Елена Черномазова, диктор: «ТҮЗ ЭФИРГЕ ЧЫККАНДА АЗЫР ДЕЛЕ СҮРДӨЙМ»

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

«Ала-Тоо» программасын кыргыз тилинде алып барган Елена Черномазованын улуту орус болгону менен, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, алып баруучулукту аркалап келет. Өзүнүн кесиби журналист эмес, дарыгер. Анан мындай адам кандайча өлкөнүн негизги телеканалынын негизги берүүсүнө диктор болуп калды? Эмесе, дикторлукка кокустан келип калган Елена менен жакындан таанышып алыӊыздар.

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 7-ноябрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Каракол шаары
Билими – И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын 6-курсунда окуйт
Хоббиси – Китеп окуу, кол өнөрчүлүк, бий
Кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт

– Елена, кичинеӊизден эле кыргыз тилинде эркин сүйлөйсүзбү?
– Мен 7-класска чейин Караколдо окуп, андан кийин кыргыз-түрк лицейинде окуумду уланттым. Лицейде 18 кыргыздын арасында жалгыз орус элем. Ал жактан түрк, англис тилине кошуп кыргыз тилин үйрөнгөм. Жыйынтыгында минтип кыргызча эркин сүйлөп калдым.
– Окууӊуз медицина тармагына байланыштуу болсо, «Ала-Тоо» программасына кандайча келип калдыӊыз?
– Өзүм түрдүү социалдык долбоорлорду түзүүгө кызыгам, ар кандай эл аралык сынактарга катышып жүрчүмүн. Бирок журналист болом деп ойлогон эмесмин. Кезектеги сынактын жүрүшүндө мен кайсы бир телеканалга кыргыз тилинде интервью берген элем. Аны Улуттук каналдын жетекчилиги көрүп, мени маектешүүгө чакырышты. «Бизде иштеп көр» деп сунушташканда, «аракет кылып көрөйүн» дедим. Алгач мени «Күндарек» маалымат программасына даярдашкан. Бирок тажрыйбам жоктугуна байланыштуу «Ала-Тоону» алып бармак болдум. Ал жакта эки алып баруучу эмеспи, «сен ката кетирсеӊ экинчиси оӊдоп кетет» деп коюшту.
– Алгачкы эфирге чыккан күнүӊүз эсиӊиздеби?
– Мындай нерсени унутуп болбойт го. Былтыр 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү эфирге чыккам. Ал күнү мен эмес, операторлорго чейин толкунданып алышыптыр. Мен болсо эч нерсени түшүнбөйм, өзүмчө эле жүрөгүм оозума кептелип калгандай туюлду. Ошондо эфирге чыкканда эмне деп сүйлөгөнүмдү деле эстей албайм, ичим өрт болуп жатканын гана билем.
– Азырчы? Сүрдөбөй калдыӊызбы?
– Кайдан, азыр деле сүрдөйм. Түз эфирге чыккан сайын толкунданып, муундарым титирей берет.
– Ата-энеӊиз дикторлугуӊузга кандай карашат?
– Даярданып жүргөндө эч кимге айтпаган элем, балким, иштей албай калам деп ойлогом. Апам аябай сезимтал, мени ойлоп кабатырланбасын дегем. Кийин иштей баштаганда гана апама «жаӊылыктарды алып барып жатам» десем сүйүнүп, алгач ишенген жок. Кийин "менин кызым эми алып баруучу болуп калды" деп сыймыктанды.
– Окуудан сырткары Улуттук госпиталда дагы иштейт деп уктум. Баарына кантип үлгүрөсүз?
– Булардан сырткары кээде «Тез жардам» кызматында да иштейм. Операцияларга кирип хирургдун жасаган жумушун карап турам, өзүмө тажрыйба топтойм. Өзүмдү түрдүү тармактарда сынагым келет. Адам баласынын күчү баарына жетет. Ал үчүн убакытты туура бөлүштүрүп, анан каалоосу күч болуш керек. Чынында, буга чейин иштебеген жерим калган жок. Жайында Ысык-Көлгө келген чет элдик туристтерге гид да болуп жүрдүм.
– Сизди көчө-белде таанып калгандар болуп жатабы?
– Көп жерде иштегендиктен, тааныштарым арбын. Андыктан «сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам» деп сурагандар толтура. Балким, алар мени теледен же медициналык жардам көрсөтүүгө барганда көрүшкөн чыгар. Ошондуктан дароо эле "Ала-Тоону" алып барам" деп айтпайм. «Мүмкүн, көчөдөн көргөндүрсүз» деп коём.
– Өзүӊүздү жумушка арнап коюп, жеке жашоону унутпадыӊызбы?
– Мектепти бүткүчө окуу менен гана алек болдум. Студент кезде бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Жыйынтыгында азырынча мага сүйүү мамилесин куруунун кереги жок экенин түшүндүм. Үй-бүлө, сүйүү деген бул күтүүсүз келчү нерсе болуш керек. Кыргыздар айткандай, Кудай буюрган күнү сүйүүгө кабылсам турмушка чыгам. Азыр болсо баш-отум менен жумуш жана окуу менен алекмин.
– Кыргыз жигити сүйүп калып, ала качып кетсе отуруп каласызбы?
– Ошол тууралуу такыр ойлонбоптурмун. Азыр отурбайм же отуруп калам дебейм. Кыргыз, орус же түрк улутундагы мырза болобу, айырмасы жок, жакшы инсан болсо болду. Мен үчүн жашоодо адамдын улуту эч нерсени чечпейт.
– Өзүӊүздүн мүнөзүӊүз тууралуу айта кетпейсизби.
– Мен достукка өтө бекеммин. Азыркы досторум убакыт менен сыналган. Алар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Анан бетке айта турган мүнөзүм бар. Эгер жакын адамымдын бир нерсеси жакпаса «сенин бул мүнөзүӊ жаман, өзгөрчү» деп эле айтып салам.

"Теле жаатына аралашып өзүм үчүн дагы бир дүйнөнүн эшигин ачтым".

"Келечекте эки кесиптин Кудай буюрганын аркалайм. Азырынча кайсы бири экенин айта албайм".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
12.01.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1992-жылкы дейби мен болсо чоон эле аял элестетип журупмун.Азаматсын дагы коптогон ийгиликтерди каалайм.
12.01.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!!! Бирок улуу корунот экен!!!!
12.01.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай улуу корунот экен 30дан отсо керек деп ойлопмун бирок жаш болсо да коп ийгилике жетиптир азаматсын
12.01.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынара Капарова экоо бир курактай экен
12.01.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Kancha degen talantuu kirgiz kizdar toltura
12.01.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88, саламатсызбы! Макаладагы маалымат каармандын өзүнөн алынган.
12.01.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээээй туугандар, Ленанын жашын санап эмне кыласынар? Андан коро озубуздун эле эне тилинде суйломок турсун, тушунбогон "киргиздерибизди" карагыла да, бул татынакай орус кызын карагылачы... Азаматсын Лена!!! Ишине, окууна ийгилик!!!
12.01.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лена,азамат. Ден соолукта бол,жаны жылын менен. Дайыма бакыт коштоп журсун.
12.01.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Лена!!!алга ишине ийгилик!!!
12.01.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай мунозунор жаман да жаш картан деп эле сынатып койсо ийгиликке жетишип жаткан адамдарга колдоо корсотпой кайра семиз арык деп уялсанар боло жакшынакай эле болуп турат сулуу кыз Лена
12.01.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш кыз турбайсынбы ийгиликтер болсун ар дайым кыргзымын сыймыгы болушунду каалайм, коруп тан калдым эле кыргызча суйлоп атабы деп молодец кыз алга
13.01.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyn!!!
13.01.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен.ийгилик каалайм.22_гана жашта экен жапжаш.кыргыз тилине салым кошуп кыргызча кабарларды алып барганы ото эле жакшы..дагы Чон Чон ийгиликтерге жетишин каалайм
14.01.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми бизди орусчаны так суйлойт экенсин деп орустар котормолосо
16.01.2015. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ekaterina, Андай ийгиликтерге жеткендер да бар.Таланттуу,акылдуу,иштемчил адамдар дайыма ийгиликке жетишет.
16.01.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай чон корунот экен азамат Кыргыз тилинда билсе зынк
16.01.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч кандай чон корунбойт , болгону кичине толмочураак экен , жузу оз жашындагылардай эле, азаматсын ийгилик сага!
16.01.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат татынакай жылдыздуу кыз экенсин.бар бол.
16.01.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирок канча кыргыздын таланттуу кыздары диктор боло алышпай журот.Бирок биз кыргыздар ушундай калк келет экенбиз,башка улуттагы адамдарга да конул бурабыз.башкалар чынын айтканда биз менен иши да жок.эмнеси болсо да менин оюм,таланттуу болгон кыргыз кыздарын колдойт элем.канчасы таанышы жок,таанышы болсо акчасы жоктор толтура.заман азыр ушундай.
16.01.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лена ! Азамат! Сыймыктана алабыз!
16.01.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!!!Ишине ийгилик,ит уро берет кербен журо берет!!!Алга Лена!!!
17.01.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эл оозунда элек жок!
17.01.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын!
07.03.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын!!!Елена
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо