Эмил, Самат: «ЭКӨӨБҮЗДҮН ТААРЫНЫЧЫБЫЗ 5 МҮНӨТКӨ ЖЕТЕТ»

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

«Тамашоудон» алгач Актан менен Акылай деп таанылып, кийин Самат, Эмил катары белгилүү болгон «Ак-Өргөдөн» чыккан эки дос бар. Алар кайда болбосун бирге. Экөө менен маектешип отуруп, чыныгы достор ушундай болуш керек деп койдум. Эмесе, сиздерге Эмил менен Саматтын достук тууралуу кызыктуу маегин тартуулайбыз.

– Эмил, Самат, силерди кайда болбосун чогуу көрөбүз. Достугуңар кандайча башталды эле?
Самат: – Эмил экөөбүздүн таанышканыбызга 11 жыл, дос болуп жүргөнүбүзгө 8 жыл болуптур. Эмил менден үч жаш улуу. Мурун ал байкемдин досу болчу. Кийин байкемден аны тартып албадымбы (күлүп). Эми болсо доспуз, «подружкабыз», бири-бирибизге стилистпиз.
Эмил: – Саматтын бир тууган агасы менин жакын досум болчу. Экөөбүз Саматты ээрчитип алып ар ким менен мушташтырып эле жүрчүбүз. Агасы «жеңилип калсаң биз менен урушасың» десе, байкуш Самат бизден коркконунан мушташар эле. Мурун инимдей эле болчу да. Баса, «Тамашоуго» чейин экөөбүз ырчы болобуз деп да жүрдүк.
– Саматтын ырчы болом дегенин уккан эмес экенбиз...
С.: – Ырас эле ырчы болбой калыптырмын. Ырчы болсом Кыргызстандан депортация болуп кетмек экем (күлүп). Чындыгында, мен бала кезде ямаха чертип, музыкалык аспаптарды коюп жүрчүмүн. Анан Эмил "барып сабак албайлыбы" деп Асылбек деген агайды айтып калды. Ошол агайга мен ямаха үйрөнгөнү, Эмил ырдап ийримге барып жүрдүк. Кийин эле «Тамашоу» Лигасы ачылып, ал жакка өтүп кетпедикпи. Буюрса, келерки жылы Эмилге жакшы ыр жаздырып, эл алдына чыгарсакпы деп пландап жүрөбүз.
– Силерде деле түшүнбөстүктөр болуп турса керек, ошондо ким биринчи жарашуу кадамына барат?
С.: – Урушуп кетип, бет карашпай калып сен-мен деген учур боло элек. Бирок кээде жумуш учурунда түшүнбөстүктөр болуп калат. Эмилдин өзүнүн мүнөзү, меники дагы бар дегендей. Уруша кеткенде экөөбүз тең ары басып кетебиз да, өзүбүзгө келгенден кийин кимибизден кеткен болсо, ошол кечирим сурайт. Бирок таарынычыбыз көп болсо 5 мүнөткө жетет. Анан бири-бирибизди карап кызарып-татарып, жазылып кетебиз. Кээде Эмил "мен улуумун, унчукпай калбайсыңбы?" десе, "брат, кечирип кой, от души эле" деп коём.
– Азыр "итиңер чөп жеп турган" убак. Ошол нерсе таасир этип, силерди өзгөртүп, «жылдыз» деген илдетке кабылдырган жокпу?
Э.:(Саматка кайрылып) Болду го, ээ? Же болгон жокпу? Ал нерсе өзүбүзгө билинбейт деле. Бирок бизге келип, "мындай болуп өзгөрүп кеттиңер" деп айткандар чыга элек. Чынында,
андайды Саматтан байкаган жокмун. Менде болушу мүмкүн. Себеби мен бала кезден орус мүнөзмүн. Бирөө-жарымга катуу сүйлөсөм, ошондой ойлоп алышы мүмкүн.
С.: – Андайдан Кудай сактасын. Эмил айткандай, өзгөрдүңөр деп уга элекпиз. Өзүбүз деле аны эске алабыз, команданын балдары дайыма чогулуп, жөнөкөй бололу деп сүйлөшүп турабыз.
– Ынак достордун кээде жүз карашпай калгандарын көрүп жүрөбүз. Силерде кийин андай нерсе болуп кетпейби?
Э.: – Мындай нерсе көрө албастык жана акчанын айынан болот. Бизде андай болгон эмес, болбойт дагы. Мисалы, Самат "мага акча жетпей жатат" десе, мен ойлонбой туруп ага берем. Кийин ал мага берет. Бири-бирибизди барчылыкта да, жокчулукта да колдоп келебиз.
С.: – Мисалы, машиналарыбызды деле ушинтип алдык. "Биринчи бирөөбүзгө, кийин башкабызга алалы" деп сүйлөшүп алганбыз. Эң жаманы, ортого бирөө кирип, эки жакты уруштуруп жибергени. Биз ошондой нерседен коркобуз.
– Бири-бириңерди мүнөздөй кетсеңер...
Э.:
– Самат оор басырыктуу, жокко чөкпөгөн, барга көппөгөн бир деңгээлдеги адам. Үйгө, досторго бир карайт. Көп нерсеге мага окшоп нервин коротпойт. Достор бири-бирин толуктап турушу керек экен да, мен анын тескерисимин.
С.: – Эмилди көргөн адамдар кыялы чатак деп ойлойт. Корс мүнөзү бар, бирок ошол эле учурда боорукер. Кайгылуу кинолорду көрсө эмоцияга бат берилип, ыйлап калат.
– «Чыныгы дос кыйынчылыкта билинет» деп коюшат эмеспи. Силерде да бири-бириңерди сынай турган учур болдубу?
С.:
– Андай учурлар экөөбүздө көп эле болгон. Башынан эле бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнүп, жардам керек болсо, колдон келгенин кылабыз.
Бир кызык окуя айтып берейин. Менин машинам ремонтто болчу. Эмилдин машинасын сурап, үч күн айдап жүрдүм. Күндө Эмилди үйүнө таштап коём да, үйгө айдап кетем. Үчүнчү күн дегенде ал чалып жатпайбы. «Кандайсың, досум, маанайың жакшыбы?» дейт. «Ооба, жакшы» десем, «маанайың жакшы болсо сенден бир нерсе сурайын дегем. Менин машинамды сени айдап жүрөт деп уктум. Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо, машинамды берип тура аласыңбы? Кайра берет элем» деп жатпайбы. Мен да алып барып бергенден кийин «кайра бергенди унутпа» деп таштап келгем.
Дагы бир кызык, экөөбүз күндө чалышып турабыз да. Бир күн чалбай койсом Эмил мага чалып, «сен мени унутуп калдыңбы?» дейт. «жок, унуткан жокмун, брат» десем, «Биз дагы деле доспуз да, ээ? Ошондой эле болсун» деп коёт. Кыскасы, көз тийбесин, экөөбүз дайым биргебиз.

"Алгач экөөбүз ырчы болобуз деп жүрчүбүз".
Актан жана Акылайдын образы Самат менен Эмилге популярдуулук алып келди.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Эмил экөөбүз подружкабыз" дейт Самат Эркинбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
05.01.2015. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Super.kg Саламат садыковаданда инт.ю алгылачы. Кызыкканым эженин ар дайым жаш болуп жургону жагат. Угушумча эже жаштыгын сакташ учун бетине сулудан маска жасайт экен. Ушул суроого жооп алгым келет.
SUPER.KG видео
05.01.2015. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы жигиттер! Талантынарды сыйлайм. Сонун маек болуптур. Ден соолук, ийгилик силерге!
05.01.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жонокой таланттуу жигиттер бар болгула талантынар ташкындай берсин.
05.01.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигиттерда
05.01.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардын корунушу эле кулкулуу да озу
05.01.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар! Жоп-жонокой, жасалмасыз маек болуптур. Силерге ийгилик!
05.01.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан менен Акылай го, Акылайы кобуроок жагат )
05.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кайсы жактан тарткан айтып койгулачы
05.01.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы)
05.01.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын маегин окуп олтуруп досумду эстеп, сагынып кетим...
05.01.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, экооно тен ийгиликтерди каалайбыз
05.01.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу экону корсом эле кулкум келе берет)) жакшы жонокой балдар рэспект!
05.01.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ бирок молодецтер!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-06 09:34:24
06.01.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda, мазактоодон алыс болуңуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
06.01.2015. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчиксинер да жоон эле.
Ийгилик!!!
06.01.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкаларга ушинтип үлгү болгулачы достор, бул балдардын эсимде калганы орусча сүйлөгөндөрү, анткени мен да орусча билбейм да
06.01.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат таланттуу жигиттер экотен, ийгилик
06.01.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмил самат алга
06.01.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ийгилик алга дайыма ушинтип жадырап жайнап журо бергиле.
06.01.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самат ырайы суук, бирок аябай жылдыздуу анан жонокой :-)
06.01.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланттынар ташкынбай берсин алга!!!!!
06.01.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар!
07.01.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы ийгилик анда!
SUPER.KG видео
08.01.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечаралар калчылдап тоңуп калышыптыр
08.01.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфону тамашоучулар ээлеп куйгуздуго
09.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун жылдыз сезип алышат. Билбейм кээде элдер кулот экен деп болбогон нерселерди суйлой беришет
10.01.2015. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар. ушунунардан эч тайбагыла
SUPER.KG видео
10.01.2015. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шириндер
11.01.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши кылып жүрүшөт. Мына куудул деп Тынарды, Күмөндөрдү, Келдибек Ниязовду, Абдылданы, Манасты айтат. Булар эмне, жөн эле чабактар да. эптеп көчө сөздөрү менен эле сүйлөй беришет. Ар бир сатиранын философиясы, таалим-тарбиялык мааниси болуусу керек. Жөн эле болбогон немелерди сүйлөй беришет.
11.01.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер ырчысы деле, шоучусу деле баары эле барып кино тасмага тартылып эле жатышат. Билбейм кыргыз кинолору ушундай оорудан качан сакаят, арылат? айтуу кыйын болуп калды.
24.09.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достугунар бекем болсун,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо