Азиз Мурадиллаев, «2014-жылдын супер актёру»: «АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН РОЛУН ОЮМДАГЫДАЙ АТКАРА АЛГАН ЖОКМУН»

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

«Курманжан датка» тасмасындагы Азиз Мурадиллаевдин «атың ким, чырагым?» деген суроосу учурдун трендине айланып баратат. Бүгүнкү коногубуз таланттуу актёр Азиз мырза бул жыл ийгиликтүү болгонун айтат.

– Азиз, саламатсызбы? Гезитибиздин тандоосу боюнча «Жылдын супер актёру» наамын алышыңыз менен куттуктайбыз! Өтүп бараткан Жылкы жылы сиз үчүн дагы кандай жагымдуу көз ирмемдер менен коштолду?
– Саламатчылык, кандайсыздар? Негизи бул жыл актёрлук карьерамда гана эмес, жеке жашоомдо да жемиштүү жылдардан болду. Улуу балам Шаа быйыл медициналык академиянын лицейин жалаң «5» деген баалар менен бүтүрүп жатат. Кызыл диплом алса, мени өтө бактылуу кылмак. Кичүү уулум болсо эрке, ал экиге окуса деле баары бир, чоңойгондо өзүм бутуна тургузуп алам. Мындан сырткары быйыл «Курманжан датка» тасмасынын бет ачары болуп, көп өлкөлөрдү кыдырдым, силердин гезитиңерден «Жылдын супер актёру» наамын алып отурам, бул деле эмгегимдин акыбети. Добуш берүү жүрүп жатканда аябай кабатыр болдум, мага добуш бере турган адамдар көп эле болчу, бирок сайттын шарттарын түшүнбөй бере албай калышты. Ошентсе да сурамжылоодо бир топ алдыга озуп кетипмин, мага добушун берген күйөрмандарыма рахматымды айтам.

– Бул тасмага кантип тартылып калдыңыз эле?
– Алымбек датканын ролун алып калганым өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Мен негизи өзүмдү тарыхый тасмаларга, андан да Алымбек датканын ролуна жарабайт болушум керек деп ойлоп жүргөм. Эл сыяктуу эле кастингге бардым, айтканын аткарып бердим, болгону ушул. Кийин телефон коңгуроо кылып, менин Алымбек датканын ролуна бекитилгенимди айтышты. Кастингдеги актёрлорду Акылбек Абдыкалыков, Садык байке (ред. Садык Шер-Нияз), Жылдызкан Жолдошевалар кабыл алышкан. Мени тандашканына караганда менден кандайдыр бир «изюминканы» табышса керек.

– Алымбек датканын ролун жеткире аткардым деп ойлойсузбу?
– Жок, жеткире, оюмдагыдай аткара алган жокмун. Мен кинону жети жолу көрдүм. Бирок негедир мага бир нерсе жетишпегендей туюла берет. Балким, бул монтаждандыр же башка бир себептен, кээ бир учурлар бар, көргөн сайын өзүм кыжалат боло берем. Дагы бир нерсе айтайын, эч бир артист каарманды толугу менен ачып бере албайт. Себеби мен башка адаммын, ал эми Алымбек датка башка адам. Толук ачып бериш үчүн Алымбек датканын өзү болушу керек. Миң аракет кылсам да Алымбек датка боло албайм.

– Аткарган ролуңуз тууралуу кандай пикирлерди уктуңуз?
– Кино тармагында көп жылдан бери иштеп жаткан тажрыйбалуу адамдар чалып, «буга чейинкилериң баарын кошкондо да Алымбек датканыкына жеткен жок, буга чейинки ролдоруң бир тең, Алымбек датканын ролу бир тең болду» деп ачык эле айтышты. Өзүм деле муну танбайм, бул роль актёрдук карьерамдагы эң ийгиликтүү ролдордун бири болду. Балким, мында Алымбек датканын колдоосу бардыр, балким, өзүмдүн аракетимдир, ким билет. Бул киного тартылып жатканда баарынан Курманжан датка менен Алымбек датканын урпактарынан корктум. Мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү роль болду. Кудайга шүгүр, урпактары кино жарыкка чыккандан кийин жакшы кабыл алышты, мен ошого кубанам.

– Актёрлордо «кандай роль аткарсаң ошол нерсе башыңа келет» деген ишеним бар экен. Ушул сыяктуу түшүнүктөргө ишенесизби?
– Менин бир нерсеге ишенишим өтө кыйын болчу. Бирок Сыймык Бейшекеевдин клибинде мени атып кетишет. Ошол клипке тартылгандан кийин кырсыкка учурап, жеңил жаракат алгам. «Президент жана бомж» тасмасында досумду чаап жиберген эпизод бар. Мен чапкан актёрдун апасы кинонун бет ачарына келип мени «колуң сын» деп койгон экен, ошондон кийин колумду сындырып алдым. Ишенбей жүрүп эле азыр минтип ишенип калдым (күлүп).

– Популярдуулукка болгон мамилеңиз кандай, бул нерсе сиз үчүн эмне?
– Популярдуу адам – бул элдин адамы. Демек, сенден үлгү алып жаткан жаш муунга үлгү көрсөтүүгө, өзүңдү татыктуу алып жүрүүгө милдеттүүсүң. Учурунда мен башкаларга үлгү болууга аябай аракет кылдым. Машина алганым да ушул популярдуулуктун айынан болду. Өзүм дегеле машинага жакын адам эмес элем. Бирок коомдук транспортто элдер сага угузуп эле «ошол, жок, ал эмес» деп талашып калса, өзүңдү ыңгайсыз сезет экенсиң.

– Үйдө кандай атасыз, кожоюнсуз?
– Өзүмдү жарнама кылганга өтөйүнбү? Үйдө мээримдүү атамын, улуу баламды көп эркелетпесем керек, бирок кичүү уулумду аябай жакшы көрөм, бир көз карашын элестеткенде эле бүт дүйнөнү колуна карматкым келет. Негедир Кудайдан мен уул баланы эле тилене берген экенмин, минтип чырактай эки уулдун атасы кылып койду. Өзүм 18 жашымда группалаш кызыма үйлөнгөм, азыр уулум 18де. Эрте үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, кеч үйлөнсөм азыр баламдын памперсин алмаштырып отурмакмын да.
Тарбияга катуу эмесмин, балдарыма кол көтөргөн жокмун. Бирок сөзүм катуу, балдарым менин көз карашымды бир тиктешимден түшүнүшөт. Мисалы, улуу балам менин кинолорумду достору менен көргөндөн уялат. Жаштарда ич ара өздөрүнүн түшүнүктөрү болот. «Во, Шаанын паханы го» десе керек да достору мыскылдап (күлүп). Үйдө чарбачыл эмесмин, аябай жалкоомун, ошентсе да бир жумуш кылсам майын чыгара кылам. Бирок ар кимди жумшай бермейим бар.

– Актёрдун тапканы менен үй-бүлө бакса болобу?
– Көпчүлүк артисттер жыргап жатат деп ойлошот. Көп эмгектин артынан эптеп үй аласың, машина аласың, бизде шарт чет өлкөдөгүдөй эмес, аларга жакындабайт дагы. Керек болсо актёрлордун айлыгынын эсеби менен банктан насыяга акча да ала албайсың. «Сиз мынча айлык менен качан төлөп бүтөсүз, тамекиңизге да жетпесе керек» деп күлүшөт.

– Тасма талаасында көпкө чогуу иштеп, чогуу жүргөн өнөктөш актрисаларга сезимдер ойгонгон учур болгонбу?
– Кимге ыктаганыңды түшүнүп жатам. Айжан Акылбекованы айтып жатсаң керек. Көнүп калуу, жактыруу сезимдери болот, бирок чыныгы сүйүү эмес. Негизи эле мен тасма талаасында бардык өнөктөштөр менен мамилени жакындатып, ага тартылганга аракет кылам, болбосо кантип аткарасың?

– Анда ушуну улай эле суроо, «Чиркин өмүр» сериалында Айжан Акылбекова менен өбүшкөн эпизод бар, ошондо жубайыңыз кызганды беле?
– Азыр ал эпизод жок, алынып салынган. Аялым кызганбайт, анткени өзү да чыгармачыл адам, мени түшүнөт. Кээде эле «сенин эмнең калды экен?» деп тамашалап койбосо. Мен өзүм аялзатын өтө кызганам. Ошон үчүн да атам каза болуп, апам жалгыз калганда менин мүнөзүмдү билип турмушка чыккан жок. Аталган эпизод тууралуу кызыктуу окуя айтып берейин. Улуу балам анда кичинекей болчу, сыналгыдан ошол эпизодду көрүп калып «фу, папа, орустарга окшоп кантип өбүштүң?» деп жатпайбы. Кичинекей да, орустар эле оозу менен өбүшөт деп ойлогон окшойт.

– Жаңы жылга карата элге каалоо-тилегиңиз?
– Көпчүлүк «Жаңы жыл исламда жок, бизге туура келбейт» деп айтышат. Бирок бул майрам элге ырахат тартуулоочу кубанычтуу күн. Кадимки Нооруз, Айт майрамдарынан кем калышпайт. Элиме бул майрамда эң башкысы тынчтык каалайм. Токчулук, молчулук, бейкутчулук өкүм сүргөн жылдардан болсун деп – өзүңөр тандаган ушул «Жылдын супер актёру» Азиз Мурадиллаев.

– Маегиңизге чоң рахмат!

«Алымбек датканын образы ролдорумдун эң көрүнүктүүсү болду».

«18 жашымда үйлөнгөн группалашым мага сүйүктүү жубай болуп, чырактай эки уулду төрөп берди».

«Ата-энем экөө тең актёрлор. Ыраматылык атама мен абдан окшош экенмин».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Ачык эпизодго тартылгандан кийин чалуулар көбөйгөн" дейт Азиз Мурадиллаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
04.01.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Профессианал актер! Маеги да аябай маанилуу.
SUPER.KG видео
04.01.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы актёрсуз,мындан ары да чыгармачылык ийгилик каалайм сизге!:-)
SUPER.KG видео
05.01.2015. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик сизге;)
SUPER.KG видео
05.01.2015. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы маек
05.01.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле атанызга аябай окшош экенсиз.
05.01.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уулу бодгондон кийин окшошотта
05.01.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aziz baike olo jagatta. Yi-bylolyk bakyt kaalaim, baktyluu bolunuzdar!
05.01.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай эле жакшы аткарган Алымбек Датканы мага аябай жагат аткарганы
05.01.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен муну жаш эле деп журсо, баласы чоноюп калган турбайбы
05.01.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин оюмча, сиз Алымбек датканын ролун мыкты аткардыныз, сиз эмнеге ал ролду жакшы аткарбадым деп жатканынызды мен билбейм,бирок мыкты аткаргансыз. Атанызга аябай окшош экенсиз!)))
05.01.2015. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын! Образды жакшы ачып бергенсин .Эли-жерин суйгон мээримдуу ,боорукер датканын образын жараткансын.
Китептен окуган чыгармаларда бай-манаптар катаал болушкан деп билебиз. Ишине ийгилик ,балдарын сыймыгын болсун!
05.01.2015. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага да аябай жагасыз да. Ролунуз эн сонун аткарылган. Супер актер наамыныз кут болсун.
SUPER.KG видео
05.01.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты актер. Наамга татыктуу
06.01.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун ойногон азамат. Уй-булолук бакыт каалайм!
06.01.2015. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы аткаргансыз деп ойлойм Алымбек датканын ролун.Анан да "Чиркин Омурдогу" образыныз да жагат.Ошондон улам биз сизди коргон сайын (атынызды билбей экем анда) Эркин дечубуз.Аты-жонунузду Курманжан Даткадан улам билип алдым.Ысымын ким,чырагым?-деген менин кунумдук созум болуп калды окшойт.
06.01.2015. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты актёр Азиз байке чыгармачылык ийгилик !!!
06.01.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы актёрлор өзүн көтөрө чалуудан тайсалдап, дайыма "эл баалайт, эл таразалайт" дешет, өзүнө сын көз менен карашат. Бакыт Осмонканов айтыптыр, "мен жеткиликтүү ойнодум" ("Бир тууганчик" тасмасында) деп. Кандай ойногонун көрбөдүм, балким, чын эле жакшы аткарса керек,бирок бир роль жаратып коюп эле "мен..." деп төш каккылаганына зээниң кейийт да. Азиз мырзадан өрнөк алышса дейм кийинкилер
06.01.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А Азиз мырза мыкты аткарса керек, мен буга ишенем.
SUPER.KG видео
06.01.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mykty maek, mykty akter menen! Iygilik jana den sooluk sizge.
07.01.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы аткарган дегеле Курманжан датка киносу жакшы чыккан. Бирок тез эле бутуруп койгон да. Китеп менен дал келбейт. Бул кинону сериял кылып Чынгыз ханга окшотуп коп кылып чыгарыш керек эле да .
SUPER.KG видео
07.01.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai jakshy maek beriptir....
08.01.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ишинерге ийгилик
09.01.2015. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы актер. Ийгиликтерди жана бекем үй бүлөөлүк бакыт каалайм!
09.01.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйом да ушу артисти,абдан суйом!
09.01.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн мыкты ойногон, Азиз байке, сизге добуш бергем
09.01.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат катыра аткарган,ишине ийгилик
SUPER.KG видео
10.01.2015. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы актер,мага боз уйдун артынан спартивкачан чыга калат деген жери аябай жакшы
SUPER.KG видео
24.01.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кино коргозулуп жатканына эмне себеп болду уурдалганы чынбы
Медиа-портал
10.01.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат! Алымбек датканын ролун мыкты аткарган, ушундай
Медиа-портал
10.01.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
патриоттук, тарыхый тасмалар дагы да коп тартылса сонун болмок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо