ШВАРЦЕНЕГГЕРДИН УУЛУ МАЙЛИ САЙРУС ҮЧҮН МУРАСТАН БАШ ТАРТУУГА ДАЯР

№636 9-январь-15-январь, 2015-ж

АКШнын Калифорния штатынын мурдагы губернатору, дегеле белгилүү актёр Арнольд Шварцнеггердин үй-бүлөсү акыркы учурда журналисттерди маалыматка байытып жаткан учур. Чет элдик маалымат булактарынын кабарчылары жазып чыккандай, актёр жубайы Мария Шрайвер менен ажырашса дагы учурда көйгөй жаратып жаткан уулунун маселелерин бирге чечүү үчүн жолугуп, бир команда болууга айласы жок. Патрик Шварцнеггердин акыркы мезгилде дүйнөлүк шоу-бизнесте ызы-чууну көп жараткан, акылга сыйбас жоруктары менен таанымал ырчы жана актриса Майли Сайрус менен болгон сүйүү мамилеси атасы Арнольд Шварцнеггерди кабатыр кылып келет.
Ал эми эки жаштын бирге түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга байма-бай жарыялап келишет. Катардагы үй-бүлөлүк жаӊжалдын биринде Патрик такыр эле жумушун таштап, Майли менен гана убактысын өткөргөнүн, ата-энесинин эсебинен жашаарын билдирген. Уулунун атына актёр бир кезде банктан эсеп ачып, чогулган сумма 50 миллион АКШ долларына жеткен. Арнольд жана анын аялы уулунун тандоосун четке кагып, «же эсептеги 50 миллион долларыӊ, же Майли Сайрус. Экөөнүн бирин танда» дегенге чейин барышкан. Бирок жаш жигит акча үчүн сү­йүктүүсүнөн баш тарткан эмес. Ата-эне акыры тентек кызды кабыл алып, уулу менен жолугушууга каршы эместигин билдиришкен.
Бирок кепке келген кайында­рын Майли Сайрус кайрадан өзү ирээнжитип алган өӊдүү. Тактап айтканда, Майли социал­дык тармактардын бири­не марихуана чегип жаткан сүрөттөрүн жарыялап жиберген.

Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
12.01.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууууй аттта
18.01.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык бар, бакыт жок деген ушубу ?
12.01.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтуруптур го бул жагын ошо суротту тим эле койбоптур дааа
13.01.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун жазыпсынарго кайындары деген жери жакты))))
15.01.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шварцнеггердин баласы сүйкүмдүү экен, Майли Сайрус чачын эмне кылып алган, эркектердин чачындай кылып, анысын дагы боеп алыптыр күйүп калган чачтай кыгып.
16.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болсо ошо болушсун бирок зынк макала экен
18.01.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх Майли Сайрус бул жигит менен озгороор эми..
26.06.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майли сонун ырдайтда суйомго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо