«КУЛЖАНЫН АЙКЕЛИН МУЗДАН БИР АПТАДА ЖАСАДЫК»

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

Жаӊы жылга карата Нарын шаарынын борбордук аянтында муздан жасалган кулжанын айкели тургузулду. Ал тургундардын көӊүлүнө жагып, учурда анын жанында сүрөткө түшкөндөрдүн саны арбын. Муз айкелин Нарын мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти Адилет Кутбидинов жасап чыккан. «Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар» демекчи, 24 жаштагы уста жигитти кыска кепке тарттык.

– Адилет, бул муздан жасалган кулжанын айкели сенин алгачкы эмгегиӊби?

– Жок, муз айкелин биринчи жолу 2013-жылы жасап көргөм. Өзүм туулуп-өскөн Нарын облусунун Учкун айылынын жаштары болуп Жаӊы жылга карата балатынын жанына муздан Аяз ата менен Аяз кыздын айкелдерин жасаганбыз. 2014-жылы муздан тоӊдурулган жылкынын айкелин жана 2 метрлик бийиктикте Нью-Йорктогу эркиндик символу болгон от кармаган аялдын скульптурасын тургуздум. Быйыл болсо Кой жылы деп агам экөөлөп кулжанын сөлөкөтүн бир жуманын ичинде көркүнө келтирип жасадык. Күндө кечки саат 10-12лер чамасында чогулткан карга чакалап суу куюп, муз тоӊдурдук. Анан мен аны кадимки кол араа менен кескилеп, тоо текенин сөлөкөтүн чыгардым. Мүйүзүн жасоо үчүн зымды, ал эми буттары бекем болсун деп жыгач колдондук. Иштин кызуу жүргөнүнө жана өзүмдүн кызыгуум да болсо керек, айкелди жасоодо колдорум үшүгөнүн сезген деле жокмун. Болгону үйгө кирип жылынып алып, элдин «ушуну үшүп жасабай эле койбойсуӊбу» дегенине карабай кайра эле ишке киришип жаттык.
Айкел даяр болгондон кийин кулжаны Нарын шаарына алып бардык. Анын салмагы оор болгондуктан 5-6 адам унаадан араӊ жерге түшүрдүк.
– Муздан айкел жасаганды кимден үйрөндүӊ?
– Атам жыгач уста болчу, 1995-жылы мен 4 жашка чыкканда кайтыш болуп кеткен. Анын чеберчилиги бизге өткөн окшойт, бир туугандарым сүрөттү жакшы тартышат. Мен болсо скульптура жасаганды үйрөнүп алдым. Кичинекей кезимде айкел көрсөм аны кечке карап, жасалышына кызыкчумун. Орусиянын телеканалдарынан муздан жасалган шаарчаларды көрүп, бизде да ушундай болсо деп самачумун. Жаштын тилегин берет экен, көздөгөн максатыма жетүүгө аракет кылып жатам.
– Алдыга койгон ой-максаттарыӊ менен бөлүшө кетсеӊ...
– Нарын шаарында быйыл, буюрса, муздан айкел жасоо боюнча жарыш өтөт. Планыбызда жаныбарлардын дүйнөсүн чагылдырган муз шаарчасын жасайлы деп жатабыз. 7-январда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолуктук. Аманбай агай «эми мелдешке өзүӊө окшогон муздан айкел жасай ала турган балдарды таап чакыр» деди. Мага окшогон балдарга бир нерсеге кызыксаӊар «аны жасаш колумдан келбейт» деп коркпой, «ойлогонумду иш жүзүнө ашыра алам» деп аракет кыла бергиле деп айтар элем.

Наргиза Бекжанова
Мирбек Асаналиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
12.01.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баракелде чебер клодоруна береке.
12.01.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын.
12.01.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Коп деле канааттандырарлык жанылык эмес бирок аракет бар орустар муздан чагып жасашат а булар куюп жасаптыр тунук суу колдонсонор жакшы болмок
12.01.2015. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын иним. Онорун оссун. Тайкем олбоптур атанын уулу деген ушу да.
12.01.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин созуно конул бурба. Кыргыздардын салты осуп келе жаткандарды ылдый баскан. ernis11998866га окшогондордун созуно маани бербе. Биз орус эмесбизда. Алга иним.
12.01.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баракелде!
12.01.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Онорун оркундосун. Ийгилик. Интернетте оюн ойноп же карта ойногон же чылым чегип ичимдик ичкен бекерпоздорго улгу болот экенсин. Жашоонун сергек мунозун тузуп жатканындын озу чон эрдик. Ийгилик дагы бир жолу.
15.01.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mavlyuda, 100%кошулам
13.01.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат
13.01.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелде!
13.01.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орусияда жыл сайын ушинтип муздан жасап.балатынын жанына коюп жасашат.а бизде Эмнеге андай эмес.же ээрип кетет дейби.иши кылып Жалгыз бир оркойгон балатыны коет болду иш бутту.жыл сайын ушундай ..озгортуу киргизгиси келишпейт...
13.01.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ernis11998866 мен кошулбайм анткени мен учун азамат жигит.Эшиктеги муздан эмес жылуу уйдо отуруп алып тагдырына таарынып эч нерсе кылбаган жигитерибиз бар.Баракелде!!! Онорун оссун.!!!
16.01.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beva63, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо