ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖЫЛДЫЗДАР КАЙДАН ТОСУШАТ?

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

Жаңы жыл – үй-бүлөлүк майрам. Бирок жылдыздар бул майрамды үйдө эмес, көбүнчө кечелерде тосуп калат эмеспи. Бүгүн биз жылдыздар Жаңы жылды кантип, каерде тосоруна кызыгып көрдүк.

Гүлнара Тойгонбаева: «МАЙРАМ КҮНҮ БААРЫНА ЭШИГИМ АЧЫК»
– Жаңы жылды, буюрса, кызым, сиңдим үчөөбүз үйдө дасторкон жайнатып, жакшы көргөн тамагыбызды жасап тособуз. Анткени бир айдан бери корпоративдик кечелерде жүрүп аябай чарчадым. Кызым Жаңы жылга пульту бар самолёт заказ берген. Ошону каякта сатарын билбей жатам. Аны алып берсем үйдүн ичинен кантип учурат деп ойлонуп жүрөм. Майрам күнү тааныш Аяз атаны чакырып, кызымдын жаттаган ырын ырдатып, анан белегин берейин деген пландар бар. Бул күнү баарына үйүмдүн эшиги ачык, досторум, туугандарым, кимиси келсе чогуу майрамдай беребиз. 12ден кийин, балким, конокко барабыз, баары маанайга жараша болот.

Даниель: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТҮГӨЙЛӨРҮБҮЗ МЕНЕН ӨТКӨРӨБҮЗ»
– Мен Жаңы жалды каякта тосорумду билбей жатам. Ошко апамдын жанына барсамбы же бул жакта Канат байкелер (ред. Култаев) менен өткөрсөмбү деп башым катып жатат. Эгер Ошко жетпей калсам, Канат байкенин үйүндө Мирбек Атабеков, Иса, Сагыныч, дагы жакын достор түгөйлөрүбүз менен тособуз. Бала кезде Жаңы жыл баштала электе эле апамдарга белек даярдап койчумун. Чоңойгон сайын бошобой каласыңбы, же майда нерсеге көңүл бурбай каласыңбы, айтор, эч кимге белек ала элекмин. Корпоративдик кечелерден колум бошору менен белек тандамай башталат го. Бул жактан бир сыйра майрамдап алган соң апама деле учуп кетишим мүмкүн.

Асел Касымова: «АНЖЕЛИКА ҮЙҮНӨ АЛЫП КЕТПЕСЕ ЭЛЕ СИҢДИМ МЕНЕН ТОСОМ»
– Жаңы жылды биз Анжелика, Омар, Арсен, Нурлан Насип жана көптөгөн ырчылар, күйөрмандар болуп ресторанда тособуз. 30-декабрдан 31ине оогон түнү саат 3тө Оштон Бишкекке учам. Шаарга жетип алып базардан жакындарыма, досторума белек алам. Андан кийин сулуулук салонуна кирип боёнуп, кечки майрамга даярданам. Түнкү саат 3кө чейин ырдайбыз, бийлейбиз, ойнойбуз, кыскасы, жыргайбыз. Андан кийин үйгө сиңдимдин жанына барып эс алам деп пландап жатам, курбум Анжелика үйүнө алып кетип калбаса эле. Анткени майрам сайын үйүнө алып кетип калмай адаты бар эле.

Жеңишбек Айтиев: «КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ БАРА ЭЛЕК АЙЫЛЫМА БАРАМ»
– Ойлоп көрсөм, 6-классты бүтүп келген боюнча өзүмдүн туулган айылымда Жаңы жыл тосо элек экенмин. Ошондуктан быйыл бала-чакамды, камдаган белек-бечкегимди алып 31-декабрь күнү туулган жерим Ноокат районунун Кара-Таш айылына бет алам. Анын үстүнө быйыл атамдын эски үйүн бузуп, жаңы салганбыз. Ошол жаңы үйдө бир туугандар чогулабыз. «Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?» демекчи, мергенчиге улар заказ берип койдук. Жаңы жылда улар этин жеп, жакындарымдын жанында тосом. Бизде айылда жылда 31-декабрды кезектешип уюштурушат. Быйыл кезек 78-жылкы жигиттерде – бизде экен. Мектепке балаты жасап айылдаштарым менен майрамдайт экенмин. Көптөн бери көрө элек айылдаштарымды, туугандарымды көрөм деп азыртадан эле толкунданып жатам.









Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
05.01.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тосупсуздар.
05.01.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.
06.01.2015. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даниель түгөйлөрүбүз мн дейби ыя... ал үйлөнгөнбү же девушкасын айтып жатабы...???
06.01.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гүлнара Тойгонбаеванын кызы бар экенин билбептирмин. Анын куйоого тийгенин да билбептирмин. Куйоосу барбы?
06.01.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм жакшы экен Анжеликалардын компаниясы сонун болуш керек менимче жалан жаш жылдыздар, а Даниелдин девушкасы жонундо да жаза кетпепсинер...
06.01.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнар эже турмушка чыкканбы
06.01.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулнара Тойгонбаеванын личн жашоосу мага да интересно бп кети.
06.01.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Касымова деген ким? сулуу экен
06.01.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даниель уйлонгонбу?
07.01.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел Касымованы Анжеликага окшоштурушпады беле баары ырыны эстен чыгарып койдум
07.01.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay, чын эле окшош экен... буга чейин укпаптырмын
07.01.2015. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге кээ бирлер коруусу жакшы болсо деле очки тагып алышат сулуулук учунбу... акылдуу корунгусу келгендер калп эле очки тагып алат беле
08.01.2015. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay,көрүүсүнүн жакшы жаман экенин сиз каяктан билдиңиз? Балким алдын алып дарыланып жаткандыр. Таба эмес тобо кылыңыз!
07.01.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асель эркелеп деген ырды ырдайт
09.01.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, рахмат издеп угуп коройун...
08.01.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала кезде Жаңы жыл баштала электе эле апамдарга белек даярдап койчумун. Чоңойгон сайын бошобой каласыңбы, же майда нерсеге көңүл бурбай каласыңбы, айтор, эч кимге белек ала элекмин. Апасына белек алуу майда нерсеби.
08.01.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнара Тойгонбаеванын жолдошу жокбу.ушул айым тууралуу да маалымат бергилечи
09.01.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ukuma, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
09.01.2015. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аселдин "Эркелеп"деген ырынан башка ыры барбы?
09.01.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumaya, медиа порталдан карасан,эркелептен бери эки уч клипи чыкты го
09.01.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Касымованын уну бар,жандуу ун менен ырдаганын уккуан элем. Эмнеси болсо да музыкалык билими .,таланты бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо