Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЖЫРАШКАНДА СТРЕССТЕН КАНТИП ЧЫККАНСЫЗ?

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

Азыркы коомдун трагедиясы ажырашуу десек болот. Сүйүшүп, бири-бирин жакшы таанып баш кошуп, бирок тез эле кайра ажырашып кетип жаткандар жок эмес. Адам ажырашууну кантип көтөрүү керек? Мурунку калыбына келүү үчүн канча убакыт талап кылынат? Анда аты таанымал адамдар бул күндөрдү кантип жеңгени тууралуу кеп кылалы.

Нурзат Токтосунова, «Заманыбыздын супер алып баруучусу»: «КАНТИП ӨЗҮНӨ КЕЛСЕ БОЛОТ ДЕП МАГА КӨП КАЙРЫЛЫШАТ»
– Турмушка чыккан ар бир кыз «жакшы жашайын, балалуу болоюн» деп жаңы жашоого аттанат. Бирок турмушта ар кандай болот экен. Азыр ажырашкан айымдар мага социалдык түйүндөр аркылуу же өзүмө телефон чалып деле «Ажырашуу ар бир эле адамга оор тиет болуш керек. Ошону кантип жеңдиңиз? Кантип жылмаюуңузду кайрып алдыңыз? Башты көтөрүп жашап кетүү үчүн эмне кылуу керек?» деп көп кайрылышат. Себеби ажырашкандан кийин жылдап өздөрүнө келе албай, ооруп, кадимкидей карып кетишет экен.
Мен жашоодо ушуну түшүндүм, сага кереги жок адамдар өздөрү эле жолуңдан четтеп кала беришет экен. Ажырашып кеткенден кийин кызыктуу китептерди көп окудум, жакшы адамдар менен баарлашып өзүмдү алаксыттым. Өйдө-төмөн сөздөр көп айтылат экен. Өзүмдүн баамды түшүргөн жокмун. Эч нерсеге карабай «баары жакшы болот» деп алдыга умтулдум. Албетте, башында ыйладым, анан башты бийик көтөрүп, белимди бекем бууп чыгармачылыкка кириштим. Бир туугандарың, жакындарың, сени жакшы көргөн адамдар үчүн жашашың керек да.

Добр, «Заманыбыздын супер рэп ырчысы»: «АРТЫМДА КАРА ИЗ КАЛТЫРГАНДАЙ БОЛДУМ»
– Кээде үйлөнгөн тааныштарга кезигип калып, «жашоо кандай?» десем «ажырашып кеттик» дегендер болот. Бирок аларга аты чыккандарга караганда бир аз жеңил болсо керек дейм. Эл көзүндөгү адамдарга караганда батыраак өздөрүнө келишсе керек. Анткени алардан «эмнеге ажыраштыңар?» деп тааныштары гана сурайт. А менден мени менен таанышы деле, телевизордон көргөнү деле жолуккан жерден улам сурап жараны тырмай беришти. «Кыялыбыз келишпей калды» деп кыска эле жооп берип кутулчумун. Жаңы ажырашканда мен да адамдардан, адамдар да менден качып калгандай туюлду. Өзүм түнт адаммын, ого бетер сыртка чыккым келбей, көздөрдөн качып, үйдө эле отуруп калгам.
Үй-бүлөм колдоду, досторум да ар кандай майрамдарына аралаштыра башташты. Ичимде ит өлүп жатканы менен, сыртымдан эч кимге билдирбегенге аракет кылчумун. Артымда кара из калтыргандай болуп бир топ кыйналдым. Ортодо бала жок болгондугуна сүйүндүм. Кандай болсо да баланы кыйнабаш керек да.
Жаш кезде ажырашам деп эч ойлогон эмесмин. Өзүбүз баскан жол, өзүбүз кетирген ката да, ошондуктан күнөө экөөбүздөн тең кетти. Азыр эми эки кишинин бири эле «качан үйлөнөсүң?» деп сурай беришет. Бир жолу ажырашкандан кийин экинчисинде майда-чүйдөсүнө чейин ойлонот экенсиң. Кыз-жигит катары көбүрөөк сүйлөшүп, оң-терс жактарын жакшылап байкап, анан баш кошуу керек экен деп калдым.

Айжан Эмилова, футболчу Азамат Байматовдун мурунку аялы: «ЖАКЫНДАРЫМ МЕНИ КҮНӨӨЛӨЙ БЕРИШЧҮ»
– Биз Азамат экөөбүз интернеттен таанышып сүйлөшүп калганбыз. Бир аз убакыттан кийин эле ал аэропорттон тосуп алып, үйлөнүү туурасындагы сунушун киргизип калды. Азамат бойдок кездеги сөздөрүнө турат го дегем. Бизде уруш-талаштар үйлөнгөндөн кийин бат эле башталган. Эгер мындай боло турган болсо эмнеге үйлөндүк деп жаман болуп жүрдүм. Таарынып ата-энемдикине да кетип калгам. Кечиримдүү болоюн деп кечирип, кайра келип да жашап көрдүм. Кийин телефон чалып кечирим сурап «кайра жарашалы» деди, мен «ортобузда эч нерсе болбойт» дедим.
Ажырашкан соң ата-энемдин, тууган-туушкандын алдында өзүмдү аябай жаман сезип жүрдүм. Жакындарым «сен чыдабай койдуң» деп мени күнөөлөп калышат. Мен жакшы эле чыдадым. Тамагын жасап, кийимин даярдап бардык аялдар жасаган нерсени жасап жүрдүм. Акыркы убакта мага эле эмес, менин ата-энеме да орой мамиле кылып калган. «Өлбөгөн адамга жаз да келет» дегендей, ажырашкандан кийин эле жашоо токтоп калбайт экен. Азыр деле жашоом уланып жатат, Кудайга шүгүр.

Айтурган Сатиева, 5-каналдын диктору: «АЗЫР ДЕЛЕ ӨЗҮМӨ КЕЛЕ ЭЛЕКМИН»
«Эки чыгармачыл адам баш кошушса баары жеңил болот, бири-бирин түшүнүп жашашат» деп көп айтышат. Бизде андай болгон жок, жолдошум Семетей деле журналистика чөйрөсүндөгү адам. Убагында ырчы Бекчорого продюсер болгон. Айрымдардай урушуп-талашпай, жаман-жакшы айтышпай, үч жарым жыл жашагандан кийин ажырашып кеттик. Мен башында бул убактылуу болсо керек, жарашабыз го деп жүргөм. Үй-бүлөлүү жашоого көнүп алган элем, анан ажырашуу оюмда же планымда жок болгондуктан катуу депрессияга кабылдым.
Ажырашкандан кийин моралдык, материалдык жактардан, албетте, түрдүү кыйынчылыктар болду. Жатаканадан бөлмө алып жашап жүрдүм. Курбуларыма да, жакындарыма да кошула албай, өзүмдү жаман сезип, жалгыздыкты эле каалап калгам. Бирөө менен сүйлөшкөндө, ал кино тууралуу болобу же жөн гана окуган чыгармасын айтып береби, мага тиешелүүдөй сезиле берчү. Ар бир бейтааныш адам деле «ии, бул ажырашып кеткен тура» деп сөөмөй кезеп карап жаткандай туюлчу. Мындай катуу депрессиядан чыгуунун жакшы жолу бир нерсеге алаксуу экен. Мейли, ал жөн гана хоббиң болсун. Мага бул учурда ак кагаз менен калем жардамга келди, өзүмдүн ой-кыялым менен жуурулуштуруп новелла жазганды адат кылып алгам. Ушундай кырдаалда жаралган чакан чыгармаларымдын саны 100гө чукул. Бирок аларды 1-чыккан китебиме кошкон жокмун. Анткени эмоция менен жазылгандыктан бир топ убакыттан кийин кайра карап чыгууну туура таптым.
Жолдошум аял алып алса эмне болом, ортодогу балабыз кантет деп ойлоно берчүмүн. Ойлогондой эле ал үйлөндү, баламды кээде атасы алып кетет да. Ошондо аялы менен деле көрүшүп калып жаттым, бирок таң калганым, мурдагыдай жан дүйнөм ооруган жок. Кадимкидей эле кабыл алдым. Мен бул суроонун үстүндө ойлоно берип, өзүмдү психологиялык жактан даярдап койгон экенмин.
Кыскасы, ошол убакытта өзүмдү такыр бош койчу эмесмин. Ыр жазам, кино көрөм, йога менен машыгам, жумушка даярданам. Үч жылдай болду ажырашканыма, азыр деле толук өзүмө келе элекмин. Бирок бардык нерсеге сабырдуулук менен мамиле кылганды үйрөндүм.

«Триумф-инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Түгөйлөр үчүн ажырашуу өтө эле кыйын. Ажырашуудан кийин сөзсүз түрдө бирине-бири таарынуу болот. Анткени чогуу түзгөн пландар, «өлгөнгө чейин чогуу жашайбыз» деген убадалар аткарылбай калганы кыйноого алып келет. Андан сырткары «колумдан келбеди, үй-бүлөнү сактап кала албадым» деген ойлор өзүн-өзү күнөөлөөгө түртөт. Андыктан ажырашканда, биринчиден, кандай күнөө кетирсе да түгөйүңдү кечирүү керек. Кечирбесе өзүнө эле туура эмес эмоциялар пайда болот. Түгөйүнө ыраазычылык билдирип, аны күнөөлөбөгөнгө аракет жасоо кажет. Катачылык экөөнөн тең кетет. Экинчиден, ар кайсы ойлорго алдырбай, жумушка баш-оту менен кирип алаксыганы жакшы. Жашоо улана берет, келечекке үмүт менен жашоо керек. Үчүнчүдөн, денени машыктыруу менен (физикалык көнүгүүлөр, бий, йога, спорттун түрлөрү) организмдеги стресстен калган нерселерди ордуна келтирүү керек. Анткени дененин жаш, чымыр болушу бизге жакшы маанай, жакшы эмоцияларды берет.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Ажырашуудан кийинки депрессиядан кантип чыкса болот?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(107)
06.01.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч ким ажырашпасын!
06.01.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу муноттор жана кундор гана болот тура.
07.01.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле турмуш курганда ажырашуу деген ойго келбейт.бирок ажыраган кезде эч кандай акыл насаатар да адамга жардам бербейт.убакыт баарын даарылайт.кайсы бир мезгилде ойлоносун,анчалык неге озумду отко салдым экеееен-деп.....
07.01.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ажырашкам.анткени кайненем "бай уй-булодон аял алып берем" деп уулунун кулак мээсин жеп "мен же катын" деп туруп алган.
07.01.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janila76 эжеке ажырашуу болбосунчу ээ мен да далай жолу байлыктын айынан азап чегип келетам гоо.баарыбыз кошкондорубуз мн кошо бололучу.
07.01.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым эч кимдин бешенесине сен ажырашасын, сен ажырашпайсын деп жазбайт. Ар ким озуно озу кылат ушул нерсени, болбогон байлык, ушак кептин айынан. Сабырлуу болойлу мусмулман бир туугандар.
07.01.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка тушсо байтал жорго деп коет каалабасан да тагдырга жазганын адам баласы тируу болгондон кийин баарын которот екен....Баардык уй булого бакыт
07.01.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жакында ажырашып кеттик 10 жыл жашап,мен торободум.Менин биринчи турмушумдан балам бар,аныкы жок болчуу.Башка аяал алам деп таштап кетти мени.Журогум ооруп,жалгыздыкты самап,эч нерсе конулумо жакпай кыйналып турган кезим.
08.01.2015. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызым м.н жон эле 2 3 кунго таарынышып калганда кыйналып кетем,Ажырашканды элестетсем коркуп кетем.Аллахым эчкимибизге мындай кунду корсотбосун тилегеним.
08.01.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу стресс коп ооруга алып келет экен туугандарым ажырашкандар кобу оорукчан болуп калышты ойлонуп эле отурат болчу ошол ой дагы жейт экен)))
09.01.2015. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр аялы менен эмне болуп ажырашып кеткен?
09.01.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашуудан Кудайым өзү сактасын!
SUPER.KG видео
09.01.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баардык эркек дебейин 70 %ти измена кылат,ошончо той кылып алгандан кийин Азаматтын деле. Ойу жакшы болсо керек,чыдап койбопсун
09.01.2015. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ажырашкандан кудай сактасын эч кимдин башына келбесин
09.01.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elmira da mark bersin Asamat jonundo
09.01.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ажырашпай эле жашайлы.
SUPER.KG видео
09.01.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Себепсиз ажырашуу болбойт, албнтте ортодо бир себеп бар. Ошон учун тоодой жашоо бузулуп жатпайбы. Ким эле жаны турмуш куруп жатып ажырашам деп ойлосун. Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында. Убакыттын отушу менен баарын билууго туура келет. Ортодо куноосуз балдарга эле кыйын, калганы улана берет.
SUPER.KG видео
10.01.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айжан ырыскысын которо албай кеткен окшойт.Орустар айткандай "от жира бесится" болуптур.Азамат кандай гана романтика мн колун сураган! Соонун той откоргон!Ар бир эле эркек мындай кыла албаса керек.Ошонун баарын,1 жумадан кийин "изменять" этем деп кылган жок да. Жакшы ой мн умут мн кылган деп ойлойм. Азаматтын кашыктап чогулткан абийрин, чакалап тогуп салыптыр. Мен ишенген жокмун Айжандын создоруно. Уй було очогун аялдын сабырдуулугу сактайт. Аял жакшы, Эр жакшы.
10.01.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бирине чыныгы суйуу бакыт каалайм эч ажырашуу болбосун
10.01.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы болот!- деген урааан менен жашаш керек.
11.01.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмушта сабырдуу,кечиримдуу,барга коппой, жокко чокпой ичимдик чеги менен болсо ажырашууга жол жок ..10 жыл болду быйыл жубайым мн турмуш курганыбызга
12.01.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidar.001, дагы көп жашагыла. Кудай жакшы күндөрүн аябасын силерден)
11.01.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы жолу кайра жарашуу, кечиримдуу болуу,алар бирибирин кутот, кутпостон кеч боло электе жарашыш керек.ажырашуудан кудай сактасын
12.01.2015. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dani2014, бир кеткенде баары нерсени ойлоп, таразага тартып, чын эле ушуну каалап жатабызбы, ажырашпоонун жолдору барбы деген суроолорду чечип анан ажырашып кетиш керек. Кайра биригип, кайра ажырашып жүдөбөй. Чоң апалар айткандай "жаман катын кетем деп коркутат, жаман күйөө өлөм деп коркутат" болбой.)
11.01.2015. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөөнүн үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишпегилечи, окурмандар! Аларды ого бетер стресске кабылтпай
12.01.2015. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийлерди окуп отуруп менде бир проблема бардай болдум. Анткени турмушка чыкканымда биринчи эле оюм "азырго мейли, үйлөнүп жатабыз жамандыкты ойлобой. А бирок ажырашып кетсек эмне болот? Ажырашсак да балалуу боло электе болсо экен" деген чирик ойлор келген башыма))
12.01.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitysha-91, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
13.01.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
... чымчыктын да уясы бузулбасын...
14.01.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени эки кун мурун апамдар алып келишти андай иштебеген эрдин кереги жок деп бирок окунучтуусу бугун боюмдан тушуруш учун дары ичтим. Апам эки бала менен кыйналасын алдырт деп койду. Бирок эми окунуп жатам чыдап турсам иштеп калат беле деп.


16.01.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча аялдар сабырсыз жана эн негизгиси эгосу азыркы заманда ото кучоп кеткен деп ойлойм себеби кайсы аял менен суйлошпо мен деп турат мен анттим мынттим деп эле турмушка чыккандан кийин аял киши мен дебей керек болсо карьерасын да таштап уй булоосун ойлоп куйоосуну аркасынан кетиш керек деп ойлойм (бирок ар кимдмн шарты ар кандай болушуьда мумкун) турмушка чыгып жатканда же уйлонуп жатканда бардыктнерсени тактап анан уйлонуш керек да уй було кургандан кийин адашып калдым дебей
16.01.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин созумду туура кабыл алгыла мен мен дегенди таштасанар эле бакыт силерди озу таап келет деп ойлойм.
Медиа-портал
26.07.2015. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуш куруу таенеңдин чайнегиби жөн эле капкагын жаап өйдөгө алып койгудай дегендей,жашоо оңой эмес.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо