Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОШ АЭРОПОРТУНАН КУРАЛЧАН КИШИЛЕР 5 МИЛЛИОНДОН АШЫК ДОЛЛАРДЫ ТОНОП, БИР ЖАРАНДЫ БАРЫМТАГА АЛЫП КЕТИШТИ

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

27-декабрда Ош эл аралык аэропортунда ойго келбеген, кинодогудай окуя болуп өттү. Күндүзгү саат 10:00 чамасында «спецназ» деген жазуусу бар формачан, көз айнек тагынган, автомат менен куралданган 5 адам аэропорттун VIP залынан бир нече миллион доллар акча салынган баштыктарды тартып алып, өздөрүнө кошуп бир жүргүнчүнү барымтага алып кетишти.

КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН БИРИНИН ФОТОРОБОТУ ТҮЗҮЛДҮ
Кылмыш тууралуу Ош шаардык жана облустук ИИБинин басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси ЖЕҢИШ АШИРБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып өттү:
– Окуя Ош эл аралык аэропортунун түштүк-чыгыш тарабындагы текшерип өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан сыйлуу конокторду тосуучу (VIP) залынын Ош-Үрүмчү авиакаттамына жүктөрдү даярдап жаткан учурда болгон. Ал жерге беш адам кирип келип, алардын бири колуна тапанча жана видеокамера кармап жүргүнчүлөргө «Атайын операция жүрүп жатат. Жерге жаткыла!» деген буйрук берген. Алардын төртөө аркасында «спецназ» деген жазуусу бар кара формачан жана Калашников автоматтары менен куралданган экен. Дагы биринин колунда Макаров тапанчасы, экинчи колунда видеокамера болгон. Жүргүнчүлөргө таандык 5 баштыкты жана анын ээси болушу мүмкүн деген ойдобу, айтор, бир жүргүнчүнүн колун скотч менен байлап, алып чыгып кетишкен. Андан соң мамлекеттик номуру «D 0118» болгон ак түстүү Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаага отуруп, из жашырышкан. «Жерге жаткыла!» деп буйрук берген адамдын фотороботу түзүлдү. Ал болжол менен 30-35 жашта. Боюнун узундугу 168-170 сантиметр, азиат түспөлүндө.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Уурдалган акчалар бир нече кишиге таандык, кыргыз ишкерлеринин Үрүмчүдөн товар алып келе турган акчасы экен. 5 баштыкта болжол менен 5 миллион 679 миң доллар болгон деп жатышат. Ишкерлер акчаны топтоп, бир ишкерге санап берип, аны декларациядан өткөрүп жаткан учурда ушундай кылмыш болуп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам азырынча биз ишкерлердин да, фирмалардын да аттарын атай албайбыз.

«КЫЛМЫШКЕРЛЕР БОЮНЧА БИР ТОП МААЛЫМАТТАР БАР»
Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙ НУРБАЕВ буларга токтолду
:
– Кылмышкерлер өздөрү менен кошо алып кеткен адам Араван районунан табылды. Барымтага алынган адам туристтик фирманын Руслан аттуу 35 жаштагы кызматкери экен. Ал жабыр тарткан жок. Башына мүшөк кийгизип коюшкандыктан, ал кылмышкерлердин өңүн жана кайда кеткендерин көргөн эмес. Ал адамдын уурдалган акчаларга эч кандай тиешеси жок экени аныкталды. Уурдалган акча 5 фирмага таандык болгон. Кылмышка байланышкан бир топ маалыматтар бар, бирок иликтөө, тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кылмышкерлер табылмайынча азырынча ачыкка чыгара албайбыз. Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматкерлерине да кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Аэропорт өзгөчө маанидеги объект болгондуктан, аны атайын күзөт кызматкерлери, транспорттук милиция кызматкерлери кайтарышат. Андан сырткары чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөрдү чек ара кызматы да текшерүүгө алат. Ушундай өзгөчө маанидеги объектте, анан калса анын VIP залында чак түштө куралчан адамдардын ээн-эркин ишкерлерди тоноп кетишине булар кантип жол берди деген ой туулбай койбойт. Аэропорттун жетекчилиги менен байланышууга такыр мүмкүнчүлүк болбоду. Ал эми чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгынын маалымат кызматкери Салкын Абдыкарыева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жүргүнчүлөр аэропорттун ичинен текшерүүдөн өтүп, учакка бара жатканда биздин текшерүүдөн өтөт. Окуя аэропорттун ичинде биздин кызматкерлердин текшерүүсүнө чейин болгон.

БУГА ЧЕЙИН ДА ИРИ СУММАДА АКЧАЛАР ТОНОЛУП КЕЛГЕН
Биз буга чейин өлкөбүздө белгисиз адамдар тарабынан тонолгон акчалар туурасында жазып, алардын изи толук ачылбай келе жаткандыгына токтолгон элек. Алардын кээ бирлерин эске салууну туура көрдүк.
2013-жылдын 9-ноябрынын түнүндө Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан куралданган 5 кылмышкер Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургунуна ок чыгарышып, ири өлчөмдөгү акча салынган 2 баштыгын тартып алып кетишкен. Жабырлануучу кылмышкерлердин артынан кууп, алардын бирин кармаганга жетишкен. Жабырлануучунун айтымында, баштыктарда 4 жарым миллион доллар болгон экен. Ал акча «Кара-Суу» базарында иштеген бир канча ишкерге таандык болуп, Түркияга алтын-зер буюмдарын алып келүүгө жиберилип жаткан. Кармалган жарандын жанында чет өлкөлүк үлгүдөгү курал жана уурдалган акчанын 1 миллион 129 миң доллары болгон. Калган акчалар кылмышкерлердин колунда кеткен.
Бул кылмыш боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип дагы 2 жигит кармалып, калган экөө ушул убакка чейин кармала элек. Кылмышка шектелип кармалгандардын жактоочусунун жазган арызынын негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерине «кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алган» деген айып тагылган. Бул иш боюнча сот жакында эле жыйынтыкталып, кызматкерлер акталган. 1 миллион 320 миң доллар гана ээлерине кайтарылган. Калган акчалар эми табылып, ээлерине кайтарылып бериши күмөн.
2014-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында да ири тоноо болгон. Анда «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин кызматкерлерине белгисиз кылмышкерлер ок атып, инкассаторлордун унаасындагы 1 миллион 770 миң 457 доллар жана 6 миң евро салынган баштыктарды карактап кетишкен. Натыйжада күзөт агенттигинин эки кызматкеринин бири ур-токмоктон, экинчиси октон жараат алып ооруканага жеткирилсе, аталган күзөт агенттигинин 45 жаштагы жетекчиси тийген октон көз жумган. Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бети да эмгиче ачыла элек.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(52)
06.01.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кылмыштында артында чондор бар машинанын номери менен эле таап алышмак чындап издешсе.
06.01.2015. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СНБ иштейби озу бизде?
?
06.01.2015. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спецназ кимдер. Анан кантип эле чон аэропортто камералар болбосун бир кичинекей эле обмен валютта 3-4 камера бар. Анан далилдер да коп экен машинанын номери м.н оной тапса болот. Милициялардын чонун коркуткан же милициянын эле иши го.
06.01.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тунгуюук болуп кетиптир
06.01.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кылмыштын бети ачылбайт менимче, себеби жогору жактан бироо бар колдоп турган.
06.01.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бунун баарын чондор кылып атат да..канча акча жоголду деги табылбай келет.а адам олтурсо 2 кундо табат мындай туура эместа
06.01.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кылмыш иши козголуп.тергоо иштери журуп жатат"баякы эле куру создор издемиш болуп журо беришетда убакытты созуп
06.01.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоок урдагандарды тез эле табат бул ууруларды издей алышбайт акча чечип жататда
06.01.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камере жок бекен тоба
06.01.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kandai adamdar kop, nervimdi ushundai krim infolordy okup ketirgim kelbei kaldy. Olturguchu da, uurysu da aman bolushsunchu. Po lyubomu onoi albaibyz biz adamdardy, birok jashoo oz orduna erteli-kech koyup koiot
06.01.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жукпайт ошол акча бир жеринен тешип чыгат кадимкидей ишене бергиле кадимкидей соройюп чыгат миң жолу жашырсын миң жолу таппай койюшсун баары бир
06.01.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кургур. кичинекей мекенибизде урой учурган окуЯлар байлык убактылуу нерсе ..этият болгула! озунорго сак болгула!
06.01.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра эле келип карапайым калктын акчасын тоношот да бизде тигил жактагылар, тиягынан да биягынанда.
06.01.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото тан калыштуу,баягы аэропортко кирип баратканда аябай кылдаттык менен текшерген кузоттогу кызматкерлер эмнени карашкан ключ, монетага чейин карап откорчу эмес беле...? Акча ээлери да мындай сумманы накталай алып журушпой, кантсе да XXI кылым банктан же башка которуунун айласын тапса болмок экен...
07.01.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Junge, Окуя аэропорттун сыртында болуп жатат. Ал жерде милиция кызматкерлери кузотуш керек. Аэропорттун озунун кызматкерлери оз постторунда турат, бекер адам жок эки жакка басып жургон.
07.01.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен, билген адам жасады да бул ишти, кимдин кандай иши бар бллбосо акча менен!
07.01.2015. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фото роботу да жакшы экен:-)
07.01.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камера жок экенине ишенбей жатам кантип эле камера жок болсун экинчи борбордо ушундай чон аэропортто кузот анча эместиги кулкунду келтирет ошону билген эле бироо кылган
07.01.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйун Омурзаков деген жасаган муну гарантия
07.01.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatsharipbekov, доказательство болсо жардам берсенер болчудай экен, бир нерсе билет окшойсунарго...
08.01.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatsharipb мен дагы ошентип ойлоп жатам себеби анын иниси мухамадумар шектуулор кармалса бошотуп койгула деп жатыптыр
07.01.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайча ошондон чоон аэропортто камера болбосо, уят эле, анан дагы чак тушто канттип байкашпайт,
07.01.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин билишимче аэропорттон 10 000 $ ашык акча откорулбойт анан ошончо акчаны кантип откорушот. Бул иштин артында атту баштуу бироо турат ошого ачылбай ататда кылмышкерлер буларды окуп коюп отурса керек колунардан не келмек эле деп, изилдеген адамга ошол акчадан биртке берип койсо жабылат. Короче айта берсе соз кобойот...
09.01.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Детектив китептердеги суроттордун бироосун фоторобот деп суйроп келип коюшканбы?
09.01.2015. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калыштуу тообо.
10.01.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акалар катуу кетиш кен го
10.01.2015. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок.
11.01.2015. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени камерада жазылган видеону кордум милиция да карап эле турат акчаларды ташып салышканы да баары тартылган бирок жакындатып коргонго болбойт окшойт алыстан тартылган
11.01.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буга менттердин салымы ото чон оздору кошо
11.01.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аэропорт сотрудниктери келген кеткен адамдарды тоноп ошондой эле законсуз жоруктарды жасат да. Оз ишин жасабай таксисттерге клиент сатышат. Ошолор эле да сатылат. Ал конумуш иш алар учун
11.01.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй бул озубуздун чондордун эле мафиясыы. Саат мынчада мынагы рейсте мынча акча кетет деп оздорунун эле адамы саткан анан баягы суйун пуйунунор алакуш деп авчаркаларын жонотту да. Кыргызстанда болуп жаткан жаман окуялардын баары АШАнын айынан болтат. Коргону козум жок.
11.01.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ кызыкдай спесназ деп ойлоптур башта мейли анысыда акча алгандан кийин артынан кууп жетсе болбойтбекен ээ и анан машнасын номеричи кимдики кимдики????? азыркы копчулук ХХХ жузсом таштапкетчи дегенден башкага жарабайтко
Модератор admin_superstan түзөттү 12.01.2015 11:33
12.01.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Loka, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
12.01.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базарда иштеген ишкерлердин акчасы болсо табылбайт. Аны бийликтеги жеп жутарлар эле уюштурган. Тобоо алар эч тойбой коюшту го.....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо