Бекчоро: «ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАСАМ ЭЛЕ ӨЛДҮМ ДЕП ОЙЛОЧУМУН»

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Мындан 4-5 жыл мурун кыргыз эстрадасында көз айнегин чечпеген өзгөчө стилдүү мырза пайда болгон эле. Бул жигит учурда сахнадан алыс, бир үй-бүлөнү башкарган үлгүлүү кожоюн. Кеп Бекчоро тууралуу болуп жатканын баамдасаӊыз керек. Анда ырчы жашоосундагы, чыгармачылыгындагы өзгөрүүлөр тууралуу өзү кенен айтып берсин.

– Бекчоро, кандайсыз? Сахнадан, теледен көрүнбөй кеткен ырчылардан «чыгармачылыкты таштадыӊызбы?» деп сурасак, «таштабай эле эл көзүндө жүрөм» дешет. Сиз бул суроого кандай жооп берет элеӊиз?
– Жакшы, рахмат. Чыгармачылыкты таштадым же таштаган жокмун деп айта албайм. Чыгармачылыкка кайтып келемби, жокпу ал деле белгисиз. Мурун кафеде ырдап жүргөндө күнүнө 200 сомдон болсо да чогултуп, 1-2 айда ыр жаздырып, клип тарттырып алчу элем. Азыр шарт деле бар, сандыкта катылган даяр ырлар толтура, бирок негедир кирише албай жатам. Биринчиден, бул нерсеге үй-бүлөлүү болгондугум себеп болду го дейм. Анткени чыгармачылыкка көп убакыт сарпташ керек. Мен анте албайм, бала-чака багыш керек, өзүмдүн жеке иштерим бар дегендей. Анан дин жолуна түшкөндүгүм да чыгармачылыктан алыстап кетүүмө себеп болду.
– Дин жолунда жүрүп деле ырчы болсо болбойбу?
– Чыгармачыл адамдар алыста көп жүрүшөт, ырдап-чоордомой, ичмей-чекмей деген сыяктуу нерселердин арасында көп болобуз. Бул нерсе ыймандан кичине алыстатып коёт. Адам кандай чөйрөдө жүрсө, аны ошол чөйрө тартып кетиши толук мүмкүн. Мен ыйманды сактап калуу максатында эле чыгармачылыкка аралашпай жүрөм. Улантам десем да такыр башка имиджде, таалим-тарбиясы күчтүү ырлар менен чыгышым керек.
– Чыгармачылыктан алыстасаӊыз да кесиптештериӊиздин эмгектерине баам салып турсаӊыз керек?
– Кесиптештеримдин клиптерин атайын артынан куубасам да кээде сыналгыны койгондо көрүп калам. Азыркы чыгып келе жаткан ырчылардын клиптеринде, ырларында өзгөчөлүк жок. Баары эле бир толкунда кетип жаткандай. Эгер мен азыркы ырчылардын замандашы болуп ырдап чыгып калганымда элдин оюна келбеген жаӊычылдыктарды ойлоп тапмакмын.
– Популярдуу болуп, жылдызыӊыз жанып турган кезди сагынасызбы?
– Адам популярдуу болуп, төбөсү көккө жетип турган убакта «мындан өткөн бакыт жок болуш керек» деп ойлойт. Мага деле «сени баары таанышат, популярдуусуӊ, жакшы кийинип-ичесиӊ, «красавчиксиӊ», сенден өткөн бактылуу адам жок болуш керек» деп суктанышчу. Бирок бактылуулук популярдуулукта эмес экен. Мен азыр бактылуу жашап жатам деп айта алам. Анткени көрө албастык, атаандаштык, ушак сөз жок тынч жашоодомун. Дүйнөдө эӊ кымбат нерсе жан дүйнө тынчтыгы эмеспи.
Атактуулук, тескерисинче, адамды бузат, баары эле «сен кыйынсыӊ, сен өзгөчөсүӊ, сага теӊдеш эч ким жок» деп жатса адамдын өзүнө койгон баасы көтөрүлүп, жылдыз оорусуна сөзсүз кабылат. Бул нерсе чөйрөӊдөгү дос-тааныштарыӊа таасирин тийгизет. Мисалы, мен деле жылдыз оорусуна кабылып, досторум жакшылыктарына чакырса барбай коюп, капа кылган күндөрүм болду. Андыктан жөнөкөй элдин арасында эле жүргөнүм оӊ.
– Учурда эмне менен алексиз?
– Биз, чыгармачылыкта жүргөн адамдар, жеӊил акча тапканга көнүп калганбыз. Мен мурун өзүмдү ырчылыктан башка тармакта иштегенимди элестете алчу эмесмин. Анткени ырчы болуп жүргөндө тияктан-бияктан акча чыга берчү, «ырчылыкты таштасам эле өлдүм, башка жумушта иштей албайм» деп ойлочумун. Көрсө, адамдын каалоосу жеӊил нерсени жакшы көрөт экен. Сахнада секирип бийлеп коюп, дискиӊди алып барып 1-2 ыр ырдап коюп эле акча таап жатсаӊ, албетте, мындай жумуш кимге жакпасын.
Учурда чет өлкөдөн келген курулуш материалдарын сатып иштейм, андан сырткары жакында досторум менен такси кызматын ачканбыз. Азыр ошондой иштер менен алекмин.
– Көчөдө же кайсы бир жагдайда «ырчы Бекчоро го» деп таанып калгандар болобу?
– Сахнага көз айнекчен чыккангабы, мени көчөдөн эч ким тааныбайт, эл менен аралашып эле жүрөм. Ушуга абдан сүйүнөм, анткени белгилүү болуп жүзүмдү элдер таанып калышса, көп жерден кысылып калмакмын.
– Жаӊы үйүӊүзгө көчүп бардыӊызбы?
– Эки жылдан бери үй-бүлөм менен Көк-Жар конушундагы үйүмдө жашайм. Ызы-чуу болуп жатып документтерин бүтүргөнүбүзгө жарым жылдай эле болду. Ал эч нерсе эмес, көчүп киргенден бери үйүм үч жолу тонолду. Эми короолорду тосуп, коопсуздукту камсыз кылып жатам.
– «Аялды башынан карма» дешет го айрымдар, үйдө тарбияга катуу кожоюнсузбу?
– Жубайым менден көп нерсени талап кылып кийинем-ичем дебейт. Мен тапкан акчаны бейпайда эч жакка коротпойт. «Сага муну-тигини алып берейин» десем ал «үйгө бир нерсе алалы» деп турат. Мага анын сарамжалдуулугу жагат. Эки кызды төрөп берип, үйдөгү жылуулукту сактап эле отурат. Эркек киши жубайынан мындан артык нерсени каалабайт деле болуш керек.
– Кыздарыӊыз да чоӊоюп калса керек?
– Көз тийбесин, кыздарым Ясмина да, Мадина да өтө таланттуу. Алар төрөлө электе эле «кыздарымдын Уитни Хьюстондукундай таланты болсо да ырдатпайм» дечүмүн. Сыналгыдан бирөөнүн ырдап жатканын көрүшсө, дал өзүндөй туурап ырдап коюшат. Вокалдары азыртан эле күчтүү, угуп алып өзүм таӊ калам. Кээде «кыздарымды ырчы кылбайм дедиӊ эле, кана, кылбай көрчү» деп Кудай мени сынап жаткандай сезилет.
– Ошондо кандай кыласыз, кыздарыӊызды ырдатасызбы?
– Жок, мен бул чөйрөдөн алыс тарбиялаганга аракет кылам. Анткени кыз киши үчүн ырчылык оӊой иш эмес. Азыркы ырчы кыздарды жамандагандай болбоюн, бирок гастролдо, ар кайсы жакта көп жүрүшөт, азгырык көп болот. Ал азгырыкка туруштук бере алгандар бар, бере албагандар бар дегендей. Ким менен, эмне кылып жүрөт деп кабатыр болосуӊ да. Анан да ырчылык кыз кишиге такыр жарашпайт, бул менин жеке оюм.
– Маегиӊизге чоӊ рахамат!

"2009-жылы "Супер-Инфонун" "Жылдын стилдүү ырчысы" наамын алгам".

“Жумуштан чарчап келгенде жубайым, кыздарым эркелеп чарчаганымды бат эле жазып коюшат”.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Бекчоро: "Бизнести мен, капчыкты келинчегим кармайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
11.01.2015. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очкисин алып суйлосо болбойт бекен
тоготпогонубу эмне????))))
SUPER.KG видео
11.01.2015. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да да молодец!!!Уй булолук бакыт журогуно акыреттик ыйман берсин АЛЛАХЫМ. Аминь
SUPER.KG видео
11.01.2015. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагыделе ошол бойдон екен...ачыгын еле айтыш керек чыгышка мумкунчулук жок болуп атат деп Нурлан Насиптан пас болуп калам деп...
SUPER.KG видео
11.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу "padysha" Менин уруксатымсыз эч жака чыкпайт деген соз "уй кучугу" дегенди билгдирбейт ал деген соз 2 адамдын тен журогундо ыйманы бар дегенди билдирет шарыятта бул нерсе бар сиз ушуну билип ал анан дагы кыздарды озунордун укугунарды билип жургуло деп сиз "жолдошу эмес озум билем" дегенге чакырып жатасын бул журогундо ыйманы бар кыздын ОРДУ ЭМЕС бул чын!!!
Малоч Бекчоро создорун жакшы суйлоптур Кудайым журогуно ыйманды бекемдей берсин татына кыздарын жубайын мн бактылуу кундорду к
SUPER.KG видео
11.01.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булонуз менн бактылуу болунуздар, алаа ыйман бериптир ыйманыныз осо берсин сиздей ыймандуулар кобойсун.
SUPER.KG видео
11.01.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz,koldoim sizdi! Bizge da ushundai ui buloo nasip etsin
SUPER.KG видео
12.01.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы суйлоптурсуз соз жок
SUPER.KG видео
12.01.2015. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйдо шарят менен жашайбыз дейт аялынын жолугу жок тушунбодум...чачы кыркылган
12.01.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун, маанилуу маек болуптур. Уй- булолук бакыт каалайм.
12.01.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булонуз менен бактылуу болунуз ишинизге ийгилик.
12.01.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо озуче эле еврого.
Азыркы ырчылар бир калыпта кетотат,мен болгондо башкача чыгармакмын"-сахнага чыгып жакшы ырларды чыгарда...анан муну башкаларды сындаганы ашыкча..
12.01.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа жакшы Бекчоро озунду озгортупсун!
12.01.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мына азыркы ырчылардын атактуулугу. Гезитке чыкбаса Бекчоро деген ырчы бар экенин унутуп коюпмун.
12.01.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы татынакай экен.кыздары периште го.:Сен учун белен"деген ырын биринчи чыгып жаткан да ииии айда жакчу да..кыйкырып кошо ырдачумун хе хехе
12.01.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу болгула коз тийбесин... алла ыраазы болсун иншаалла сиздей мусулман дин жолун тушунгондор коп болсун....
12.01.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчылардын коп сырларын ачып коюптурго бирок мага да ырчылардын акча табуусу оной коруно берет женил иштей, Бекчоро туура айтат кыз балага ырчылык туура келе бербейт айркча гостролдогондо, озунун группасы менен же жолдошун кошуп чыксаго тузук аралшып автобуз, бустар менен жургондоруно туура карай бербейм. Бекчоронун "сен учун беле" деген ыры олло жакчуу мага дагы, женеша татынакай экен бактылуу болсун!
13.01.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында кандай жылдыз эле.
13.01.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahym baarybyzga teren yiman bersin.
13.01.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздары чырайлуу аялына окшош экен. чыгармачылыктын сырларын тузук эле айтыптыр кичине кагазга оробой "сен учун беле" деген ырынан башка ырыны билбейт экем бул ырчынын. уй-булолук бакыт
13.01.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болушсун жубайы, кыздары татынакай экен
13.01.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой мен жактырган ырчы болчу ,стили да озгочо эле.уланта берсе болмок.рахмат Супер Инфого суранычымды аткарып бергениниздерге.
13.01.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы дин жолуна тушконун укканымда абдан кубанган элем. Ушул жолунуздан адашпаныз. Уй-булолук бакыт каалайм.
13.01.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым эки дуйно бактылуулукту берсин. Сиз туура жолдосуз.
14.01.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйман жолуна отконуно шугур. Бир аллахтан башка ыйык эчким жок.
15.01.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздары татынакай экен апасына окшоптур.
15.01.2015. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур.Дин жолуна тушкону кубандырды.Уй-булосуно болсо коз тийбесин.Аялы кыздары аябай сулуу экен.Уй-булолук бакыт!
15.01.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекчоронун кийимдери жакты.
16.01.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык айтыптыр журогу абдан таза экен зынк.
16.01.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле уй булолу болу чон бакыт туура туура зынк
18.01.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дин жолуна киргенине кубандым!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо