Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ДАРЫГЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН КЕЛИНЧЕГИМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫ»

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

«Канчалык тагдыр сыноосун жеӊип жатам деген сайын артынан чууруп дагы көйгөйлөр жаралып жатат. Алгач өзүмө анча билинген эмес эле, досторум интернетке жазып чыгышканда окуп алып, биз ушунча нерсени башыбыздан өткөрүп жатабызбы деп көзүмө жаш алдым»,- дейт маектешим Исманалы Муратов.

«ДАРЫГЕРЛЕР АЗ ЭЛЕ ӨМҮРҮӉ КАЛДЫ ДЕШТИ»
– 2011-жылы боорум ооруганынан текшерилсем альвеококкоз (булганыч агын суулардан, мышык, келемиштен жуккан боордогу курт) деген дарт менен оорурум белгилүү болгон. 2012-жылы мага дарыгерлер операция жасап, боорумдун оӊ тарабын жана өтүмдү алып салышкан. Оорум күчөп, дарыгерлер «операция жасай албайбыз, курттар кан тамырды кысып калыптыр» дешти. 2013-жылы Түркиянын Стамбул шаарына барып, операция жасаттым. Алар да куртту кесип сала алышпай, кысылган кан тамырга убактылуу түтүкчө коюп беришкен. Оорумдун айынан күнү-түнү дары ичип, укол алып жүрдүм. Ошол убакта "мунун аз эле өмүрү калыптыр" деген кепти уккан адамдар мага чочулоо менен мамиле кылып калышкан.
Канча өмүр сүрүшүмдү билбейм, балалуу болуу, келинчегим менен бактылуу жашоо менин биринчи кыялым эле. Бирок «мага кайсы шордуу кыз турмушка чыкмак эле» деген ой мени жеп жүрчү. Анан мээрман айым болуп иштеген Мехригүлгө туш болдум. Жылдызыбыз келишип, Мехригүл менен сүйлөшүп калдым. Колун сураганда ага «мени дарыгерлер жети ай же бир эле жыл жашайсыӊ деп жатышкан. Сен андан кийин кайра жалгыз калып калуудан коркпойсуӊбу?» деп суроо берсем, «муну дарыгерлер айтып жатышат, Кудай эмес. Бешенебизге жазганын көрөбүз» деди.

«КЕЛИНЧЕГИМ ДА ӨЛҮМ МЕНЕН ӨМҮРДҮН ОРТОСУНДА КАЛДЫ»
– 2014-жылдын март айында турмуш курдук. Көп өтпөй келинчегим кош бойлуу болду. Ош шаарындагы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалына каттоого турду. Келинчегимди Минавар Арзиева деген дарыгер кароого алган. Бейтапканага барып анализ тапшырып, «дарыгер баары жакшы деди» деп келчү. Эки ай өткөндөн кийин Мехригүлдүн буттары шиший баштады. УЗИге түшсө тарткан дарыгер балдарыбыз эгиз экенин айтып, «бири чоӊ, бири кичине экен, бирөөсү жакшы өспөй жатыптыр. Дарыгериӊе айткын» дептир. Келинчегим дарыгер Минавар айымга келип айтса «эгиздердин бири чоӊ, бири кичине болот, экөө теӊ болгонун кайдан көрдүӊ эле?» деп Мехригүлдү тилдеп салыптыр.
Күн өткөн сайын анын абалы оорлошуп, дарыгерге барса «ашказаныӊ ооруйт окшойт, эртеӊ мененки саат 8ден кечки 8ге чейин 3 килограмм алма же 1 килограмм быштак жеп, эртеси
кайра кел»
дептир. Мен «ашказаныӊ ооруп жатса 3 килограмм алманы кантип жемек элеӊ» деп ачууландым. Эртеси дем алыш болуп калды, дүйшөмбү күнү ээрчитип барсам Минавар Арзиева жок экен. Бизди Баева деген дарыгер кабыл алып, «келинчегиӊдин абалы оор, шаардык ооруканага алып барыш керек» деди. Өзүмдүн унаам менен алып барам дегениме көнбөй, «Тез жардам» чакырышты.

«БАЛДАРЫБЫЗДАН АЙРЫЛЫП, КЕЛИНЧЕГИМДИН ЭКИ КУЛАГЫ УКПАЙ КАЛДЫ»
– Артынан барсам ал жерден «түйүлдүктөрдү алып салуу керек, болбосо келинди сактап кала албайбыз» дешти. Балдарыбызга 6 жарым ай болуп калган эле. Дарыгерлерден «эки апта карап бериӊиздер, 7 айлык кылып төрөтүп алалы» десек, «кеч болуп калыптыр» дешти. Ошентип келинчегимди укол менен төрөтүштү. Ымыркайларыбыз ыйлап көз жарышты, экөө теӊ уул экен. Тилекке каршы, 8 сааттан кийин чарчап калышты. Ыйлап төрөлгөн балага ысым берип, жаназасын окутуп жерге бериш керек экен. Ырым-жырымдардын баарын кылып, жерге бердик да, ооруканага келинчегиме келдим. Ал байкуш «балдардын абалы кандай, кабар алдыӊбы?» дейт. Ага «биз дагы балалуу болобуз, Кудайдын айтканы экен» деп соороттум.
Келинчегимдин абалы оорлой берди. Заара түтүгү жабылып, заарасы денесине тарап, шишип кетти. Дарыгерлер «башка аргабыз жок, жатынын алып салсак заара чыгышы мүмкүн» дешти. Ошентип келинчегим өмүр бою эне болуу укугунан да ажырады. Аябай көп кан керектелип, 72 донордун каны куюлду. «Балалуу болбосок да биз мурдагыдай бактылуу жашай беребиз» деп ата-энелерибизди жоошуттум. Келинчегим 34 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан соӊ эки кулагы таптакыр укпай калды. Ага айтчу сөздөрдү кагазга жазып берем, алыс болсок WhatsApp аркылуу сүйлөшөбүз. Кудайыма шүгүр, мен аны угуп жатам, бирок бала үнү дегенде мен да дүлөй болом. Наристенин жыты, бал тили, каткырыгы, там-туӊ басканы, аларды тарбиялоо, деги эле балалуу болуу бактысы бизге эми такыр берилбейт. Бул үй-бүлө үчүн жашоонун эӊ чоӊ трагедиясы.

«КЕЛИНЧЕГИМДИН АНАЛИЗДЕРИ БАШЫНДА ЭЛЕ НАЧАР ЧЫККАН ЭКЕН»
– Бир күнү мени №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-филиалынын башкы дарыгери телефон чалып чакырды. Барсам келинчегимдин анализдеринин жыйынтыктарын карап отуруптур. Көрсө, башында эле начар чыккан экен. Муну дарыгери Минавар Арзиева эртерээк айтканда дарылап, мындай абалда калмак эмес экенбиз. Ал аялдын өзүнө жолугуп, «бизден башкаларды да ушундай абалга салбаӊыз, мен арызданбайын, өзүӊүз жумушуӊуздан кетиӊиз» десем, «колуӊдан келгенин кыл» деп кыйкырды. Аны жумуштан кетирейин деген деле ниетим жок, бирок анын өз ишин тиешелүү деӊгээлде билбеген дарыгер экенин көптөр айтышты. Анын үстүнөн Саламаттыкты сактоо министрлигине арызданганбыз, жыйынтыгы кандай болду билбейм.
Жашоодо керек болчу эӊ негизги органдарын жоготкон келинчегимди таштап бул жашоо менен кош айтышкым келбейт. Ошондуктан мен да өмүрүм үчүн күрөшө баштадым. Түрк дарыгерлеринин «бооруӊ бир жыл жашаганга жетет, андан кийин келсеӊ бооруӊду алып салып, башка боордун 30 пайыз бөлүгүн салабыз» деп айткандары эсиме түштү. Бирок ал үчүн 80 миӊ доллар керек дешкен. Досторумдун, жакын санаалаш, тууган-уруктарымдын жардамы менен ал акча чогултулуп жатат.

«КЕЛИН ООР АБАЛДА КЕЛГЕН»
Мехригүл айымдын мынчалык кыйналуусуна эмне себеп болгон? Ал кандай ооруга чалдыкканы туурасында Ош шаардык төрөтканасынын башкы дарыгери Мырза Стамбеков айтып берди.
– Эгерде аялдын ар кандай оорулары болсо ал эки кат болгондо ал оорулар кайрадан кабылданат. Бул оору преэклампсия деп аталат. Мехригүл Саитовада да ошол оорунун белгилери пайда болгон. Заарасы азайып, кан басымы көтөрүлүп, эӊ керектүү органдарга коркунуч туудургандыктан, дарыгерлер талкуулап анан эрте төрөтүүнү чечтик. Бирок операция аркылуу эмес, толгоо келтирүүчү укол сайып төрөттүк. Төрөттөн кийин жатындан көп кан кетип, бөйрөк иштебей, шлактар көбөйүп, заара чыкпай калды.
Ош облустук ооруканасындагы гемодиализ аппаратынан канын бир апта тазалаттык. Ага да болбой кан кете бергендиктен жатынын алып салууга аргасыз болдук. Келиндин өмүрүн сактап калуучу акыркы мүмкүнчүлүгүбүз ошол болду. Бөйрөк иштебей калганда организмде шлактар, уулар көбөйүп кетет. Ал уулар дененин башка органдарына да таасир этет. Ошондон улам көз көрбөй же кулак укпай калышы мүмкүн. Саитованын кулагы укпай калганынын себеби да ошондон.

«МЕНИН КАБЫЛ АЛУУМДА ЭКИ ИРЕТ ГАНА БОЛГОН»
Мехригүл Саитованы кош бойлуу кезинде караган дарыгер Минавар Арзиева:
– Мехригүл Саитова 2014-жыл­дын июнь айында 8 жумалык боюнда кезинде каттоого турган. «Мурда бооруӊ же бөйрөгүӊ ооруп дарыландыӊ беле?» десем «жок» деген. Эки жолу мага кабыл алууга келген. Кийин мен эмгек өргүүсүнө чыгып, аны башка кесиптешим караган. Ошондо УЗИге түшкөндө эгиз дешкен экен. Жашында боор, бөйрөгүнөн ооруган болсо, кош бойлуулуктун экинчи жарымында ал оорулар козголуп, күчөйт. Бул келин да ушундай болду. Аймактык дарыгерлер кеӊеши тарабынан бул иш каралып, мага сөгүш берилген.
Каарманыбыз Исманалы Муратов Тажикстандын жалаӊ кыргыздар жашаган Жерге-Тал районунун Сары-Кенже айылында туулган кыргыз жигити. Кыргызстанга 2007-жылы келип окуп, үй алып, 2013-жылы ата-эне, бир туугандарын көчүрүп келген. Кыргыз тил, адабияты боюнча жогорку билимге ээ болуп, журналистика тармагында эмгектенип келет. Кесиптешибизге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

"Келинчегим тарткан азапты эстесем, өзүмдүн дартымды унутуп калам".

"Ооруканадан бутубуз чыкпай калганда буга чейинки бактылуу күндөрүбүз жомок сымал сезилип кетет".

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
19.01.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге эле ушундай ишине кайдыгер караган дарыгерлер кобоцуп кетти. Буга окшогондорду согуш берип тим болботон ишинен айдап, камаш керек. Антпесе эртен эле дагы бироонун убалына калат.
19.01.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгыып кеткиле!!
19.01.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да оз ишин билбеген медсестранын айынан учетко турам деп выкидыш болгонмун. Мойнуна албай кайра бет тырмап урушкан. Менден кийин да бироосунукун тушургон. Айылга паландын келини докчу экен деп жамандап мени. Ишин билбегендердин айынан канчасы азап коруп атат?! Азыр Аллага шугур балканактай уулум бар, учетко шаарга тургам, врачым Ирсалат эжеге рахмат. Аябай жакшы караган.
19.01.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашта берсин мээнетти,карыганда берсин доолотту дегендей жашсынар азыр кайраттуу кучтуу болгула алдыда жаркыраган бактылуу кундорунор кутуп турат,кудайым ден соолук омур берсин бактылуу болгула
19.01.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо учун курош деп мына ушуну айт.жолдошун азамат жигит экен.бактылуу болгула...
19.01.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз ишин билбеген адамдарды иштетип жургон ,биздин денсоолук министирлигинин шалаакы экендиги. Эки жашты бактысыз кылып ,
19.01.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин сосед эже так ушундай ошибкадан маткасынан,баласынан айрылып 70 ашык адамдын каны куюлуп, аз жерден калды. Корсо артериясын задевать этип кайра иге албай ортодо маткасын жон эле алып салды(((( Эми попробуй докажи, сотко бер, окур-бакыр, твга чык эч тыянак чыкпайт. Кудай бар деп эле отуруп каласын.
19.01.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jogorudagy soz bolgon kaarman Ismanaly Muratov baarybyzdyn jardamybyzga muktaj. Kelinizder dostor, Kolubuzdan kelgen salymybyzdy kosholu. Bank esepterine je teretylyp jatkan konvertterge salymybyzdy kosholu, jok degende 2015 nomerine Isman dep jazyp jonotsonuzdor 25 som akcha koshkon bolosuzdar.
20.01.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин,эгиз баласынан ажырап, кулагы укпай, анысы аз келгенсип эне болуу бактысынан ажыраган кандай окунучтуу.Мына ушунун баарына кайдыгер мамиле жасаган ак халатчандарга наалат!
20.01.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеймин деп отургандан кийин ишин кылып боюнда барларды карап анализдерин алып карабайбы эмнен ооруп жатат деп сурап !! Иштегиси келбесе уйундо отур адамдардын ден соолугун албай
20.01.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах сабыр берсин. бул медиктердин шалаакылыгына мен да туш болгом. торт айлык боюмда бар мезгилде бул баланды торогонго болбойт орчубой калган алдырышын керек дешкен врачтар . ош шаардык ооруканасында, кайра айылга келип карапайым эле акушеркага анализдеримин жыйынтыгын коргозсом баары эле жайында торсон болот деген ошол бойдон шаарга врачка барбай эле аман эсен тороп алдым. азыр9 жашка чыкты . ошондо врачтын созуно ишенип алдырып салсам ай мончоктой кызым жок эле деп,эстесем кудайга мин жол
20.01.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тяжелый преэклампсия менен тородум кудаага шугур азыр чоноюп калдык. Кош бойлуу мезгилде жакшы врачка учетко туруш керек экен. Ал эми шалаакы дарыгерлер, Минавар Арзиевага окшогондор,азыркы убакта бизде аябай коп силерден сураныч иштебей эле уйдо отургулачы итак эле канча адамдарды кыйнадынар.
20.01.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо АЛЛАХым бул пенделерине озунгана сабыр канаат бер!бактылуу болунуздар!!!!!
20.01.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми иним Аллахтын бул дуйнодо сага берген сыноосу ушул экен,Аллахыбыз насип кылып ылайым бул жашоодон отконунордон кийин бейиштин бейишинде эгиз балдарынарды эркелетип жашоонорду Аллахтан суранамын. Сага жана келинчегине узун омур каалаймын.Силер башында эле кыргыз врачтарга корунсонор жакшы болмок, ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-20 15:48:06
20.01.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks0908, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Оозеки эскертүү!
20.01.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз жаш тамат да АЛЛАХЫМ оз пенделеринди кордой корбо баары жакшы болуп кетсин ООМИН!
20.01.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин тагдырым менен окшош экен мен да ушу келиндей болуп шишип заара чыкпай алты жарым айлык эгиз балдарымды операция жол менен алдырдым.Пешенебизге не жазылса ошону корот экенбизда Аллахым баарыбызга ден соолук бер бардык ата энеге наристе жытын жыттону насип кыл ар бир уйдо наристе уну жанырып турсун.
20.01.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандан келинчегиниз экоонуздорго ден соолук бакыт сабырдуулук тилейм.
20.01.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым силерге куч-кубат берсин!!!
21.01.2015. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шпаа берсин
21.01.2015. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын айтканы эмес Алланын буюрганы дейт эмеспи,жакшылыктан умут узбонуздор!Мен кош бойлуу кезимде внематочный(трубный),алдырып салбасан озунда трубан жарылып олуп каласын дешкен.Мен ал кезде Москвада болчум,орустарга,шаарга,айылга да врачтарга кайрылып ар кимден ар кандай диагноз уктум(киста,восполение,миома,замершая беременность)бирок эч кимдин созун укпай,ичимдеги баланы олтургончо озум олгонум жакшы деп акырында кудайга шугур кыздуу болдум!!!Андыктан врачтар деле адашат,баары жакшы болот!
21.01.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жактуу куноологон да туура эмес
21.01.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык оор катачылыкта эч качан бир тарап куноолуу болбойт, соссуз эки тараптын ролу бар.бул жерде аялдын куноосу да чон: 1. уй-було кургандан кийин уй-булону пландаштыруу деген болот,эне болууга даярбы ден-соолугу тууралуу мед.кароодон отуусу зарыл болчу.2.8 жумага чейин каттого турбай эмне кылып журду??? Озгочо кароодо болуусу керек болчу 3 айга чейин. Азыр 21 кылым. сабатсыз эч ким калбаган мезгил.Азыр чындыгында билими бар жана жок врачтар аралаш иштеп жаткан мезгил.
21.01.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жардам берсин. Айыгып кетишсин.
21.01.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор, ар кимден куноо издебей, Ысманалы акеге жардам берели, бул биз сиздин колубуздан келчу жалгыз жардам болот. Аларга акча азыр абадай керек болуп атат, окмотубуздон пайда жок баарыбир, чын журогубуздон чыгарып, тезирек ошол сумманы топтошуп койолу, уакыт отуп атат.
21.01.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай буйуруп, жакшы болуп кетсениз Ин шаа Алла, Аллахым силерди куру койбойт, ал улуу чебер! Бул сыноодур балким, эн негизгиси сабырдуулукта! Ишенгиле баары жакшы болот. Жашоонун ырахатын коруп, бирге узак турмуш сапарды бактылуу откоргуло. жакшылыктан эч убакта умут узбогуло.
21.01.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин учет да ушул поликлиникада.Боюмда барда давлением которулуп барсам мени караган Баева Масуда эже отпускада экен.Минавар эже текшерип,даары жазып берген.Аптекага келсем журогунуз ооруйбу дешет.Корсо ал демим кысылып атат десем журок оорунун даарысын жазып койуптур тактабай эле
22.01.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун шыфаа берекор.
23.01.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиниздер баарыбыз ушул жаш уй булоонун мындан ары жакшы жашоо улантууга салымыбызды кошолу.Кудайым эч кимдин башына мындай жамандык кунду сала корбосун. Ысманалыга жана анын келинчегине кудайым сабыр берсин!
29.01.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах Исманали менен анын жубайына сабырдуулук берсин! Бул да баолсо Жараткандын бир сыноосудур. Силер эч качан сынбагыла. Исманали, калктын кошкон салымы жана Аллахтын амири менен ошол аты жаман оорудан айыгып кет. Операциян ийгиликтуу отсун!
Аллах озу суйгон пенделерине ар кандай сыноолорду жонотуп аларды сынайт деген соз бар эмеспи... ((
17.06.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болсо эле врачтар куноолуу дей беришет.кыргыздар ОЗУ .....келгенде какылыктайт.ар Ким ден соолугу учун ОЗУ курошуш керек.олойун дегенде барышат да Ким куноолу врачтар куноолу.оздорунун куноосун мойнуна алышпайт.акча акча деп журуп кеч болгондо кайрылышат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо