ТӨРТ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ЖАРАН ЖАТАК-АБАККА КЕСИЛДИ

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы 4 кишини сүзүп өлтүргөн айдоочуга 17 жылга жатак-абакта жазасын өтөө чечимин чыгарды. Ал эми чырактай балдарынан ажыраган энелер соттун өкүмүнө нааразы болушууда.

ЧЫГАРЫЛГАН ЖУМШАК ӨКҮМ
Узап кеткен жылдын 5-декабрында айыпталып жаткан Багги Хамидге карата Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы өз чечимин чыгарды. Багги Кылмыш-жаза кодексинин 281 (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугун бузуу) жана 246-беренесинин (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн, баӊгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде күнөөлүү деп табылып, төрт адамдын өмүрүн алган Баггинин багына жатак-абактан орун буюрду.
Эске салсак, 2014-жылдын 17-июнуна караган түнү Чүй облусунда бир адамды сүзүп өлтүргөн айдоочу качып кетүүгө аракет кылган. Унаасынын жарыгын өчүрүп айдап баратып дагы 3 кишини сүзгөн. Жыйынтыгында Адилет Байыш уулу, Орозали Каныбай уулу жана Мансурбек Пайзилда уулу каза тапкан. Бул кылмышка тиешеси бар делинип Москва районунун Александровка айылынын 1989-жылы туулган тургуну Багги Хамид кармалган. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза айыпталуучунун ошол убакта баӊгизатын колдонгондугун далилдеген. Ошондой эле тинтүү учурунда анын үйүнөн баӊгизаты табылган. Ал эми судья баӊгизат колдонгон абалында 4 кишинин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгын "этиятсыздыктан келип чыккан кылмыш" деп баалаган.

«БАӉГИЗАТ КОЛДОНГОНДУГУ АНЫКТАЛГАН»
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Жыргал Бабаев сот иши тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Тергөөдө айыпталып жаткан Багги Хамиддин күнөөсү бар экендиги аныкталып, кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунда каралды. Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алды. Тактап айтканда, сүзүп өлтүргөнүн моюнуна алганы менен, «баӊгизаттарды колдонгон эмесмин» деп танып жатат. Ал эми экспертизанын жыйынтыгында анын канында баӊгизат бар экендиги аныкталган. Ага кошумча үйүнөн баӊгизаты табылган. Муну сотто танганы туура эмес.
Ал эми Багги Хамид Ягубаевичтин жактоочусуна кайрылганыбызда, ал жооп берүүдөн баш тартып, сот имаратынан чыгып эле унаасы менен зуу койду.

«СОТ АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН ЖОК»
Калыскан Бөкөбаева, маркум Адилет Байыш уулунун апасы:
– Уулум Адилет 1994-жылы Кара-Суу районунда туулган. Мектепте окуудан эле алдыда болбостон, спорттон да мыкты ийгиликтерди жаратып келген. Район, облустук деӊгээлдеги мелдештерге барып, жеӊип келген диплом, медалдары баламды эске салчу тарых болуп калды.
2011-жылы февраль айында уулум Бишкекке иштейм деп келген. Туугандарыбыздын машина жуучу жайында иштеп жаткан. Окуя болгондон бери сот улам жылдырылып, чечим чыкпай жүрдү. Кара-Суу районунан борборго кайра-кайра келип-кетүү биз үчүн оор эле. Тогуз ай карыныма, жыйырма жыл карегиме, жүрөгүмө катып баккан баламды жоготуп отурсам, биз ишенген соттордун кылар иши каӊырыкты түтөтөт. Баламдын кырчындай кезинде бейажал өлүп кеткенине жаным ачыйт. Мага окшогон баласын жоготкон энелер ботосун жоготкон боз иӊген болуп кала береби? Баламдын өлүмүнө күнөөлүү делинген Багги Хамид жатак-абакта жазасын өтөсүн деген чечим туура эмес. Менин укук коргоо органдарынан суранарым, күнөөлүүнү оор жазага тартышсын.

«МЕН БАГАР УУЛУМДАН АЙРЫЛЫП КАЛДЫМ»
Зыпаркан Маткасымова, маркум Орозалы Канабай уулунун апасы:
– Уулум Орозалы 1998-жылы туулган. Жолдошум каза болгондон кийин кара курсактын айынан борборго келгенбиз. 9-класска чейин борбордо билим алып, андан соӊ Ош шаарындагы каржы техникумунда окуп жаткан. Быйыл биринчи курсту аяктап, «контрагымды өзүм төлөйм» деп иштеп жаткан. Кичине сыркоолоп жаткан болчумун. Ошол каргашалуу күнү кечки саат 8дерде мага телефон чалып, абалымды сураган. «Менден кабатыр болбо, балам» десем, «апа, мен сизди багам, атамдын жоктугун билгизбейм» деди. «Жоголгон бычактын сабы алтын» дегендей болбосун, балам түз жүрчү. Келечекке койгон асыл максаттары бар эле. Ал кыялдарын Багги Хамид аттуу жаран талкалап жок кылды.
Балдарыбыз өлүп жатса «мени жеткизип койгула, акча берем» дептир. Ошол жердеги балдар аны кармап, милицияга кабар беришкен. Биз балдарыбызды жерге берип, кайгы чегип жүрсөк, ата-энеси кечирим сурагандын ордуна баласына «психикалык оорулуу» деген документ даярдатып алышыптыр. Ал эле эмес, «машинанын тетиктеринин эскилиги жеткендиктен башкара албай калган» деген техникалык экспертизанын жыйынтыгын чыгартып алыптыр. Кайра текшерилгенде Баггинин баӊгизатын колдонгондугу, машинасынын тетиктери жайында экендиги аныкталган.

«ЖҮРӨГҮМ БИР НЕРСЕНИ СЕЗДИ»
Гүлүмкан Айдарбекова, маркум Мансурбек Пайзулда уулунун апасы:
– Мансурбек үч уулдун ортончусу. 1997-жылы туулган. Быйыл 10-классты аяктап, чөп орумга чейин Бишкекке барып иштеп келейин деп келген эле. Бул жакта эжемдин баласы менен машина жууп иштеп жаткан. 17-июнь күнү мектепте мамлекеттик экзамен алып жатсам, белгисиз номер чалып, «сиз Орозалынын таежеси болосузбу?» деп сурады. «Ооба» десем телефонду өчүрүп салды. Кайра чалсам албай койду. Мансурбекке чалсам, телефонун алган жок. Шаардагы туугандарыбызга чалсам, бардыгынын телефондору өчүрүлгөн. Эжемдин кызы телефонун алып, «Мансурбек автокырсыкка учураптыр» деди. Жүрөгүм бир нерсени сезип, үйгө келип, жолдошум экөөбүз Бишкекке барууну чечтик. Айылдагы жүрүп турган машиналар бизге «бузулуп калды» деп шаарга алып барбай жатышты. Көрсө, урук-тууганга баламдын өлгөнүн угузуп коюшкан экен. Мен байкуш укпастан экзамен алып жүрө бериптирмин. Жан талашып жатып бир тааныштын машинеси менен бир аз жүргөндөн кийин артыбыздан туугандар келип, «уулуӊардан айрылдыӊар» дешти. Эртеси таӊкы саат бештерде уулумдун сөөгүн айылга алып барышты.
Жабырлануучу тарап Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө макул эместигин билдирип, облустук сотко кайрылышкан. Облустук сот бул ишти качан караары азырынча белгисиз.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
12.01.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана өкүнүчтүү, аянычтуу! Абайлагылачы айланайын айдоочулар!
12.01.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин соттор качан акчанга чейин акчанын козун карап олтура берет!?
14.01.2015. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ermak15, Ошол окумду чыгарган соттордун жакындарын ушундай сузуп кетсе кандай чечим чыгарышат эле? Булар озулорун эле акчага сатбаздан башкалардын омурун кошо саткан акмактар жана чыккынчылар. Баарын соттош керек. Справка берген врачтарды кошо
12.01.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торт адамды олтурсода неге уй камагына чыгарылат бир кыйындын баласы окшойт.Туура чечим болбоптур.
12.01.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
12.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде озу соттор иштейби, же кара курсагынын камын коруп журо береби.Торт эне сыздап атса, чырактарынан айрылып.Чыгарган чечимин кара.
12.01.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатак абак дегенди кандай тушунсо болот?
12.01.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуту эмне экен ФИО башкачаго
Акчага копкон адамдарда наркотик приномать этпегенде да 3 адамдын олумуно себепкер болуп жатпайбы эмнеге жатак абакта?
12.01.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатак абак деген эркиндикке чыккан дегенди билдирет. Кадимкидей эле мурдагыдай жашай берет. Чет олкого гана убактылуу чыга албайт.
12.01.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор Адилет чечишсе болмок.торт эр Азамат каза болуп отурат.келечекте Мекенди коргоочулар..
12.01.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пенде жазалай албаганды ( акчага азгырылып, же башка себептерден улам) Созсуз Аллах жазасын берет . Аллахтан олуп да жазасын алмайынча кутулбайт...
14.01.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayperi94, кудайдан коркпогондорду мыйзам турундо да жазасын бериш керек. Жазасы берилбесе, ушинтсем кутулуп кетет экенмин деп дагы далай атуулдарыбыздын акысы желип калаберебиз.
12.01.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин сотттор нендуррайын "дуйнодогу эн гумандуу" соттор!
12.01.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жазасын берет бир кун болбосо бир кун
12.01.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй кудай эмне деген заман болуп баратат.Баратып эле торт кишини сузуп,олтуруп кетсе.Дагы эркиндикте.Кудай жазасын берсин.Мындай адамдар аябай эле кобойуп кетти.
12.01.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тортунчусу ким ?
жатак абагы эмнеси ?
13.01.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатак абак деген бул менимче жарыка чыкпай подвалда жата турган нерсе болуш керек
13.01.2015. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksm_13, ой олтурдун гоо))) жатак абак эркиндикте эле журот ,барып келип турат отметкага ,жон эле учетто турат, да чет олкого чыга албайт! мына ушундай эле.
балдардын ата энелерине сабыр тилейм, окунучтуу ,аябай окунучтуу .иии жакынынды жоготкондон ашкан азап бар бекен?
14.01.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ariet7, Олбой эле кой сен ойлогон ал уй камак болуп эсептелет торт адамдын олумунон кийин сага койбере беле кичине ойлонсон
14.01.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksm_13, ))))) ичим ооруганча кулдум,уйундо эле журот,Кыргызстандан башка чыгалбайт.
13.01.2015. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешиктен бели чыга элек балдардын жаны жаннаттан болсун!!! Сот аябай байып кетсе керек ошол соттун баласы бар болду бекен эээ Аллахым озун таразалачы пара корчуларды!!!
13.01.2015. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege bizdin sottordo bet jok,kantip ui kamaka chigarat 4adamdi olturup atsa,ushu akchaga satulgan sottordun baldari ushintip olso oshondo tushunushot,ubaktuluu aram akchaga jurgaship atat,
13.01.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ай ай
13.01.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде соттордун озулорун кошо соттоо керек экен, тигиге кошуп...акмаки, сволочи не справедливые...
Ай сотторун бул жерде кылмыш кылып качып баратып анан учоону олтуро сузсо "этиятсыздыктан келип чыккан кылмыш" дейт да, деги буларын УК дегенди билишеби...
13.01.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай акмак соттор не деген келесоо жактоочулар
13.01.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кооп кейий бербениздер бары жакшы болот
14.01.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон нерсенин баары Кудайдын айтканына жараша болот эмеспи. Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө Кудай сабыр берсин.
Мыйзам жактан ушундай өкүм чыгат да. Анткени кылмышкердин баңги затың экспертиза айтып отурбайбы. Эгерде ал атайын өлтүргөн болгондо башка мөөнөт берилмек. 17 жыл да оңой жыл эмес болуш керек.
14.01.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary ele ak4a ak4a dep karany ak kylat akty negr kylat
14.01.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуу аял турмодо торосо, 2 кылмыш иши козголгон дешет,а булар 4 адамдын омурун алса жатак абакта журушот??? Сотторубуз аман эле болушсун...
14.01.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сузуп кеткен бала дунган улутунан экен. Кыргыздарга акча берсек баары бутот деди да. Ай ай ай..... Улуттук намыс деле жок.
14.01.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
17жыл чет жака чыкпай уй камагынабы бул деген эркиндик да,мисалы мен 38 жылдада чет мамлекетке чыкпай кыргызстанда эле жашап журом,сот чечими кулкуну келтирет го 1 эмес 4адам олуп атса.
15.01.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торт бирдей эр азаматы жок кылып жатса 17жыл деген не 3жылда эле келип алат андан коро биздин окмот ушундай оор кылмыш жасагандарга атууга окум чыгарып койсо кылмыш да азаят беле,балдардын ата эне бир туугандарына Аллахым сабыр берсин.мындай иш менин да башымдан откон биртууган агамды наша чегип алып бир канкор 8жерине бычак уруп олтургон сот 15жылга кескен а бирок 3 жылда эле келген ал бала,катседа кеткен эсен болсо келет кеменделген келбей экен.
15.01.2015. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
Биздин сооттор еч мыйзамдын чегинде иштебей калды мындай торт ер азаматтарыбызды сузуп олтургон адамдын, меесин чачырата атса дагы аздык кылат
Аллахым озу жазаласын мындай акмактарды..
16.01.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тортунчусу ким экен
16.01.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurshoola, саламатсызбы! Төртүнчү адамдын өздүгү тактала элек.
18.01.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,
Жатак абак деген кандай , так чечмнлеп берсенер ??
16.01.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин сотторго тан калыштын кереги жок.ой бул жинди деп алып койсон ордуна кайра эле ошондой жинди келет.Мис РФда дачасында канапля остургондугу учун гана 20 жылга кесилди,а бул адам 4 адамды олтуруп ,дагы банги зат табылып анан аны колдонуп алды десе да биздин сот жатак камакка чыгарыптыр.кызыыык канча берди экен соттко а?кеминде 10 млн сом бердида.бангизат чыкса демек аны сатчу экен,акчалуу экенда,сотту сатып алып койдуда.менда коркбой адам сузуп олтуро беришим керек экен.17 жыл уйдо жатыш ах
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо