ПОЗИТИВДҮҮ ПСИХОЛОГИЯ – УЗАК ЖАШООНУН АЧКЫЧЫ

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Адам акыл-эс, жан дүйнөсүн эмне менен азыктандырса, ошол нерсени сүйлөп, ошондой болуп чыга келет. Дегеним, позитивдүү адам ийгиликтен куру эмес, негативдүү адам тескерисинче. Ансыз деле азыр курчап турган чөйрөдө көйгөй жетиштүү. Алардын ар бирине көӊүл буруп Асан кайгы боло бербей, төмөнкү кеӊештер менен психикаӊызды позитивдүү жолго буруп көрүӊүз.

ПОЗИТИВДҮҮ ПСИХОЛОГИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Позитивдүү психология адамдын жан дүйнөсүндөгү «жашыл бутак» десек болот. Жашоого болгон көз карашыӊызды, курчап турган чөйрөӊүзгө болгон оюӊузду жыйнаӊыз. Эми аларды ак-карага бөлүп таразага салып көрүӊүзчү. Жыйынтык сизди канааттандырбаса, анда тезинен жан дүйнөӊүзгө жаӊычылдык киргизиӊиз, өзгөрүүгө аракет жасаӊыз, жашоонун жаӊы барактарын ачып, позитивдүү ойлорго жетелениӊиз.
Позитивдүү психологияда сизге көптөгөн ыкмалар жардамга келет. Эӊ жөнөкөйлөрү – жылмайып жүрүү, ар бир майда нерсеге кубануу, кылган ишиӊизден ийгиликтерди көбүрөөк көрүү, жагымдуу музыканы көп угуу, айланадагылардын кемчиликтерине көз жумуп коюу, жакындарыӊызды кубантуу, алардын кубанычынан ырахат алуу жана башка. Жашоо жарык жана анда жакшы нерселер толтура.

«ДОСУӉДУ КӨРСӨТ, АНАН МЕН САГА КИМ ЭКЕНИӉДИ АЙТЫП БЕРЕМ»
Позитивдүү адамдар «жакында жакшы күндөр келет, аз калды» деп күтүп отура беришпейт. Алар жакшы күндөрдү өздөрү жасашат. Бул нерсе сиздин колуӊуздан да келет. Жакшы күндөрдү жасап алыш үчүн айланаӊыздагы курчап турган нерсенин баарынын оӊ жагын көрүүгө аракет кылыӊыз.
Жакшы адамдар менен баарлашуу, агрессивдүү адамдарга болгон реакцияны жөнгө салуу, эс алуучу жайларда сейилдөө, табияттын сулуулугуна суктануу сиздин жан дүйнөӊүздү негативден тазалайт. «Досуӊду көрсөт, анан мен сага ким экениӊди айтып берем» дейт эмеспи, андыктан жайдары адамдар менен көбүрөөк достошуп, пессимист адамдардан алыс жүрүүгө аракет кылыӊыз.

ПСИХИКАӉЫЗДЫН САЛАМАТТЫГЫ ПОЗИТИВДҮҮ МААНАЙДАН БАШТАЛАТ
Адамдын ден соолугу чыӊ болуш үчүн эӊ алгач психиканын саламаттыгын чыӊдоо кажет. Ал үчүн айланадагы болуп жаткан ар түрдүү кырдаал же окуялардын жагымдууларын гана кабыл алууга аракет кылыӊыз. Учурда адамдардын ортосундагы маалымат алмашуунун жолу абдан көп жана оӊой. Интернет, сыналгы, үналгы, түрдүү гезит-журналдар аркылуу жана бири-биринен оозеки түрүндө да жаӊы маалыматтарды кабыл алышат. Мээни чарчатып, өзүӊүзгө тиешеси жок болсо деле угуп же окуй бербей, позитивдүү маанайдагы кабарлар менен көбүрөөк таанышыӊыз. «Баланча телеканал баландай деп айтып чыкты. Тиги сайт ушуну кантип жазды?» деп коомдук талкуу жаратып, ага энергия коротуп, кызыл чеке болуп урушуп отурган адамдарды четтен карап турсаӊыз, абдан күлкүлүү көрүнөт. Сиз дагы алардын катарын толуктап калуудан алыс болуп, керектүүсүн гана кабыл алыӊыз дагы, керексизин барактабай коюӊуз. Эӊ кубанычтуу жагдай – сизди эч ким «ушул маалымат менен сөзсүз тааныш» деп кыйнабайт.

АДАМДЫН КЕЛБЕТИ ДАГЫ ПОЗИТИВ МЕНЕН АЗЫКТАНАТ
Ар бир улуттун, элдин өзүнө тиешелүү ашканасы болот эмеспи. Мисалы, ачуу, кычкыл же майлуу тамактарга басым жасаган өлкөнүн эли ошого жараша келбет күтөт. Ал эми кымыз жыттанган кыргыз жеринин азыктары табиятына жараша экологиялык жактан таза жана пайдалуу экенине кепилдик бар. Сырттан импорттолгон азыктардын баарын эле аки-чүкүсүнө карабай жей берген болбойт. Жабыркаган ашказан жанындагы органдарга таасирин берет. Туура эмес тамактануудан улам боор бузулат, өпкө, бөйрөк жабыркайт. Ички органдары жабыркаган адамдын териси зыянга учурап, бетке безетки өӊдүү түрдүү нерселер чыгат. Мунун натыйжасында адам корунуп, чүнчүп, жыйынтыгында тагдырга нааразы болуп, коомго аралаша албай калат. Демек, ден соолукту чыӊ алып жүрүү дагы позитивдүү адамдардын желбиреткен байрагы. Ал эми ден соолугу чыӊ адам ар дайым жаш көрүнүп, бетине түшкөн бырыштын саны азыраак болору талашсыз. Өзүн сыйлаган адам эӊ алгач ден соолугунун, келбетинин саламаттыгына кам көрүп, жылмаюу, харизма менен айланасына жайдары адамдарды топтой алат.

АЙДЫН 15и ЖАРЫК, 15и КАРАӉГЫ
Ооба, тилекке каршы, айдын 15 күндөн көбүн деле караӊгылыкта өткөрүп жиберебиз. Айрымдарыбыз беймаал убакта уктайбыз же кеч турабыз. Адам ар бир күнүнүн ийгиликтүү же жеӊил өтүшүн кааласа, эртеӊ менен эрте туруп, биринчи жылмаюу керек. Туура ойлонуу, жылмаюу, бирөөлөр менен өзүн салыштырбоо, ар бир нерсени баалоо, башка бирөөлөрдү дагы позитивдүүлүккө чакыруу, сизге тиешеси жок нерселерге аралашпай коюу колдон келе турган нерселер. Булар менен адам өзүн-өзү тарбиялай алат.

ПЕНДЕНИН ООЗУНДА БОЛСО, КУДАЙДЫН КУЛАГЫНДА...
Негативдүү ойлор адамды төмөн тартат. Мисалы, баштаган ишибиз ийгиликсиз болуп калды дейли. Жашоо ошол нерсе менен эле бүтүп калгансып санаа тартып, өзүбүздү жей беребиз. Эмне себептен баштаган иш оӊунан чыкпай калганынын себептерин издегендин ордуна, «антпей эле, минтип койсом болмок экен» деп өткөн нерсеге өкүнөбүз. Өткөндү кайтара албаганыбыз аз келгенсип, ал ишке күнөөлүү адамдарды издейбиз. «Тиги минтип койсо эле баары оӊунан чыкмак» деп аны жек көрө баштайбыз.
Ошол эле учурда нерв коротуп жатканыбызды да сезбей калабыз. Андан көрө «чыгашасыз киреше болбойт, эмкиде ушул кемчиликтерди кетирбегенге аракет кылыш керек экен, нерв системин калыбына келтирүү мүмкүн эмес, сабырдуу болоюн» деп ойлосок пайдалуураак. «Пенденин оозунда эмне болсо, ал Кудайдын кулагында. Эмнени көп айтсаӊ, ал жаман да, жакшы да ой болгонуна карабай акыры жүрүп ишке ашат» дешет элибизде.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
12.01.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап эле жакшы соз суйлоп кулуп журсон жашоон дагы ошондой болот . Ал эми Асан кайгылар кайгырып эле чымынды чоон нерсеге айландырып наалыганы наалыган
12.01.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы кенеш,жашообузда колдонгонго аракет кылалы.
12.01.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенеш экен,жашоодо керектуу.Рахмат супер инфого.
12.01.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мысли материальны деп коёт го окемдер. Ошондуктан жакшы нерселерди ойлоп жургонго аракет кылылы.
12.01.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам болгондон кийин оюн ар жака кететда дайым эле бир маанайда журо албайсында.
12.01.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер экен.
12.01.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуба десе эле элдер коркушат го жаман ой жаман создор бул озуно багытталган дуба
12.01.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун кенеш экен
12.01.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенеш болду,бугундон кийин крим инфону окубайм анда маанайымды тушуруп,анткени мен жагымсыз нерсени окусам же уксам копко чейин жаман боло берем,мен эле ушундаймынбы же?
13.01.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuke07 tuura aitasyz. Keede men dagy okup alyp, oilonup,emnege anishti, emne myndai dep oilono berip kunum otup ketet....
13.01.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мм маанилуу маалымат болду мен учун. Жазылгандарга толугу менен кошулам. Анткени адам озуну озу тарбиялайт ар кандай учур адат кондумдор менен. Азыркы учурда коп уктап жаман адат болуп баратат ушул мага. Эми эрте туруп биринчи жылмаюудан баштаганга аракет кыламын.
13.01.2015. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы соонун туура кенештер
13.01.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кенештер чоон рахмат:))
13.01.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сопсонун кенеш. Чын эле жашоо биртке озу, аябай таасир берди. Мен ошондой жашоодо жашаганга аракет жасачумун, бирок баары бир майда барат конулду оорутуп салганын сезбей калат элем. Азыр таптакыр маани бербейм эми.
13.01.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоого жылмайсак жашоо бизге жылмаят
13.01.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кенештер жакты.туура пайдаланганга аракет кылам буюрса
14.01.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sekret degen diskti korsonor daagy zhakshy nerseler kop ushuga okshosh
14.01.2015. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун кенештер экен рахмат.
15.01.2015. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тэээээээээтногу гулдун суроту менин аватарыма окшош экен)))). Уйдогулорго мактанып алдым. Мен болсо элдин комментарийлерин окубайм. Озумду алдап журом дайыма)
15.01.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты мага рахмат супер инфого каяактагы эробекеттерди жазбай ушуга окшогон макалаларды жазсанар жакшы болмок!!!
17.01.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты сонун кенештер экен. Жаман нерселерди ойлой берчи элем. Эми ойлонбой позитивдуу жашайм буюрса.
18.01.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен буга окш0г0н кенештерди кундо окуйм. Бирок такыр к0лд0н0 албай жатам
18.01.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологиялык жардам алсак болот бекен? Кайда жазуу керек?
22.01.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маниси жок кино чыгарбаглачы
04.02.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан пайдалуу кенеш экен. ушундай маалыматтар кобуроок болсо...
08.03.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башкысы Кудай менен болсок ... Калгандары кийинки орундарда.

Начар деп баа бердим макалага. Себеби... Мындан да сапаттуу кенештерди берууго туртку болот.

29.06.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер мага жактыы)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо