Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Амантур Мусаев, актёр: «СҮЙҮКТҮҮМДҮ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕНИМЕ ӨКҮНӨМ»

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

Уктап жаткан кино тармагы ойгонуп, азыр актёрлордун күнү тууган маал. "Көргүм келет" тасмасында Кайрат аттуу баланын образы менен элге белгилүү болгон Амантур кино дүйнөсүнө кантип келди? Кандай кыйынчылыктар менен азыркы ийгиликтерди багындырды? Булар тууралуу өзү айтып берсин.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Лейлек району, Бешкент айылы
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 27-сентябрь
Бою – 170 см
Салмагы – 64 кг
Үй-бүлөдө – 6 бир тууган
Билими – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы студия
Учурда – Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында иштейт
Тартылган кинолору – «Көргүм келет», «Миллиондук мелдеш», «Миллиондук мелдеш-2» жана башкалар

– Амантур, бизде учурашкан соӊ эмне жаӊылык деген суроо сөзсүз берилет эмеспи, акыркы жаӊылыктарыӊ менен бөлүшө кетсеӊ...
– Азыр театрда иштегенден сырткары кинолорго тартылып жатам. Жакында эле режиссёр Мурат Мамбетовдун «Чак түштө түшкөн чагылган» деген сериалына тартылдым, андан кийин «Табышмактуу тагдыр» деген тасмада роль жараттым. Ошондой эле кино тартып жүргөн жаш режиссёр, оператор дос балдар менен кино тарталы деп, ошонун үстүндө иштеп жатабыз.
– Кесиптештериӊ "актёрлук кесиптен тапкан акча жашоого жетпейт" деп көп айтышат. Бул тууралуу сенин оюӊ кандай?
– Актёр болуп кыйратып деле акча таппайсыӊ, болгону кумар болуп калган. Кесиптин артынан көп акча таппасам да, бул жолду тандаганыма өкүнбөйм. Мындан сырткары тамада болуп тойлорду, концерттерди алып барам, кинолорго үн жаздырып, айтор, башка жактан да киреше таап жатам. Бирок азырынча үйдөгүлөргө каражат жагынан жардам бере албайм. Өткөндө айылга барганда ата-энем "эл алдына чыгып турганыӊ бизге жетиштүү, сени кинолордон көрүп турганыбыз биз үчүн сыймык" дешти.
– Мектепте кандай окуучулардын катарында элеӊ?
– Ата-энем мугалим болгондуктан, аларга сөз тийгизбейин деп жакшы окудум. Мектеп аралык өткөн кароо-сынактарга катышып, интермедия аткарып, алып баруучу, ырчы болуп жүрчүмүн. «Лейлек таланттары» деген концерт менен Ошко чейин келип-кеткенбиз.
Негизи, биздин үй-бүлөдө таланттуулар деле жок. Бир гана агам Бактияр Токторовдун «Биз» тобунда ырдап кеткен.
– Шаарга жаӊы келгенде кыйынчылыктар болду беле?
– Ооба, кыйналып, ачка калган учурлар көп эле болгон. 1-курста жүк ташуучу болуп иштеп жүрдүк. Ошондо нанга майонез сүйкөп жеп, курсагыбыздын тойгонуна сүйүнөт элек.
Бир окуя айтып берейин. Дос балам экөөбүз шашып жолдун чекесинен өтүп баратсак, бир машина зуулдап жолубуздан өтүп кетти. Экөөбүз артынан кол жаӊсап, "эмне катуу айдайсыӊ, машина сенде эле бар бекен?" деп кыйкырып калдык. Анан эле машина артка кайтып келип, биздин маӊдайыбызга токтоп калды. Экөөбүз же качарыбызды билбейбиз. Машинадан төрт бала түшүп, "эмне кол көтөрүп сөгүнөсүӊөр?" деп кекетип киришти. Экөөбүз коркуп кетип жарыша "биз колубузду көтөргөн жокпуз, машинанын күүсүнөн шамалга колубуз көтөрүлүп кетти" десек, каткыра күлүп бизди коё беришкен.
– Чыгармачылыкка болгон чыйырыӊ качан башталды эле?
– Окуумду бүтүп, алгачкы жолу «Көргүм келет» тасмасына кастингге баргам. Бул тасмага тартылгандан кийин эле багым ачылып, режиссёрлор киного чакыра башташты.
– Бир нече тасмада роль жараттыӊ. Ролуӊ купулуӊа толбой калган учур болдубу?
– Мен ролдорума сын менен карайм. Кинодон өзүмдү көрсөм эле кемчиликтерим көзгө илине берет. Жасалма болуп калганым башкага байкалбаса да, мага байкалат."Башкача кылсам
болмок экен"
деп өзүмдү жей берем.
– Эгер сага көп акча сунуштап, "эротикалык киного тартылып бер" десе макул болот белеӊ?
– Буга чейин андай сунуштар көп болгон. Дагы деле түшүп калат. Эч бир максаты жок эле ачык кадрларга түшө берсеӊ болбойт да. Чоӊ маселе болуп, ал кандайдыр бир жыйынтык бере турган болсо, тартылмакмын. Башкача айтканда, ошол ачык кадр менен элге пайда алып келип жаштарды ойлонто алсаӊ, оӊ жолго үндөсөӊ, эмнеге болбосун?
– Кино жаатында жаӊы муун катары азыркы тасмалардын сапатына көз карашыӊ кандай?
– Азыр жакшыбы, жаманбы, кинолор байма-бай тартылып, кино тармагы ойгонду. Эми ошол көрүүчүлөрдү тажатып, көӊүлүн калтырбаш үчүн сапат жагына көӊүл бурушубуз керек. Азыр жеӊил кинолор көп тартылып жатат. Анан да ойногон актёрлорун тааныбай да каласыӊ. Театрларда билимдүү, тажрыйбалуу артист толтура, ошолорду тартса жакшы болмок. Алар өз ашканасын мыкты билишет. Азыр көчөдөн алып келип эле киного тартып салгандар толтура болуп жатпайбы.
– Кел эми, маегибизди жеке жашооӊо буралы. Жүрөгүӊдү багындырган селки барбы?
– Буюрса, эмдиги жылы үйлөнөйүн деген ойлор бар. Бирок ылайыктуу кыз таппай жатам. Жүрөгүм көп жылдан бери бош. Мага жөнөкөй кыз болсо деймин, анткени жөнөкөй баламын. Актёрлук кесипти түшүнгөн, колдогон кыз керек. Көпчүлүгү сөз менен эле "түшүнөм" деп айта беришет, бирок иш жүзүнө келгенде кызгангандар толтура.
Кээде съёмкалар түндө болуп калат, менин ушундай тынчы жок жумушумду түшүнгөн кыз болушу керек. Ошондуктан актёрлордо ажырашуу көп болсо керек деп ойлойм. Кээде өз чөйрөмдөгү актриса кыздардын бирине үйлөнүп алсамбы деп да ойлонуп кетем. Менден "кантип сиздей жигиттин сүйлөшкөн кызы жок?" деп таӊ калып сурай беришет. Чынында, мурунку сүйлөшкөн кызымды айылга ала качып кетишкен. Аны эртерээк билсем, токтотуп калмакмын, бир жумадан кийин угуп жатпаймынбы. Анда баары кеч болуп калган. Сүйүктүүмдү башкага тарттырып жибергенимде кайгырдым, өкүндүм, бирок депрессияга түшүп ичип кеткен жокмун.

"Көргүм келет" тасмасынан кийин багым ачылып, режиссёрлор киного чакыра башташты".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Амантур Мусаев: "Кыздарга мени эмес, кинодогу образымды сүйгүлө дейм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(77)
SUPER.KG видео
19.01.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амантур ушул калыбынан жазба, аябай таланттуу жана жонокой жигит экенсин,сага чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
19.01.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унун жакшы экен ийгилик алдыга койгон максаттарына
19.01.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм! Сонун маек болуптур...
20.01.2015. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 91-жылкы деп эч ойлобоптурмун. Улуудай сезилчу мага.
20.01.2015. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
20.01.2015. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyom da suyom
20.01.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким коп азыркы заманда-ырчы менен актерлор коп. Кобу талантсызда анан дагы. В общем,"звездалар"озунчо эле.
20.01.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466, коп болгону жаман эмес менимче сенин чонтогуно зыяны тийбегенден кийин коп болсо бири бирин коруп такшалышат жакшы чыгармалар жакшы кинолор жаралат аздан коро кобу жакшыда эч кандай зыян келбейтко. Бул жигит аябай жагат мага коргум келет киносун коруп аябай таасирдуу жасалма эмес аябай маанилуу аткарышкан дагы коп ийгиликтерди кутом бактылуу бол.
21.01.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kalin466,кыргызда 2 жашар баласын зордуктаган.апсын олтургон анан.дагы ушинтип коро албай комент жазгандарда коп..кочо тентиреп ичип же сайынып жургондон коро ушинтип жургону жакшы.эмеспи.неге коро албайсынар кыргыздар..
20.01.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattu admin super infonun 567 sanynyn shiltamesin koshup koiospu.
20.01.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baisal1, саламатсызбы! http://www.super.kg/article/?archive=567
SUPER.KG видео
20.01.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналист кыз аябай сурдоптур гооо,жактырып калдыбы)))))))
20.01.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасмалардын сапаты начарлары да бар, актерлук онору анча мес болуп тартылгандар да бар. Бирок "кочодон алып келип эле тартып жатпайбы дегени жакпай" калды.
21.01.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chyngyz1993,
Анан да ойногон актёрлорун тааныбай да каласыӊ. Театрларда билимдүү, тажрыйбалуу артист толтура, ошолорду тартса жакшы болмок. Алар өз ашканасын мыкты билишет. Азыр көчөдөн алып келип эле киного тартып салгандар толтура болуп жатпайбы дейт, толька силерди тартыш керекпи, же силер эле таанылып силер эле жашашыңар керекпи???:-D
Ичи тардык эң жаман нерсе, эркектерге тукра келбейт!!!
SUPER.KG видео
20.01.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшына бала)))! Мен муну 89-жылкы экен дегем.
SUPER.KG видео
20.01.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист кыз жактырбай эле жаңы окшойт. Дендароо болуп эле калыптыр го. Камеранын да суру бар дегендей. Даярдык коруп чыкса мындай болмок эмес. Балким чын эле суйуп калгандыр...))) монтажда билиндирбей кадр чаптап кетсе болмок экени унунун устунон
SUPER.KG видео
21.01.2015. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо эле обаяшка.)Рахат божокоева менен бир тасмада тартылса сонун болчудай
21.01.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неси болсо да зынк актер бол
21.01.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын жердеш. сага чыгармачылык ийгилик каалайм.
21.01.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эч бир актер же ырчыга фанат болгон эмес элем, а бирок Амантурду КОРГУМ КЕЛЕТТЕГИ жараткан образын коруп тим эле жактырып калдым....эххх...сендей жигитим болгондо...
21.01.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амантур азаматсын ийгилик сага дагы коп коп кинилордон кутобуз сени
21.01.2015. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргум келет киносу сонун экен экинчиси да тартылса керек деп кутуп атам, бул бала озу аябай мыкты аткарат
21.01.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анча-мынча мен мен деген жылдыздарды басып ото турган жигит экен.унун Г.Калыковдай экен.бар бол.
22.01.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай жылдыздуу бала экен.
22.01.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
минус
23.01.2015. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлошкон кызы ыйлап аткандыр.Ушундай ой келди эмнегедир.Унутушум кыйын гоо десе ичим жылып кетти.
SUPER.KG видео
23.01.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат
ийгилик
24.01.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat iigilik!!!
SUPER.KG видео
24.01.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ эмнеге скачайтетилвей жатат
24.01.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат. Сүйкүмдүү актер. Иштерине ийгилик!
25.01.2015. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бешкентке Айбикеден салам
25.01.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ силерди сындатып эле койсо,кыздар журогу бош дегенди угуп алып сыразу жармаштынар э
13.02.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жердеш" десенер :) Коптогон ийгиликтерди багындыра бер
31.03.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо