ажырашып кеткенден кийинки Гулбунун жашоосу ит ыйлагыдай акыбалы оорлошуп,отоо кыйналган. Мен бул айымдын коншусу бп жашап откомун,ХХХ ХХХ ХХХ Пейили отоо жакшы,ак конууул,ишенчеек,колу ачык айым.
Модератор admin_media түзөттү 31.12.2014 17:21
31.12.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай-Таалла кыргыздын аялдарын кандай кучтуу, эркектен кем калышпаган кайратман жараткан. Сизге 2 кызды татыктуу багып чонойтконунуз жана кайратынызга тандануу менен эркектердин атынан ийилип, тизе бугуп таазим этем. Жаны Жылыныз менен!!!
01.01.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек Иманалиев бул айымдын атагын чыгарып кетти. Бул айым Гулбу Иманалиева деп чыкчы эле. Экобу ажырашканда аяабай ичим атышты эле. Мумкун кайра жарашып алаар. Экобу жарашса мумкун дагы Орозгул кызы Гулбунун дагы атагы мындан дагы ашып чыгаар.
Бетинде калы бар кыз, Элмирбеке окшош экен.
SUPER.KG видео
01.01.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял деген атка татыктуу экен!Назик,сулуу,тыкан
02.01.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек Иманалиев экоо сонун пара болчу. Бекер ажырашышкан да. Экоо да сонун адамдар
04.01.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cонун кыздары менен бактылуу болсун.Алга ГУЛБУ...
SUPER.KG видео
09.01.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башта айткандардай негизи Элмирбек мырза кыргыз элинин сыймыгы чыныгы талант,мен да Балама деген клиптен коруп аябай суктангам бактылуу уй-було деп,эки адам эки жакта экени мени азыр деле окундурот бирок эжеден баалаганым Элмирбек мырза жонундо бир да жаман соз айтпаганы эмнеси болсо да бар болушсун!!!
SUPER.KG видео
12.01.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек ото акылдуу,сымбаттуу жигит бирок ошонун кадырына жете албады. Гулбубу дагы кооп кор болот
SUPER.KG видео
23.01.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу жок бул жон эле бири-бирине конуп калуу дейт.Кантип? Акындын башын аттап суйуу корбой калса керек. Элмирбек байке Кыргыздын эле эмес Казактында ак тандай акыны,акыныбыздан алты айлансын. Элмирбек байке бекер жазган жокда "БАКТЫЛУУ БАКТЫЛУУ БОЛСОН ЭКЕН.БАКТЫСЫЗ БАКТЫСЫЗ АРМАНДАШЫМ"-деп!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо