Баяман Өмүрбек уулу, "Тумар КР" тобунун бийчиси: «ЭЛГЕ ТААНЫЛГАНЫМДА ТУУГАНЫӉМЫН ДЕП АКЧА СУРАГАНДАР КӨБӨЙДҮ»

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

"Устаттан шакирти өтүптүр" дегендей, бийчи Атай Өмүрзаковдун окуучусу Баяман өзгөчө бийи менен дүйнөнү таӊ калтырууда. Бийчи жакында Германияда өткөн сынакта немис элин таӊ калтырып эле тим болбостон, бир сыйра жашытып да кайтты. Анда сөз башынан болсун.

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 25-февраль
Туулган жери – Ош облусунун Кара-Суу районунун Эркин айылы
Билими – Орто


– Баяман, Германияда утулуп калганыӊарда көзүӊө жаш алып ыйладыӊ. Бул кубанычтын көз жашы беле же өкүнүчтүнбү?
– Анда мен эле эмес, немистер да ыйлады го. Ошол кезде көз алдыма апамдын элеси тартылып кетти. Анткени Москвага барып апама жолукканда өтө оор турмушта жашап, иштеп жатканын көрүп зээним кейиген эле. Ошолорду эстеп ыйладым. Кубанычтын да жашы болду десем болот. Германиядагы белгилүү сынакта бийлеп жаткандыктан, аябай толкундандым. "Апамдын жаман баласы Германияны багынтып жатат" деп, жеӊбесек да элдин бизге кол чапканына эреркеп кеттим окшойт.
– Бийге болгон шыгыӊ кичинекейиӊде байкалчу беле?
– Атай байке сахнага жаӊы бийлеп чыга баштаганда мен 14 жашта элем. Аны көрүп менде бийге болгон кызыгуу жаралды. Күзгүнүн жанына туруп алып Атай байкени туурап бийлей берчүмүн. Талаада иштеп жүргөндө да жөн иштебей ар кандай кыймылдарды жасап, өзүмдү Атай байке элестетип алар элем. Жадакалса кой кайтарып жүрүп да тоодо бийлечүмүн. Кечинде Кудайдан сурап, "мен да атактуу адам болоюн, эл-жер көрөйүн" деп дуба кылып уктайт элем. Таенемди кучактап жатып "кийин көрөсүз го, мен дүйнө кезем, Атай байке менен бийлейм" деп кыялдарымды бөлүшчүмүн. Ошондо "айланайын, тилегиӊе жет, сенин белгилүү адам болоруӊа ишенем" деп таенем мени колдоп, батасын берчү.
Ал эми таякелерим алгач бийлейм деп чыкканымда "эркек бала да бийлейт бекен, кайдагыны айтпачы" деп каршы болушкан. Ага карабай алдыга умтула бердим. "Жаштын тилегин берет" дегендей эле, азыр кыялдарым орундалып келатат.
Бийлегенде да Атай байкеден өзгөчөлөнөйүн деп колдорумду кайрып бийлегенди үйрөндүм. Өзүмдө деле талант болсо керек, болбосо антип бийлеш ар кимдин эле колунан келе бербейт го.
– Таенеӊдин колунда өссөӊ, өзүӊдүн ата-энеӊ кайда эле?
– Мен 3 айлык кезимде атам менен апам ажырашып кетип, таенемдин колунда чоӊойдум. Таенем учурда 80 жаштан ашып калды. Тага журтум тарбиялап, менин адам болуп калыптанышыма чоӊ салым кошушту. Таенем аябай эркелетип өстүргөндүктөн, өтө эркемин. Өз апама караганда таенемди жакшы көрөм. Апам Орусияда иштейт. Атам ким экенин билбейм, билгим да келбейт. Анткени ал күнүгө мас болуп келип, апамды аябай сабачу экен. Апам төрөйүн деп калганда сабаган экен, боюнан түшүп калыптыр. Ошондуктан ал киши жөнүндө ойлогум келбейт.
– Таенесинин эрке баласы мектепте кандай окуду эле?
– 5-класска чейин "эӊ жакшы" деген бааларга окуп, класстын президенти болдум. Чоӊойгондон кийин окууга көӊүл бурбай койдум. 7-класстан баштап түндө көчө таптап, балдар тамеки тартса, мен да аларга кошулуп жүрдүм. Азыр ал күндөрдү эстегенден уялам. Ошонун айынан таякелеримден көп таяк жедим. Алар болбосо мен "хулиган" болуп кетмек белем, ким билет?
– Окуучу кезде сүйүүгө жолуктуӊ беле?
– Айылда өзүмдөн эки жаш кичүү кызды жактыргам. Ал экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрчүбүз. Талаада иштегенде жумуштарына жардам берип турчумун. Анан мен Бишкекке келе бердим, ал күнүгө чалат "качан келесиӊ? Сени сагындым" деп. Күтө берип тажады окшойт, туулган күнүмдө "бүттү, мен сени сүйбөйм" деп көӊүлүмдү оорутуп койду.
– Демек, учурда жүрөгүӊ бош экен да?
– Мага жоош, көп сүйлөбөгөн, жан дүйнөсү таза, мени, жакындарымды сыйлаган кыздар жагат. Атай байке да "кыздар менен көп сүйлөш, тартынбай адам менен мамиле курганды үйрөнөсүӊ" деп айта берет. Айткандай эле азыр Альбина аттуу сүйлөшкөн кызым бар, музыкалык мектепте окуйт. Экөөбүз интернеттен таанышканбыз. Өзүнө ишенген, эмне кааласа көксөгөнүнө жеткен, чечкиндүү кыз. Ошол сапаты менен мени арбап алды.
– Бий дүйнөсүнө аралашып, элге таанылгандан кийин жашооӊ өзгөргөндүр?
– Ооба, Атай байке мага бийлегенди гана эмес, кийим тандаганды, чач жасалгалоону да үйрөттү. Ал мен тандаган кийимдерди эч жактырбайт. "Жүдөө кийинесиӊ" деп урушуп калат. Сыртынан жоош болуп көрүнгөнү менен, өтө шайыр, анын жанында жүрсөӊ зерикпейсиӊ.
Учурда Атай байке, мен жана 2 бала болуп чогуу жашайбыз. Күнүгө 4-5 саат бий менен машыгабыз. Бизден башка «Адем» деген тобубуз да бар. Биз чет жактарга кеткенде, алар биздин атыбыздан Кыргызстан, Казакстан, башкача айтканда, Орто Азияга чыгып турушат. «Тумар КР» Европа өлкөлөрүнө барат.
– Күйөрмандарыӊ көбөйүп калса керек?
– Мен маршруткада көп жүрөм, көргөндөр "Тумар КР", учабыз, учак" деп тийшип калышат. Айрымдары "сен бой көтөргөн бала экенсиӊ, мага жакпадыӊ" деп сөгүп салышса, айрымдары "мен сени сүйүп калдым" деп ээрчип алышат. Бейтааныш эле адамдар "сенин тууганыӊмын" деп чыгышты. Кечээ бир эже чалып, "жолугалы, мен сенин чоӊ энеӊмин" деп, жолуккан соӊ "ооруп жатам, кредитим бар эле, жардам берчи" деди эле, 100 доллар бердим.

«ТАКЫР КИТЕП ОКУБАЙМ»

  • «Тумар КР» тобу тапкан акчаны менеджерибиз теӊ бөлөт. Урушуп-талашуу деген бизде жок.
  • Атай байке баш болуп баарыбыз жума сайын сөзсүз футбол ойнойбуз.
  • Каражатты жалаӊ бийден табам. Тапкан акчам өзүмө жетет. Ашып калганын таенеме салып турам.
  • Чынында, такыр китеп окубайм, бирок интернетте көп отурам. Сериал, мультфильмди көп көрөм.
  • Эмки жылы жогорку окуу жайга тапшырып, дизайнерлик кесипке ээ болсом дейм.
  • Сүйлөшкөн кызыма көп акча корото бербейм, жадакалса Жаӊы жылда да белек бере алган жокмун.
"Мурда колумду кайрып бийлесем, эми бутумду "сындырып" бийлөөнүн үстүндө иштеп жатам".

"Эки жыл ичинде кыйла эле өзгөрдүм".

"Кой кайтарып жүрүп да тоодо бийлей берчүмүн".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Ата-энем 3 айымда таштап кетишкен" дейт бийчи Баяман Өмүрбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(71)
12.01.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун маек болгон.жасалмасы таптакыр жок.болгон чындыкты айтыптыр китеп окубайм деп.кээ бир жылдыздар болбогон нерсени болду,дал ушундай болчу деп эле жооп беришет.
12.01.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунчалыкда озноробу такыр башкача болгон экенго я сонун жигит болуп калыптыр красавчик тим эле...
SUPER.KG видео
13.01.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баяман молодец таалантуу экенсин
13.01.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ачык маек куруп бериптир. Уй-булосу, балалыгы тууралуу да ачык болгонун болгондой эле айтыптыр. Чын эле кээ бир эркектер баджардын бийлоосун жат корот бирок ага карабай алдыга кетиптир. Бир гана чыгармачылыгына ийгилик.
SUPER.KG видео
13.01.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо красавчик Оштон экен да Дайыма Алга
SUPER.KG видео
13.01.2015. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жонокой бала экен ийгилик.
13.01.2015. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat! Iigilik kaalaim
13.01.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, дагы да Кыргызстанды тааныта бергиле, ийгилик.
13.01.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кече кордум твдан,жаман уялчак бар экен,айылда жургон бала м.н азыркы Баямандын айырмасы жаман ч0о0о0н экен!
SUPER.KG видео
13.01.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой досум соз байлык олукко Атай байкене ал нерсени да уйрот десенчи
13.01.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен экообуздун тагдырыбыз окшош экен. Азаматсын алдыга умтул ар дайым алдыга. Ийгилик бар бол! Таенемди сагынып кеттимго... Баса мен да жакшы бийлейм деп кыпчылып коеюнбу)) Сен озгочосун бийлегендерин жагат..
13.01.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оло сулуу да. жаман жагат. ийгилик каалайм. Чынын айтсам колуп кайрыганда аябай тан калдым даа
SUPER.KG видео
13.01.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баяман азаматсын,албан албан ийгиликтерди каалайм.Атай Тумар Кр силердин талантынарна таазим.Кыргыз эли силер менен сыймыктанат!
13.01.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
тагалары колун коп кайрып койгон го учурунда
SUPER.KG видео
13.01.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат!башынды ойдо которуп жур!антпесе коро албагандар тебелеп кетет!
13.01.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок
SUPER.KG видео
14.01.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ Ал эми бул иниме чон ийгилик каалаймын. Онорун оссун. Жонокойлугун менен баардыгын багындырасын! Сен кырздын уулусун!
Модератор admin_media түзөттү 14.01.2015 11:17
14.01.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичинде кири жок, болгонун болгондой айтыптыр. Азамат! Дагы да бийиктиктерди багынта бер!
14.01.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман да болсо атан.
14.01.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын!!! Ийгилик!!! Бирок, тага журтун эле эмес, ата журтун менен да катыш болуш керек.
15.01.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин братишкамда алга
15.01.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
" Атам ким экенин билбейм,
билгим да келбейт" деген кантип болсун, ар бир кыргыз ата тегин билиши керек. Колундан келсе атанды таап ал адам менен катышып жургонун он...
15.01.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик..
15.01.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротторун таппай жатам........ кайдан тапсам болот????
17.01.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит бирок кичине курс окшойт.
SUPER.KG видео
17.01.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын эн мыкты болгон сапаттарынын бири бул жонокойлук.Жонокойлук менен баардык жакшы нерсеге жетсе болот.Ийгилик сага бар бол!
18.01.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын дайыма алдыга жур биз сен мененбиз!
SUPER.KG видео
18.01.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялчаак,жакшынакай жигит экен!Ийгиликтерди гана каалайбыз Баяманга!
Медиа-портал
03.03.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тим эле татынакай бал го)... Ийгилик каалайм Баяман!Дагы көптөгөн бийиктиктерге жетишине тилектешмин.
Талантты таланттуу адамдар гана көрө билет, Атай азамат!
Медиа-портал
18.03.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!Ачык айтат экенсин!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо