ЖЫЛДЫН САЯСАТТАГЫ ЖАӉЫЛЫГЫ

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж

Өтүп бара жаткан 2014-жыл саясий окуяларга өтө бай болду. Жакшысы да, жаманы да, кейиткени да, сүйүнткөнү да болду. Ошолордун ичинен жыл башындагы «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын жыл ичиндеги ишмердиги жылдын саясий жаӊылыгы деп айтсак туура болчудай. Эмнеси жаӊылык, партиялар түзүлүп эле жатпайбы деп жаткандырсыз, окурман. Эӊ биринчи кезекте, партиянын чү дегенде эле дүбүртү катуу чыгып, ошол дүбүртүнөн жазбай жаӊы жылга кирип бара жатат. Кыска убакытта эл оозуна алынып, эл назарына илинип, салмактуу партиялардын катарына кошула алды. Саясий, коомдук турмуштагы активдүүлүгү, жигердүүлүгү, демилгелүүлүгү, партиялык түзүмгө жаӊычылдыктарды киргизгени менен да жаӊылык кылды. Атап айтсак, буга чейинкилерден айырмаланып партия жетекчилиги жамааттык башкаруу формасын тандап алды. Бул демократиялык принциптерди өнүктүрүп, партиялык системди гана жакшыртары айтпаса да түшүнүктүү.
Көп жылдан бери мамлекеттин идеологиясы кандай болот деген талкуу бүтпөй келет. Партия башкалардан айырмаланып ушундай идеологиялык программаны сунуш кылды. Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик идеясы – ушул идеологиянын негизи катары кабыл алынды жана аны жалпы элдин талкуусуна алып чыгышты. «Кыргызстан – баарынан кымбат» деген ураан негизги болуп калыш керек. Быйылкы мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында да Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгын мамлекеттик деӊгээлде белгилөөнү жыл башында демилгелеп, сөз жүзүндө чектелбей, 90 жылдыкка байланыштуу бир канча илимий-практикалык конференцияларды өткөрдү.
«Бир бол» бул жылы «көз жарып» эле тим болбостон, алгачкы жеӊишин да камсыз кылды. Быйыл өткөн Кара-Суу жана Токтогул шаардык кеӊештерине шайлоодо "бир болчулар" депутаттык мандаттарга ээ болду. Ал эми партиялардын рейтингин, салмагын аныктаган атайын сурамжылоолордо «Бир бол» туруктуу 2-3-орунду алып келет. Бул жаӊы түзүлгөн партия үчүн зор көрсөткүч экени талашсыз. Партия бүгүнкүдөй дүбүртүнөн жазбачу болсо, анда келерки жылдагы парламенттик шайлоодо да активдүү катышып, 2015-жылдын саясий жаӊылыгына татыктуу болорунан шек санабасак болчудай.

Айдай Асанова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо