Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КҮЛКҮӉДҮ САГЫНДЫМ...

№635 2-январь-8-январь, 2015-ж

– Эсиӊдеби экөөбүз бекетте түнөгөнүбүз? Ошондогу аябай ачка болуп, бир нанды бөлүп жегенибиз эсиӊдеби?
– Дагы баштадыӊбы? Башым ооруп турат...
– Мени жүзүмдөн сылап, өп­көндөн жадачу эмессиӊ. Ошол экөөбүз ижарага алган батирде жарытылуу идиш-аяк дагы жок болчу. Апам белекке берген табакты кокусунан сындырып алып ыйлаганым эсиӊдеби? Сен мага «жаным, сага мындайдын миӊин алып берем, болгону ыйлабачы» деген элеӊ.
– Кудай үчүн токтотчу наа­лыганыӊды!
– Колубузда эч нерсе жок, суу менен нан жеген күндөрдү сагындым. Биз анда бактылуу эмес белек. Сен мени өзгөчө тиктечү элеӊ.
– Ал кезде сен дагы мындай эзилген неме эмес элеӊ! Деги сенин күлүп-жайнаган кү­нүӊ болобу?! Адамды өлтүрүп ты­насыӊ го, ээ?
Биздин күнүбүз дайыма ушундай аяктайт. Урушпай жай сүй­лөшкөн күнүбүз жок. Мени асмандагы айга теӊеп, ааламдагы жылдыздардын баарын алаканы­ма салам деген сүйүктүүм азыр
ошол жылдыздардай быжыраган кыздардын койнунда жатат. Кайсы күнү, кайсы мүнөттө мунун баары башталып кетти, түшүнбөйм.
– Жан, бүгүн канчада ке­ле­сиӊ?
– Дагы ушул сурообу? Канча жолу айтыш керек, бул суроону мага экинчи бербе! Ойноп жү­рөмбү мен?!
– Кечки тамакты канчага даярдайын деген элем болгону, эмне кыйкырасыӊ?
– Даярдабай эле кой! Мага тамактын кереги жок, кафеден ичип келем.
Кайра эле чырдашабыз. Экөө­бүз бир короого батпаган эки иттей болуп калдык. Качан­дыр бир кезде биздин эриндер дагы чоктой ысык махабаттын жалы­нына какталгандыгына өзүм да
ишенбей кетем. Бири-би­ри­бизди көр­гөндө кө­зүбүздөн куба­ныч­тын жашы акчу эмес беле.
– Сен АКШдан келерде аэропортто 12 саат күтүп отурганым­чы. Жүргүнчүлөрдүн арасынан кызыл плащыӊды көр­гөн­дө кубанганымдан «асылым» деп кыйкырганымды унутуп кал­дыӊбы?
– Уф, ажырашалыбы?
– Асылым, сен дагы эле мен­диксиӊ да. Жүрөгүмдү эзбечи. Кыйналып кеттим, ажырашпайбыз. Мен сенсиз бул жарыктыкта кантип өмүр сүрөм, өлүп калбаймбы. Макул, аныӊ менен деле жолуга берчи. Бирок мени менен ажырашпачы, суранам. Дагы чыдабастан алдыӊда тизелеп жалбардым. Эртеси эле кайра баштадым.
– Экөөӊдү дүкөндөн көрүп калганымда үйгө келип асынып өлгүм келди...
– Токтот дейм!
– Экөөбүз эми адамдарча жашай албайбыз да, ээ?
– Малика, өзүӊдү колго алчы. Антип мени иренжитпечи, мынчалык жалдырабачы. Мен сени кечире албайм. Жолдошунун көзүнө чөп салат деген оӊой иш эмес да.
– Асылбек, ал экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Ооба, ага жолукканым чын, бирок жөн гана сүйлөшүп отурганбыз. Ишенчи мага. Сен деле тигиниӊ менен жолугуп жүр­бөйсүӊбү, теӊ-теӊ болду да.
– Ооба, бир күн, бир түн сө­зүӊөр бүтпөй кыйын болгон силерге...
– Билсеӊ, ал менен өткөргөн түн сени менен өткөргөн бир мү­нөткө да татыбайт. Мен сени сүйөм...
– Анда ага мени катуу сүй­гөнүӊдөн жолугуп жүр­гөн­сүӊ да, ээ? Мен сени жубайлык­ка алгам. Биз үй-бүлө элек. Адамча жашаганды өзүӊ каалабай койбодуӊбу?
– Сени сүйөм... Мындан башка эч нерсе айта албайм. Билем, айтканга акым да жок. Алсыз­дыкка алдырдым, анын жылуу сөз­дө­рү­нө эридим. «Сени сагындым, эмнеге мени күтпөй турмушка чыгып кеттиӊ?» дегенинен...
– Ал сени жөн гана колдонду, а мен эми сени минтип жазалайм. Малика, бул жашоодо ар бир адам жазасын алыш керек. Менин таза сезимимди бул­га­дыӊ. Эми мен дагы сени кыйнап жашайм.
– Билем...
– Билсеӊ анда жолуӊ ачык. Көзүмө көрүнбөй жок болуп кетчи!
Мындай күндөрдүн башыбыздан алгачкы жолу өтүшү эмес. Канча ирет үйдөн чыгып кеттим. Жаным, экинчи бул ка­тамды кайталабайм. Болгону мени сүй­гөндөн, мага кайрадан ишенгенден коркпочу. Сенин жаркыган күлкүӊдү аябай са­гындым.

Малика

Нуркыз Курманбек кызы
 
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(38)
05.01.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеси тушунуксуз аялы куйоосунун козуно чоп салган ал эми куйоосу ал учун жазалап жатат башка кыздар менен суйлошуп
05.01.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dari, ааа кокуй рахмат мен да тушунбой аттым эле))
05.01.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хм эмне деген.Тушунуксузго вообще.
05.01.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунт коюп окусанар тушунуктуу эле жазылган!
06.01.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, эмне жонундо жазылыптыр, тушундуруп жазып койсон
06.01.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарийлерди окуп бир жыргап кулдум
06.01.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тушунуктуу элег0,ушуга тушунбогондорду тушунбодум)
06.01.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунуктуу эле жакшылап окусанар,Dari мааниси син туура жазган,тушунбогондор окугула
06.01.2015. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондуктан эркектерди очоштурбош керек! Антпесе моминтип оч алат!
06.01.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур
06.01.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тушундум себеби бул окуя мага тааныш
06.01.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда башында эч эле тушунбой аттым эле анан чоп салган жерине келгенде тушундум, бул байкуш Малика бизде арманын жазыптырда куйоосуно жалынганын, мен эле тушунбой аттым окшойт десем баарын эле мендей болупсунарда :)).
06.01.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарийлерди окуп аябай кулдум
07.01.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабак болчудай экен сонун жазылыптыр...
07.01.2015. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да тушунбодум кыргызча жазгылаа киргизче эмес
09.01.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay, "Озбекче эмес, Кыргызча жазгыла" десен гана?!!
07.01.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте колун менен жасаган ишине башын менен азабын тартасын дейтко... ырас кылат аздык кылат
08.01.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ар бир пендесине ыйман берсин! Тугойлордун бири-биринин козуно чоп салгандан сактасын...
08.01.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге тушунгон жоксунар тушунуктуу эл жазылыптыр го. бирок мындайдан кудай сактасын
08.01.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге тушунбойсунор аялын башка эркек менен коргон куйоосу аялынан оч алыш учун ар аялдар менен журуп кетиртир ошонун айынан кундо уруш
09.01.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча эле так-даана жазылып туратго!
09.01.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии комменттерге ичим эзилип калды ...
09.01.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошу бар туруп ошол жолго баргандан сакта
09.01.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек "чөп салса" го мэйли кечиримдүү, себеби сволочь болуп жаралганбыз бул дуйнөгө...бирок кыз га мындай кылуу кечиримдүү эмес!)
09.01.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аз маз тушунуп калдым эле.комменттерди окуп толук эле тушундум окшойт.
10.01.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
opboo
10.01.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармадан да комменттер кызык экен, жанымдагылардын оозун ачырып жыргап кулдум ) ) )
10.01.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулкусун сагыныптыр да))))
10.01.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ач калып деп жатып эле америкадан келгенинде дептирби? бул коп жылдык жашоодон бир бир чым чым окшойт чамамда.
11.01.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
комменттеринерге боорум эзилгенче кулдум
14.01.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек изменаны кечириши мумкун эмес...
15.01.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек кечирбейт бирок унутуп калат,а аял кечирет бирок унутпайт)))
20.02.2015. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намыс менен Суйуунун курошуго бул..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо