Токон Эшпаевдин кызы Акзыйнат Эшпаева: «АТАМ МЕНИН ЖАКШЫЛЫКТАРЫМДЫ КӨРБӨЙ КЕТКЕНИНЕ ӨКҮНӨМ»

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Атактуу адамдын кызы болуш сыймыктуу, жоопкерчиликтүү. "Ата наамына кара так, жаман сөз тийгизбейм" деген Кыргыз Эл артисти Токон Эшпаевдин кызы Акзыйнат атасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Туулган жери – Ош шаары
Хоббиси – Ырдаганды жактырат
Учурда – Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин 11-классынын окуучусу
Алты бир туугандын кичүүсү

– Өнөр адамдарынын кызы экениӊди баары биле бербейт. Кеп учугу өзүӊ тууралуу болсун.
– Мен эки ырчынын эрке кызымын деп калам. Атам Эл артисти Токон Эшпаев, апам Үч-Теректин үч кызынын кенжеси Лира Раимбекова. Чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүнөн болгондуктанбы, мени 1-классымдан тартып Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке беришкен. Азыр 11-классты аяктап жатам. Скрипканы жогорку деӊгээлде ойногонду өздөштүрүп калдым.
– Ата-энеӊ көпкө чогуу түтүн булатышкан эмес. Бирок атаӊа аябай жакын экениӊди айтып калышчу...
– Мен 4 жашка чыкканда ата-энем ажырашып кетишкен. Бирок атам бизден кол үзбөй жардам берип кайрылып турду. Эс тартканымдан баштап жайкы каникулда жыл сайын Ошко барып турам. Менин атымды Акзыйнат деп атам коюптур. Эркек бала болсо Азирет коём дечү экен.
– Атаӊды, анын өрнөктүү чыгармачылыгын атпай журт түгөл сыйлачу. Таланттуу кишинин кызы болгонуӊа сыймыктансаӊ керек?
– Атам менен ар убак сыймыктанам. Анын талантын, ырларын мен айтпасам деле баары билишсе керек. Атам жөнөкөй, боорукер, ак көӊүл киши болчу. Мен атамдын көзү өткөндөн кийин чыйрала түштүм. Сагынганда мукамдуу ырларын угуп сагынычымды таркатып алам.
– Ата-энеӊдин атагынан пайдаланган учурлар болсо керек?
– Тескерисинче, мүмкүн болушунча "бул тигинин кызы экен" дегизип ата-энемдин атын ататкым келбейт. Буга чейин дагы пайдаланган эмесмин. Кийин деле пайдаланбайм.
– «Кызга кырк үйдөн тыюу» дейт эмеспи. Аз да болсо ата тарбиясын көрүп калдыӊ...
– Кичине кезимде атамдын "козум" деп эркелеткени, эт-бетинен кетип жакшы көргөнү, мээрими мага тарбия болчу. Эсимде, 4 жашымда болсо керек, апамды ээрчигенимде атам чыбык менен чапкан. Ошол окуя эсимден кетпейт. Эс тартканымдан кийин атамдын мага катуу сүйлөгөнүн уккан жокмун. Мага «уят кылба, акылдуу бол, жакшы оку» деп көп кайталачу. «Чыгармачылыгымды улап атымды өчүрбөй, белгилүү скрипач бол» дечү. Тилекке каршы, атам менин эл алдына ырдап чыкканымды көрбөй калды.
– Акыркы жолу эмне тууралуу сүйлөштүӊөр эле?
– Май айында атам шаарга келгенде жолуктук. Кичине кезимдегидей эркелетти. Бала кезимдеги кылык-жоруктарымды айтып көпкө сүйлөштүк. Экөөбүз Гүлсүн Мамашеванын
концертине бардык эле.
21-июлда туулган күнү болчу. Жыйырмасы күнү таӊ эрте чалып, «Кызым, эртеӊ менин туулган күнүм, унуткан жоксуӊбу?» деди. «Ии, ата, сизге сюрприз кылайын десе, пландын баарын өлтүрдүӊүз» деп тамашалап күлдүм эле. Көрсө, ал менин атамды акыркы ирет тамашалап, күлкүсүн угушум экен.
– Апаӊ тууралуу да айта кетсеӊ. Атаӊ тууралуу эмнелерди көп эскерет?
– Апам «Атактуу кишинин кызысыӊ, туура жолдо жүр» деп энелик кеӊешин берет.

"Атамды сагынганда ырларын угуп кусалыктан арылам".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Токон Эшпаевдин кызымын деп айткым келбейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
10.01.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акылдуу ачык муноз кыз экен журогуно ыйман жана бактылуулук берсин
SUPER.KG видео
10.01.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен!!!
Бактылуу кыз болсун!!!
SUPER.KG видео
10.01.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токон Эшбаев аябай жакшы адам, таланттуу ырчы, обончу, аткаруучу эле.
SUPER.KG видео
10.01.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
татынакай кыз экен.
SUPER.KG видео
10.01.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур атасынын жолун жолдоп келечекте чоон музыкант болушуна тилектешмин.
SUPER.KG видео
10.01.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх карындаш , карындаш бойдок кезимде кайда журдун эле эххх .....
SUPER.KG видео
10.01.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эски видеобу же айлана жашыл го.
SUPER.KG видео
11.01.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайталангыс талант, Кыргыздын Легендасы Токон Эшбаевдин кызы турбайбы. Атанын жолун жолдоп эн туура кылыпсын, максатына жет! Сен да кыргыздын сыймыктанган кыздарынан бол!
SUPER.KG видео
11.01.2015. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ушунчалык ооруду. бактылуу кыздардан бол!!!
SUPER.KG видео
11.01.2015. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата деген зат кандай соонун ээ менда атаман арылып калгам ыйласа кошо ыйладым.
SUPER.KG видео
11.01.2015. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чоңойуп чооң кыз болуп калыптырсың го) кече эле, Керме-Тоодо тегирмендин алдын чаңытып жүргөн, диңкилдеген дыңкы кыз элең) эми мынтип скрипка ойноп таланттуу кыз болуп калыпсың, молодец!) көркүңө көз тийбесин, кудай өзү колдосун,,,
SUPER.KG видео
11.01.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жылдыздуу кыз экен.Ачык озу айткандай шайыр.Эч качан ушул мунозундон жазба.Чыгармачылык ийгилик келечегин кен болсун!
SUPER.KG видео
11.01.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан жакшы кыз экен.Биринчи жолу кыргызча таза сүйлөгөн кызды көрүп ыраазы болдум. Анан абдан жакшы тарбия алганы көрүнхп турат, ыймандуу, жылдыздуу, татынакай таланттуу кыз экенсиң, айланайын. Өмүрлүү, бактылуу бол. Талантың өркүндөй берсин.
SUPER.KG видео
12.01.2015. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantyn tawkynday bersin! Atadan ayryluu kandau ekenin bilem! Atandyn jatkan Jeri jayluu bolsun!
SUPER.KG видео
12.01.2015. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол! Сулуу,жонокой акылдуу кыз экен! Атасынын жолун уласын!
12.01.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилегине жет ийгилик.
SUPER.KG видео
12.01.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын ташкындай берсин.
12.01.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм.
12.01.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото акылдуу, маанайы жарык, жасалмалыгы жок, жаркылдаган кыз экен.Бактылуу бол
13.01.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшынакай оз орду менен суйлогон зирек кыз экен. окуусуна ийгилик!
SUPER.KG видео
13.01.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамы эстеп ыйладымго,бактылуу бол.
13.01.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лера Раимбекова Токон Эшпаевдин аялы экенин билбеген экенмин.Чон уйбуло куруп,минтип 6 балалуу болгондо ажырашып кеткендер аябай кыйын болушу керек.
13.01.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mersedes 2013 Токон Эшпаевдин экинчи аялы Лира Райымбекова болгон. Биринчи аялынан 6 баласы бар, кийин биринчи аялына кайта барып жашаган. Чыгармачыл адамдардын турмушунда нелер гана болбойт.
SUPER.KG видео
13.01.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынымго ыйлбачы, аябай сагындым сени
14.01.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лира Райымбекова откондо кафеден 1000сом учун чуу чыгарган ырчыбы?
14.01.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атаныздын арты кайырлуу болсун, негизи Токон Эшпаевдин балдары баары озуно окшоп таланттуу окшойт, Акмаанай Эшпаева да сонун ырдайт го, бул кызы да аябай таланттуу экен. Атанардын атын очурбой, улантып журо бергиле!
14.01.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким канча сомдон канча чыр чыгарды, ким уй булодон кетти аны бул жерге жазгандын кереги жок го.
14.01.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне 1000 сом акча эмес бекен.10 сом учун да урушканга туура келген учурлар болот.Акзыйнатка ийгилик каалайм.Акылдуу кыз окшойт.
SUPER.KG видео
15.01.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу кыз экен.Эки апасы дагы акылдуу айкол аялзаттары экен .
20.01.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анча мынча ырчылар да мындай маек бере албайт азамат абдан акылдуу кыз экен жонокой
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо